Редакцияот 24.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 24-июлу № 421

Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болуп аныкталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев