Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-ноябры № 693
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык ɵнγгγшγнγн жыйынтыктары жɵнγндɵ
Кыргыз Республикасынын θкмɵтγ учурдагы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык кырдаалдын жакшырышы жана дγйнɵлγк финасылык-экономикалык кризистин Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген терс таасиринин азайышы байкалгандыгын белгилейт.
2009-жылдын биринчи жарым жылындла экономиканын ɵнγгγшγнɵ ИДПнын ɵсγшγнγн реалдуу темптери урунтуу кɵбɵйγп, ɵткɵн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 102,9 процентти тγздγ, бул Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн 2008-жылдын 26-декабрындагы № 724 «Кыргыз Республикасынын экономикасына дγйнɵлγк финансылык кризистин кесепперин минималдаштыруу жана экономикалык ɵсγштγн темптерин сактоо боюнча чаралар жɵнγндɵ» токтому менен бекитилген кризиске каршы программанын чегиндеги таасирдγγ иш-чаралар менен жана да ɵлкɵнγн экономикасын мамлекеттик ийкемдγγ жɵнгɵ салуу менен ошондой эле дγйнɵлγк экономиканын турукташуусу тенденциялары менен шартталат. «Кумтɵр» кенин иштетγγ боюнча ишканасыз 2009-жылдын 9 айы ичиндеги ИДПнын реалдуу ɵсγшγ 103,6 процентти тγздγ.
Акча-кредиттик жана бюджеттик-салыктык саясатты жγргγзγγдɵ Кыргыз Республикасынын θкмɵтγ менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-аракеттеринин макулдаштыгы, ошондой эле негизги керектɵɵчγлγк товарларга дγйнолγк баалардын ɵсγшγнγн басаңдашы 2009-жылдын башынан тартып инфляциянын ɵсγшγнγн тɵмɵнкγ темптерин шарттады, мында Кыргыз республикасындагы керектɵɵ бааларынын индекси 2009-жылдын 1-октябрынна карата 2008-жылдын декабрына салыштырганда болгону 98,3 процентти тγздγ, ошол эле учурда ɵткɵн жылдын ушул мезгилинде инфляция 15,6 процентке барабар болгон.
2009-жылы январь-сентябрь айларында тамак-аш азык-тγлγктɵрγнγн жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 2008-жылдын декабрына салыштырганда 10 процентке тɵмɵндɵгɵн, анын ичинде нан-булочкага жана акшакка, буудай унуна, сγт азыктарына, майга жана тоң майга баа тɵмɵндɵгɵн. Ошону менен бирге эле, 2009-жылдын январь-сентябрь айларында 2008-жылдын декабрь айына салыштырганда азык-тγγлγк эмес товарларга баалардын 8 процентке, кызмат кɵɵрсɵтγγлɵргɵ 4,2 процентке ɵсγшγ байкалган.
ИДПнын ɵсγшγндɵгγ оңдуу темптер айыл чарба ɵндγрγшγнγн 5 процентке ɵсγшγнγн, ошондой эле курулуштагы жана кызмат кɵрсɵтγγлɵрдɵгγ туруктуу ɵнγгγγнγн эсебине камсыз кылынган, алардын тиешелγγ тγрдɵ ɵсγшγ 33,3 жана 4,2 проценти тγзгɵн. Ошол эле учурда, экономиканын ɵнɵр жай секторунда ɵсγγ темптеринин тɵмɵндɵшγ белгиленген, анда ɵнɵр жай ɵндγрγшγнγн кɵлɵмγ 2009-жылдын январь-сентябрь айларында 2008-жылдын тийиштγγ мезгилине карата 11,5 прроцентке тɵмɵндɵгɵн.
Мындай жагдай ɵнɵр жай продукциясына тышкы жана ички суроо-талаптын кыскарышы менен шартталган, бул негизги бюджет тγзγγчγ ɵнɵр жай тармактарындагы ɵндγрγштγн кɵлɵмγнγн кыйла тɵмɵндɵшγн, анын ичинде текстиль жана тигилγγ кийимдер, целлюлоза-кагаз, химия ɵндγрγшγнγн, курулуш материалдары ɵндγрγшγнγн кɵлɵмдɵрγнγн кыйла тɵмɵндɵшγн пайда кылган. Металлургия ɵндγрγшγндɵ ɵсγγ темтеринин 84,4 проценке чейин тɵмɵндɵшγ байкалууда, андагы негизги γлγштγ «Кумтɵр» кенин иштетγγ боюнча ишкана ээлейт. Электр энергиясын ɵндγрγγдɵгγ жана бɵлγштγрγγдɵгγ ɵсγш темптери 91,8 процентти тγзгɵн.
2009-жылдын сентябрь айынан тартып республиканын ɵнɵр жай ишканалары γчγн жаратылыш газын берγγ проблемасы пайда болду. Θзбекистандан ɵлкɵнγн тγштγк регионуна газ берγγнγн токтолушу республиканын айрым ишканаларында, анын ичинде «Майлуу-Суу электр лампа заводу» ачык акционердик коомунда, «Кадамжай сурьма комбинаты» ачык акционердик коомунда, Айдаркен сыпам акционердик коомунда ɵндγрγштγк процесстин толук токтолушуна алып келген. Газ берγγнγн токтотулушунун натыйжасында бул ишканалар кыйла чоң чыгаша тартышты.
2009-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба продукциясынын дγң чыгарылышы 83434,4 млн. сомду тγздγ, ошол эле учурда ɵсγш темпи 105,0 процент деңгээлин, анын ичинде мал чарбачылыгында-102,1 процентти, ɵсγмдγк ɵстγрγγчγлγктɵ-107,0 процентти тγзгɵн.
Союлган малдын жана канаттулардын тирγγлɵй салмагы 2008-жылдагы ушул мезгилге салыштырганда 1,4 процентке ɵстγ, сγт ɵндγрγγ 3,4 процентке ɵскɵн, жумуртка ɵндγрγшγ 99,6 процентти тγзгɵн.
2009-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча бардык облустарда кылкандуу дал ɵсγмдγктɵрγнγн тγшγмγн оруп-жыйноо аяктоо стадиясында турат. Жγгɵрγ данын, буурчак данын жана башка дан ɵсγмдγктɵрγн оруп-жыйноо улантылууда. 1676,4 миң тонна дан бастырылгын, бул ɵткɵн жылдагы деңгээлден 256,3 миң тоннага кɵп. Дан ɵсγмдγктɵрдγн орточо тγшγмдγγлγгγ гектарына 30,5 центнерди тγздγ же ɵткɵн жылдагыдан гектарына 6,7 центнерге жогору.
2009-жылдын январь-сентябрь айларында 2008-жылдын тийиштγγ мезгилине салыштырганда негизги капиталга инвестициялардын кɵлɵмγ 27 процентке кɵбɵйдγ жана 23975,7 млн. сомду тγздγ. 2009-жылдын январь-сентябрь айларында курулуш продукциясынын жалпы дγң кɵлɵмγ 20954 млн. сомду тγздγ, ошол эле учурда ɵсγγ темпи 2008-жылдын тийиштγγ мезгилине карата 30,3 проценти тγздγ.
Ошону менен бирге эле курулуш секторундагы ɵсγшкɵ 2008-жылдын ошол мезгилиндеги капиталдык салымдардын кɵлɵмγн ɵздзштγрγγнγн тɵмɵнкγ ɵсγγ темптеринин эсебине жетишилген. Мисалы, 2008-жылдын 9 айынын жыйынтыгы бойунча негизги капиталга инвестицияларды жумшоонун ɵсγш темпи 12,4 процентке тɵмɵндɵгɵн, ал эми курулуштун ɵсγш темптери 2007-жылдын тийиштγγ мезгилине карата 21,4 процентке азайган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала баалоосу боюнча 2009-жылдын январь-сентябрь айларындагы кызмат кɵрсɵтγγлɵрдγн кɵлɵмγ 116152,5млн. сомду тγзгɵн жана 2008-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда 4,2 процентке ɵскɵн. Соода жγгγртγγнγн ɵсγш темптери ɵткɵн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 104 процентти тγзгɵн. почта жана электр байланыштары кызмат кɵрсɵтγγлɵрγ 15,7 процентке ɵскɵн, бул уюлдук байланыш абоненттеринин санынан ɵсγшγ менен шартталган. Жγк ташуулардын кɵлɵмγ 4,1 процентке кɵбɵйгɵн.
Акча каражаттары ɵз убагында бɵлγнбɵгɵндγктɵн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигинин жол уюмдары ремонт жγргγзγ γчγн жол битумунун жетишсиздигинен жапа чегγγдɵ. 2009-жылда ремонттук-калыбына келтирγγ иштерин толук жана сапатту аяктоо γчγн, ошондой эле 2010-жыл сезонуна карата битум даярдоо γчγн республикалык бюджеттен кошумча каражат бɵлγγ зарыл.
2009-жылдын биринчи жарым жылдыгында 216,1 миң адм жекече ишкердик иш жγргγзγшкɵн, ошол эле учурда ɵткɵн жылдын ушул мезгилине салыштырганда ɵсγш 16 миң адамды тγзгɵн. Чакан жана орто бизнесте иштегендердин жалпы саны 294,3 миң адамды тγзгɵн, бул ɵткɵн жылдагы тийиштγγ мезгилден 8,2 миң адамга кɵп.
Θнɵр жай продукциясына тышкы жана ички суроо-талаптын кыскарышы, ошондой эле эмгек мигранттарынан акчалай которуулардын кɵлɵмγнγн тɵмɵндɵшγ салтту товарлардын экспортунун жана импортунун кɵлɵмγнγн азайышын пайда кылды. Натыйжада Кыргыз Республикасынын тышкы соода жγгγртγγсγнγн кɵлɵмγ, анын ичинде 2009-жылдын январь-август айларындагы тышкы сооданын кɵлɵмγ 2008-жылдагы ушундай мезгилге салыштырганда 24,2 процентке азайган жана 2643,8 млн. АКШ долларын тγзгɵн. Ошол эле учурда эспорттун кɵлɵмγ 20,1 процентке, ал эми импорттун кɵлɵмγ-25,8 процентке тɵмɵндɵгɵн.
Соода балансынын сальдосу терс тγзγлγп, 1064,2 млн. АКШ долларын тγзгɵн, бул ɵткɵн жылдагы ушул мезгилден 29,4 процетке аз. Жагдайды жакшыртуу максатында тышкы соода жол-жоболорун оптималдаштырууга жана ички сооданы иретке салууга багытталган нормативдγγ укуктук актылар, ошондой эле тышкы соода чɵйрɵсγндɵ «Бирдиктγγ терезе» принцибин киргизγγ γчγн зарыл чаралар кɵрγлгɵн.
Азыркы учурда дγйнɵдɵ экспортту илгерилетγγ γчγн жоопту мамлекеттик адистештирилген агенттиктерди тγзγγ иш тажрыйбасы кеңири таралып жатат. Мындай мекемелер тарабынын ата мекендик иш каналардын эспорттук ишине кɵмɵк кɵрсɵтγγ, чет ɵлкɵлɵрдγн сатып ɵткɵрγγ рынокторунаэкспорттук товарларды ɵткɵрγγ бойунча иш аткарылат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасында Кыргыз продукциясын ɵнγктγрγγ жана экспортун алга жылдыруу боюнча корпорация тγзγγнγн мγмкγнчγлγгγн караштыруу зарыл.
Кыргыз Республикасынын банк системасына дγйнɵлγк финансылык-экономикалык кризистин таасиринин солкундашы байкалууда. 2009-жылдын январь-сентябрь айларында коммерциялык банктардын депозиттик базасынын кɵлɵмγ 5,4 процентке кɵбɵйгɵн, бул калктын банк системасына ишеничинин сакталышы жɵнγндɵ айгинелейт. Ошону менен бирге, 2009-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча коммерциялык банктардын кредиттик портфели жыл башына салыштырганда 4,3 процентке азайган. 2009-жылдын башынан тартып эл аралык дγң резервдердин кɵлɵмγ 271,8 млн. АКШ долларына же 22,2 процентке кɵбɵйгɵн жана 2009-жылдын 1-октябрына карата 1588,7 млн. АКШ долларын тγзгɵн.
Чет ɵлкɵлγк тикелей инвестициялардын республиканын экономикасына келип тγшγγсγ 2009-жылдын 9 айы ичинде 1628,0 млн. сомду тγзгɵн.
Дγйнɵлγк финансылык-экономикалык кризистин таасирине карабастан мамлекеттин бюджетинин киреше бɵлγгγнɵ 2009-жылдын январь-сентябрь айларына 56,7 млрд. сом келип тγшкɵн же планга карата 125,2 процентти тγзгɵн. 2008-жылдын ушул мезгилине салыштырганда келип тγшγγлɵр 11,4 млрд. сомго же 54,9 процентке кɵбɵйгɵн, бул Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин натыйжалуулугу жɵнγндɵ айгинелеп турат.
Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин ɵсγшγ калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу жана аны социалдык коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого мγмкγндγк берди. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы № 252 «Пенсиялардын базалык бɵлγгγ жɵнγндɵ» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-июнундагы № 253 «Пенсиялардын камсыздандыруу бɵлγктɵрγнγн кзлɵмдɵрγн жогорулаттуу жɵнγндɵ» Кыргыз Республикасынын Жарлыгына ɵзгɵртγлɵрдγ киргизγγ тууралуу» жарлыктарына ылайык пенсиянын орточо ɵлчɵмγ 30 проценттен ашуунга кɵбɵйтγлдγ жана 2138 сомду тγздγ.
Бир кызматкердин номиналдуу орточо бир айлык эмгек акысы 2009-жылдын январь-сентябрь айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 5986 сомду тγздγ жана 2008-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда 17,6 процентке, ал эми чыныгы ɵсγшγ 7,0 процентти тγзгɵн.
2009-жылдын 9 айы ичинде Кыргыз республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин ( азыр Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министирлиги) кɵмɵгγ менен 32,8 миң жумушсуз жаран ишке орноштурулган, кесиптик окутууга 6,7 миң адам же ɵткɵн жылдын ушул мезгилине караганда 1,3 эсеге кɵп адам жɵнɵтγлгɵн. Убактылуу ишке орноштуруу тартибине акы тɵлɵнγγчγ коомдук иштерге 18,8 миң адам же ɵткɵн жылдагы деңгээлден 13 процентке кЗп адам жиберилген.
2009-жылдын октябрындагы абал боюнча 1580 окуучуунун орундуу 7 жаңы мектеп ишке берилген. Жылдын аягына чейин 3464 окуучу орунду 17 мектептин курулушун аяктоо кγтγлγγдɵ. Ошону менен бирге, мектеп эмеректерин жана жабдууларын сатып алуу γчγн бюджеттик каражаттардын жетишсиздигинен улам курулган мектептерди пайдаланууга берγγ боюнча проблемалар келип чыгууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн 2008-жылдын 27-августундагы № 475 «Кыргыз Республикасынын мектептерин 2008-2009-окуу жылына даярдоо жɵнγндɵ» токтомуна ылайык бул максаттар γчγн кошумча каражаттарды бɵлγп берγγ зарылдыгы пайда болууда.
Социалдык-экономикалык болжолдоо боюнча иш жγргγзγлγγдɵ. 2009-жылдын 9 айындагы экономиканын ɵнγгγшγнγн жыйыфнтыгы тармактын министирликтер жана ведомстволор тарабынан тγзγлгɵн экономиканын тармактарын ɵнγктγрγγнγн иш жγзγндɵгγ жана болжолдуу кɵрсɵткγчтɵрγнγн ортосунда чоң айырмачылык бар экендигин кɵрсɵтγγдɵ. Буга байланыштуу тармактык министирликтердин жана ведомстволордун экономиканын тейлеген тармактарын ɵнγктγрγγнγн болжолдорунун сапаты жана тууралыгы γчγн жооптуулугун жогорулатуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык ɵнγгγшγнγн жыйынтыктарын, ошондой эле алдыдагы мезгилге милдеттерди эске алып, Кыргыз Республикасынын θкмɵтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Републикасынын министирликтери, администрациялык ведомстволору, жергиликтγγ мамлекеттик администрациялары жана аткаруу бийлигинин башка органдары:
- тɵмɵнкγлɵрдγ ɵз убагында аткаруу боюнча толук чара кɵрγшсγн:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 108 Жарлыгы менен бекитилген, 2009-2011-жылдарга ɵлкɵнγн ɵнγгγшγнγн стратегиясын;
б) Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн 2009-жылдын 11-февралындагы № 116 токтому менен бекитилген, 2009-жылга Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн иш-аракеттери программасын.
2.Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлиги:
-Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги менен биргеликте θзбекистан Республикасы менен керектелген жаратылыш газы γчγн Кыргыз Республикасынын карызын реструктуралаштыруу жɵнγндɵ маселени жɵнгɵ салуу боюнча чара кɵрсγн жана 2009-жылдын 1-декабрына чейинки мɵɵнɵттɵ жасалган иш жɵнγндɵ Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнɵ маалымат берсин;
- «Кыргызгаз» ачык акционердик коому менен бирдикте бир айлык мɵɵнɵттɵ газды пайдалануу γчγн ɵз убагында акы тɵлɵгɵн ɵнɵр жай керектɵɵчγлɵрγнɵ жаратылыш газын берγγнγ камсыз кылуу боюнча чара кɵрсγн;
-2010-жылдын 1-апрелине чейин жаратылыш газын колдонгон ɵнɵр жай жана турак жай коммуналдык чарба субъектерин альтернативалуу отунду пайдаланууга: суюлтулган газга, кɵмγргɵ которуу программасын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнɵ берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескɵɵ министирлиги:
- 2010-жылдын 1-февралына чейинки мɵɵнɵттɵ Кыргыз Республикасынын экономикасын инновациялык модернизациялоо концепциясынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнɵ киргизсин;
- Ош облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте бир айлык мɵɵнɵттɵ «Сары-Таш» чек ара жанындагы эл аралык соода борборун тγзγγнγ жана анын иштɵɵсγн тездетγγ жɵнγндɵ» Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- мамлекеттик болжолдоо процессине тартылган мамлекеттик башкаруу органдарынын адистерин экономикалык талдоонун жана болжолдоонун негиздерине окутуу программасын иштеп чыксын жана 2009-жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен аны ишке ашыруу процессин баштасын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлиги 2009-жылдын 31-декабрына чейинки мɵɵнɵттɵ:
- 2010-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында Асыл тукум мал чарбачылыгын ɵнγктγрγγ боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык соктоо министирлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги жана Кыргыз Республикаынын Экономикалык тескɵɵ министирлиги менен бирликте Республиканын ишканаларында тобокелдиктерди жана кризистик контролдук точкаларды талдоо системасын киргизγγ боюнча иш-чаралар планын белгиленген тартипте кийин Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнɵ киргизγγ γчγн ведомстволор аралык жумушчу тобун тγзсγн.
5. Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнɵ караштуу Финансы рыногун тескɵɵ жана кɵзɵмɵлдɵɵ мамлекеттик кызматы 2009-жылдын 1-декабрына чейинки мɵɵнɵттɵ «Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн 2009-жылдын 5-июнундагы № 354 «Жарандык жоопкерчиликти милдеттγγ камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруусуммаларынын ɵлчɵмγн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитγγ жɵнγндɵ»токтомун жокко чыгаруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнɵ киргизсин.
6.Ысык-Кɵл облусунун мамлекеттик администрациясы 2009-жылдын тγшγмγнɵн буудайдын сорттуу γрɵнγн чоң кɵлɵмдɵ γрɵнчγлγк чарбаларынын ɵндγγрγсγн, облустун бардык γрɵнчγлγк чарбаларында 2010-жылы кγзγндɵɵ себγγ γчγн пайдалануу максатында кγздγк буудайдын жγз процент (керектɵɵгɵ карата) кийинкиге калуучу запасын тγзγγнγ 2009-жылы камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын социалдык-0экономикалык ɵнγгγγсγн мамлекеттик болжолдоопроцессине тартылган, Кыргыз Республикасынын министирликтеринин, администрациялык ведомстволорун, жергиликтγγ мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери тейлеген тармактарын жана региондорун ɵнγктγγрγнγн болжолдорунун сапаты жана тууралыгы γчγн аткаруучулардын жоопкерчилигин жогорулатсын жана 2009-жылдын 15-ноябрына чейинки мɵɵнɵттɵ Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн Аппаратына жасалган иш жɵнγндɵ маалымат берсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн Аппаратынын тийиштγγ бɵлγмдɵрγнɵ жγктɵлсγн.
Премьер-министр | Д. Усенов |