Загрузка документа…
| КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 421 токтому менен бекитилген |
Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Минск шаары, 2013-жылдын 31-майы
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү, мындан ары Тараптар деп аталуучулар
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсү, координациясы жана кызматташтыгын ырааттуу түрдө күчөтүү, мамлекеттер аралык статистикалык маалыматтарды алышууну кеңейтүү, КМШнын алкагында жалпы маалыматтык-статистикалык мейкиндикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында,
расмий статистика чөйрөсүндөгү методологиялык жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап,
мындай кызматташтыктын натыйжасы менен ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын ишмердиктеринин эффективдүүлүгүнүн жана статистикалык камсыздоонун сапатынын жогорулашын эске алып,
БУУнун Статистикалык комиссиясы тарабынан кабыл алынган расмий статистиканын негизги принциптеринин жыйынтыгында келип чыккан статистика жаатындагы жаңы илимий иштеп чыгууларга жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берген ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин аймагында мамлекеттик статистиканы өнүктүрүү боюнча макулдашылган жана координацияланган чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн түшүнүп,
расмий статистика чөйрөсүндө мамлекеттер аралык программаларды жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууда жана ишке ашырууда көмөк көрсөтүүнү ишке ашырууга каалоону билдирип,
ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин эл аралык милдеттенмелерин жана мыйзамдарын колдонуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашылды:
1-берене.
КМШга мүчө мамлекеттердин расмий статистика чөйрөсүндө кызматташтыктын макулдашылган принциптерин жана эрежелерин иштеп чыгуу жана ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын өз ара аракеттешүүсүн координациялоо ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү (1-тиркеме) болуп саналган, өз ишмердигин Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңеши жөнүндө Жобого ылайык ишке ашыруучу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешине (мындан ары - Кеңеш) жүктөлөт.
2-берене.
Маалымат алышууларды уюштуруу, кызматташтыктын макулдашылган принциптерине жана эрежелерине негизделген КМШга катышкан мамлекеттердин социалдык-экономикалык абалы жөнүндө статистикалык, аналитикалык материалдарды даярдоо, статистика жаатындагы жаңы илимий иштеп чыгууларга жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берүүчү расмий статистиканы мындан ары өнүктүрүү максатында, мамлекеттер аралык статистикалык маалыматтарды алышууну кеңейтүү, КМШнын алкагында жалпы маалыматтык-статистикалык мейкиндикти өнүктүрүү өз ишмердигин Кез карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык статистикалык комитети жөнүндө Жобого ылайык ишке ашыруучу, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү (2-тиркеме) болуп саналган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык статистикалык комитетине (мындан ары - КМШнын Статкомитети) жүктөлөт.
3-берене.
Макулдашуу Тараптардын ушул Макулдашууга чейин катышкан эл аралык келишимдердеги укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
4-берене.
Ушул Макулдашуу депозитарийдин Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон анын кол коюучу Тараптарынын мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө билдирүүсүн алган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5-берене.
Макулдашууга тараптардын өз ара макулдугу боюнча тийиштүү протокол менен таризделген анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн каралган тартипте күчүнө кирет.
6-берене.
Макулдашуу күчүнө киргенден кийин ушул Макулдашуунун максаттарын жана принциптерин бөлүшүүчү мамлекеттердин бардыгы үчүн депозитарийге кошуу жөнүндө документ берүү жолу менен кошулуу ачык жүргүзүлөт.
КМШга мүчө мамлекеттер үчүн ушул Макулдашуу депозитарийден кошулуу жөнүндө документ алган күндөн 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
КМШга мүчө эмес мамлекеттер үчүн ушул Макулдашуу депозитарийден ага кол койгон же ага кошулган мамлекеттердин макулдугу жөнүндө билдирүүсүн алган күндөн 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
7-берене.
Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
Тараптардын ар бири депозитарийге чыгуу жөнүндө ниетин чыкканга чейин алты айдан кечиктирбестен жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жөнөтүп жана ушул Макулдашууга катышкан убакытта жаралган милдеттерди жөнгө салуу менен Макулдашуудан чыгуу укугуна ээ.
Макулдашуу 2013-жылдын 31-майында Минск шаарында орус тилиндеги бир түп нускада түзүлдү. Түп нуска Макулдашууга кол койгон ар бир мамлекетке күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жөнөтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетинде сакталат.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү |
Армения Республикасынын Өкмөтү |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтү |
Беларусь Республикасынын Өкмөтү |
| Түркмөнстан Республикасынын Өкмөтү |
Казакстан Республикасынын Өкмөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | |
Молдова Республикасынын Өкмөтү |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү |
|
| Украина Республикасынын Өкмөтү |
|
| 2013-жылдын 31-майындагы Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун 1-тиркемеси |
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңеши жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) 2013-жылдын 31-майындагы Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашууга ылайык КМШга мүчө мамлекеттердин расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын макулдашылган принциптерин жана эрежелерин иштеп чыгууну, ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңеши, өкмөт башчыларынын Кеңеши жана Экономикалык Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткаруу маселелери боюнча ишмердигин координациялоону ишке ашырууга чакырган КМШнын тармактык кызматташтык органы болуп саналУставын, Кө ат.
1.2. Кеңеш өзүнүн ишмердигинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин з карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында түзүлгөн эл аралык келишимдерди, КМШнын мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана Экономикалык Кеңешинин чечимдерин, БУУнун Статистикалык комиссиясы тарабынан кабыл алынган Расмий статистиканын негизги принциптерин жана ушул Жобону колдонот.
1.3. Кеңеш ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин расмий статистикасын өнүктүрүү боюнча жалпы сунуштамаларды иштеп чыгат, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин (мындан ары - КМШнын Статкомитети) ишмердигинин негизги багыттарын аныктайт.
II. Кеңештин милдеттери
Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
КМШга мүчө мамлекеттердин расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын макулдашылган принциптерин жана эрежелерин иштеп чыгуу;
КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңешинин, өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана Экономикалык Кеңешинин КМШга мүчө мамлекеттердин расмий статистикалык маалыматтарын түзүү маселелери боюнча кабыл алган чечимдеринин аткарылышын уюштуруу жана координациялоо;
КМШнын Статкомитетине расмий статистика чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды, сунуштамаларды жана тапшырыктарды даярдоо;
өзүнүн компетенциясынын алкагында КМШнын тармактык кызматташтык органы, Аткаруу комитети, ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүү;
КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жана КМШнын Статкомитетинин сунуштарынын негизинде Кеңештин жана КМШнын Статкомитетинин учурдагы жана перспективалык иштеринин планын бекитүү;
КМШнын Статкомитетин кармоого кеткен чыгымдардын бюджеттик сметасы жана КМШнын Статкомитетинин бюджеттен тышкы каражаттарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасы боюнча КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңеши тарабынан аныкталган тартипте кийинки бекитүү үчүн сунуштарды кароо;
КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын КМШнын Статкомитетинин ишмердигинин негизги багыттары боюнча сунуштарын кароо;
КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча сунуштамаларын иштеп чыгуу;
Статистикалык маалыматтарды алышуу системасын жакшыртуу;
Кеңеш жана КМШнын Статкомитети жөнүндө жобого бекитилген тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды кароо жана кабыл алуу.
III. Кеңештин укуктары
Кеңеш өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн чечимдерди кабыл алууга жана сунуштарды берүүгө укуктуу:
Программаларга, иштердин пландарына жана КМШнын Статкомитетинин ишмердиги жөнүндө отчетко;
КМШга мүчө мамлекеттердин эксперттеринин методология жана статистика боюнча биргелешкен иштер маселелери боюнча жумуш кеңешмелерин уюштурууга;
КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңешинин, өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана Экономикалык Кеңешинин кароосуна Кеңештин жана КМШнын Статкомитетинин ишмердигине байланышкан долбоорлордун документтерин бекитилген тартипте киргизүүгө;
КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңеши менен КМШнын Статкомитетинин төрагасы кызмат ордуна талапкерди кийинки бекитүү менен КМШнын Статкомитетинин төрагасын шайлоого;
Кеңештин бекиткен тартибинде КМШнын Статкомитетинин төрагасынын орун басарларынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого;
КМШнын Статкомитетинин жетектөөчү кызматкерлеринин кызмат орундарынын тартибин сунуштоого;
КМШнын Статкомитетинин кызматкерлеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жөнүндө жобону бекитүүгө;
Кеңештин Иш регламентин бекитүүгө;
КМШнын Статкомитетинин Иш регламентин бекитүүгө;
КМШнын Статкомитетине караштуу Методологиялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүүгө;
өзүнүн компетенциясына кирген жана башка маселелерге.
IV. Кеңештин ишин уюштуруу
4.1. Кеңештин курамына Макулдашууга кол койгон КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилери жана КМШнын Статкомитетинин төрагасы кирет.
Кеңештин мүчөсүнүн ордун алмаштыруучу жактарды Кеңештин отурумуна жиберүүдө анын ыйгарым укуктары Кеңештин Иш регламентине ылайык аныкталышы керек.
Кеңештин ишине КМШга мүчө эмес мамлекет болуп саналган, бирок Макулдашууга кол койгон мамлекеттердин өкүлдөрү байкоочу сапатында катышат.
Кеңештин мүчөсүнүн Кеңештин башка мүчөлөрү менен макулдашылган сунушу боюнча эл аралык уюмдардын, ошондой эле Макулдашуунун катышуучусу болуп саналбаган мамлекеттердин улуттук статистикалык кызматтарынын өкүлдөрү Кеңештин отурумуна катыша алышат.
4.2. Кеңешке төрагалык кылуу КМШга мүчө, Макулдашууга кол койгон мамлекеттердин өкүлдөрүнө аты-жөнүнүн орус алфавитиндеги катары менен кезектешип, бир жылдык мөөнөткө берилет. Кеңештин мурунку жана кийинки төрагалары алардын тең төрагалары болуп саналат. Кеңештин төрагасы убактылуу жок учурларда анын милдеттери тең төрагалардын бирине жүктөлөт.
4.3. Кеңештин отуруму зарылчылыкка жараша, бирок бир жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештин отурумуна чакыруунун, аны өткөрүүнүн, кворумунун тартиби, чечимдерди кабыл алуунун жол-жоболору, ошондой эле анын ишмердигин уюштуруу боюнча башка маселелер Кеңештиң Иш регламенти менен аныкталат.
4.4. Кеңештин төрагасы:
Кеңештин ишин жетектейт;
Кеңештин отурумун өткөрөт жана анда кабыл алынган документтерге кол коет;
Кеңештин мүчөлөрүнөн Кеңештин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды сурайт.
4.5. Кеңештин ишмердигин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык камсыздоо боюнча катчылыктын милдеттери КМШнын Статкомитетине жүктөлөт.
4.6. Кеңеш өзүнүн ишмердиги боюнча КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңешине отчет берет. Кеңештин иши жөнүндө отчеттор КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңешинин отурумдарында бекитилген тартипте каралат.
V. Каржылоо
Кеңештин отурумдарын өткөрүүгө байланышкан чыгымдар Макулдашууну кабыл алган мамлекеттин тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарынын эсебинен ишке ашырылат. Кеңештин мүчөлөрүнүн жана отурумдун катышуучуларынын командировкалык чыгымдарын Макулдашууну кабыл алган мамлекеттин мамлекеттик бийликтин багыттоочу органдары жана уюмдары ишке ашырат.
VI. Жыйынтыктоочу жоболор
6.1. Кеңештин жумушчу тили орус тили болуп саналат
6.2. Кеңеш КМШнын Аткаруу комитетине өзүнүн ишмердиги жөнүндө жыл сайын маалыматтарды берет.
|
| 2013-жылдын 31-майындагы Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун 2-тиркемеси |
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык статистикалык комитети жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык статистикалык комитети (мындан ары - КМШнын Статкомитети) 2013-жылдын 31-майындагы Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) катышкан мамлекеттердин жогорку Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун, Шериктештиктин жогорку жана башка органдарынын статистикалык маалыматтарын, аналитикалык, маалыматтык материалдарын даярдоо бөлүгүнө тиешелүү болгон статистикалык кызматтардын ишмердигин координациялоону ишке ашыруучу мамлекеттер аралык орган болуп эсептелет, методологиялык материалдарды иштеп чыгууга, маалыматтык алышуулардын өнүгүшүнө, Макулдашууга катышкан мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн терең талдоого жана расмий статистика чөйрөсүндө жалпы сунуштамаларды иштеп чыгууга шарт түзөт.
1.2. КМШнын Статкомитети өзүнүн ишмердигинде Кез карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Уставын, КМШнын мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана Экономикалык Кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин чечимдерин, 1996-жылдын 26-февралындагы Россия Федерациясы менен Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекеттер аралык комитетинин ортосундагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин Россия Федерациясынын аймагында болушунун шарттары тууралуу Макулдашуусун жана ушул Жобону колдонот.
1.3. КМШнын Статкомитети Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңеши менен өз ара аракеттешип, Макулдашууга катышкан мамлекеттердин расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын макулдашылган принциптерин жана эрежелерин иштеп чыгууга катышат, КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңешинин, өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана Экономикалык Кеңешинин кабыл алган чечимдерин аткарууну иш жүзүнө ашырууга жардам берет.
1.4. КМШнын Статкомитети КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңешине, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешине (мындан ары - Кеңеш) отчет берет жана өзүнүн ишмердигин КМШнын Аткаруу комитети жана улуттук статистикалык кызматтары менен өз ара тыгыз байланышта ишке ашырат.
1.5. КМШнын Статкомитети Россия Федерациясынын аймагында юридикалык жактардын укуктарын колдонот, обочолонгон мүлккө ээ болот, өз алдынча карамакта турат, банктардын тейлөө мекемелеринде эсептик жана башка эсептерге, ошондой эле өзүнүн аталышы менен бекитилген үлгүдөгү мөөргө ээ болот, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жана КМШнын Статкомитетинин эмблемаларын расмий бланктарда колдонот, соттордо доогер жана жоопкер катары чыгат, Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк жоопкерчиликти алат.
КМШнын Статкомитети өз алдынча эл аралык укуктагы субъект болуп саналбайт жана өз аты менен эл аралык келишимдерди түзүү укугуна ээ эмес.
1.6. КМШнын Статкомитети эл аралык статистика ишмердигинде БУУнун Статистикалык ишмердикти координациялоо боюнча комитетинин расмий мүчөсү, БУУнун Статистикалык комиссиясынын туруктуу байкоочусу катары БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын статистиктеринин конференциясына, Европалык статистиктердин конференциясынын бюросуна, БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын статистика боюнча комитетине катышат, БУУнун статистикалык кызматтар системасы жана анын адистештирилген мекемелери, Эл аралык валюта фонду, Реконструкция жана өнүктүрүү эл аралык банкы жана башка уюмдар менен кызматташат.
II. КМШнын Статкомитетинин милдеттери
КМШнын Статкомитетинин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
Макулдашууга катышкан мамлекеттердин расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын макулдашылган принциптерин жана эрежелерин иш жүзүнө ашырууну камсыздоо;
Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик статистикасын реформалоону бирге жүргүзүүгө көмөктөшүүсүн социалдык-экономикалык кайра өзгөртүүгө, эсеп жана статистиканын эл аралык практикада жалпы кабыл алынган системасын ишке ашырууга ылайык келтирүү;
Макулдашууга катышкан мамлекеттердин расмий статистика чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык программаларды жана биргелешкен долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу;
Макулдашууга катышкан мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын өз ара аракеттешүүсүн кеңейтүүгө, статистикалык маалыматтарды көп тараптуу алышууну жана КМШнын алкагында жалпы маалыматтык-статистикалык мейкиндикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
КМШдагы экономикалык өнүгүүнүн тенденциясын жана интеграцияланган процесстерди талдоо;
тийиштүү эл аралык эрежелерге жана стандарттарга негизделген моделдик статистикалык методологияны иштеп чыгуу;
Макулдашууга катышкан мамлекеттерде расмий статистиканы уюштуруу боюнча сунушталган методологиялык иштеп чыгууларды жайылтуу боюнча колдоолорду көрсөтүү;
Макулдашууга катышкан мамлекеттердин статистикалык кызматтары менен кадрларды окутууну уюштурууда, мамлекеттик статистиканы реформалоо менен байланышкан семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө өз ара кызматташуу;
статистикалык маалыматтарды мамлекеттер аралык алышуу жана аларды КМШнын Статкомитетинин жылдык иштеринин программасына ылайык жарыялоо;
Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мамлекеттер аралык байланышын жана Макулдашууга катышкан мамлекеттердин социалдык-экономикалык абалын мүнөздөгөн жалпы статистикалык базаларынын иштөөсүн жана системалык заманбапташтырууну камсыз кылуу жана түзүү;
Макулдашууга катышкан мамлекеттердин социалдык-экономикалык абалын, алардын дүйнөлүк экономикадагы интеграциянын жүрүшүндө өз ара аракеттешүүсүн жана кызматташуусун мүнөздөгөн статистикалык көрсөткүчтөрдү изилдөө;
КМШнын Экономикалык Кеңеши, Аткаруу комитети, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин катчылыгы жана Шериктештиктин башка органдары менен маалыматтык кызматташуу;
эл аралык статистикалык кызматташтыкты ишке ашыруу, эл аралык статистикалык уюмдардын иштерине катышуу;
эл аралык статистикалык долбоорлорго катышуу;
КМШнын алкагында шайкештикти камсыздоочу мамлекеттик статистикадагы алдыңкы маалыматтык технологияларды жайылтууга көмөктөшүү;
Кеңештин отурумдарында талкуулоо жана бекитүү үчүн Кеңештин жана КМШнын Статкомитетинин күнүмдүк жана келечектеги иштеринин долбоорлорун даярдоо;
Макулдашууга катышкан мамлекеттердин жалпы экономикалык жагдайы, экономикалык кызматташтыгынын динамикасы жана тенденциясы тууралуу аналитикалык жана маалыматтык-болжолдоочулук материалдарды кагаз жана электрондук түрдө бюллетень, баяндама, жыйнак форматында даярдоо жана маалыматтык-статистикалык материалдарды КМШнын Статкомитетинин расмий сайтына жайгаштыруу.
III. КМШнын Статкомитетинин укуктары
КМШнын Статкомитети өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
Макулдашууга катышкан мамлекеттердин тийиштүү органдарынан төлөмсүз негиздеги мамлекеттик бири-бирине каршы турбаган мыйзамдардын тартибинде жана шарттарында расмий статистика чөйрөсүндөгү ишмердикти жөнгө салуучу жалпы статистикалык маалыматтардын жана ченемдик-укуктук актылардын базасын түзүү үчүн мамлекеттер аралык алышуунун тартибинде статистикалык маалыматтарды алууга;
зарылчылыкка жараша КМШнын Статкомитетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча Макулдашууга катышкан мамлекеттердин эксперттерине кеңешмелерди уюштурууга;
КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңешине, өкмөт башчыларынын Кеңешине жана Экономикалык Кеңешине чечимдерди талап кылуучу маселелер боюнча бекитилген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
Макулдашууга катышкан мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын Кеңеши менен Макулдашууга катышкан мамлекеттердин жалпы статистикалык иштерин жүргүзүүнү макулдашууга;
өзүнүн компетенциясына кирген жана башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга.
IV. КМШнын Статкомитетинин курамы
4.1. КМШнын Статкомитетин жетектөөнү Төрага жана анын КМШга мүчө мамлекеттерден үч жылдык мөөнөткө дайындалган орун басары ишке ашырат.
4.1.1. КМШнын Статкомитетинин төрагасын Кеңеш жана КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңеши шайлайт. КМШнын Статкомитетинин төрагасы Кеңештин мүчөсү болуп саналат.
4.1.2. КМШнын Статкомитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна дайындоо Кеңештин отурумунда талапкер жактырылгандан кийин КМШнын Статкомитетинин төрагасынын буйругу менен дайындалат.
4.2. КМШнын Статкомитетинин төрагасы:
КМШнын Статкомитетинин ишин уюштурат, буйруктарды чыгарат жана өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү берет;
төраганын орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрөт;
КМШнын Статкомитетин эл аралык уюмдарда көрсөтөт;
КМШга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңеши менен өкмөт башчыларынын Кеңеши бекиткен сандын жана эмгек акы фондунун чегинде КМШнын Статкомитетинин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
жайгашкан жериндеги мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келбеген жумушка кабыл алуунун, кызматтан, аттестациядан өтүүнүн жана жумуштан бошотуунун тартибин бекитет;
түзүмдүк бөлүктөр жөнүндө жобону бекитет;
ички тартиптин эрежелерин бекитет;
КМШнын Статкомитетинин кызматкерлерин кызмат ордуларына дайындайт жана бошотот;
КМШнын Статкомитетинин атынан өзүнүн компетенциясына кирген чарбачылык жана башка маселелер боюнча келишимдерди түзөт.
4.3. КМШнын Статкомитетинин төрагасынын орун басарлары өздөрүнүн ишин бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык ишке ашырышат.
4.4. КМШнын Статкомитетинин кызматкерлери эл аралык кызматкерлерге теңдештирилет, штаттык кызматтарга Макулдашууга катышкан мамлекеттердин жарандарынан жалдоо тартибинде эмгек келишимин түзүү менен КМШнын Статкомитетинин жайгашкан жериндеги мамлекеттин эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык дайындалат. Алардын макамы, укугу жана милдеттери 2003-жылдын 25-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын кызмат жактарынын жана кызматкерлеринин укуктук макамы жөнүндө Макулдашуу менен аныкталат.
4.5. КМШнын Статкомитетинин кызматкерлери расмий милдеттерди аткарууда өзүнүн мамлекетинин кызыкчылыктарын көрсөтө алышпайт, Макулдашууга катышкан, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин бийлик органдарынан же расмий жактарынан көрсөтмөлөрдү сурай же ала алышпайт.
4.6. КМШнын Статкомитетинин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн, социалдык жана медициналык камсыздоонун шарттары КМШнын өкмөт башчыларынын чечимдери менен аныкталат.
4.7. КМШнын Статкомитетинин кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо, ошондой эле КМШнын Статкомитетинде иштеген мезгилинин эсебинен алардын иштеген жылдары жарандыгын алган мамлекеттин мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.
V. Иштерди уюштуруу
5.1. КМШнын Статкомитети өзүнүн ишин аныкталган Регламент жана ушул Жобо менен уюштурат.
5.2. КМШнын Статкомитетинин күнүмдүк иши анын статистикалык иштердин жылдык программасына ылайык ишке ашырылат.
5.3. КМШнын Статкомитети Кеңештин катчылыгынын уюштуруу-техникалык жана маалыматтык камсыздоо боюнча милдеттерин ишке ашырат.
5.4. КМШнын Статкомитети ички эмгек тартибин бекитет жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына жана КМШнын мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана Экономикалык Кеңешинин чечимдерине ылайык финансылык-чарбалык ишмердикти ишке ашырат.
5.5. КМШнын Статкомитетинин ишин финансылык камсыздоо КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңеши бекиткен КМШнын органдарынын бирдиктүү бюджетинен Макулдашууга катышкан мамлекеттердин үлүштүк төлөм акыларынын эсебинен ишке ашырылат.
5.6. КМШнын Статкомитетин кармоого кеткен чыгымдардын бюджеттик сметасы КМШнын Статкомитетинин төрагасы тарабынан КМШнын Статкомитетинин органдарынын бирдиктүү бюджетинде тийиштүү финансылык жылга КМШнын Статкомитети тарабынан каралган чекте бекитилет.
5.7. КМШнын Статкомитетинин ишин кошумча каржылоо булактары түзүүнү жана пайдаланууну КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңешинин чечими аныктаган, бюджеттен тышкы булактардан келип түшүүчү тышкы бюджеттик каражаттар болушу мүмкүн.
5.8. КМШнын Статкомитетинин финансылык-чарбалык ишин текшерүүнү Макулдашууга катышкан мамлекеттердин өкүлдөрү КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңешинин тескемеси боюнча эки жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүшөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңешинин кароосуна жөнөтүлөт.
5.9. КМШнын Статкомитети кызматтык жайлар жана мүлктөр менен Россия Федерациясынын макулдашуусу боюнча аныкталуучу тартипте жана шарттарда камсыз болот.
5.10. КМШнын Статкомитетинде методологиялык маселелерди кароо үчүн Жобосу Кеңеш тарабынан бекитилген Методологиялык кеңеш иштейт.
VI. Жыйынтыктоону жоболор
6.1. КМШнын Статкомитетинин жумушчу тили орус тили болуп саналат.
6.2. КМШнын Статкомитети Россия Федерациясынын Минск шаарында жайгашат. КМШнын Статкомитетинин Россия Федерациясында болушунун шарттарын Россия Федерациясынын Өкмөтү менен КМШнын Статкомитетинин ортосундагы Макулдашуу аныктайт.
2013-жылдын 31-майындагы Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашууга Армения Республикасынын ЭСКЕРТМЕСИ
Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашууда жазылган жоболор Азербайжан Республикасынын Тоолуу Карабах элинин өз тагдырын өзү чечүүсүнө карата этникалык таза саясат жүргүзүүсүнүн натыйжасында болгон Тоолуу Карабах кагылышын жөнгө салууга жана Тоолуу Карабах Республикасына каршы аскер баскынчылыгынан бошонууга чейин Армения Республикасы тарабынан Азербайжан Республикасына карата колдонулбайт.
Армения Республикасынын Премьер-министри |
| Т.Саркисян |
2013-жылдын 31-майындагы Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашууга Азербайжан Республикасынын ЭСКЕРТМЕСИ
Азербайжан Республикасынын КМШ мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тармактык кызматташтык органдары жөнүндө жалпы Жобо тууралуу" 2009-жылдын 9-октябрындагы чечимине өзгөчө пикирин билдирүү менен маалымдайбыз.
Азербайжан Республикасынын Армения Республикасы тарабынан оккупацияланган бардык аймактары бошогонго жана Азербайжан Республикасына каршы баскынчылык натыйжасы толугу менен токтогонго чейин Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашууда жазылган укуктардын, милдеттердин жана жоболордун ичинен бирөөсү да Азербайжан Республикасы тарабынан Армения Республикасына карата колдонулбайт.
Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары |
| Я.Эюбов |
Украинанын ЭСКЕРТМЕСИ
Украина КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңеши жөнүндө Жобонун I бөлүмүнүн 1.2-пунктуна, КМШнын Уставына тиешелүү болгон КМШнын мамлекеттер аралык статистикалык комитети жөнүндө Жобонун 1-бөлүмүнүн 1.2-пунктуна, ошондой эле, Мамлекет аралык статистикалык комитет жөнүндө жобонун 1.1, 4.4-пункттарына өзүн милдеттүү деп эсептебейт.
Украинада 2003-жылдын 25-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин кызмат адамдарынын жана органдарынын кызматкерлеринин укуктук макамы жөнүндө Макулдашуу күчүнө кире элек.
Украинанын Премьер-министри |
| Н.Азаров |