Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-июлу № 386
Археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык мыйзамдык жөнгө салууга чейин археологиялык текшерүү жүргүзүү тартибин регламенттештирүү жана жол-жобосун белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобого ылайык археологиялык текшерүүнү уюштурууну камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министр, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Т.Сарпашев |