Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 408 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу ЖОБО
1. Бул Жобонун жөнгө салуу чөйрөсү болуп төмөнкүлөр саналат:
- баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштетүү, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, алуу, колдонуу, соодалоо жана бөлүштүрүү боюнча ишти уруксаттамалоо;
- баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташып кирүү, ташып чыгуу жана транзиттөө боюнча иш-аракеттерге уруксат берүү.
2. Лицензиар: баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган.
3. Лицензиат: жеке жана юридикалык жактар.
4. Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоонун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө", 2011-жылдын 18-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартиби жөнүндө" жана 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндөгү" токтомдору, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер эсептелинет.
5. Уруксаттаманын жана (же) уруксаттын түрү:
1) колдонуу убактысы боюнча:
- мөөнөтсүз уруксаттама;
- бир жолку уруксат;
2) аймактык колдонуу чөйрөсү боюнча: Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында;
3) ажыратылуучулугу боюнча: ажыратылбас;
4) таризи боюнча:
- кагаз жүзүндө таризделген уруксаттама;
- арыз боюнча электрондук уруксаттама.
Уруксаттама жана уруксат ушул Жобонун 1, 2, 3 жана 4-тиркемелеринде көрсөтүлгөн түрлөр боюнча берилет.
6. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамаланууга тийиш болгон ишти уруксаттамасыз жана (же) уруксатсыз жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
Лицензиаттардын уруксаттамаланган ишти жүзөгө ашыруу укугу уруксаттаманы жана (же) уруксатты алган мезгилден тартып башталат.
Юридикалык же жеке жактарга берилген уруксаттама жана (же) уруксат ар бир филиалга жана (же) өкүлчүлүккө окшош документтерди алууну талап кылбаган, анда көрсөтүлгөн иштин түрү (түрлөрү) жана (же) иш процессиндеги аракеттер менен алектенүүгө укук берген документ болуп саналат. Иш процессиндеги иштин жана (же) иш-аракеттердин уруксаттамаланган түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугу лицензиаттын уюмдаштыруу документтеринде көрсөтүлүшү керек.
Лицензиаттын иш процессинде иш жана (же) иш-аракеттер аймактык жактан бөлүнгөн бир нече объекттерде жүзөгө ашырылса, алар боюнча маалыматтар уруксаттаманын текстинде көрсөтүлүүгө тийиш.
7. Ушул Жобонун 1-пунктунда аталган баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга жана прекурсорлорго, ошондой эле ишти жүзөгө ашырууга арналган имараттарга уруксаты бар кызмат адамдарына жана персоналга коюлуучу уруксаттамалык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесинде белгиленген талаптарга шайкеш келиши керек.
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү менен байланышкан иш процессинде ишти жана (же) иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
- атайын билимге жана тийиштүү квалификацияга ээ болууга;
- баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз максаттарда колдонууга жол бербөө үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө.
8. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо башкача каралбаса, чет элдик юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жарандыгы жок жактар Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары үчүн каралган сыяктуу эле шарттарда жана тартипте уруксаттама алышат.
9. Башка мамлекеттерде алынган уруксаттамалар жана (же) уруксаттар Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таанылат.
10. Башка мамлекеттерде алынган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан таанылган бардык уруксаттамалар жана (же) уруксаттар, ошондой эле уруксаттамалардын жана (же) уруксаттардын көчүрмөлөрү баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү уруксаттамалардын жана уруксаттардын реестрине киргизилет.
Реестр "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык лицензиардын сайтына жайгаштырылууга тийиш болгон баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт жана жүргүзүлөт.
Реестрди түзүү ага уруксаттамалар жана уруксаттар, алардын аракетин убактылуу токтотуу, кайра жаңылоо же токтотуу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле тиешелүү дайындарды алып салуу жана реестрде камтылган маалымдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Реестр уруксаттаманы каттаган датасы жана ага ыйгарылган каттоо номери боюнча хронологиялык тартипте түзүлөт.
Реестрди сактоо жана жүргүзүү бөтөн адамдар кирбегидей жерлерде, жок кылуунун, тосмолоонун, уурдоонун, маалыматты модификациялоонун алдын алууну камсыздагыдай шарттарда жүзөгө ашырылышы керек.
11. Ушул Жобонун 1-пунктунда аталган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишке уруксаттама алуу үчүн "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде каралган документтерден сырткары, төмөнкүлөр талап кылынат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин түрлөрү менен юридикалык жактар же артыкчылыктуу мамлекеттик үлүштөгү акционердик коомдор үчүн:
баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү боюнча лицензиаттар үчүн:
а) ушул Жобонун 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн түрдөгү арыз;
б) уруксаттама алууга юридикалык жактын-изденүүчүнүн жетекчисинин колу жана лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү:
- фармацевттик, дарылоо-алдын алуучу же илимий ишти жүргүзүүгө укук берген документтердин жана имаратка (жайга) аттестациялык тастыктаманын;
- объектини ведомстволук кайтарууну уюштуруу жөнүндө буйруктун же объектини ведомстводон тышкары кайтаруу жөнүндөгү келишимдин;
- контролдонуучу каражаттардын эсебин алуу жана баңгизаттарды контролдоо багытындагы ыйгарым укуктуу органга отчет берүү боюнча милдетине мыйзамдуу жүгүртүүнүн эрежелерин сактоо кирген жооптуу жактарды дайындоо жөнүндө буйруктун;
прекурсорлорду жүгүртүү боюнча лицензиаттар үчүн:
а) ушул Жобонун 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн түрдөгү арыз;
б) уруксаттама алууга юридикалык жактын-изденүүчүнүн жетекчисинин колу жана лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү:
- объектини ведомстволук кайтарууну уюштуруу жөнүндө буйруктун же объектини ведомстводон тышкары кайтаруу жөнүндөгү келишимдин;
- контролдонуучу каражаттардын эсебин алуу жана баңгизаттарды контролдоо багытындагы ыйгарым укуктуу органга отчет берүү боюнча милдетине мыйзамдуу жүгүртүүнүн эрежелерин сактоо кирген жооптуу жактарды дайындоо жөнүндө буйруктун;
- өрткө каршы коопсуздуктун ченемдерин жана эрежелерин аткаруунун шарттары жөнүндө өрткө каршы кызматтын корутундусунун;
- прекурсорлорду сактоо үчүн жайлардын санитардык ченемдерге жана талаптарга шайкештиги жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын корутундусунун;
в) прекурсорго болгон жылдык керектөө жөнүндө маалыматтын;
2) жеке ишкерлер жана жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактар үчүн:
баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жүгүртүү боюнча лицензиаттар үчүн:
а) ушул Жобонун 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн түрдөгү арыз;
б) лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү:
- жогорку фармацевттик билими тууралуу дипломдун жана жооптуу жактардын медициналык же фармацевттик ишине адистин тастыктамасынын;
- медициналык ишке, дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга уруксаттаманын, ошондой эле имаратка (жайга) аттестациялык тастыктаманын;
в) юридикалык же жеке жактардын жетекчилигинин баңгилик оорусу боюнча медициналык мекемелердин диспансердик эсепке алуусунда турбагандыгы жөнүндө маалымкат;
г) жетекчинин колу менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү:
- объектини ведомстволук кайтарууну уюштуруу жөнүндө буйруктун же объектини ведомстводон тышкары кайтаруу жөнүндөгү келишимдин;
- контролдонуучу каражаттардын эсебин алуу жана баңгизаттарды контролдоо багытындагы ыйгарым укуктуу органга отчет берүү боюнча милдетине мыйзамдуу жүгүртүүнүн эрежелерин сактоо кирген жооптуу жактарды дайындоо жөнүндө буйруктун;
д) СДНдин көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн);
прекурсорлорду жүгүртүү боюнча лицензиаттар үчүн:
а) ушул Жобонун 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн түрдөгү арыз;
б) юридикалык же жеке жактардын жетекчилигинин баңгилик оорусу боюнча медициналык мекемелердин диспансердик эсепке алуусунда турбагандыгы жөнүндө маалымкат;
в) жетекчинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү:
- объектини ведомстволук кайтарууну уюштуруу жөнүндө буйруктун же объектини ведомстводон тышкары кайтаруу жөнүндөгү келишимдин;
- контролдонуучу каражаттардын эсебин алуу жана баңгизаттарды контролдоо багытындагы ыйгарым укуктуу органга отчет берүү боюнча милдетине мыйзамдуу жүгүртүүнүн эрежелерин сактоо кирген жооптуу жактарды дайындоо жөнүндө буйруктун;
- өрткө каршы коопсуздуктун ченемдерин жана эрежелерин аткаруунун шарттары жөнүндө өрткө каршы кызматтын корутундусунун;
- прекурсорлорду сактоо үчүн жайлардын санитардык ченемдерге жана талаптарга шайкештиги жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын корутундусунун;
г) прекурсорлорго болгон жылдык керектөө жөнүндө маалыматтын;
д) СДНдин көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн).
12. Ушул Жобонун 1-пунктунда аталган иш-аракеттерге уруксат алуу үчүн "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде аталган документтерден сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесинде каралган документтер тапшырылат.
13. Баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган уруксаттаманы жана (же) уруксатты берүү жөнүндө арыз боюнча "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө жеке же юридикалык жактардын уруксаттамалоо талаптарына шайкештигин текшерет.
Уруксаттамалык текшерүүнүн актысы эки нускада түзүлөт жана уруксаттамалык текшерүүнү жүргүзгөн баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы, арыз ээси, лицензиат же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коет. Уруксаттамалык текшерүү актысынын бир нускасы ага кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күнүнүн аралыгында арыз ээсине, лицензиатка же ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу менен тапшырылат же болбосо акт, анын тапшырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу тапшырык почтасы аркылуу жөнөтүлөт. Тапшырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу лицензиаттын көктөмөсүндө сакталган уруксаттамалык текшерүү актысынын экинчи нускасына тиркелет.
Текшерүү аяктаган күндөн кийинки бир жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, лицензиардын адистери уруксаттамалык текшерүүнүн жыйынтыктарын уруксаттамалык текшерүүлөрдү эсепке алуу журналына киргизишет.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча уруксаттаманы жана (же) уруксатты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып, баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү актысы менен таризделет.
14. Баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын документтерди кабыл алуу жана каттоо боюнча жооптуу кызмат адамы аларды каттаган күнү уруксаттамалык көктөмөнү түзөт.
Ар бир берилген арыз боюнча бир уруксаттама көктөмү түзүлөт.
Уруксаттама көктөмү төмөнкүдөй документтерди өзүнө камтыйт:
- ушул Жобонун 11 жана 12-пункттарында каралган арыз жана ага тиркелген документтер;
- баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаттамалык талаптарга шайкештигине карата барып текшерүү жүргүзүүнүн актыларын;
- баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаттаманы жана (же) уруксатты берүү, таануу, уруксаттаманы жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартуу, кайра тариздөө, узартуу, убактылуу токтотуу, кайра жаңылоо, токтотуу же уруксаттаманы жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди;
- баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын лицензиатты пландуу текшерүүдөн өткөргөндүгү жөнүндө актыларды;
- уруксаттаманын жана (же) уруксаттын көчүрмөлөрүн.
Уруксаттамалык көктөмө лицензиат тарабынан баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып кирүү, ташып чыгуу жана транзиттөө боюнча иштин жана иш-аракеттердин уруксаттамаланган түрүн жүзөгө ашыруунун бүткүл мөөнөтүнүн аралыгында баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органда сакталууга тийиш.
Уруксаттамалар жана уруксаттар иш-аракеттерди жокко чыгарган же токтоткон учурда баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын архивине тапшырылат жана 3 жылга чейин сакталат.
15. Уруксаттамалык контролдоо "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген уруксаттамалык талаптардын сакталышын текшерүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежелеринде белгиленген тартипте лицензиат тарабынан жүргүзүлөт.
Уруксаттамалык текшерүүнүн жүрүшүндө уруксаттамалык талаптарды бузган фактылар табылса, баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары бузууларды четтетүү жөнүндө эки нускадагы жазма эскертүүнү даярдашат.
Жазма эскертүүнүн бир нускасы уруксаттамалык текшерүү актысы менен бирге ага кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күнүнүн аралыгында лицензиатка же ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу менен тапшырылат же болбосо жазма эскертүү жана анын тапшырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу тапшырык почтасы аркылуу жөнөтүлөт. Жазма эскертүүнүн тапшырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу лицензиаттын көктөмөсүндө сакталган жазма эскертүүнүн экинчи нускасына тиркелет.
16. Уруксаттамалык текшерүүнүн жүрүшүндө административдик укук бузуу окуясын көрсөткөн фактылар табылса, баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы административдик укук бузуу жөнүндө протоколду түзөт.
Уруксаттамалык текшерүү учурунда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду өндүрүүнүн жана мыйзамдуу жүгүртүүнүн белгиленген эрежелерин бузууларды табуу административдик жазапулду салуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
Административдик укук бузуу жөнүндө протоколдун бир нускасы ага кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күнүнүн аралыгында лицензиатка же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу менен тапшырылат же болбосо протокол жана анын тапшырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу тапшырык почтасы аркылуу жөнөтүлөт.
Административдик укук бузуу жөнүндө протоколдун талшырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу лицензиаттын көктөмөсүндө сакталган протоколдун көчүрмөсүнө тиркелет.
Протокол түзүлгөн күнү баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары административдик укук бузуу жөнүндө түзүлгөн протоколдорду эсепке алуу журналына административдик укук бузуу тууралуу маалыматтарды киргизишет.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 91-3-беренесинде белгиленген административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана административдик жаза-чараларын көрүүгө Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 511-1-беренесинде көрсөтүлгөн кызмат адамдары укуктуу.
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду өндүрүү жана мыйзамдуу жүгүртүүнүн белгиленген эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган жазапулдан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
17. Урусаттаманы жана (же) уруксатты кайра тариздөө жана жокко чыгаруу, ошондой эле токтотуу, убактылуу токтотуу жана алардын иш-аракетин кайра жаңылоо "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
|
| Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Формасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы
УРУКСАТТАМА
Уруксаттамалардын реестри боюнча 20__жылдын "__" ___________ катталган номери __________________ берилди
("Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесине ылайык юридикалык жактын аталышы же жарандын аты-жөнү)
Лицензиаттын дареги _______________________________________________________________________________
(өлкөсү, району, калктуу конушу, көчөсү, үйү, батири, үйүнүн жана кызматынын телефону)
____________________________________________ (сериясы, номери) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндөгү
күбөлүгү ___________________________________________________________________________________ берилди
(берилген датасы, кайсы мекеме тарабынан)
Салык төлөөчүнүн далдаштырма номери: _______________________________________________________________
Уруксаттамаланган иштин түрү
__________________________________________________________________________________________________
("Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамдын 15-беренесине ылайык иштин аталышы көрсөтүлөт)
Уруксаттаманы колдонуу мөөнөтү: мөөнөтсүз
Уруксаттаманы колдонуу аймагы: Кыргыз Республикасы
Уруксаттама: ажыратылбас болуп эсептелет.
Мөөр
Уруксаттама берген жактын ээлеген кызматы, колу ______________________________
Уруксаттама берилген дата: _____________ № _______________
Бланктын сериясы _________________
|
| Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Формасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic
баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ТАШЫП КИРҮҮГӨ УРУКСАТ IMPORT AUTHORIZATION for Narcotic Drugs, Psychotropic Substances, precursors (Берүүгө болбойт, көчүрмөсү жараксыз) Is not subject to transfer, the copy is not valid
А, В, C, D *
Уруксаттардын реестри боюнча 20__жылдын "__" ___________ каттоо номери__________
Registration number according to authorizations registry
Импорттоочунун аты-жөнү, кызматы жана дареги __________________________________
Name, profession and address of the Importer
Экспорттоочунун аты-жөнү жана дареги _________________________________________
Name and address of the Exporter
Акыркы жүк алуучу ___________________________________________________________
Ultimate consignee
Ташылып келүүчү заттардын/препараттардын аталышы (заттын салмагы, негизи/тузу) (эгер фармацевттик препараттар болсо - фармацевттик түрү, дозасы, саны), (эгер прекурсор болсо-жүк бирдигинин саны, ар бир бирдиктин салмагы/көлөмү)
Name of the substance/preparation to be imported (Weight of the substance - base/salt) (In case of pharmaceutical preparation - pharmaceutical form, dosage, amount of number of preparation) (In case of precursors - number units of substances, weight and volume of each unit)
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
Таза баңгизат же психотроптук зат ________________________________________________
Pure Narcotic Drugs, Psychotropic Substances
Жүргөн жолу __________________________________________________________________
Route of the Consignment
Өзгөчө белгиси ________________________________________________________________
Special conditions
Берилген датасы ______________________________________________________________
Date of issue
Уруксаттын колдонулушу аяктаган дата ____________________________________________
Date of Authorization expire
Мөөр/Stamp
Уруксат берүүчүнүн ээлеген кызматы, колу _________________________________________
Position, signature of person issuing authorization
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүнү контролдоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы муну менен жогоруда аталган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып кирүүгө уруксат берилерин ырастайт.
The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic, being of the competent authority to control narcotic drugs, psychotropic substances and precursors hereby authorizes the import of the above mentioned narcotic drugs, psychotropic substances and precursors.
* 3-тиркемеге эскертүү:
A формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан экспорттоочу өлкөнүн контролдоочу органына жөнөтүлөт.
В формасы - жүктү жеткирип берүүчүгө берилет жана жүктү өткөрүү үчүн паспорт болуп эсептелет.
С формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүктү ташып киргенге чейин, жүктү коштогон "Д" бланкы менен салыштырып текшерүү үчүн бажы органына берет. Күчөтүлгөн отчеттуулуктагы документтерди сактоо тартибине ылайык бажы органында сакталат.
D формасы - жүктү коштойт. Келген жолунда бажы постторунда партиянын саны, ташып кирген күнү жана бажы органынын инспекторунун аты-жөнү жөнүндө белги коюлуп, өздүк мөөрү менен баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
* Note to Annex 3:
Form A - to be sent by the drug control authorized body to the supervisory authority of the exporting country.
Form В - to be submitted to the provider and is a passport to load.
Form С - the drug control authorized body passes to the customs authority until the moment of entry, for verification with the form "D" accompanying the load. Preserved by the customs authority in accordance with the procedure of storing of documents of strict accountability.
Form D - accompanies the load. Notes on the number of consignment, date and name of the customs authority import inspector are made at customs checkpoints along the way and are transmitted to the drug control authorized body.
Бланктын сериясы ________________________
Form series
|
| Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу жобого 3-тиркеме |
Формасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ТАШЫП ЧЫГУУГА УРУКСАТ EXPORT AUTHORIZATION for Narcotic Drugs, Psychotropic Substances, precursors (Берүүгө болбойт, көчүрмөсү жараксыз) Is not subject to transfer, the copy is not valid
А, В, C, D *
Уруксаттардын реестри боюнча 20__-жылдын "__" ______________ каттоо номери ________________
Registration number according to authorizations registry
Экспорттоочунун аты-жөнү, кызматы жана дареги ___________________________________________
Name, profession and address of the Exporter
Импорттоочунун аты-жөнү жана дареги ___________________________________________________
Name and address of the Importer
Ташылып чыгуучу заттардын/препараттардын аталышы (заттын салмагы, негизи/тузу) (эгер фармацевттик препараттар болсо - фармацевттик түрү, дозасы, саны), (эгер прекурсор болсо - жүк бирдигинин саны, ар бир бирдиктин салмагы/көлөмү)
Name of the substance/preparation to be exported (Weight of the substance - base/salt) (In case of pharmaceutical preparation - pharmaceutical form, dosage, amount of number of preparation) (In case of precursors - number units of substances, weight and volume of each unit)
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
Таза баңгизат же психотроптук зат __________________________________________________
Pure Narcotic Drugs, Psychotropic Substances
Ташып кирүүгө тастыктама берген мекеме ___________________________________________
Authority, issuing import certificate
Ташып кирүүгө берилген тастыктаманын № _______ жана датасы ________________________
Date and number of the Import certificate
Жүргөн жолу ____________________________________________________________________
Route of the Consignment
Өзгөчө белгиси _________________________________________________________________
Special conditions
Берилген датасы _______________________________________________________________
Date of issue
Уруксаттан колдонулушу аяктаган дата _____________________________________________
Expiration date of the Authorization
Мөөр/Stamp
Уруксат берүүчүнүн ээлеген кызматы, колу __________________________________________
Position, signature of person issuing authorization
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүнү контролдоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы муну менен жогоруда аталган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып чыгууга уруксат берилерин ырастайт.
The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic, being of the competent authority to control narcotic drugs, psychotropic substances and precursors, hereby authorizes the export of the above mentioned narcotic drugs, psychotropic substances and precursors.
* 4-тиркемеге эскертүү:
A формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан импорттоочу өлкөнүн контролдоочу органына жөнөтүлөт.
В формасы - жүктү жеткирип берүүчүгө берилет жана жүктү өткөрүү үчүн паспорт болуп эсептелет.
С формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүктү ташып чыгарганга чейин, жүктү коштогон "Д" бланкы менен салыштырып текшерүү үчүн бажы органына берет. Күчөтүлгөн отчеттуулуктагы документтерди сактоо тартибине ылайык бажы органында сакталат.
D формасы - жүктү коштойт. Келген жолунда бажы постторунда партиянын саны, ташып чыгарган күнү жана бажы органынын инспекторунун аты-жөнү жөнүндө белги коюлуп, өздүк мөөрү менен баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
* Note to Annex 4:
Form A - to be sent by the drug control authorized body to the supervisory authority of the importing country.
Form В - to be submitted to the provider and is a passport to load.
Form С - the drug control authorized body passes to the customs authority until the moment of entry, for verification with the form "D" accompanying the load. Preserved by the customs authority in accordance with the procedure of storing of documents of strict accountability.
Form D - accompanies the load. Notes on the number of consignment, date and name of the customs authority import inspector are made at customs checkpoints along the way and are transmitted to the drug control authorized body.
Бланктын сериясы _______________________
Form series
|
| Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу жобого 4-тиркеме |
Формасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ТРАНЗИТТӨӨ УКУГУНА УРУКСАТ AUTHORIZATION OF TRANSIT for Narcotic Drugs, Psychotropic Substances, precursors (Берүүгө болбойт, көчүрмөсү жараксыз) Is not subject to transfer, the copy is not valid
А, В, C, D *
Уруксаттардын реестри боюнча 20__-жылдын "__" __________ каттоо номери ______________
Registration number according to authorizations registry
Экспорттоочунун аты-жөнү, кызматы жана дареги ______________________________________
Name, profession and address of the Exporter
Импорттоочунун аты-жөнү жана дареги ______________________________________________
Name and address of the Importer
Акыркы жүк алуучу _______________________________________________________________
Ultimate consignee
Ташылып келүүчү заттардын/препараттардын аталышы (заттын салмагы, негизи/тузу) (эгер фармацевттик препараттар болсо - фармацевттик түрү, дозасы, саны), (эгер прекурсор болсо - жүк бирдигинин саны, ар бир бирдиктин салмагы/көлөмү)
Name of the substance/preparation to be exported (Weight of the substance - base/salt) (In case of pharmaceutical preparation - pharmaceutical form, dosage, amount of number of preparation) (In case of precursors - number units of substances, weight and volume of each unit)
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
Арыз берүүчүнүн декларациясы (аты-жөнү, колу, датасы) _______________________________
Declaration of applicant (name, signature, date)
Жүргөн жолу, унаанын түрү, каттамы ________________________________________________
(экспорттоочу өлкөдөн ташып чыгуу жана импорттоочу өлкөгө ташып кирүү пункттарын көрсөтүү менен)
______________________________________________________________________________
Route of the Consignment, type of transport (indicate points of entry and exit)
Ташып кирүүнүн пландалган датасы ________________________________________________
Planning date of import
Экспорттук бажы декларациясынын № ______________________________________________
Number of the Custom import Declaration
Заттарды болжолдуу пайдалануу, колдонуу __________________________________________
Assumed employment of the substances
Өзгөчө белгиси _________________________________________________________________
Special conditions
Берилген датасы _______________________________________________________________
Date of issue
Уруксаттын колдонулушу аяктаган дата _____________________________________________
Expiration date of the Authorization
Мөөр/Stamp
Уруксат берүүчү жактын ээлеген кызматы, колу ______________________________________
Position, signature of person issuing authorization
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүнү контролдоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы муну менен жогоруда аталган прекурсорлорду транзиттик ташууга уруксат берилерин ырастайт.
The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic, being of the competent authority to control narcotic drugs, psychotropic substances and precursors hereby authorizes the export of the above mentioned precursors.
* 5-тиркемеге эскертүү:
A формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан импорттоочу өлкөнүн контролдоочу органына жөнөтүлөт.
В формасы - жүктү жеткирип берүүчүгө берилет жана жүктү өткөрүү үчүн паспорт болуп эсептелет.
С формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүктү ташып чыгарганга чейин, жүктү коштогон "Д" бланкы менен салыштырып текшерүү үчүн бажы органына берет. Күчөтүлгөн отчеттуулуктагы документтерди сактоо тартибине ылайык бажы органында сакталат.
D формасы - жүктү коштойт. Келген жолунда бажы постторунда партиянын саны, ташып чыгарган күнү жана бажы органынын инспекторунун аты-жөнү жөнүндө белги коюлуп, өздүк мөөрү менен баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
* Note to Annex 5:
Form A - to be sent by the drug control authorized body to the supervisory authority of the importing country.
Form В - to be submitted to the provider and is a passport to load.
Form С - the drug control authorized body passes to the customs authority until the moment of entry, for verification with the form "D" accompanying the load. Preserved by the customs authority in accordance with the procedure of storing of documents of strict accountability.
Form D - accompanies the load. Notes on the number of consignment, date and name of the customs authority import inspector are made at customs checkpoints along the way and are transmitted to the drug control authorized body.
Бланктын сериясы _______________________
Form series
|
| Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу жобого 5-тиркеме |
Формасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы (дареги)
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү боюнча ишке уруксаттама алуу жөнүндө АРЫЗ
_____________________________________________________________________________________
(арыз берүүчү уюмдун аталышы, юридикалык дареги, факс/телефону, мекеменин электрондук почтасы)
баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү боюнча ишке уруксаттама алуу жөнүндөгү ушул арызды карал чыгууну суранат. Мыйзамдуу жүгүртүүнү иштин төмөнкү түрлөрү боюнча:___________________
(кайсы түрүн так көрсөтүү: импорт, экспорт, транзит, иштетүү, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, чыгаруу, сатуу, алуу, колдонуу, соодалоо, бөлүштүрүү)
__________________________________________________________________________
(баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга жана прекурсорлорго) ____________ карата жүзөгө ашыруу пландалууда.
Контролдонуучу заттарды жүгүртүү боюнча иш төмөнкү дарек боюнча жүзөгө ашырылат: ___________________________
(баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду жүгүртүү жүзөгө ашырыла турган жердин дарегин көрсөтүү).
Транзит _______________ багыты боюнча жүзөгө ашырылат.
Эл аралык жана улуттук контролдо турган заттарды мыйзамдуу максаттарда, билдирилген керектөөнүн чегинде пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматына квартал сайын алардын жүгүртүлүшү боюнча отчет берүүгө милдеттенебиз.
___________________________________________________________
(арыз берүүчү уюмдун жетекчисинин ээлеген кызматы, аты-жөнү, колу)
М.О.
20__-жылдын "__" _______________