Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 382
“Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине
тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
“Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2011-жылдын 4-ноябры, № 93) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
кумар оюн иши – бул казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, сервердин жайгашкан жерине карабастан электрондук (виртуалдык) казинолордо кумар оюндарын уюштуруу, жүргүзүү жана ойноо мүмкүнчүлүгүн берүү менен байланышкан иш;
кумар оюн жайлары - кумар оюндары жүргүзүлүүчү жана (же) мелдешке коюмдар кабыл алынуучу жай (имарат), ошондой эле кумар оюн жабдуулары, компьютердик симуляторлор, кумар оюндарын ойнотуу үчүн ыңгайлаштырылган аппараттык-программалык комплекстер колдонулуучу жайлар (залдар);
кумар оюну - катышуунун милдеттүү шарты болуп оюнчу өз алдынча, анын ичинде электрондук төлөм тутуму аркылуу акча төлөп тобокелдикке салып ойноочу ар түрдүү оюндар, бул оюндар катышуучуга ар кандай утушка (байгеге) ээ болуу жана кокустукка жараша ага ээ болбой калуу мүмкүнчүлүгүн берет;
казино - кумар оюн жабдууларын пайдалануу, жарыяланган акчалай утуштар менен кумар оюндары уюштурулуучу жана жүргүзүлүүчү жай (имарат);
кумар оюн жабдуулары - чыгырык, карта столдору, сөөк оюну үчүн стол, оюн автоматтары, анын ичинде тотализатор жана букмекердик контора үчүн жабдуулар;
оюн столу – кумар оюн жайынын уюштуруучусу өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тарап катары же уюштуруучу жана (же) байкоочу катары катышкан, утуштун ар кандай түрү менен кумар оюндарынын жүргүзүүгө арналган кумар оюн жайындагы атайын жабдылган орун (чыгырык, карта столдору, сөөк оюндары үчүн стол);
оюн автоматы - утушу кумар оюн бизнесинин уюштуруучусунун же анын кызматкерлеринин катышуусуз, кумар оюн жабдууларынын корпусунун ичинде болуучу түзүлүш аркылуу кокустук менен аныкталуучу утуштуу кумар оюндарын жана (же) мелдеш өткөрүү үчүн пайдаланылуучу кумар оюн жабдуулары (механикалык, электрдик, электрондук же башка техникалык жабдуулар);
оюн автоматтар залы - оюн автоматтарын пайдалануу менен кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш жүзөгө ашырылуучу кумар оюн жайы;
оюн зонасы – кумар оюн жабдууларын орнотуу үчүн арналган кумар оюн жайынын бөлүгү;
тотализатор – бардык катышуучулардын ортосунда жыйынтыгы мурдатан аныкталбаган окуянын натыйжасына карата өз ара мелдеш өткөрүлүүчү, катышуучулардан белгилүү бир жерде коюмдарды кабыл алуу, аларга утушту төлөп берүү жана тийиштүү техникалык каражаттарды жана жол-жоболорду пайдалануу менен мүнөздөлгөн кумар оюн жайы (анын ичинде “Бинго-лото” жана “Русское лото”);
букмекердик контора - бардык катышуучулар менен кумар оюн жайынын ортосунда жыйынтыгы мурдатан аныкталбаган окуянын натыйжасына мелдеш өткөрүлүүчү кумар оюн жайы;
казино же оюн автоматтар залынын кассасы - накталай акча алмаштыруу боюнча кызматтар көрсөтүлүүчү кумар оюн жайындагы уюштуруучу тарабынан атайын жабдылган жер;
онлайн казино – бул кумар оюн жайларында же башка имараттарда кумар оюндарын жүргүзүү үчүн ыңгайлаштырылган аппараттык-программалык комплекстерди пайдалануу аркылуу же болбосо утуштарды Интернет аркылуу алууну караган байланыш каражаттарын (пайдаланган жайына карабастан) реалдуу убакытта жалгыз же көпчүлүк менен пайдалануу режиминде кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү;
компьютердик симуляторлор – виртуалдык чөйрөдө реалдуу көрүнүштөрдүн жана мүнөздөрдүн өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу менен чыныгы сыяктуу көрүнүштөрдү калтыруучу программалык жана аппараттык каражаттар;
аппараттык-программдык комплекс – тапшырмалардын комплексин аткарууну автоматташтырууга мүмкүндүк берген жана электрондук маалымат ресурстары менен маалымат тутумдарынын иштешин камсыздаган техникалык жана программалык каражаттар;
электрондук (виртуалдык) казино – кумар оюндарын Интернет тарамы аркылуу ойноого мүмкүндүк берүүчү Интернеттеги сайт же программа.”.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|