Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-июлу № 390
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелерин натыйжалуу чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи жана жыйырма сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Министрликтин мамлекеттик кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чиндерди берет;
- ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды чектөө жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн Министрликтин ведомствого караштуу жана аймактык бөлүнүштөрүнүн (биргелешкен отряддарынын) жана айрым кызмат адамдарынын убактылуу болуучу ордун (дислокациясын) аныктайт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |