Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-июлу № 407
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ишканалардын негизги каражаттарын эсептен чыгаруунун тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө жободо:
- 6-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик ишканаларга негизги каражаттарды белгиленген тартипте эсептен чыгарууга макулдук берүү;".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |