Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 319
"Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда
кол коюлган, Кыргызстандын түштүгүндөгү электр
берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу
үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын экспорттук-импорттук
банкынын ортосундагы зайым-жеңилдиктүү кредит келишимин
ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдиктүү кредит келишимин ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары бул мыйзам долбоорун кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын энергетика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдиктүү кредит келишими ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган зайым-жеңилдиктүү кредит келишими күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкына маалымдасын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.