Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-января № 45
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда 19-майда болуп өткөн окуялардын, ошондой эле Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн июнь окуяларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардам берүү жөнүндө
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда 19-майда болуп өткөн окуялардын, ошондой эле Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн июнь окуяларынын натыйжасында (мындан ары - 2010-жылдагы май жана июнь окуялары) Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттин каражаттарынан төмөнкүлөргө бир жолку материалдык жардам төлөнсүн:
- Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө - 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө;
- июнь окуяларынын учурунда дайынсыз жоголгон жана соттун чечими менен дайынсыз жок деп табылган же сот каза болгон деп жарыялаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө - 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө;
- соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу болгон учурда, ден соолугуна оор зыян келтирилген Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине - 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө;
- соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу болгон учурда, ден соолугуна анча оор эмес жана жеңил зыян келтирилген Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине - 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө.
2. 2010-жылдагы май жана июнь окуяларында Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды төлөөнүн тиркелген тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.
3. 2010-жылдагы май жана июнь окуяларында Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды алууга Ош жана Жалал-Абад облустарында жашаган жарандардын арыздарын карап чыгуу боюнча комиссиялар Ош жана Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрацияларынын алдында төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары - комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин облустук юстиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин региондор аралык финансы бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
шаардык жана райондук социалдык коргоо башкармалыктарынын начальниктеринин орун басарлары;
өкмөттүк эмес сектордун/жарандык жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
4. 2010-жылдагы июнь окуяларында Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды алууга Ош шаарында жашаган жарандардын арыздарын карап чыгуу боюнча комиссия Ош шаарынын мэриясынын алдында төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Ош шаарынын вице-мэри - комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош шаардык юстиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош шаардык финансы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
өкмөттүк эмес сектордун/жарандык жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
5. Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында туруктуу жашаган 2010-жылдагы май жана июнь окуяларында Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардам алууга жарандардын арызы Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдында түзүлгөн төмөнкү курамдагы комиссия тарабынан каралат:
Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министринин орун басары - комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
социалдык коргоонун райондук, шаардык башкармалыктарынын начальниктеринин орун басарлары;
өкмөттүк эмес секторлордун/жарандык жана эл аралык коомдоштуктардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтом жарыялангандан кийин бир жумалык мөөнөттө соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу бар жана 2010-жылдын май жана июнь окуяларында курман болгондордун жана жабыркагандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин түзүлгөн тизмелерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине берсин.
Курман болгон жана жабыркаган жарандардын кошумча тизмелерин алардын түзүлүшүнө жараша берип турсун.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтом жарыялангандан кийин бир жумалык мөөнөттө 2010-жылдын июнь окуяларынын натыйжасында дайынсыз жоголгон жарандардын кызыкдар адамдар берген арыздарынын негизинде түзүлгөн тизмелерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдын май жана июнъ окуяларында Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды төлөөгө республикалык бюджеттен финансы каражаттарын тапсын жана ушул токтомдун 6 жана 7-пункттарында аталган тизмелердин негизинде Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине бөлүп берсин, андан соң «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
9. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги 2010-жылдын май жана июнь окуяларында Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык төлөөнү камсыз кылсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-майындагы № 204 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
1. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн май жана июнь окуяларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды (мындан ары - материалдык жардам) төлөө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн май жана июнь окуяларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды алууга жарандардын арыздарын кароо боюнча комиссиялардын (мындан ары - комиссия) чечимине ылайык ишке ашырылат.
2. Курман болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун материалдык жардамды алууга укугу бар үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- жубайы;
- эгерде курман болгон, дайынсыз жоголгон адам никеге турбаса жана балдары жок болсо, ата-энесинин бири;
- июнь окуяларында ата-энелеринин экөө тең, же жесир (жесил) курман болсо, бойго жеткен балдарынын бири.
3. Курман болгон, дайынсыз жоголгон адамдын үй-бүлөсүндө жашы жеткен балдары жок болсо жана эгерде жашы жете элек балага камкордукка алуу/көзөмөлдүк кылуу таризделген болсо, материалдык жардам камкордукка алуучуга/көзөмөлдүк кылуучуга төлөнөт.
4. Эгерде курман болгон, дайынсыз жоголгон адам жарандык никеде турса жана атасы экени колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык аныкталган балдары бар болсо, материалдык жардам балдардын энесине төлөнөт.
5. Эгерде курман болгон, дайынсыз жоголгон адам никеге турбаса, ата-энеси жана балдары жок болсо, материалдык жардам курман болгон, дайынсыз жоголгон адам менен туруктуу бирге жашаган туугандык мамилелери менен байланышкан, жалпы чарбаны жүргүзгөн жана жалпы бюджети болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине төлөнөт.
6. Ушул Тартиптин 2-5-пункттарында каралбаган башка учурларда курман болгон, дайынсыз жоголгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн туугандыгын аныктоо комиссиянын чечими менен комиссиялык түрдө жүргүзүлөт.
7. Эгерде 2010-жылдын май жана июнь окуяларында ден соолугуна зыян келтирилген адам паспорту жок, 18 жашка толо элек бала болсо, материалдык жардам ата-энесинин бирине же, эгерде жашы жете элек балага камкордукка алуу/көзөмөлдүк кылуу таризделген болсо, камкордукка алуучуга/көзөмөлдүк кылуучуга төлөнөт.
Эгер ата-энелеринин никеси мыйзамда белгиленген тартипте ажыратылган болсо, материалдык жардам бала менен чогуу жашаган ата-энесине комиссиянын чечиминин негизинде колдонуудагы мыйзамдын талаптарын эске алуу менен берилет.
8. 2010-жылдын май жана июнь окуяларында ден соолугуна зыян келтирилген адам материалдык жардамды (жүз же элүү миң сом) төлөө башталганга чейин каза болсо, каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө курман болгон адамдын үй-бүлөсү үчүн белгиленген материалдык жардам ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн бардык зарыл документтер тапшырылган учурда төлөнөт.
9. 2010-жылдын май жана июнь окуяларында ден соолугуна зыян келтирилген адам материалдык жардамды (жүз же элүү миң сом) алгандан кийин каза болсо, каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө курман болгон адам катары 1000000 (бир миллион) сом өлчөмдө кошумча компенсация төлөнөт, мында, эгерде ал 2011-жылдын 1-майынан 2012-жылдын 31-июнуна чейинки мезгилде каза болсо, алынган материалдык жардамдын (жүз же элүү миң сом) суммасы кемитилет.
10. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жарандары болгон 2010-жылдын май жана июнь окуяларынын натыйжасында курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнө же жапа чеккен адамдарга материалдык жардам, эгерде алар Кыргыз Республикасындагы 2010-жылдын май жана июнь окуяларынын учурунда Кыргыз Республикасынын курман болгон, дайынсыз жоголгон же жабыркаган адамынын - жаранынын күйөөсү, аялы, энеси, атасы, баласы болуп саналуу менен туруктуу жашаса жана каттоосу болсо гана төлөнөт.
10.1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаганын ырастаган документ болуп чет өлкөлүк жарандын мөөнөтү жарактуу (узартылган) жана паспорттук-визалык жана каттоо иши боюнча аймактык бөлүмдөрдө каттоосу бар жашоого туруктуу уруксаты эсептелет.
10.2. Үй китептериндеги белгилер Кыргыз Республикасында туруктуу жашаганына далил болуп эсептелбейт.
11. Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы зоналардын тургундарына материалдык жардам райондук коэффициентти эсепке албастан төлөнөт.
II. Курман болгон, жоголгон жана жабыркаган жарандардын тизмелерин түзүү тартиби
12. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тизмелерди курман болгондордун жана жоголгондордун категориялары боюнча өз-өзүнчө түзөт, мында төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- курман болгон жарандар үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы, жашаган жери, паспорттук маалыматтары (же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары), өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери жана берилген күнү;
- жабыркаган жарандар үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы, жашаган жери, паспорттук маалыматтары (же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары), ден соолугуна зыяндын даражасы, соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун номери жана берилген күнү.
13. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жоголгон жарандардын тизмелерин түзөт, анда: - фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы, жашаган жери, паспорттук маалыматтары (же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары), дайынсыз жок деп эсептөө же өлдү деп жарыялоо тууралуу соттун чечиминин номери жана берилген күнү көрсөтүлөт.
14. Тизмелер эки нускада түзүлөт. Курман болгон, дайынсыз жоголгон жана жабыркаган жарандардын тизмелеринин ар бир барагына виза коюлуп, тийиштүү Министрликтин мөөрү басылып, күнүн көрсөтүү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
15. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тизмелердин бирден нускасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине берет.
16. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тизмелер келгенден кийин материалдык жардамды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине каржылоону ачат.
17. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен алынган тизмелердин негизинде материалдык жардамды алууга иштелип чыккан тизмелерди түзөт жана комиссияга берүү үчүн райондук, шаардык социалдык коргоо башкармаларына (мындан ары - социалдык коргоо башкармалары) берет.
III. Материалдык жардамды алуу үчүн зарыл документтер
18. Төмөндө көрсөтүлгөн кызыкдар арыз ээлери материалдык жардамды алуу үчүн жашаган жери боюнча социалдык коргоо башкармалыгына төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш.
а) Курман болгон жарандардын туугандары:
- материалдык жардамды алууга арызды;
- колдонуу мөөнөтү анык болгон жана паспорттук-визалык жана каттоо ишинин аймактык бөлүмдөрүнүн каттоосу бар болгон арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсүн;
- арыз ээсинин курман болгон адам менен туугандыгын ырастаган документтердин көчүрмөсүн (күйөөсү же аялы өлгөн учурда никеге туруу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү);
- ушул тартиптин 5-пунктунда аталган адамдар үчүн, үй-бүлө мүчөсүнүн курман болгон адам менен туруктуу бирге жашагандыгынын фактысын ырастаган жашаган жеринен маалымкатты;
- өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариус же айыл округунун башчысы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн.
б) Дайынсыз жоголгон жарандардын туугандары:
- материалдык жардамды алууга арызды;
- колдонуу мөөнөтү анык болгон жана паспорттук-визалык жана каттоо ишинин аймактык бөлүмдөрүнүн каттоосу бар болгон арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсүн;
- арыз ээсинин дайынсыз жоголгон же каза болгон адам менен туугандыгын ырастаган документтердин көчүрмөсүн (күйөөсү же аялы өлгөн учурда никеге туруу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү);
- ушул тартиптин 5-пунктунда аталган адамдар үчүн, үй-бүлө мүчөсүнүн дайынсыз жоголгон адам менен туруктуу бирге жашагандыгынын фактысын ырастаган жашаган жеринен маалымкатты;
- адамды дайынсыз жоголгон деп табуу же каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсүн.
в) Жабыркаган жарандар:
- материалдык жардамды алууга арызды;
- колдонуу мөөнөтү анык болгон жана паспорттук-визалык жана каттоо ишинин аймактык бөлүмдөрүнүн каттоосу бар болгон арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсүн;
- 18 жашка толо элек балдар үчүн туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана ата-эненин биринин же материалдык жардам таризделген камкордукка алуучунун паспортунун көчүрмөсүн;
- жашы жете элек балага камкордукка алууну/көзөмөлдүк кылууну белгилөө жөнүндө документтин көчүрмөсүн;
- соттук-медициналык корутундунун көчүрмөсүн;
- ушул Тартиптин 7-пункттун 2-абзацында аталган учурда комиссиянын тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн.
19. Бул Тартиптин 18-пунктунда аталган документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте алардын түп нускалары менен салыштырылат жана алардын идентификациясынын (түп нускаларга ылайык келишинин) фактысын ырастоо менен социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкери тарабынан виза коюлат жана башкармалыктын гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
20. Материалдык жардамды алуу үчүн зарыл документтерди берген уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери берилген документтердин ишенимдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
IV. Комиссиянын кароосуна документтерди берүү
21. Арыз ээлери берген документтердин негизинде социалдык коргоо башкармалыгында материалдык жардамды ар бир алуучуга 2 нускада өздүк дело түзүлөт, мында делодо болгон бардык документтердин тизмеси түзүлөт. Тизмеге социалдык коргоо башкармалыгынын жооптуу кызматкери виза коет жана ал башкармалыктын гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
22. Өздүк делонун бир нускасы социалдык коргоо башкармалыгында сакталат, экинчиси комиссиянын кароосуна кол койдуруу менен өткөрүп берилет.
23. Курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнүн өздүк делосун түзүү үчүн курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрү «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик социалдык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-августундагы № 173 токтомуна ылайык төлөнүүчү бир жолку материалдык жардамды же социалдык стипендияны алуу учурунда берген бир катар документтер пайдаланылышы (көчүрмөсү алынышы) мүмкүн.
24. Өздүк делодо бир же бир нече зарыл документ жок болуп чыккан учурда материалдык жардам алууга арызды комиссия карабайт жана талап кылынган документтерди чогултуу үчүн социалдык коргоо башкармалыгына кайтарылат жана комиссияга экинчи жолу киргизилет.
V. Комиссиянын иштөө тартиби
25. Комиссия өз ишин комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилген графикке ылайык жүргүзөт.
26. Комиссиянын төрагасы комиссиянын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.
27. Комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынан анын ишин уюштуруу, жыйындарын даярдоо, комиссиянын протоколдорун жана чечимдерин тариздөө үчүн комиссиянын катчысы шайланат.
28. Бардык зарыл документтер тиркелген материалдык жардам алууга арыздар келип түшкөнүнө жараша иштин графигине ылайык бир күндүн ичинде комиссия тарабынан каралат.
29. Комиссиянын жыйындары арыз ээлеринин өздөрүнүн, туугандарынын жана таламдаш адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт.
30. Арыз ээсине материалдык жардамды төлөө маселесинин биротоло чечимин комиссия арыз ээлерин катыштырбастан кеңешме бөлмөсүндө кабыл алат.
31. Комиссиянын чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, добуштар тең болуп калса, төраганын чечими чечүүчү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Протоколго милдеттүү түрдө комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
Протоколдун көчүрмөсү милдеттүү түрдө социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлүнө берилет.
32. Арыз ээсинин жана башка адамдардын катышуусунда комиссиянын төрагасы комиссиянын чечимин жарыялайт. Арыз ээсине комиссиянын протоколунун көчүрмөсү тапшырылат.
33. Протоколдо материалдык жардамды алууга арыз ээсинин аты-жөнү жана бул маселе боюнча комиссиянын чечими (оң же терс) милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
34. Терс чечим чыгарылган учурда комиссиянын протоколунда материалдык жардамды берүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.
35. Комиссиянын чечимине макул болбогон арыз ээси мыйзамдарда белгиленген тартипте сот органдарына кайрыла алат.
VI. Материалдык жардамды төлөө тартиби
36. Арыз ээси материалдык жардамды төлөөгө оң чечим болгон учурда өз каалоосу боюнча каалаган банкта милдеттүү түрдө банктык алыш-бериш эсебин ачат.
37. Банктын реквизиттери жана банктык өздүк алыш-бериш эсебинин номери арыз ээси тарабынан жашаган жери боюнча социалдык коргоо башкармалыгына берилет.
38. Социалдык коргоо башкармалыгынын адиси комиссиянын оң чечимин алган материалдык жардамды алуучулардын тизмесин эки нускада даярдайт, мында аты-жөнү, туулган датасы, туруктуу жашаган жери, паспорттук маалыматтары, банктын реквизиттери, өздүк алыш-бериш эсебинин номери, алуучунун статусу (курман болгон, дайынсыз жоголгон адамдын үй-бүлө мүчөсү, ден соолугуна оор, оордугу азыраак же жеңил зыян келтирилген адам), ошондой эле материалдык жардамдын суммасы көрсөтүлөт.
Жарандардын тизмелеринин жана арыздарынын формасын Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги бекитет.
39. Материалдык жардам алуучулардын тизмелерине социалдык коргоо башкармалыгынын начальниги кол коет жана алар башкармалыктын гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Тизменин бир нускасы Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине жиберилет.
40. Материалдык жардамдын суммасын Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги берилген тизмелерде көрсөтүлгөн алуучулардын алыш-бериш эсептерине которот.
41. Алуучуга материалдык жардамды башка уюмдар аркылуу накталай акча каражаты түрүндө төлөө жүргүзүлбөйт.