Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 386 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Убактылуу жобо тарыхый-маданий мурас объекттерин аныктоо жана иликтөө, илимий отчеттук документтерди түзүү үчүн археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.
2. Археологиялык текшерүү мамлекеттик бийликтин кызыкдар органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, юридикалык же жеке жактардын (мындан ары - тапшырыкчы) демилгеси боюнча тапшырыкчы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын же археологдордун же илим-изилдөө уюмдарынын ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу түрүндө түзүлгөн келишимдин (мындан ары - келишим) негизинде жүргүзүлөт.
3. Тапшырыкчы долбоорлоого тапшырмаларды берүүнүн алдында эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдан иштерди жүргүзүү болжолдонгон жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар экендиги жана аймактын шаар-куруу баалуулугу жөнүндө маалымат суроого милдеттүү.
4. Жерге жайгаштыруу, жер, курулуш, жол жана башка иштерди жүргүзүү башталганга же дың жерлерди өздөштүрүүгө, суу каптоого же ландшафттын олуттуу өзгөрүүсүнө алып келүүчү карьерлерди иштетүүгө же плотиналарды курууга чейин, жаңы өздөштүрүлүүчү жерлер үчүн да инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүү стадиясында, тапшырыкчы чарбалык өздөштүрүлүүгө тийиш болгон жер участкасында археологиялык текшерүү жүргүзүүгө жана эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигин ырастаган жыйынтыктар жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.
5. Археологиялык текшерүү (археологиялык чалгындоолор, археологиялык байкоолорду жүргүзүү, археологиялык казуулар), анын ичинде суу астындагы археологиялык текшерүүлөр атайын даярдыгы бар, археологиялык чалгындоолорду, археологиялык казууларды жүргүзүүнүн жана алардын жыйынтыктарын илимий отчет түрүндө фиксациялоонун заманбап методдорун билген квалификациялуу адис-археологдор же болбосо адис-археологду тартуу менен ишинин уставдык максаты археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналган Кыргыз Республикасынын илим-изилдөө уюмдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Археологиялык талаа иштерин, анын ичинде суу астындагы изилдөөлөрдү, тарыхый-маданий мурас объекттерине археологиялык чалгындоолорду жана/же археологиялык казууларды, археологиялык байкоолорду жүргүзүүгө адис-археологдо археологиялык иштерди жүргүзүү укугуна атайын уруксат - Ачык барак (мындан ары - Ачык барак) болгондо гана жана анда белгиленген чектерде жол берилет.
7. Ачык барактын формасы жана аны берүү шарты эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Археологиялык чалгындоолорду, казууларды жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү укугуна Ачык баракты берүү тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат.
8. Археологиялык текшерүү төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- тарыхый-маданий мурас объекттерин аныктоо, иликтөө жана коргоо (илимий, коргоо жана эсепке алуу максатында);
- ажыратылган аймактарда тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигин аныктоо;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча иштерди жүргүзүү.
9. Археологиялык текшерүү жүргүзүүдө адис-археолог берилген документтерди карап чыгат, тарыхый-архитектуралык, тарыхый-шаар куруу, архивдик жана башка зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзөт, жыйынтыгын илимий отчетто жазат.
10. Археологиялык текшерүү жүргүзүү процессинде табылган объекттер турган жаратылыш шарттарын фиксациялоо, палеочөйрөнү иликтөө жана палеоэкологиялык материалдарды талдоо үчүн табылган объекттерди иликтөөгө табигый-илимдер профилинин адистери (антропологдор, геофизиктер, топурак таануучулар, геологдор, геоморфологдор, палеоботаниктер, палеозоологдор жана башка адистер) тартылышы мүмкүн.
11. Археологиялык текшерүү бир археолог же болбосо 2 же андан көп археологдордон турган топ тарабынан жүргүзүлөт.
12. Археологиялык текшерүү жүргүзүү үчүн адис-археолог катары төмөнкүлөр тартылат:
- археологиялык текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон илимий жана практикалык билими бар, төмөнкү талаптарга жооп берген жеке жактар:
- уруксаты - Ачык барагы;
- археология багыты боюнча жогорку жана (же) жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билими;
- археология адистиги боюнча квалификациялык даражалары;
- археология профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болгон;
- зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзө, археологиялык методдор менен иштей жана алардын жыйынтыктары боюнча археологиялык текшерүүлөр жөнүндө тиешелүү документтерди жана отчетторду (корутундуларды) тариздей алган;
- тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жаатындагы эл аралык актыларды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билген жеке жактар.
13. Археологиялык текшерүү жүргүзүүгө төмөнкү жеке жана юридикалык жактар тартылбайт:
- тапшырыкчы менен эмгек мамилелери болгон;
- тапшырыкчы менен туугандык мамилелери болгон;
- тапшырыкчынын баалуу кагаздарына ээлик кылган;
- изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына же болбосо археологиялык текшерүүнүн корутундусунан келип чыгуучу чечимдерге пайда алуу максатында кызыкдар болгондор.
14. Археологиялык текшерүү жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу илим-изилдөө уюмдары төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- илим-изилдөө уюму тарабынан тартылган адис-археологдун иш тажрыйбасынын жана Ачык барагынын болушу;
- археологиялык текшерүү жүргүзүү методдорун сактоо;
- аткарылган иштин сапаты жана отчеттук документтердин өз убагында берилүүсү үчүн жоопкерчилик.
15. Археологиялык текшерүү жүргүзүү үчүн тапшырыкчы археологиялык текшерүүнүн максатына жараша адис-археологго (археологиялык топко) төмөнкү документтерди берет:
- жер участогунун аймагы жөнүндө маалыматты камтыган материалдарды;
- анын аймагынын чектериндеги жер участогуна укугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсүн;
- анын аймагынын чектериндеги жер участогу жөнүндө маалымат (аймактын тиешелүү кадастрдык көчүрмө бөлүктөрүнүн, паспортторунун, пландарынын көчүрмөлөрү);
- жер, куруу жана башка иштерди жүргүзүү болжолдонгон жер участогунун шаар куруу планынын көчүрмөсүн.
16. Археологиялык текшерүү жүргүзүүдө адис-археолог төмөнкүлөргө милдеттүү:
- археологиялык текшерүү жүргүзүү методикасын сактоого;
- тарыхый-маданий мурас объекттери жайгашкан аймакта жана сунушталуучу участоктордо анын тарыхый маданий катмарын аныктоого;
- жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн объективдүүлүгүн, ар тараптуулугун жана толуктугун, ошондой эле өз тыянактарынын ишенимдүүлүгүн жана негиздүүлүгүн камсыздоого;
- археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана тартибин сактоого;
- археологиялык текшерүүнүн жыйынтыктарына тапшырыкчы тарабынан таасир этүү же кысым көрсөтүү учурлары жөнүндө эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга маалымдоого;
- Ачык барактын башка адамга берилүүсүнө жол бербөөгө;
- археологиялык текшерүү жүргүзүлүп жаткан жерди иштин мөөнөтү бүткөнгө чейин таштап кетпөөгө;
- илимий отчеттун өз убагында берилишин камсыздоого.
17. Археологиялык текшерүүнүн жүрүшүндө байыркы курулуштардын калдыктарынын, көрүстөндөрдүн жана башка маданий мурас объектилеринин белгилерине ээ болгон объектилердин бузулбаган маданий катмары аныкталган учурда адис-археолог же илим-изилдөө уюму табылган объектилерди белгилөөгө жана бул участокто курулуш-чарбалык иштерди токтотуу чараларын көрүүгө, табылган учурдан тартып 2 жумуш күндүн ичинде эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
18. Археологиялык текшерүү жүргүзүү методикасы жана тартиби (археологиялык талаа иштерин, анын ичинде суу астындагы изилдөөлөр, археологиялык чалгындоолор жана/же археологиялык казуулар, археологиялык байкоолорду жүргүзүү) өз алдынча археология илимине шайкеш келүүсү керек.
19. Археологиялык текшерүүнүн аткарылуусу жөнүндө илимий отчет Ачык баракка ылайык археологиялык текшерүүнүн жыйынтыктарын көрсөткөн негизги документ болуп эсептелинет.
20. Илимий отчетто текст жана графикалык түрдө аныкталган жана/же изилденген тарыхый-маданий мурас объекттери жана ишти жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө толук маалыматтар берилиши керек. Бардык маалыматтар фотофиксация материалдары менен ырасталышы керек.
21. Илимий отчетто отчеттук талаа мезгилинде жүргүзүлгөн бардык археологиялык текшерүүлөр толук чагылдырылышы керек.
22. Илимий отчетто адис-археологдун алдына койгон максаттары жана милдеттери, отчеттук талаа мезгилинде аларды аткаруу даражасы, аткарылган иштердин мурунку изилдөөлөр менен байланышы жөнүндө, ишти уюштуруу жана иштин негизги катышуучулары, алардын функциялары тууралуу, изилдөөлөрдүн кабыл алынган методикасы, андан аркы изилдөөлөрдүн пландары жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
23. Илимий отчетту тариздөөгө жана анын мазмунуна талаптар ушул Убактылуу жобого шайкеш келүүсү тийиш.
24. Археологиялык текшерүү илимий отчет түрүндө таризделет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн башталган жана аяктаган датасы;
- археологиялык текшерүү жүргүзүлгөн жер;
- археологиялык текшерүүнүн тапшырыкчысы;
- археолог же илим-изилдөө уюму менен тапшырыкчынын ортосунда түзүлгөн келишим;
- археологдор жана адистер тууралуу маалыматтар:
аты-жөнү, билими, адистиги, окумуштуу даражасы (наамы) (бар болсо), иш стажы, иштеген жери жана кызматы;
- колдонулган методдорду, аткарылган иштердин көлөмүн, мүнөзүн жана алардын жыйынтыктарын көрсөтүү менен, жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө маалымат;
- жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталган жана белгиленген фактылар жана маалыматтар;
- археологиялык изилдөө жүргүзүүдө жыйналган жана алынган документтердин жана материалдардын, ошондой эле пайдаланылган атайын, техникалык жана маалымдама адабияттардын тизмеги;
- археологиялык текшерүүнүн негиздемеси жана тыянактары;
- илимий отчетко тиркемелердин тизмеги;
- илимий отчет таризделген дата.
25. Археологиялык текшерүүнүн отчетунун аягында төмөнкүлөр жөнүндө бир гана маанилүү тыянак көрсөтүлөт:
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө.
26. Археологиялык текшерүүнүн ар бир барагына номер коюлат жана адис-археологдун колу менен күбөлөндүрүлөт.
Эгерде, археологиялык текшерүүчү катары юридикалык жак тартылган учурда, археологиялык текшерүүнүн илимий отчетуна текшерүү жүргүзгөн бардык адамдар кол коюшат, бул юридикалык жактын жетекчиси тарабынан бекитилет жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
27. Археологиялык текшерүүнүн илимий отчету текшерүү жүргүзгөн адис-археолог же археологиялык топ тарабынан 3 нускада таризделет. Археологиялык текшерүүнүн илимий отчетунун ар бир нускасына төмөнкүлөр тиркелет:
- археологиялык текшерүүнүн илимий отчетунда көрсөтүлгөн тиркемелер;
- келишимдердин көчүрмөлөрү;
- археологиялык текшерүүнүн тапшырыкчысы тарабынан берилген документтер же алардын көчүрмөлөрү;
- археологиялык текшерүү жүргүзүүдө жыйналган жана алынган документтердин жана материалдардын көчүрмөлөрү;
- адис-археологдун кароосу боюнча башка документтер жана материалдар.
28. Адис-археолог же илим-изилдөө уюму илимий отчет таризделген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде бир нускасын тапшырыкчыга, экинчи нускасын бардык тиркелген документтер жана материалдар менен эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга берилет (жиберилет); археологиялык текшерүүнүн илимий отчетунун үчүнчү нускасы уруксат - Ачык барак менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтуна берилет.
29. Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилген археологиялык мурас объекттеринин, же болбосо жаңыдан аныкталган тарыхый-маданий мурас объекттери чарбалык өздөштүрүүгө жаткан жер участокторунда жайгашкан учурда иштин тапшырыкчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Өздөштүрүү долбоорунун курамында Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча иштерди жүргүзүү долбоорун иштеп чыгууга;
- бул Долбоор боюнча археологиялык текшерүүнүн илимий отчетун алууга жана Мамлекеттик тарыхый-маданий эксперттик корутундунун актысын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга макулдашууга берүүгө;
- археологиялык иштерди курулуш жана жер иштери башталганга чейин Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча иштерди жүргүзүү долбооруна толук шайкеш жүргүзүүнү камсыз кылууга;
- илимий отчетту жиберүү менен бирге тапшырыкчы өздөштүрүлүүчү аймакта жер иштерин жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн кайрылууга;
- ээлеген аянты аныкталгандан кийин тарыхый-маданий мурас объекттеринин аймагын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ченемдеринин талаптарын сактоо менен белгиленген тартипте жер иштерин жүргүзүү зонасынан чыгарууга;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүүнү камсыздоого.
30. Адис-археолог тарабынан берилген илимий отчетту эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган белгиленген тартипте мамлекеттик тарыхый-маданий эксперттик комиссияга берет.
Тарыхый-маданий мурас объекттерине мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
31. Археологиялык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө илимий отчет жана мамлекеттик тарыхый-маданий эксперттик комиссиянын корутундусу эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын өздөштүрүлүүчү жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттеринин, ошондой эле жер участогун пайдаланууга чектөөлөрдүн (убарачылыктардын) бар же жок экендиги жөнүндө корутунду берүүсү үчүн негиз болуп саналат.
32. Чарбалык иштерди жүргүзүү тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышына коркунуч пайда болгон же болбосо аларды коргоо эрежелери бузулган учурда, жерлерди өздөштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте токтотулушу же болбосо тыюу салынышы мүмкүн.
33. Археологиялык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө илимий отчетко сын-пикирлер жок болсо, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган илимий отчетту кабыл алат жана курулуш объекттеринде жер иштерин жүргүзүүгө макулдугун берет.
34. Археологиялык текшерүүнүн илимий отчетуна макул болбогон учурда эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тапшырыкчыга баш тартуунун жүйөлүү себебин көрсөтүү менен бул тууралуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
Макул болбоонун негиздерине төмөнкүлөр кирет:
- археологиялык текшерүүнүн илимий отчетунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келбөөсү;
- археологиялык текшерүүнүн илимий отчетунун аны жүргүзүү методдоруна шайкеш келбөөсү;
- археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу;
- археологиялык текшерүүнүн илимий отчетуна тиркелүүчү документтердин жана материалдардын жоктугу;
- археологиялык текшерүүнүн илимий отчету таризделген датадан тартып Ачык баракта көрсөтүлгөн мөөнөттүн өтүп кетүүсү.
35. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органда археологиялык текшерүүнүн илимий отчету жана ага тиркелген документтер жана материалдар, ошондой эле кабарлоонун көчүрмөсү сакталат.
36. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган ушул Убактылуу жободо каралган себептер боюнча археологиялык текшерүүнүн илимий отчетуна макул болбогон учурда тапшырыкчы кабарлоодо жазылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аларды толуктап иштеп чыгуу шартында археологиялык текшерүүнүн илимий отчетун, тиркелген документтерди жана материалдарды аталган органга кайра берүүгө укуктуу.
37. Тапшырыкчысы мамлекеттик орган болуп эсептелген археологиялык текшерүү мамлекеттик органга каралган бюджеттик бөлүнгөн каражаттын чегинде республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.