Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-апрели УӨ № 26
2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз
Республикасынын референдуму (бүткүл элдик
добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Декретин ишке ашыруу
боюнча чаралар тууралуу
2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине ылайык жана аны уюштурууда жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен референдумдун участоктук комиссияларына жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн республикалык штабы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретин кыйшаюусуз жетекчиликке жана аткарууга кабыл алсын.
3. Областтардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары менен Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин милдетин аткаруучулар:
- өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунда референдумдун участоктук комиссияларына уюштуруучулук жана иш жүзүндөгү жардам көрсөтүү үчүн областтык, райондук жана шаардык штабдарды түзсүн;
- референдумдун участоктук комиссияларын тиешелүү жайлар, байланыш каражаттары, транспорт, электр энергиясы менен камсыз кылсын;
- референдумду, жаңы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун талкуулоону өткөрүүнүн максаттарын түшүндүрүү, ошондой эле жарандардын референдумга активдүү катышуусун камсыз кылуу боюнча калк арасында уюштуруучулук жана түшүндүрүүчүлүк жумуштарды жүргүзүү үчүн эмгек жамааттарда жана калк жашаган жерлерде семинарларды, чогулуштарды өткөрүүдө референдумдун участоктук комиссияларына көмөк көрсөтсүн;
- жарандардын сын-пикирлерин, арыздарын, өтүнүчтөрүн жана референдумдун участоктук комиссияларынан келип түшүүчү сунуштарды өз убагында кароону уюштурсун;
- областтык, райондук жана шаардык штабдардын алдында жарандардан, эмгек жамааттарынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча келип түшүүчү, ошондой эле жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуу, жалпылоо жана республикалык штабга жиберүү боюнча жумушчу топторду түзсүн;
- референдумдун участоктук комиссияларынын алдында өткөрүлүп жаткан референдумдун максаттары менен милдеттерин, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан кабыл алуу үчүн чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун мазмунун түшүндүрүү боюнча жумушчу топторду тажрыйбалуу юристтерди, экономисттерди, интеллигенциянын өкүлдөрүн, чарбалык жана коомдук уюмдарда жетекчилик иштин тажрыйбасына ээ болгон, калк арасында бедели бар жана сыйлоого арзыган эмгек ардагерлерин ал топтордо иштөө үчүн тартуу менен жумушчу топторду түзсүн.
4. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары референдумдун участоктук комиссияларына калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин уюштурууга жана өткөрүүгө ар тараптуу жардам көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадио компаниясына, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Тоо" газеталарына референдумга даярдыктын жүрүшүн жана өткөрүлүшүн чагылдыруу сунуш кылынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө өткөрүлүүчү чогулуштарда, жыйындарда жана башка иш-чараларда коомдук тартиптин сакталышын, ошондой эле референдум өткөрүүнүн убагында шайлоо участокторун кайтарууну камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги Кыргыз Республикасынын Убактылуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кийин "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2010-жылдарга "божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү менен референдум өткөрүүгө зарыл болгон каржы каражаттарын республикалык бюджеттен өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргелешип, референдумдун документтерин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине оперативдүү жеткирүүнү уюштурсун.
9. Референдум өткөрүү күнүндө төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна телерадиоберүүлөрдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- "Чыгышэлектро", "Түндүкэлектро", "Ошэлектро" жана "Жалалабадэлектро" ачык акционердик коомдоруна электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № УӨ 26 токтомуна тиркеме |
Ө.Ч. Текебаев - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, штабдын төрагасы;
Т.А.Сариев - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары - каржы министри, штабдын төрагасынын орун басары;
Э.С.Каптагаев - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси, штабдын төрагасынын орун басары;
Р.А.Казакбаев - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Б.Э.Шерниязов - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
А.Ж.Салянова - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу;
Д.Т.Чотонов - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу;
Э.А.Исаков - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу;
Б.Д.Мамырова - Кыргыз Республикасынын эмгек жана ишке орноштуруу министринин милдетин аткаруучу;
Д.А.Ниязалиева - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу;
И.Ю.Карамушкина - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басарынын милдетин аткаруучу;
О.М.Артыкбаев - Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдетин аткаруучу;
К.А.Душебаев - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы;
Т.Тургуналиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу;
К.Т.Иманалиев - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштер бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу;
Г.Т.Искакова - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперттик-юридикалык бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу;
Т.К.Акимов - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Басма сөз борборунун жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси |
Э.Каптагаев |