Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 376
Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-2020-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө
“Дары-дармек каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, фармацевтика секторун андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга карата программасы;
- Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга карата программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткарууну жалпы координацияласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-январындагы № 11 “Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга Мамлекеттик дары-дармек саясаты жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 376 токтому менен бекитилген |
№ | Иш-чаралар | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтык | |
Дары каражаттарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо | |||||
Дары каражаттарын тандап алуу тутуму | |||||
1. | ЖМДКТ даярдоо, негизги дары каражаттарын тандап алууга концепциялык мамилени жана принциптерди иштеп чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү | ССМ, ММКФ, УДК (макулдашуу боюнча), КМА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл, 2018-жыл | Саламаттык сактоонун бардык деңгээлдери үчүн ДК тандап алуунун бирдиктүү тутуму иштелип чыкты | |
Мамлекеттик сатып алуулар | |||||
2. | ММКФ, ССМ жана саламаттык сактоо уюмдарынын сатып алуулар жол-жобосун өркүндөтүү үчүн ДК менен МББ сатып алууну жүргүзүү нускамаларынын жана ДК жана МББ сатып алууга Стандарттуу тендердик документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ССМ, ММКФ, ФМ | 2015-жыл | ССМнин, ММКФнын жана ССУлардын сатып алууларынын жол-жоболору жакшыртылды | |
3. | Бааларды мониторингдөө жана талдоо үчүн саламаттык сактоо уюмдары сатып алган ДК жана МББ боюнча маалыматты чогултуунун жана талдоонун автоматташкан тутумун иштеп чыгуу жана түзүү | ССМ, ММКФ, ФМ | 2014-2015-жылдар | ССУ сатып алуучу ДКга баалар жөнүндө маалыматтын ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу | |
4. | ДК башкарууну жакшыртуу жана электрондук мамлекеттик сатып алуулар тутуму үчүн функцияларды стандартташтыруу үчүн ооруканалардагы дарыканалардын потенциалын күчөтүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ФМ, ССМ, ММКФ | 2015-2017- жылдар | Электрондук мамлекеттик сатып алуулар тутумуна ССУ катышуусун камсыздоо | |
5. | Мамлекеттик сатып алууларга коомдук контролду күчөтүү үчүн кардарлардын топторун, жергиликтүү өз алдынча башкарууну, айылдык ден соолук комитеттерин жана жергиликтүү кеңештерди, жарандык коомду мамлекеттик сатып алуулардын негиздерине окутуу | ФМ, ССМ, ММКФ, ЖӨБ (макулдашуу боюнча), КМА (макулдашуу боюнча), КФА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2014-2020-жылдар | Саламаттык сактоо тутумунун бардык деңгээлдеринде мамлекеттик сатып алууларга коомдук контролду күчөтүү | |
6. | Камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарды жана паллиативдик жардамдын пациенттерин дары каражаттар менен амбулаториялык деңгээлде мамлекеттик субсидиялык камсыздоону караштыруу жана МКП боюнча дары каражаттар менен жеңилдиктүү камсыздоо (ДЖК) программаларынын бенефициарлар тизмесин кеңейтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ССМ, ММКФ | 2017-жыл | Миң жылдыктын өнүктүрүү максатттарынын «Энелерди коргоону жакшыртуу» деген бешинчи максатына жетишүү үчүн шарттарды түзүү | |
Дары каражаттарынын бааларын жөнгө салуу | |||||
7. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын тизмесин түзүү процессин тартипке келтирүү үчүн критерийлерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу | ССМ, Экономика министрлиги, МСК, МБК | 2014-2015-жылдар | Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги дары каражаттарынын экономикалык жактан жеткиликтүүлүгүн камсыздоо | |
8. | Өлкөдөгү бааларга мониторинг жүргүзүүнүн жана кырдаалды талдоонун, эл аралык тажрыйбаны изилдөөнүн негизинде, ДКга соода баасын кошууну (дүң жана чекене) мамлекеттик жөнгө салуу боюнча сунуштарды географиялык критерийлерди эске алып иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ССМ, ММКФ, Монополияга каршы агенттик, КФА (макулдашуу боюнча) | 2017-жыл | ДКга бааларды жөнгө салуунун эл аралык деңгээлде таанылган натыйжалуу методдорунун негизинде баа саясатын түзүү | |
9. | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дары каражаттарына бааларды кармоо боюнча дарыкана мекемелери үчүн түрткү берүүчү методдорду колдонуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ССМ, ММКФ, Монополияга каршы агенттик, КФА (макулдашуу боюнча) | 2017-жыл | Эки тараптын тең укуктарын жана жоопкерчилигин так аныктоо менен фармацевттик кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдик мамилелер өркүндөтүлдү, дары каражаттарына бааларды кармоо боюнча дарыкана мекемелери үчүн финансылык өбөлгөлөр иштелип чыкты | |
10. | Бардык түзүмдөрдүн ачык-айкындыгын камсыздоо жана өз ара отчеттуулугун жакшыртуу үчүн дарыкана мекемелери, БМСЖ, ММКФ ортосунда бирдиктүү маалыматтык тарамды түзүү | ССМ, ММКФ, КФА (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Бардык түзүмдөрдүн айкын иштешин жана отчеттуулугун жакшыртуу | |
11. | ЖМДКТ киргизилген дары каражаттарга ички референттик баалардын механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ССМ, ММКФ, КФА (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | ДКга бааларды жөнгө салуунун эл аралык деңгээлде таанылган, натыйжалуу методдорунун негизинде баа саясатын калыптандыруу | |
Дары каражаттарын сарамжалдуу колдонуу | |||||
12. | БМСЖда дары каражаттар менен камсыздоо боюнча жеңилдетилген программалардын алкагында антибиотиктерди колдонууга талдоо жүргүзүү жана МКП менен ММК КП тизмелерин кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу (антибиотиктерди киргизүү же чыгаруу) | ММКФ, ССМ | 2015-жыл | МКП ДЖК жана ММК КП тизмелерине ДК антибиотиктерди киргизүү же четке кагуу боюнча негиздүү чечимдерди кабыл алуу | |
13. | ДК рецепт менен берүү боюнча мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн ченемдик документтерди кайра карап чыгууну камтыган антибиотиктерди рецепт менен берүүнү ишке киргизүү боюнча иш-чаралар комплексин иштеп чыгуу, анын ичинде рецепт менен берүү тизмесиндеги ДК рецептсиз бергендик үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү | ССМ, ММКФ, ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Калктын антибиотиктерди контролсуз колдонуусун азайтуу | |
14. | Агрессивдүү маркетингге каршы чара көрүү боюнча иш-чаралар комплексин иштеп чыгуу жана өткөрүү | ССМ, Монополияга каршы агенттик, КМА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2014-2020-жылдар | Агрессивдүү маркетингге каршы чара көрүү боюнча тутум түзүлдү | |
15. | Тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз ДК жөнүндө маалыматты жайгаштыргандык үчүн жарнама берүүчүлөрдүн, жарнама өндүрүүчүлөрдүн жана жарнама таркатуучулардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | ССМ, КМА (макулдашуу боюнча), КФА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз ДК жөнүндө маалыматты жайгаштыргандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү | |
Дары каражаттарын жүгүртүү тутуму | |||||
Дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыздоону өркүндөтүү | |||||
16. | «Тийиштүү жөнгө салуучу практиканын» принциптеринин негизинде ДК жана МББ мамлекеттик каттоону, анын ичинде ICH жана PIC/S мүчө мамлекеттерде катталган генерик ДК жөнөкөйлөтүп каттоо тартибин оптималдаштыруу | ССМ, Экономика министрлиги, КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Генерик дары каражаттарынын терапиялык тийиштүү натыйжалуулугун камсыздоо максатында ДК каттоо тутумун өркүндөтүү | |
17. | Катталган ДК жана МББ мамлекеттик реестри жөнүндө жобонун долбоорун анын мазмунун, жаңылоонун жана ачык жайгаштыруунун тартибин жарыялоонун башка формаларын регламенттеп иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү | ССМ, Экономика министрлиги, КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Катталган ДК жана МББ мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн, жаңылоонун жана ачык жайгаштыруунун тартиби регламенттелди | |
18. | ДК жана МББ каттоо/каттоодон баш тартуу жөнүндө жыйынтык отчет жөнүндө жобонун долбоорун, ошондой эле отчетту ачык жайгаштыруу үчүн жарыялоонун тартибин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү | ССМ, Экономика министрлиги, КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Ачык жайгаштырылган ДК жөнүндө туура маалыматты алууга дарыгерлердин жана пациенттердин укуктарын камсыздоо | |
19. | ДК жүгүртүү чөйрөсүнө талаптагыдай практикалардын эрежелерин этаптуу ишке киргизүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | ССМ, КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | ДК сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча фармацевттик кызмат көрсөтүү тутумун жакшыртуу | |
20. | Талаптагыдай фармацевттик инспекциялоонун талаптарына ылайык күтүүсүз инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн фармацевттик инспекцияны керектүү ыйгарым укуктар менен камсыздоо, инспекциялоо жол-жоболорунун ачык-айкындыгын камсыздоо жана фармацевттик инспекциянын жоопкерчилигин жогорулатуу жагында ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды кайра карап чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ССМ, Экономика министрлиги, КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Фармацевттик рынокко көзөмөлдү күчөтүү | |
21. | Жүргүзүлгөн фармацевттик текшерүүлөр/инспекциялар жөнүндө маалыматтын коомчулукка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо | ССМ, КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Фармацевттик инспекциянын ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо | |
22. | Фармацевттик рынокто субстандарттык же фальсификацияланган дары каражаттарды жүгүртүүнү болтурбоо боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү | ССМ, КФА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Фармацевттик рынокто субстандарттык же фальсификацияланган дары каражаттарды жүгүртүүнү азайтуу | |
23. | Фармакокөзөмөлдүн мамлекеттик тутумун өркүндөтүү максатында жөнгө салуучу милдеттердин алкагында ар бир кайрылуу учуру боюнча ССУдан ДжМТКДга маалымат берүүнүн (сары карталар), аркы-терки байланыштын, талдоонун жана тийиштүү чечимдерди кабыл алуунун механизмдерин иштеп чыгуу жана медициналык жана фармацевттик коомчулук үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздоо менен дарылардын кошумча таасири жөнүндө автоматташкан маалыматтык базаны түзүү | ССМ, КМА (макулдашуу боюнча), КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Фармакөзөмөлдүн талаптагыдай практикасын ишке киргизүү | |
Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жеткирип берүү тутумун өркүндөтүү | |||||
24. | Муктаж пациенттерди кыска мөөнөттүк жана орто мөөнөттүк мезгилге наркотик жана психотроптук ДК менен камсыздоону жакшыртуу боюнча секторлор аралык программаны иштеп чыгуу | ССМ, ММКФ, БКМК, КМА (макулдашуу боюнча), КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Муктаж пациенттерди наркотик жана психотроптук ДК менен камсыздоону жакшыртуу | |
25. | Прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, саламаттык сактоо жана фармацевттик уюмдардын кызматкерлерин наркотик жана психотроптук ДКны мыйзамдуу жүгүртүү маселелери боюнча окутуу | БКМК, ССМ, ММКФ,ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Чекене дарыкана тарамы үчүн тоскоолдуктарды төмөндөтүү аркылуу муктаж пациенттерге наркотик жана психотроптук ДК жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу | |
26. | Сейрек оорулардын жана сейрек/орфандык ДК тизмегин, бейтаптардын санын аныктоо жана сейрек, кымбат баалуу ЖМДК жеткиликтүүлүгү боюнча кырдаалды талдоого алуу | ССМ, ММКФ, КМА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2015-2016-жылдар | Сейрек, кымбат баалуу ДКга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн шарттарды даярдоо | |
27. | 1998-жылдын 17-ноябрындагы №146 «Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Маракеш макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган TRIPS Макулдашуусунда айтылган эрежелерди эске алуу менен вирустук С гепатитин, эмчектин рагын дарылоого ДК жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн мажбурлап каттоону ишке киргизүү жана колдонуу мүмкүндүгүн изилдөө | ССМ, КМА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Вирустук С гепатитти жана эмчектин рагын дарылоого ДК жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү | |
28. | Жараксыз ДК пайда болуу жерин жана көлөмүн дифференциялоону эске алып, жараксыз ДК утилге чыгаруунун борборлоштурулган механизмдерин иштеп чыгуу | ССМ, Экономика министрлиги, КФА (макулдашуу боюнча) | 2014-2015-жылдар | Жараксыз ДК пайда болуу жерин жана көлөмүн дифференциялоону эске алып, жараксыз ДК утилге чыгаруу тутуму жакшыртылды | |
Дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын мыйзамсыз сатылышын элиминациялоо чаралары | |||||
29. | ДК жана МББ мыйзамсыз сатууга каршы чара көрүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, функцияларын жана дары каражаттарын мыйзамсыз сатуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды даярдоо | ССМ, КМА (макулдашуу боюнча), КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | ДК мыйзамсыз сатуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү | |
30. | Уруксат берилбеген жерлерде ДК жана МББ сатып алууда өмүргө жана ден соолукка келтирилген коркунуч жөнүндө калк үчүн маалыматтык-билим берүү кампанияларын жүргүзүү | ССМ | 2014-2015-жылдар | Уруксат берилбеген жерлерде ДК жана МББ сатып алууда өмүргө жана ден соолукка келтирилген коркунуч жөнүндө калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу | |
Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн башкарууну өркүндөтүү | |||||
Мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу | |||||
31. | Товардын өзгөчө түрү катарында “дары” деген түшүнүктү жана дарыны атайын эрежелер боюнча пайдалануу керек болгон кызматтын өзгөчө түрү катарында медициналык кызматтар жөнүндө түшүнүктү киргизүү үчүн «Дары-дармек каражаттары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентке өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | ССМ, Экономика министрлиги, КФА (макулдашуу боюнча), КМА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча)
| 2015-жыл | Ченемдик-укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн башкарууну өркүндөтүү | |
32. | Фармацевттик фирмалардын жоопкерчилигин жана ишинин сапатын жогорулатуу үчүн Тийиштүү практикалардын эрежелеринин талаптары боюнча «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | ССМ, Экономика министрлиги | 2014-2015-жылдар | ДКны кардарларга чейин жеткирүүнүн бардык этаптары кесиптик стандарттардын талаптарына жооп берет | |
33. | Кыргыз Республикасынын аймагына ДК жана МББ каттоосуз алып кирүү жана медициналык колдонууга уруксат берүү тартибин аныктоо, ошондой эле «дары каражаты», «медициналык багыттагы буюм», «медициналык-фармацевттик продукция», «фармацевттик субстанция» түшүнүктөрүн кабыл алынган эл аралык нормаларга ылайык аныктоо максатында «Дары-дармек каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (35 жана 36-бб.) өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу сунуштарды даярдоо | ССМ, Экономика министрлиги, КФА (макулдашуу боюнча), КМА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2014-2015-жылдар | Ченемдик-укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн башкарууну өркүндөтүү | |
34. | «Сейрек оору» жана «орфандык дары каражаты» түшүнүктөрүн эл аралык нормаларга ылайык аныктоо максатында «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | ССМ, Экономика министрлиги, КФА (макулдашуу боюнча), КМА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2014-2015-жылдар | Ченемдик-укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн башкарууну өркүндөтүү | |
35. | Патенттелген ДК жеткиликтүүлүгүнө тоскоол болгон потенциалдуу бөгөттөрдү азайтуу максатында “Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамы” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу сунуштарды даярдоо | ССМ, КФА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Ченемдик-укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн башкарууну өркүндөтүү | |
36. | “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ДК жана МББ сатып алууларды уюштуруунун спецификалык методдорун регламенттеген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды даярдоо | ССМ, ФМ, КФА (макулдашуу боюнча), КМА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2014-2015-жылдар | Ченемдик-укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн башкарууну өркүндөтүү | |
37. | ДК жана МББ жөнүндө маалыматты “жашырындык” категориясына таандык кылуу критерийлерин аныктоо, ошондой эле ата мекендик ДК өндүрүүчүлөрдүн фармацевттик субстанцияларды жана материалдарды Кыргыз Республикасына алып кирүүсүнүн тартибин аныктоо максатында «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берүү | ССМ, Экономика министрлиги, КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Дарыгерлердин жана пациенттердин ДК жөнүндө ачык жайгаштырылган туура маалыматты алуу укуктарын камсыздоо
ДК жергиликтүү өндүрүүнү колдоо үчүн жөнгө салуучу чөйрөнү жакшыртуу | |
38. | Дары каражаттарын жүгүртүү эрежелерин бузгандыгы, дары каражаттарын жасалмалоо жана сактоо мөөнөтү өтүп кеткен ДК соодалоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды даярдоо | ССМ, КМА (макулдашуу боюнча), КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | ДК жүгүртүү эрежелерин жана нормаларын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү | |
Институттук бекемдөө | |||||
39. | Талаптагыдай жөнгө салуучу практиканын стандарттарына ылайык ДжМТД ишинин сапатын камсыздоонун ички тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, жөнгө салуучу тутумга ДССУ стандарттары боюнча баалоо жүргүзүү | ССМ, ДССУ (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл, 2019-жыл | Дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө жөнгө салуучу тутумду өркүндөтүү | |
40. | Жөнгө салуучу органдын ишинин натыйжалуулугун иштелип чыккан өлчөө | ССМ, КМА (макулдашуу боюнча), КФА (макулдашуу | 2015-2020-жылдар | Коомдук контролду тартуу менен ДК | |
40. | инструменттеринин негизинде ДжМТД ишинин натыйжалуулугун жыл сайын баалап туруу | боюнча) | жүгүртүү чөйрөсүндө жөнгө салуучу тутумду өркүндөтүү | ||
41. | ДжМТДны республикалык бюджеттен каржылоо маселесин караштыруу | ФМ, ССМ | 2016-жыл | Жөнгө салуучу органды натыйжалуу жана коррупциясыз башкарууну камсыздоочу башкаруучулук принциптерине ылайык каржылоо | |
42. | Тастыктоо жүргүзүү үчүн тастыктоонун наркындагы администрациялык жана рыноктук курамды аныктоо максатында тастыктоо жүргүзүүгө керектүү иштердин жана кызматтардын наркын аныктоо методикаларына талдоо жүргүзүү, тастыктоонун рыноктук наркын аныктоо методикасын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү | ФМ, ССМ, Экономика министрлиги, КФА (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Фармпродукцияны тастыктоо тутуму натыйжалуу жана коррупциясыз башкарууну камсыздоочу башкаруучулук принциптерге шайкеш келет | |
43. | Көз карандысыз тастыктоо органдарынын жана сынак лабораторияларынын иштеши үчүн рыноктук өбөлгөлөрдү иштеп чыгуу | Экономика министрлиги, ССМ, ФМ, КФА (макулдашуу боюнча) | 2016-жыл | Көз карандысыз тастыктоо органдарынын жана сынак лабораторияларынын иштеши натыйжалуу жана коррупциясыз башкарууну камсыздоочу башкаруучулук принциптерге шайкеш келет | |
Кадрдык ресурстарды өркүндөтүү | |||||
44. | «Фармация» адистигиндеги фармацевттик кадрларды даярдоо боюнча иштеген окуу жайлардын билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкештигин баалоо | ССМ, КФА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2014-2015-жылдар | Фармацевттик кадрларды даярдоо деңгээлин жакшыртуу | |
45. | Айылдык калктуу конуштардын дарыканаларында иштеши үчүн региондук окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн бекитүү механизмдерин иштеп чыгуу | ССМ, Этностор агенттиги | 2015-2016-жылдар | Айыл жергесиндеги дарыкана мекемелери фармацевттик кадрлар менен камсыз кылынды | |
Дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө Этикалуу жүрүм-турум кодексин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | |||||
46. | Дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө Этикалуу жүрүм-турум кодексинин долбоорун фармацевттик сектордун жана саламаттык сактоо тутумунун адистерин, ассоциацияларды жана бирикмелерди кеңири тартуу менен иштеп чыгуу | КМА (макулдашуу боюнча), КФА (макулдашуу боюнча), ССМ, | 2015-жыл | Дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө Этикалуу жүрүм-турум кодекси иштелип чыкты жана ишке киргизилди | |
Дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө ачык-айкындыкты камсыздоо | |||||
47. | Азыркы маалыматтык тутумду интеграциялоонун негизинде бирдиктүү маалыматтык тутумду калыптандыруу (ДК каттоо, ДК алып кирүү жана тастыктоо, фармацевттик ишти уруксаттамалоо, фармацевттик уюмдарды инспекциялоо, ДК сапатын контролдоо, фармакөзөмөл жана ДКга баалардын мониторинги боюнча автоматташкан программалар), анын ичинде жөнгө салуучу органдын кызматтарынын керектөөчүлөрү үчүн «он-лайн» режиминде авторлоштурулган жеткиликтүүлүктү камсыздоо | ССМ, КМА (макулдашуу боюнча), КФА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2015-2016-жылдар | Дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгү кеңейтилди | |
48. | ССУ деңгээлинде ДК жана МББ бааларды, ДК жана МББ дүң жана чекене бааларды мониторингдөө үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ССМ, Монополияга каршы агенттик | 2015-2020-жылдар | ДК жана МББга баалардын туруктуу мониторинги жүргүзүлүп турат. | |
Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга карата программасынын (мындан ары - Программа) ишке ашырылышынмониторингдөө жана баалоо тутуму | |||||
49. | Мониторинг жана баалоонун жыйынтыктарынын кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен Программанын ишке ашырылышына баалоо жана мониторинг жүргүзүү | ССМ, ММКФ, КМА (макулдашуу боюнча),КФА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2014-2020-жылдар | Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө башкаруучулук чечимдеринин натыйжалуулугун жана айкындыгын камсыздоо | |
50. | Чечим кабыл алуучу адамдар, Программаны мониторингдөөгө жана баалоого тартылган адистер үчүн мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктарын пайдалануу маселелери боюнча тренингдерди өткөрүү, баалоочу изилдөөлөрдү жүргүзүү | ССМ, ММКФ, КМА (макулдашуу боюнча),КФА (макулдашуу боюнча), ӨӨ (макулдашуу боюнча) | 2014-2020-жылдар | Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары Программаны ишке ашырууда маалымдуу чечимдерди кабыл алуу үчүн пайдаланылат | |