Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 715 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №99, 2010-жылдын 12-мартындагы №145 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери
III. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
IV. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
V. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
VI. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) маданият, искусство жана мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин органы болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик агенттик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, башка ченемдик укуктук актыларды, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик агенттик өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
4. Мамлекеттик агенттик мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штампы жана бланктары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык органдарында алыш-бериш эсеби бар юридикалык жак болуп эсептелет.
5. Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий жана рухий мурастарын сактоо, маданият, искусство жана мамлекеттик тил тармактарын туруктуу өнүктүрүү;
- маданият, искусство жана тармактык билим берүү чөйрөсүндөгү тейлөө көрсөтүүнүн сапатын камсыз кылуу;
- маданияттын, искусствонун жетишкендиктерин жарандарга жеткиликтүү кылуу, элдин кеңири массасына ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарын жайылтуу үчүн шарттарды түзүү;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- маданият тармагын адис кадрлар менен камсыз кылуу.
6. Коюлган милдеттерди аткаруу максатында Мамлекеттик агенттик төмөндөгү функцияларды жүзөгө ашырат:
а) тармактык саясаттын функциялары:
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана тармактык программаларды, стратегияларды, концепцияларды ишке ашырат;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мыйзамдардын практика жүзүндө колдонулушун жалпылаштырат, мыйзамдык базаларды иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелерге тиешелүү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин иштеп чыгат;
- республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө маданият органдарын жана мекемелерин каржылоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- маданият жана искусство чөйрөсүндөгү маалыматтарды чогултууну, маалыматтык-талдоо материалдарын даярдоону жана эксперттик, алдын ала болжолдоп баа берүүлөрдү ишке ашырат;
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №99 токтому менен күчүн жоготту);
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө стандарттарды жана нормативдерди иштеп чыгат;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин иштеп чыгат;
- эл чыгармачылыгын жана элдин бош убактыларындагы эс алууларын уюштурууну өнүктүрүүгө шарттарды түзөт;
- маданият, искусство жана мамлекеттик тил жааттарындагы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын жыйынтыктарын практикада ишке киргизүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилдин колдонулушун (иш өндүрүшүндө, котормодо, массалык маалымат каражаттарында ж.б.) этап менен ишке ашырууну камсыз кылат;
- ЮНЕСКОнун материалдык жана материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизилүүчү материалдарды иштеп чыгат;
б) координациялоо функциялары:
- мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишмердиктерин координациялайт;
- маданият жана искусствонун мамлекеттик мекемелеринде репертуарлардын калыптандырылышы боюнча иштерди координациялайт;
- жаңы курулуштарды жайгаштыруу, маданият, искусство объекттерин капиталдык жана кезектеги оңдоодон өткөрүүнү долбоорлоо жөнүндө маселелерди чечүү боюнча аймактык органдардын ишин координациялайт;
- тил жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышына контролдукту ишке ашырат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Мамлекеттик агенттикке караштуу маданият, мекемелеринин ишин координациялайт жана контролдойт;
- окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуунун методикасын координациялайт;
- ички контроль тутумунун эффективдүүлүгүн жана финансалык-чарбалык иштердин натыйжалуулугун баалоо иштерин жүргүзөт, Мамлекеттик агенттиктин компетенциясынын чегинде баалоонун натыйжалары боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №99 токтому менен күчүн жоготту);
в) жөнгө салуу функциялары:
- тарыхый-маданий эстеликтерди пайдаланууга жана аларды кармоого, консервациялоого, реставрациялоого, регенерациялоого, ремонттоого, музейлештирүүгө жана регенерациялоого мамлекеттик контролду ишке ашырат;
- мамлекетте жана жеке менчикте турган маданият жана искусство объекттеринин жана чыгармалардын эсебин жүргүзөт;
- мамлекеттик жана менчик маданият, искусство объектилерин жана чыгармаларын паспорттоштурууну жана инвентаризациялоону жүргүзөт;
- маданий баалуулуктарды алып чыгууга (жөнөтүүгө, убактылуу алып чыгууга) уруксат берет;
- тарых жана маданият эстеликтерин изилдөө боюнча атайын иштерди жүргүзүүгө уруксаттарды каттайт, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун Талаа комитети тарабынан берилүүчү ачык барактарды каттоону жүргүзөт;
- тарыхтын жана маданияттын эстеликтеринин жайгашуусун, шаарлардын жана калктуу конуштардын тарыхый-архитектуралык таяныч пландарын, карта-схемаларды макулдашууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында тарыхтын жана маданияттын республикалык маанидеги эстеликтерин коргоонун зоналарын макулдашууларды ишке ашырат;
- тарых жана маданият эстеликтери бар шаарларды жана калктуу конуштарды пландоо, куруу жана реконструкциялоо долбоорлорун белгиленген тартипте макулдашууну жүргүзөт;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген чөйрөдөгү өзгөчө маанилүү маданият баалуулуктарынын реестрин түзөт;
г) тейлөө көрсөтүү боюнча функциялары:
- эл аралык жана республикалык иш-чараларды, фестивалдарды, акцияларды, конкурстарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
- дүйнөлүк жана ата-мекендик маданияттын жетишкендиктерин мамлекеттик тилге которууга көмөк көрсөтөт;
- жарандардын жана юридикалык жактардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын, суроо-талаптарын жана арыздарын өз убагында кароону камсыз кылат;
д) көмөк көрсөтүү функциялары:
- Кыргыз Республикасынын музейдик фондусунун, ошондой эле тарыхый-маданий мурастын объекттерине кирген китепкана фонддорунун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүгүн сактоонун абалын жана шарттарын мамлекеттик каттоого алат жана ага контролдук жүргүзөт;
- маданият мекемелеринин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт;
- улуттук библиографиянын өнүгүшүнө, чыгарылган китептердин жана мезгилдүү басмалардын эсебин камсыз кылууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- Улуттук маданияттын жана республикада жашаган элдердин маданиятынын кайрадан жаралуусуна багытталган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
- маданияттын жана искусствонун жаңы чыгармаларын жаратууга дем берет, жана чыгармачылык ишти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгууну уюштурат, аларды бекитет жана аткарылышына контролдук жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомстволук бөлүмчөлөрдүн, мекемелердин жана аймактык органдардын кызматкерлеринин конкурстарын, аттестацияларын жана квалификациялык экзамендерин өткөрөт;
- үзгүлтүксүз билим берүүнү жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- маданият чөйрөсүн адис кадрлар менен камсыз кылат;
- маданият жана искусство мекемелерин модернизациялоого, техникалык жана технологиялык деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтөт;
- мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга сунуш кылуу боюнча материалдарды даярдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №99 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Мамлекеттик агенттик төмөндөгү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген Мамлекеттик агенттиктин шаардык, райондук маданият бөлүмдөрүнүн, ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жана мекемелеринин актыларын жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде маданиятты жана искусствону өнүктүрүү жаатындагы эл аралык келишимдерди түзөт;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарын тартат;
- Мамлекеттик агенттиктин иш чөйрөсүнө кирген маалыматтарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан сурайт;
- координациялык жана кеңешүүчү, анын ичинде белгиленген иш чөйрөсүндө ведомстволор аралык органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт;
- сыйлоонун тармактык системасын иштеп чыгат, бекитет жана колдонуудагы эмгек акы төлөө, материалдык сыйлоо шарттарынын колдонулушуна, эмгек акы төлөөнүн жана сыйлык фонддорунун сарпталышына, маданият, искусство, тармактык билим берүү жана мамлекеттик тил кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын схемасынын сакталышына контролдук жүргүзөт;
- белгиленген тартипте ведомстволук мекемелерге "Улуттук", "Академиялык" деген статустарды ыйгаруу боюнча сунуштарды киргизет;
- ведомстволук мекемелерди, ведомстволук бөлүмчөлөрдү жана аймактык органдарды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамына ылайык борбордук аппаратта, карамагындагы мекемелерде жана бөлүмчөлөрдө ички аудитти жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишмердиктин белгиленген чөйрөсүндө башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8. Мамлекеттик агенттикти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан сунушталып, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу директор жетектейт.
9. Мамлекеттик агенттиктин түзүмүндө жогорку административдик мамлекеттик статс-катчынын кызматы жана директордун орун басарынын кызматы каралган.
Статс-катчыны кызматка дайындоо, бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат. Директордун орун басары директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, директорго түздөн-түз баш ийет жана ага жүктөлгөн милдеттердин алкагында Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштурат.
10. Директор:
- бир башчылык кылуунун принциптеринде Мамлекеттик агенттиктин ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамиле түзүүдө Мамлекеттик агенттиктин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтык жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Мамлекеттик агенттиктин тутумунда милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды жана буйуртмаларды чыгарат;
- статс-катчынын, директордун орун басарынын, Мамлекеттик агенттиктин түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин милдеттерин бөлүштүрөт;
- Мамлекеттик агенттиктин тутумундагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга сунуш кылат, моралдык жана материалдык жактан сыйлоолордун башка чараларын колдонот, анын ичинде ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасы болуп эсептелген ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жана мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындоого жана бошотууга Премьер-министрге сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жоболорунун долбоорлорун киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасы болуп эсептелген ведомстволук мекемелердин жетекчилерин кошпогондо, ведомстволук мекемелердин жетекчилерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле белгиленген тартипте мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен макулдашуу боюнча Министрликтин аймактык органдарынын жетекчилерин кызмат орундарына дайындайт жана кызматтан бошотот;
- ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жана мекемелердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктарын жана нускамаларын жокко чыгарат;
- эмгек акы төлөө фондунун белгиленген чегинде Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жана ведомстволук мекемелердин жана аймактык органдардын түзүмдөрүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмчөлөрү, ведомстволук мекемелери жана аймактык органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- маданият жана искусство жаатындагы эл аралык макулдашууларга белгиленген тартипте кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Комиссиясында катышат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №99 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Мамлекеттик агенттикте саны 15 адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына директор (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, директордун орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, маданияттын, искусствонун ишмерлери, ошондой эле ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жетекчилери кирет.
(2010-жылдын 12-мартындагы №145 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Директор, статс-катчы, директордун орун басары коллегиянын курамына кызмат орундары боюнча киришет. Мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын жеке курамы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
13. Коллегиянын ишмердиги Мамлекеттик агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилген коллегия жөнүндө Жобо менен аныкталат.
14. Мамлекеттик агенттиктин ишмердигин кайрадан өзгөртүп түзүү жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.