Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июну № 362
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 494, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 619, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоону тартипке келтирүү максатында, "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесинде:
- 15-пункттагы:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:";
төртүнчү, алтынчы жана он төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- Эреженин бүткүл тексти боюнча жана тиркемелерде "БКМК" деген аббревиатура "ДМТКД" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
Эреженин тиркемесинде "ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Эреженин тиркемелеринин бүткүл тексти боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic" деген сөздөрү "Department of Drug Supply and Medical Equipment under the Ministry of Health of the Kyrgyz Republic" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |