Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-августу № 433
“Нан унун байытуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ниязалиева Д.И., Турсунбеков Ч.А., Сулайманов А.Т., Рыспаев К.Д., Бакиров М.И., Узакбаев Т.М., Кочкорбаев А.К., Орозова К.Б., Нышанов С.К. демилгелеген “Нан унун байытуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1 августундагы № 433 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ниязалиева Д.И., Турсунбеков Ч.А., Сулайманов А.Т., Рыспаев К.Д., Бакиров М.И., Узакбаев Т.М., Кочкорбаев А.К., Орозова К.Б., Нышанов С.К. демилгелеген “Нан унун байытуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары – мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын негизинде аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жобону бекитет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, мыйзамдык актылар бийликтин аткаруучу бутактарынын тутумунда иштеген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктаган жоболорду камтууга тийиш эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен берилиши мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
“2. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“6-берене. Байытылган ундун коопсуздугун жана сапатын мамлекеттик контролдоо
Байытылган ундун коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролдоо жүргүзүлөт. Байытылган унга жана аны сактоо, ташуу жана сатып өткөрүү процесстерине карата мамлекеттик контролдоо байытылган унду жүгүртүү стадиясында жүзөгө ашырылат. Байытылган ундун өндүрүштүк объекттерине жана өндүрүү процесстерине карата мамлекеттик контролдоо мезгилдүү пландык жана пландан сырткары текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен өндүрүш объекттерин пайдалануу процессинде жүзөгө ашырылат.
Унду байытуу, байытылган унду ташып келүү, сатуу эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн.”.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгү боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы менен “Нан унун байытуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда, ага ылайык жогорку жана биринчи сорттогу нан уну милдеттүү түрдө байытылууга тийиш болот.
Ошону менен бирге, керектөөчүлөрдө кошумчалары жок унду тандоо укугу болуш керек деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу, продукциянын бардыгын эмес, жүгүртүүдө болгон жогорку жана биринчи сорттогу ундун белгилүү бир бөлүгүн гана милдеттүү түрдө байытууну кароону сунуштайбыз (байытылган жана байытылбаган ундун тиешелүү пайыздык катышын белгилөө).
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 569 токтому менен “Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент бекитилгенин, ал байытылган ундун коопсуздугуна, өндүрүү процессине, сактоого, ташууларга, байытылган унду сатууга жана утилдештирүүгө, байытылган ундун шайкештигин баалоо формасына карата талаптарды аныктаарын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацында берилген жогоруда аталган Мыйзамдын 10-беренесинин 5-бөлүгүндөгү оңдоолорду кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, аталган Техникалык регламент кабыл алынгандыгына байланыштуу “Нан унун байытуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 8-беренелеринин жоболору өзүнүн актуалдуулугун жоготту жана азыркы учурда колдонулбайт. Ушуга байланыштуу каралып жаткан мыйзам долбоорунун алкагында төмөнкүлөрдү кароону сунуштайбыз:
- 7-беренени төмөнкүдөй редакцияда берүүнү:
“7-берене. Байытылган ундун коопсуздугун камсыз кылуу
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү, ташып келинүүчү жана сатылуучу байытылган ундун коопсуздугунун талаптарын мамлекеттик жөнгө салуу техникалык регламенттерде белгиленет.”;
- 8-беренеге тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда берилген сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алууну колдойт.