Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июлу № 423
Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды мүлктүк жалдоонун типтүү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды мүлктүк жалдоонун тиркелген типтүү келишими бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 25-июнундагы № 423
токтому менен бекитилген
Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды мүлктүк жалдоонун Типтүү келишимин
________________________________________________________________________ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу ________________________________________________________________________ органынын атынан аракеттенген турак жайдын менчик ээсинин аталышы (аты-жөнү) ________________________________________________________________________ паспорттун сериясы жана номери, ким тарабынан жана качан берилген ________________________________________________________________________ мындан ары Жалдоого берүүчү деп аталып бир тараптан, жана жаран ________________________________________________________________________ (аты-жөнү) мындан ары Жалдоочу деп аталып экинчи тараптан, Турак жайды берүү жөнүндө 20 __ -жылдын «__» _______ № ____ чечиминин негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Турак жайды жалдоо келишиминин предмети
1.1. Жалдоого берүүчү Жалдоочуга жана анын үй-бүлөсүнө Укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө 20 __ -жылдын «__» ________ № ___ күбөлүгүнүн негизинде ___________________ дарегинде жайгашкан жалпы аянты ___ чарчы метр, анын ичинде турак аянты ____ чарчы метр болгон, мамлекеттик (муниципалдык) менчикте турган турак жайды (мындан ары - «турак жай») акы төлөп убактылуу ээлик кылып турууга жана пайдаланууга өткөрүп берет. 1.2. Берилип жаткан турак жайдын, анын техникалык абалынын, анда жайгашкан санитардык-техникалык жана башка жабдууларынын мүнөздөмөсү турак жайдын техникалык паспортунда көрсөтүлгөн. 1.3. Жалдоочу менен бирге анын төмөнкү үй-бүлө мүчөлөрү турак жайга көчүп кирет: 1) ____________________________________________________________________ ; (Жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнү жана аны менен туугандык даражасы) 2) ____________________________________________________________________ . (Жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнү жана аны менен туугандык даражасы) 1.4. Бул келишим 20 __ -жылдын ___________ тартып 20 __ -жылдын __________ чейинки мөөнөткө түзүлөт. 1.5. Эгерде келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тараптар аны токтотуу, өзгөртүү же жаны Келишимди түзүү жөнүндө арыз беришпесе, келишим узартылды деп эсептелет, бирок узартуу 10 жылдан ашык болбойт. 1.6. Жалдоочу турак жайды ушул Келишимде каралган шарттарда жашап туруу үчүн пайдаланууга милдеттенет. 1.7. Жалдоочуга өткөрүп берилип жаткан турак жай жергиликтүү шарттарга жараша ыңгайлаштырылып, санитардык жана техникалык ченемдерге жооп бергендей болушу керек.
2. Жалдоого берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
2.1. Жалдоого берүүчү Жалдоочудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу: - турак жай жана коммуналдык кызматтар үчүн акыны өз убагында төлөөнү талап кылууга; - Жалдоочу Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарын жана ушул Келишимдин шарттарын бузган учурда бул Келишимди бузууга; - Жалдоочу менен алдын ача макулдашылган убакта турак жайдын абалын текшерүүгө; - Жалдоого берүүчүдө Кыргыз Республикасынын турак жай жана жарандык мыйзамдарында каралган башка укуктары да болушу мүмкүн. 2.2. Жалдоого берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү: - турак жайды пайдаланууга жарактуу абалда өткөрүп берүүгө; - Мүлктү жалдоо келишиминин шарттарын аткарууга; - Жалдоочу жашоо эрежелерин бузган жана башка адамдарга зыян келтирген учурда Мүлктү жалдоо келишимин бузууга; - Жалдоочуга башка адамдардын дооматынан эркин турак жайды берүүгө; - берилген турак жай турган кеп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү тийиштүү түрдө урунууга жана оңдоого катышууга; - турак жайды капиталдык оңдоого; - башка милдеттерди аткарууга.
3. Жалдоочунун укуктары жана милдеттери
3.1. Жалдоочу төмөнкү укуктарга ээ: - турак жайды өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү менен жашап туруу үчүн пайдаланууга; - көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү пайдаланууга; - Кыргыз Республикасынын турак жай жана жарандык мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ. Жалдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү: - турак жайды субижарага бербөөгө, пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп бербөөгө, ошондой эле Жалдоого берүүчүнүн макулдугусуз башка адамдарды киргизип албоого; - турак жайды пайдалануу эрежесин сактоого жана жанаша кошуна жайлардын ээлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузбоого; - турак жай жана коммуналдык кызматтар үчүн акыларды өз убагында төлөөгө жана Жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча баардык төлөмдөр боюнча төлөнгөн эсептерди, квитанцияларды көрсөтүүгө; - Жалдоочунун жана/же аны менен жашаган адамдардын күнөөсүнөн турак жайда болгон авариялардын кесепеттерин жоюуга; - Жалдоочунун жазуу түрүндөгү уруксатысыз турак жайды өз эркинче өзгөртүп курбоого жана өзгөртүп пландоого жол бербөөгө; - Кыргыз Республикасынын турак жай жана жарандык мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга. Жалдоочунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жок болушу анын ушул Келишимдеги укуктарынын жана милдеттеринин өзгөрүшүнө алып келбейт; 3.2. Жалдоочунун аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү Турак жай мүлктүк жалдоо келишиминен келип чыгуучу укуктарды Жалдоочу менен бирдей пайдаланышат жана милдеттерди алышат. 3.3. Жалдоочу менен үй-бүлөлүк мамилеси токтогон учурда мурдагы үй-бүлө мүчөлөрүндө турак жайды пайдалануу укугу сакталып калбайт.
4. Төлөмдөр жана эсептешүү тартиби
4.1. Ушул Келишимдин 1.1-п. көрсөтүлгөн турак жайды жалдоо үчүн акы айына ______________________________ сомду түзөт. (суммасы сөз менен жазылат) 4.2. Турак жайды жалдагандык үчүн акы ____________________________________ (ай сайын, квартал сайын - керектүүсүн көрсөтүү керек) өтүп жаткан айдын _____________ күнүнөн ____________ кечиктирбестен __________ мурда алдын ала төлөнөт. 4.3. Турак жайды жалдоо үчүн акынын курамына көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү техникалык жана санитардык-гигиеналык күтүү үчүн чыгымдарды төлөө суммасы, ошондой эле Турак жай курулушун өнүктүрүү фондуна жөнөтүлүүчү акчалай сумма кирет. 4.4. Батирдин акысынан сырткары коммуналдык кызматтар (суу менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, электр, жылуулук менен камсыздоо жана башка кызматтар) үчүн акылар белгиленген тартипте бекитилген тарифтер боюнча алынат жана берилген эсептер боюнча Жалдоочу тарабынан төлөнөт. 4.5. Жалдоочу турак жай үчүн акыны бергендигинин фактысы Жалдоого берүүчүнүн квитанциясы менен тастыкталат. 4.6. Турак жайды жалдагандык үчүн акы өз убагында төлөнбөсө, Жалдоочу ар бир кечиктирген күн үчүн жалпы карыздын суммасынан 0,5 пайыз көлөмүндө үстөк төлөйт.
5. Келишимди өзгөртүү жана токтотуу шарттары
5.1. Бул Келишим турак жай Жалдоочуга өткөрүп берилгенден жана ушул Келишимдин 1-тиркемесине ылайык формадагы Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы таризделгенден кийин күчүнө кирет. 5.2. Жалдоочунун же Жалдоого берүүчүнүн демилгеси боюнча ушул Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр ага кошумча түрүндөгү жазуу макулдашуулар менен таризделет. 5.3. Келишим анын жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин, ушул Келишимдин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча мүлк өткөрүп берилгенден жана тараптардын ортосунда баардык эсептешүүлөр бүткөндөн (тараптар милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарышкандан) кийин токтойт. 5.4. Келишим тараптардын жазуу түрүндөгү макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн. 5.5. Келишимдин жарактуулугу төмөнкүдөй учурларда токтотулат, эгер: - тараптардын бири Келишим боюнча милдеттенмесин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса; - Жалдоочу турак жайдын менчик ээсинин наамына бул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө арыз берсе; - Жалдоочу жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ушул калктуу конуштун чегинен тышка туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде; - Жалдоочу каза болгондо же ал дайынсыз жоголду деп эсептелгенде; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча. 5.6. Бул Келишим үч жылга же андан ашык мөөнөткө түзүлгөндө кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
6.1. Тараптар бул Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын турак жай жана жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат, 6.2. Тараптар алардын күчтөрү жетпеген окуялар жана/же факторлор, алар башкара албаган же Тараптардын алы жетпей турган жаратылыш кырсыктары, куралдуу чыр-чатактар, мамлекеттик бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ченемдик актылары сыяктуу, Келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну олуттуу кыйындаткан же аткарууга мүмкүндүк бербеген себептерден улам ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткара албагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат. 6.3. Бышмана төлөө, ушул Келишимди токтотуу же бузуу тараптарды ушул Келишимде каралган милдеттерин аткаруудан бошотпойт.
7. Талаштарды чечүү тартиби
7.1. Ушул Келишимди аткаруу процессинде тараптардын ортосунда болуучу баардык талаштар жана келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен чечилет. 7.2. Эгер макулдашууга жетишишпесе, талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
8. Башка шарттар
8.1. Тараптардын ушул Келишим менен жөнгө салынбаган өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын, турак жай жана жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. 8.2. Бул келишим эки нускада түзүлдү, бирөө Жалдоого берүүчүдө, экинчиси - Жалдоочуда сакталат.
Тараптардын колдору:
|
Мамлекеттик жана муниципалдык
турак жай фондунун үйлөрүндөгү
турак жайды мүлктүк жалдоонун
типтүү келишимине 1-тиркеме
Форма
Турак жайды кабыл алуу-өткөрүп берүү Актысы _____
Биз, ____________________________________________________________________ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органыны) ________________________________________________________________________ атынан аракеттенген турак жайдын менчик ээсинин аталышы (аты-жөнү) мындан ары «Жалдоого берүүчү» деп аталып бир тараптан, жана жаран ________________________________________________________________________ (аты-жөнү) мындан ары «Жалдоочу» деп аталып экинчи тараптан, Жалдоого берүүчү _____________________________________________________________ дарегиндеги жалпы аянты _____ чарчы метр, анын ичинде пайдалуу аянты _______ чарчы метр болгон турак жайды бергендиги, ал эми Жалдоочу кабыл алгандыгы жөнүндө ушул актыны түзүштү: Бул турак жай ___________________________________________________________ (ысык суу, муздак суу, канализация, жылуулук, электр ________________________________________________________________________ жарыгы, телефон, интернет, кабельдик телекөрсөтүү, газ (же электр) ________________________________________________________________________ меши ж.б. менен камсыздалган - саналат). Жалдоочунун пайдалануусуна үйдө пайдаланылуучу төмөнкү тиричилик буюмдары өткөрүп берилет ___________________________________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ (аталышы) Турак жайдын техникалык абалы - анда жашоо үчүн жарактуу.
|
Мамлекеттик жана муниципалдык
турак жай фондунун үйлөрүндөгү
турак жайды мүлктүк жалдоонун
типтүү келишимине 2-тиркеме
Форма
Турак жайды кабыл алуу-өткөрүп берүү Актысы ____
Биз, ____________________________________________________________________ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (же жергиликтүү өз алдынча ________________________________________________________________________ башкаруу органынын) атынан аракеттенген турак жайдын менчик ээсинин аталышы (аты-жөнү) мындан ары «Жалдоого берүүчү» деп аталып бир тараптан, жана жаран _________ ________________________________________________________________________ (аты-жөнү) мындан ары «Жалдоочу» деп аталып экинчи тараптан, Жалдоочу _______________________________________________________________ дарегиндеги жалпы аянты ______ чарчы метр, анын ичинде пайдалуу аянты ________ чарчы метр болгон турак жайды бергендиги, ал эми Жалдоого берүүчү кабыл алгандыгы жөнүндө ушул актыны түзүштү: Турак жай тийиштүү тартипте тапшырылды. Турак жайдагы техника, күндөлүк керектелүүчү тиричилик буюмдары оң абалда өткөрүп берилди, Жалдоочуга карата доомат жок.
|