Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июлу № 370
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жободо:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (мындан ары - Министрлик) монополияга каршы, тарифтик, лицензиялык, инвестициялык, тышкы экономикалык, фискалдык саясат жаатындагы мамлекеттик саясат, мамлекеттик материалдык резервдер, экономикалык жана региондук өнүктүрүү, мамлекеттик мүлктү жана минералдык ресурстарды башкаруу (жер казынасын пайдалануу), техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү, ошондой эле адал индустрияны, сооданы өнүктүрүү, ишкердикти өнүктүрүү жана ишкердикти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу, эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат.»;
7-пунктта:
1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
«- эл аралык талаптарга ылайык, экономиканын керектөөлөрүн жана кызыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;»;
он бешинчи абзацтагы «чет өлкөлөрдүн» деген сөздөр «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жана алыскы чет өлкөлөрдүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он алтынчы абзацы «бажы» деген сөздөн кийин «жана салык» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
«- эл аралык финансылык уюмдар каржылоочу өнүктүрүү долбоорлоруна катышуучу чарбакер субъекттер үчүн салыктык жеңилдиктерди тастыктоо боюнча иштерди жүзөгө ашырат;
- салык салуу жагынан эркин экономикалык зоналардын (ЭЭЗ) иштөө саясатын аныктайт;»;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
«- «электрондук өкмөт» жана электрондук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары – Кеңеш) жыйынына документтерди даярдайт, маалыматтык-аналитикалык материалдар менен камсыз кылат жана Кеңештин чечимдеринин аткарылышына контролдоону ишке ашырат;»;
3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«-мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашыруучу коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт жана баалайт;
- коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун маселелери боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылат;»;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи – онунчу абзацтар менен толукталсын:
«- экономиканы туруктуу, тең салмактуу өнүктүрүүгө басым жасоо менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын иштеп чыгууну уюштурат жана координациялайт;
- туруктуу өнүктүрүүнүн моделин эске алуу менен стратегиялык пландаштыруунун негиздерин, анын ичинде региондор үчүн дагы киргизүүгө методологиялык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылат;
- экономиканы мобилизациялык даярдоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзөт;».
2. «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
мамлекеттик тилдеги тексттин 1-пунктундагы «салык салуу бөлүгүндө фискалдык саясатты» деген сөздөр алып салынсын, 7-пункту «мамлекеттик финансыны жана салыктык эмес төлөмдөрдү башкаруунун мамлекеттик саясатын түзүү» деген редакцияда берилсин;
8-пункттун 1-пунктчасында:
он сегизинчи абзацтагы «жана салыктык» деген сөздөр алып салынсын;
он тогузунчу - жыйырма биринчи абзацтар күчүн жоготту деп эсептелсин;
жыйырма экинчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана» деген сөздөр алып салынсын.
3. «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №109 токтомунун 4-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.К. Оторбаев |