Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-июлу № 408
Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо ишин тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 18-беренелерине, "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы 3 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү киргизсин:
- "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык келтирүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомун "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |