ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 418 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толоуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция24.07.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 24-июлу № 418

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толоуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүштөрү боюнча атоолорду жана түшүнүктөрдү бир түрдө пайдаланууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча «(поселоктордун)», «(шаарчалардын)» деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:

аталышындагы жана биринчи саптагы «(поселоктордун)» деген сөз алып салынсын;

төмөнкү мазмундагы он биринчи сап менен толукталсын:

«

Балыкчы

1

»

- жогоруда аталган токтомдун № 2 тиркемесинин аталышындгы жана эскертүүсүндөгү «(поселоктордун)», «(шаарчалардын)» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев