Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 378
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Бекматов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 378 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Бекматов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкү корутундуга келди.
Жогоруда аталган мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин (мындан ары – АЖжК) 5341-беренесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссия) тарабынан каралуучу административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик кызматтар дагы карай тургандыгы жөнүндө ченем менен толуктоо сунушталат.
Бирок АЖжКнын 5341-беренесинде көрсөтүлгөн административдик укук бузуулар жөнүндө иштер төмөнкүлөр тарабынан да карала тургандыгын белгилейбиз:
- АЖжКнын 508-беренесине ылайык райондук, шаардык соттордун судьялары (АЖжКнын 92, 93, 301, 3011, 3012, 3013-беренелери, 302-берененин биринчи бөлүгү, 305, 467-беренелери);
- АЖжКнын 514-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо органдары (АЖжКнын 90, 306, 487-беренелери);
- АЖжКнын 522-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдары (АЖжКнын 185-беренесинин үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрү, 186, 288, 292-беренелеринин экинчи бөлүгү);
- АЖжКнын 525-беренесине ылайык архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдар (АЖжКнын 455-463-беренелери);
- АЖжКнын 534-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы (АЖжКнын 285-беренеси, 286-беренесинин биринчи бөлүгү, 287-беренеси, 289-беренесинин биринчи бөлүгү, 290-299-беренелери, 302-беренесинин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 303, 304-беренеси, 306, 307, 309-314-беренелери, 316-326-беренелери);
- АЖжКнын 546-беренесине ылайык аксакалдар соттору (АЖжКнын 185-беренесинин биринчи бөлүгү).
Жогоруда айтылгандарды эске алып, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик кызматтар АЖжКнын 350, 448, 4871, 4873, 494 жана 496-беренелери менен каралган административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди карай алат.
Мында, АЖжКнын 534-беренесинин аталышын көңүлгө алуу менен (монополияга каршы мыйзамдардын, жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоону ишке ашыруучу орган) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик кызматтар АЖжКнын 350, 448, 4871, 4873, 494 жана 496-беренелери менен каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карай ала тургандыгы жөнүндө ченем АЖжКнын 534-беренесинде каралышы керек.
Ошондой эле, АЖжКнын 472-беренеси (түрдүү арналыштагы объектилерди, анын ичинде жеке турак үйдү өз билемдик менен куруу) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-мартындагы № 117 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп таанылгандыгын белгилей кетүү керек.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пункту менен АЖжКнын 614-беренесин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик кызматтар тарабынан салынган административдик жазапулдардын суммаларынын ичинен жазапулдун суммасынын 30 пайызы ушул мамлекеттик кызматтардын эсептерине которулаарын караган 8-пункт менен толуктоо сунушталат.
Бирок “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 191-беренесине ылайык атайын каражаттардын курамына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган ченемдерди бузгандыгы үчүн жазапулдар, туумдар жана башка финансылык санкциялар кошулбайт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун, жогоруда айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.