Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 379
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу
боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статьяда:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Юридикалык жакты түзбөстөн уюштурулган дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:
а) 2 га чейин жер үлүшүнө ээ болгондор үчүн - 2024-жылга карата этап боюнча тарифтин ставкасын 4 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында калыптанган орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын эсептелген 0,5 пайыз өлчөмүндө:
- 2015-жылдын 1-январынан баштап 2016-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 0,5 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан баштап 2018-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1 пайыз;
- 2019-жылдын 1-январынан баштап 2020-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1,5 пайыз;
- 2021-жылдын 1-январынан баштап 2021-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;
- 2022-жылдын 1-январынан баштап 2022-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2,5 пайыз;
- 2023-жылдын 1-январынан баштап 2023-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;
- 2024-жылдын 1-январынан баштап жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;
б) 2 га дан 10 га чейин жер үлүшүнө ээ болгондор үчүн - 2019-жылга этап боюнча тарифтин ставкасын 4 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында калыптанган орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын эсептелген 1 пайыз өлчөмүндө:
- 2015-жылдын 1-январынан баштап 2015-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1 пайыз;
- 2016-жылдын 1-январынан баштап 2016-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1,5 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан баштап 2017-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;
- 2018-жылдын 1-январынан баштап 2018-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;
- 2019-жылдын 1-январынан баштап жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;
в) 10 га жана андан көп жер үлүшүнө ээ болгондор үчүн - 2017-жылга карата этап боюнча тарифтин ставкасын 4 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында калыптанган орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын эсептелген 2 пайыз өлчөмүндө:
- 2015-жылдын 1-январынан баштап 2015-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;
- 2016-жылдын 1-январынан баштап 2016-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан баштап жана андан ары - орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.
Юридикалык жакты түзбөстөн уюштурулган дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.”;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Дыйкан (фермердик) чарбалары өз жерлерин ижарага берген учурда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жерди ижарага берүүчү тарабынан ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.”;
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 51-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы “в” пунктчасы менен толукталсын:
“в) I жана II топтогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан башкасы) – каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.”.
6-статьяда:
- 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери: милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен, бирдиктүү салыктын же салык контрагынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө ай сайын белгиленет. Мында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 9 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз.
2. Ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салык төлөгөн (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерди кошпогондо), ошондой эле контейнерлерден, павильондордон, күркөлөрдөн товар сатуу аркылуу базарларда ишин жүзөгө ашырган жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2018-жылга этап боюнча тарифтин ставкасын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында калыптанган орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 4 пайыз өлчөмүндө белгиленет:
- 2015-жылдын 1-январынан баштап 2015-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;
- 2016-жылдын 1-январынан баштап 2016-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан баштап 2017-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 8 пайыз;
- 2018-жылдын 1-январынан баштап жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.”;
- статья төмөнкү мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“21. Лотоктордон, соода орундарынан товар сатуу аркылуу базарларда ишкердикти жүзөгө ашырган жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2018-жылга этап боюнча тарифтин ставкасын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 5 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында калыптанган орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет:
- 2015-жылдын 1-январынан баштап 2015-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;
- 2016-жылдын 1-январынан баштап 2016-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан баштап 2017-жылдын 31-декабрына чейин - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;
- 2018-жылдын 1-январынан баштап жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 5 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 10 пайыз.”;
- 3- пунктта:
биринчи жана экинчи абзацта “жеке ишкерлерди жана алардын” деген сөздөр алып салынсын;
“б” пунктчанын биринчи абзацындагы “пенсионер-кызматкерлерди” деген сөздөрдөн кийин “жана I, II топтогу майып-кызматкерлерди” деген сөздөр менен толукталсын;
“б1”-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“I жана II топтогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан башкасы) – каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.”.
статья төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
“4. Жеке ишкердик менен алектенген, анын ичинде базарларда иштеген Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.”.
4. 7-статьяда:
- 1-пунктта:
биринчи абзацтагы “бул мүлктү кармоого кеткен чыгымдарды алып таштагандан кийинки калган кирешенин 9,25 пайызы өлчөмүндө, бирок орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн кем эмес” деген сөздөр жана цифралар “орточо айлык эмгек акынын 10 пайыз” деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта “8” деген цифра “9” деген цифрага алмаштырылсын;
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
- 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөсү болуп саналбаган же өзүнүн жер үлүшүн же анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбалардын жерлерин ижарага алган жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.
3. Юридикалык жана жеке жактарга Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен жерлер (жайыттарды эсептебегенде), токой фондусунун участоктору ижарага берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, участокту ижарага алуучу тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
Юридикалык жана жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде, камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.”;
- 4-пункттун биринчи абзацында “алган гонорарынан (сыйакысынан) 9,25 пайыз” деген сөздөр жана цифралар “орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз” деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын.
5. 71-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“I жана II топтогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан башкасы) – каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.”.
8-статьяда:
- 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Иш берүүчүлөр жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн заказ берүүчүлөрү үчүн:
а) кызматкерлердин жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген эмгекке акы төлөөнүн, жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн төлөмдөрүнүн бардык түрүнөн ай сайын 17,25 пайыз өлчөмүндө, эгерде эл аралык макулдашууларда камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн башка тартиптери каралбаса.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) I жана II топтогу майып-кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 15,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
2. Кызматкерлер жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучулары үчүн:
а) Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, пенсионер-кызматкерлерди жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн пенсионер-аткаруучуларын кошпогондо, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз.
б) пенсионер-кызматкерлер үчүн алардын пайдасына чегерилген эмгекке акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө.
в) ушул Мыйзамдын 111-статьясынын “а” пунктунда аталган жалданган кызматкерлер жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучулары үчүн -Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
г) I жана II топтогу майыптар үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан башкасы) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.».
9-статьяда:
- 1-пункттун “в” пунктчасында:
экинчи абзацтагы “2,75” деген цифралар “3,75” деген цифраларга алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы “2 пайыз” деген цифра жана сөз “1 пайыз” деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. 5-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбалардын башчыларынан жана мүчөлөрүнөн, жеке жактардан:
- камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебине эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 90 пайызы.”;
- 6-пункттун “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) 6-статьянын 2 жана 21-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр:
- камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебине эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 90 пайызы.”;
- 7-пункттун экинчи абзацындагы “92,6 пайыз” деген цифралар жана сөз “эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 92,6 пайыз.” деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын.
8. 10-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү, жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээлик кылган, бирок дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөсү болбогон, же болбосо өзүнүн жер үлүшүн же анын бөлүгүн ижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар, ошондой эле жер участокторун (үлүшүн) ижарага берген, айыл чарба продукцияларын (өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылык) өндүргөн айыл-чарба кооперативдеринин мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөөнү каалаган өлчөмдө, бирок төлөөчүлөрдүн тийиштүү категориялары үчүн ушул жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин белгиленген ставкасынан кем эмес көлөмдө камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу жүзөгө ашыра алат.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын төлөөнүн жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнүн тартиби:
- юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн жана жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээлик кылган, бирок дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөсү болбогон же өзүнүн жер үлүшүн же анын бөлүгүн ижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар үчүн ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет;
- жер участокторун (үлүшүн) ижарага берген, айыл чарба продукцияларын (өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылык) өндүргөн айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн ушул Мыйзамдын 51-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.”.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|