Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-январы № 23
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун берүүнүн бирдиктүү тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
7-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары.";
16-пункту "ирет менен берилет" деген сөздөрдөн кийин ", буга 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары кирбейт, аларга жер участоктору биринчи кезекте берилет" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |