Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-марты № 145
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин натыйжалуу жана сапаттуу иштеши максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 11-пунктундагы "13" деген сан "15" деген сан менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |