Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУн
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2015-жылдын 9-декабры N 16-р
жарандар Бактыгуль Жакшылыковна Иманазарованын, Гульнар Мырзакулованын, Виктор Иванович Мячиндин кайрылуусуна байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, К.М.Киргизбаев, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдын курамында,
сот жыйналышынын катчысы - Н.А.Илиязованын катчылыгы менен,
кайрылуучу тарап - Бактыгуль Жакшылыковна Иманазарованын жана анын ишеним каттын негизиндеги өкүлү Жолдош Мамаевич Ибраевдин, Гульнар Мырзакулованын жана анын ишеним каттын негизиндеги өкүлү Бектен Мидинович Сабырбековдун, Виктор Иванович Мячиндин жана анын ишеним каттын негизиндеги өкүлү Жаныбек Аттокурович Сопуевдин,
жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Талантбек Ырысбекович Ырысбековдун,
башка жактар - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун өкүлү Айбек Мелисканович Чекошевдун, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү Чолпон Асанбековна Самсалиеванын катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук жыйналышта карады.
Ишти кароого жарандар Б.Ж.Иманазарованын, Г.Мырзакулованын, В.И.Мячиндин өтүнүчтөрү себеп болду.
"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 29-июнунда "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө жана 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна карама-каршы келет деп таануу жөнүндө жаран Г.Мырзакулованын кызыкчылыгын көздөгөн Б.М.Сабырбековдун өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн жана сунушталган материалдардан келип чыккандай, Г.Мырзакулова "Центр-Кредит-Бизнес" Кичи насыя агенттиги" коомдук фонду менен 2009-жылы 24-ноябрда 600000 (алты жүз миң) сомго жылдык пайызы 30 пайыз менен, бир жылдык мөөнөткө насыя келишимин түзгөнү белгилүү болду. Насыя келишими боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу боюнча ошол эле күнү Бишкек шаарында жайгашкан турак үйгө ипотека келишими түзүлгөн. Аталган келишимдер арбитраждык эскертмени камтыйт, анда бул келишимдерден келип чыккан бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунда каралаары жазылган. Г.Мырзакулова насыя келишиминин шарттын бузгандыгынын натыйжасында "Центр-Кредит-Бизнес" Кичи насыя агенттиги" коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотуна доо арызы менен кайрылган, ал, бул ишти карап чыгып, өзүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы чечими менен тараптардын ортосунда өз ара түзүлгөн шарттарда жарашуу келишимин кабыл алган. Жарашуу келишимдин шарттарына макул болбостон, Г.Мырзакулова аны соттук тартипте даттануу зарылдыгын туура деп эсептеген. Бирок, "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинде бейтарап соттун чечиминин акыркы экендигин, анын үстүнөн башка соттордо даттанууга болбой тургандыгын, ошондой эле тараптардын чечимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө мындай чечимди аткарууга милдеттүү кылган жоболор бул чечимди жалпы юрисдикация сотторуна даттанууга берүүгө мүмкүндүк бербегени каралган, анын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган, ишти андан жогорку турган сотторго кайталап кароого берген конституциялык укугун бузат. Ушуга байланыштуу Г.Мырзагулова "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө жана 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна карама-каршы келет деп таанууну суранды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы аныктамасы менен жаран Г.Мырзакулованын өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 29-июнунда "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесине карама- каршы келет деп таануу жөнүндө жаран В.И.Мячиндин өтүнүчү келип түшкөн.
Сунушталган материалдардан келип чыккандай, "Халык-Банк Кыргызстан-Бишкек" ачык акционердик коомунун филиалы 2012-жылдын 25-апрелинде В.И.Мячин менен 18000 (он сегиз миң) АКШ долларына жылдык пайызы 21 пайыз менен, 24 айлык мөөнөткө насыя келишимин түзгөнү белгилүү болду. Аталган насыя келишими боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу максатында 2012-жылдын 25-апрелинде күрөө келишими түзүлгөн, анда күрөө катары Бишкек шаарында жайгашкан 3 бөлмөлүү батир коюлган, ал 19890 (он тогуз миң сегиз жүз токсон) АКШ долларына бааланган. Ошол эле күнү соттук эмес тартипте күрөө предметин алууга кайрылуу тууралуу Макулдашуу, ошондой эле С.П.Куренов менен кепилдик келишими түзүлгөн. Аталган келишимдердин баары арбитраждык эскертмени камтыган, анда бул келишимдерден келип чыккан бардык талаш- тартыштар Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунда каралаары жазылган.
В.И.Мячин тарабынан насыя келишими боюнча милдеттенмелер бузулгандыгына байланыштуу, күрөө предмети сатууга чыгарылды, ал жакта сатуунун уюштуруучусу катары "Аверс" жоопкерчилиги чектелген коому чыкты. Сатуу кайталанып өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык батир "Халык-Банк Кыргызстан" ачык акционердик коомунун жеке менчигине өттү.
Жогоруда айтылган жагдайлар келип чыккандан кийин В.И.Мячин Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотуна "Аверс" жоопкерчилиги чектелген коомунун аракеттерин жана батирди сатуу боюнча сооданы мыйзамсыз деп табуу талабы менен кайрылган, ошондой эле 2013-жылдын 2-июлундагы күрөө предметин күрөө кармоочунун жеке менчигине өтүү жөнүндөгү протоколун жараксыз деп табуу жана келишимдин жараксыздык натыйжасын колдонуу жөнүндөгү өтүнүч менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун 2014-жылдын 2-октябрындагы чечими менен арыз ээсинин доо арызы кабыл алынган эмес. Муну менен бирге, чечимде, бул чечим "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинде бейтарап сотунун чечиминин акыркы экендиги жана даттанууга жатпай тургандыгы белгиленген, арыз ээсинин пикири боюнча, анын соттук коргоого болгон конституциялык укугун бузат, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык эч кандай чектөөлөргө жатпайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы аныктамасы менен жаран В.И.Мячиндин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 11-июлунда "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө жаран Б.Ж.Иманазарованын өтүнүчү келип түшкөн.
Берилген материалдарда, 2012-жылдын 30-ноябрында Б.Ж.Иманазарова Э.Ш.Мусуралиева менен негизги суммадан 4-пайызды ай сайын төлөө менен алты ай мөөнөткө 20000 (жыйырма миң) АКШ долларына зайым келишимин түзгөн. Зайым келишими боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу максатында алар Бишкек шаарындагы жайгашкан турак жайга күрөө жөнүндөгү келишимди түзүшкөн. 2013-жылдын 30-майындагы № 1 зайым келишими кошумча макулдашуу менен 2013-жылдын 30-августуна чейин узартылган. Аталган келишимдердин баары арбитраждык эскертмени камтыган, анда бул келишимдерден келип чыккан бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунда каралаары жазылган. Бирок, Б.Ж.Иманазарова зайымды жоюу боюнча өз милдеттенмелерин аткарган жок, ошондо Э.Ш.Мусуралиева күрөөгө коюлган мүлкү өндүрүп алуу жолу аркылуу карызынын суммасын өндүрүп алуу жөнүндө бейтарап сотко кайрылган. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап соту 2015-жылдын 27-июнунда Э.Ш.Мусуралиеванын доо арызын канааттандыруу жөнүндө чечим чыгарган жана анын чечими акыркы экендигин жана даттанууга жатпай тургандыгын көргөзгөн.
Б.Ж.Иманазарованын пикири боюнча, "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин жоболоруна негизделген бейтарап сотунун чечимдерине даттанууга мүмкүн эместиги анын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган ар бир жарандын соттук коргоого жана эркиндигине кепилдик берген конституциялык укугун бузат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту менен, ага ылайык соттук коргонуу укугу эч чектелүүгө тийиш эместиги каралган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 9-июлундагы аныктамасы менен өтүнүч өндүрүшкө кабыл алынган.
Жаран Б.Ж.Иманазарованын, Г.Мырзакулованын жана В.И.Мячиндин талаптары өз ара байланыштуу болгондуктан "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун талаптарына ылайык судья-баяндамачынын 2015-жылдын 4-сентябрындагы аныктамасы менен бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген.
Сот жыйналышында кайрылуучулар өздөрүнүн талаптарын колдошуп, аларды канааттандырууну өтүнүштү.
Жоопкер - тараптын өкүлү кайрылуучу тараптын жүйөөлөрү менен макул болбой жана жаран Б.Ж.Иманазарованын, Г.Мырзакулованын жана В.И.Мячиндин өтүнүчтөрүн төмөнкү негиздер боюнча канааттандыруусуз калтырууну суранды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесине ылайык сот системасы Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат; мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн. Бейтарап соттор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин күчү менен жарандык укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн түзүлөт, жана алар соттук тутумга кирбейт. Бейтарап соттордун ыйгарым укуктары, түзүлүш тартиби жана иштеши мыйзам менен аныкталат. Ушуга ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган соттук чечимдерди даттанууга болгон укугу жөнүндөгү конституциялык ченем, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотуна таратылбайт.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун жана "Кыргызстандын банктар бирлиги" юридикалык жактардын биримдигинин өкүлдөрү бейтарап соттор сот тутумуна кирбей тургандыгын, бирок ошол эле учурда жарандык укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарды чече тургандыгын аныкташты. Бирок, алар мындай чечимдердин чечилиши тараптардын талаш- тартыштарды бейтарап сотко берүү жөнүндөгү макулдашуусу болгон учурда гана ишке ашырылат. Ушуга байланыштуу тараптар иштерин жалпы юрисдикция сотторунда кароо укугунан өз эрки менен баш тартышат. Мына, ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу бейтарап соттук чечиминин акыркы жөнүндө ченемди кабыл алган.
Конституциялык палата тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап, башка жактын иш боюнча берген түшүндүрмөсүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда козголгон ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу боюнча күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренеси саналат:
"28-статья. Бейтарап соттун чечими - акыркы чечим
Бейтарап соттун чечими - акыркы чечим болуп эсептелет жана ага даттанууга болбойт. Тараптар бейтарап соттун чечимин чечимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө аткарууга милдеттүү.".
2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2002-жылдын 7-августунда № 59 "Эркин-Тоо" гезитинде жарыяланган, мыйзамдарда бекитилген тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет (40-берененин 1-бөлүгү); Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек (20-берененин 1-бөлүгү); Конституцияда белгиленген жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун жана соттук коргоого укугун эч чектелүүгө тийиш эмес (20-берененин 5-бөлүгүнүн 3 жана 8-пункттары); Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес (20-берененин 3-бөлүгү).
Жогоруда келтирилген конституциялык жоболордон келип чыккан соттук коргоого болгон укук башка бардык укуктар менен эркиндиктердин маанилүү конституциялык кепилдиги болуп саналат, аларды камсыз кылуу бийликти бөлүштүрүү тутумундагы соттук бийликтин өзгөчө орду жана анын айрыкча компетенциясы - сот адилеттигин жүргүзүү менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын укуктук мамлекет катары адилеттүүлүк талаптарына жооп берген сот адилеттиги аркылуу адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоого милдеттүү, ал кандай сотто жана кандай тартипте каралышы керектигин аныктай турган талаптарына жооп берет жана сотко жана сот процессинин башка катышуучуларына алар менен ишке ашырылуучу аракеттердин адилеттигине жана мыйзамдуулугуна ишенимдүү болууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасы жарандарга сот адилеттигине жеткиликтүүлүк кепилдигин берүү менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Кыргыз Республикасынын укук тутумунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдеринде каралган бардыгынын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоо мүмкүндүгүн бекитип берет (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгү).
Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоо Кыргыз Республикасынын соттук тутумуна кирген соттор тарабынан ишке ашырылат, алар Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилет жана Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрү). Ушуга ылайык, чыр-чатактарды жана башка талаш-тартыштарды чечүүнү ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын сот тутумуна кирбеген башка соттор жана башка түзүлүштөр Кыргыз Республикасында сот адилеттигин жүргүзө алышпайт. Ушундай укуктук позицияны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн 2014-жылдын 11-июнундагы № 33 чечиминде билдирген.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы соттук коргоого укукту кепилдик берүү менен бир эле убакта ар бирине өз укугун мыйзам менен тыюу салынбаган ыкмалар менен коргоо укугун бекитип берген. Мында, мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт (40-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү).
Азыркы укуктук коомдо жалпы таанылган, келишимдин эркиндигинен, жарандык укуктук жана жарандык-процесстик мамилелердин диспозитивдүү мамилелеринен келип чыккан мындай жарандык-укуктук талаш- тартыштарды чечүүнүн ыкмалардын катарына бейтарап сотко кайрылуу да кирет. Жарандык-укуктук талаш-тартышты бейтарап сотко берүүгө болгон тараптардын укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдеринде да негизделген, аларга ылайык Кыргыз Республикасында ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинде бекитилген бейтарап соттордун конституциялык-укуктук статусу алардын сот тутумуна кирбеген түзүлүштөр экендигин болжолдойт, башкача айтканда, жарандык-укуктук мамилелерден гана келип чыккан талаш-тартыштарды чечүүгө адистешкен соттук эмес органдар болуп саналат, алардын ыйгарым укуктары, түзүлүшү жана иштеши тартиби мыйзам менен аныкталат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы элдик маанилүү милдеттер берилген жарандык коом институттары катары иш алып барган бейтарап соттор аркылуу бейтарап териштирүү процедурасы боюнча жеке адамдардын ортосундагы жарандык-укуктук талаш-тартыштарды чечүү мүмкүнчүлүгүнө жол берет. Кызыкдар тараптарга өз каалоосу боюнча талаш-тартышты чечүү үчүн мыйзам менен бекитилген компетенциясына ылайык жалпы юрисдикция сотторуна бериши же болбосо өз укуктарын коргоонун альтернативдүү таризин тандап алуу менен бейтарап сотко кайрылууга укук берүү - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40, 42 жана 58-беренесинде бекитилген кепилдиктеринин мааниси боюнча аларды бузуу катары каралбайт, тескерисинче, талаш-тартыштарды жарандык айлануу тармагындагы чечүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Аталган конституциялык мыйзамдардын күчү менен жеке жана юридикалык жактардын, алардын келишим эркиндик укугун ишке ашырууну эске алуу менен бейтарап териштирүүгө кайрылышы, ал жакта талаш- тартыштарды жалпы өздүк жөнгө салуу аркылуу чечүүгө жол берилет, ал эми элдик кызыкчылыктар бейтарап териштирүү процедураларынын негизги принциптерин жөнгө салуучу мыйзам ченемдери менен камсыз кылуу укуктуу болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40 жана 58-беренелеринин жоболорун ишке ашырууда мыйзам чыгаруучу менен "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал талаш-тартыштардан тышкары сотко караштуу инвестициялык талаш-тартыштарды кошуп алганда, тараптардын макулдашуусу боюнча укук жагындагы жарандардын мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды бейтарап соттун чечүүсүнө өткөрүп берген учурда колдонулат (Мыйзамдын 1-беренеси).
Бул Мыйзамга ылайык жарандык-укуктук мамилелерде тараптар, ишинин жалпы юрисдикция сотторунда кароого барбоо, тиешелүү макулдашууну түзө алышат, анын ичинде келишимде арбитраждык эскертме түрүндө түзүшөт жана талаш-тартышты бейтарап соттук териштирүү жолу менен чече алышат. Өз талаш-тартышын жалпы юрисдикция сотторунда кароого болгон укугунан баш тартуу, эгер ал мажбурланбай берилген шартта жазалса, соттук коргоо укукту бузуу болуп саналбайт.
Белгилей кетүү керек, аталган Мыйзамга ылайык бейтарап сот талаш-тартыштарды мыйзамдардын негизинде чечет жана чечимди - зарыл болгон учурларда, иштин кайталануу салты менен келишимдин тиешелүү шарттарына ылайык кабыл алат; бейтарап териштирүү мыйзамдуулук, купуялык, арбитрлердин көз карандысыздыгы жана калыстыгы принциптеринин, тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат; бейтарап соттун чечими ыктыярдуу аткарылат; алар чечимди мажбурлап аткартууга берилген арызды кароо тартибинде текшериле алат; бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу жалпы юрисдикция соту менен берилген аткаруу барагынын негизинде ишке ашырылат; аткаруучу баракты берүүдө бул Мыйзам менен каралган учурларда баш тартылышы мүмкүн.
Ошентип, жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы талаш- тартыштарды чечүү үчүн бейтарап сотторду түзүү жокко чыгарылбайт. Бул учурда "сот" терминин сөзсүз түрдө, мамлекеттик органдардын тутумуна киргизилген классикалык типтеги сот катары карабаш керек, жана чектелген сандагы талаш-тартыштарды чечүү үчүн түзүлгөн органды түшүнүү керек, жана ал тараптан тиешелүү кепилдиктердин бардыгы кармалат деген өзгөртүлгүс шарт кармалат. Анын үстүнө, талаш-тартыштын тараптары аны бейтарап соттун кароосуна макулдашуу түзүү менен жана аны менен өзүнүн келишимге болгон эркиндигине укугун ишке ашыруу менен, конкреттүү бейтарап сот үчүн орнотулган эрежелерге баш ийүүгө ыктыярдуу макул болушат.
Ушуга байланыштуу, талашка түшкөн чечимдеринин жоболору бейтарап соттун чечиминин акыркылыгын жана аны даттанууга берүүгө мүмкүн эместигин караган бейтарап соттордун институтунун укуктук жаратылышынан келип чыгат, алар келишимдин эркинин жана эркиндигинин автономиялуулук принцибине негизделген; ошондой эле бул жоболор келишимдин курамдык бөлүгү болуп саналган арбитраждык эскертме же бейтарап макулдашуу боюнча түзүлгөн, өзүнө кабыл алынган милдеттенмелердин натыйжасы катары да боло алат. Тараптар, талаш- тартыштарды бейтарап соттун кароосуна берүү жөнүндө келишим түзүү менен, андан келип чыккан бардык милдеттенмелерди аткарууга милдеттенме алышат, жана бейтарап соттун чечимдерин аткарууга милдеттенишет. Бейтарап макулдашуу (арбитраждык эскертме) жана бейтарап соттун чечими бирдиктүү келишимдин - талаш-тартыштарды бейтарап сотко берүү жөнүндөгү келишимдин эки бөлүгү катары каралат. Аны менен бирге, бейтарап териштирүү, доо талаптарын берүү, далилдөө маселелери, териштирүү процедуралары, чечимдерди чыгаруу, анын аткарылышы жарандык-процесстик укук тармагына кирет жана бейтарап сотко таандык өзгөчөлүктөргө ээ, анда бул процедуралар тараптар бейтарап макулдашууга кол коюлган мезгилде макул болгон келишимде же өзүнчө процесстик актта (регламент) орнотулушу мүмкүн. Бул учурда бейтарап териштирүүнүн айырмалоочу өзгөчөлүгү болуп, тараптардын арбитрлердин курамын тандоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат, ага тараптар өздөрүнүн жарандык укуктарын ишенип беришет жана ага ылайык, анын чечимдерин таанышат.
Ушундан алып караганда, белгилей кетүү керек, бейтарап соттор тарабынан жүргүзүлгөн жарандык-процесстик укук принциптерине негизделген бейтарап териштирүү Кыргыз Республикасынын соттору менен жүзөгө ашырылган жарандык-процесстик мыйзамдардан айырмаланат жана бейтарап соттун чечимдерин кабыл алуусуна жол берген жоболорду камтышы мүмкүн, алар акыркы болот жана даттанууга жатпайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган соттук коргоого болгон укук Кыргыз Республикасынын соттук тутумуна жайылтылат, жана ага ылайык, өзүнөн жогорку турган соттун кайталап кароосуна укук берет, жана соттук коргоого болгон туундусу катары жалпы юрисдикция сотуна жеке же юридикалык жактын кайрылуусу учурунда ишке ашырылат.
Соттук коргоого болгон укукту чектөөгө жол берилбегендик, адамда бардык маселелер боюнча жалпы юрисдикция сотуна кайрылуу мүмкүндүгүн болжолдойт, эгер адам өз талаш-тартышын, бул талаш-тартышты кароого компетенттүү болгон башка альтернативдик органга берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашуу түзүү жолу менен андан баш тартпаса.
Ошентип, талашка түшкөн ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүндө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарында жана 40-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган конституциялык мыйзамдарга карама-каршы келбейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8-бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Төрагалык кылуучу |
| М.Касымалиев |
Судьялар: |