Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июлу № 418
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толоуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүштөрү боюнча атоолорду жана түшүнүктөрдү бир түрдө пайдаланууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча «(поселоктордун)», «(шаарчалардын)» деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:
аталышындагы жана биринчи саптагы «(поселоктордун)» деген сөз алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы он биринчи сап менен толукталсын:
«
Балыкчы | 1 |
»
- жогоруда аталган токтомдун № 2 тиркемесинин аталышындгы жана эскертүүсүндөгү «(поселоктордун)», «(шаарчалардын)» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |