Загрузка документа…
(КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 23-апрели № 250
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 383
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) ишин оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы №176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Ушул токтом жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 383 токтомуна тиркеме |