Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2001-жылдын 20-январы № 14

Компенсациялануучу субсидияларды аныктоо боюнча

антидемпингдик териштирүүнүн жана териштирүүнүн

тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу

"Антидемпинг жөнүндө", "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, VI ГАТТ 1994 статьясын колдонуу жөнүндө макулдашууларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Компенсациялануучу субсидияларды аныктоо боюнча антидемпингдик териштирүүнүн жана териштирүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Бул Жобонун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук комиссияга жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

К.Бакиев