Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-июлундагы № 500
Кыргыз Республикасынын Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү каза болгон адамдардын денесинин күлү салынган урналарды жана денеси (калдыктары) салынган табыттарды бажылык тариздөө тартибин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 204-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү каза болгон адамдардын денесинин күлү салынган урналарды жана денеси (калдыктары) салынган табыттарды бажылык тариздөө тартиби бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү каза болгон адамдардын денесинин күлү салынган урналарды жана денеси (калдыктары) салынган табыттарды тариздөө жана аларды декларациялоо эрежелерин аныктайт.
1. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү каза болгон адамдардын денесинин күлү салынган урналарды жана денеси (калдыктары) салынган табыттарды (мындан ары - калдыктар) декларациялоо калдыктарды коштоп жүргөн жеке адамдар же калдыктарды ташып өтүү боюнча кызматтарды көрсөткөн уюмдун өкүлү тарабынан (мындан ары - коштоп жүрүүчү жак) жазуу жүзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамага» (мындан ары - Нускама) ылайык жеке адамдар үчүн БД-6 бажы декларациясынын (мындан ары -бажы декларациясы) бланкын пайдалануу менен жүргүзүлөт.
2. Калдыктар Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу коштоп бара жаткан жактын башка товарларынан бөлөк декларацияланат жана бажылык таризделет.
3. Калдыктарды бажылык тариздөө Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, Нускамага ылайык бажы органынын кызмат адамы тарабынан ташып кирүү/чыгуу же транзит максатында БД-6 өздүк номерлүү мөөрүн жана тийиштүү штампты коюу жолу менен жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу калдыктарды өткөрүүнүн шарты БД-6 формасындагы бажы декларациясын пайдаланып, коштоп жүрүүчү адамдар тарабынан төмөнкү документтерди берүү менен жөнөкөйлөтүлгөн тартипте бажылык тариздөө эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алып чыгууда:
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү органы тарабынан бериле турган өлгөндүгү тууралуу күбөлүк же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бериле турган өлгөндүгү тууралуу медициналык корутунду же алардын нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- санитардык көзөмөл жаатындагы тийиштүү мамлекеттик органдын калдыктарды ташууга уруксат берүү тууралуу маалым каты;
- санитардык көзөмөл жаатындагы тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик органдын калдыктар кайра көмүлгөн учурда эксгумация кылуу мүмкүндүгү тууралуу эркин формада жазылган корутундусу;
- цинк табыттарды жабуу боюнча ритуалдык кызмат көрсөткөн тийиштүү уюмдун каза болгон адамдын буюмдары жана баалуулуктары калдык менен бирге жөнөтүлгөн учурда алардын тизмесин тиркөө менен бөлөк буюмдардын жок экенин көрсөтүп, эркин формада түзүлгөн акты (маалым кат).
2) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып кирүүдө:
- өлүмгө учуроо аймагында болуп өткөн чет мамлекеттин тийиштүү компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан бериле турган медициналык корутунду же анын нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- цинк табыттарды жабуу боюнча ритуалдык кызмат көрсөткөн тийиштүү уюмдун каза болгон адамдын буюмдары жана баалуулуктары калдык менен бирге жөнөтүлгөн учурда алардын тизмесин тиркөө менен бөлөк буюмдардын жок экенин көрсөткөн эркин формада түзүлгөн акты (маалым кат).
Жогоруда аталган документтер же алардын, көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык же консулдук мекемелери тарабынан же эгер Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралса же эгер Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же консулдук мекемелери ал өлкөдө жок болсо жөнөткөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан күбөлөндүрүлүш керек.
3) Транзит учурунда 2-пунктчада көрсөтүлгөн документтерди берүү зарыл.
5. 4-пунктта көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү бажы декларациясына тиркелет жана бажы органдарында белгиленген тартипте сакталышы керек.