Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 31-июлундагы № 427
токтому менен бекитилген
№ | Иш-чаралар | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Каржылоо булактары, бюджет (сом менен) |
1. Безгек оорусунун бардык учурлары жөнүндө эрте билдирүү, аларды өз учурунда аныктоо жана дарылоо
| |||||
1. | Эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумун кайра багыттоо жана аны ишке киргизүү | ССМ | 2014-жыл | Безге оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутуму ишке киргизилди | ССМдин бюджети, 200000 |
2. | Колдонуудагы «ЖОКБ» (жугуштуу ооруларга компьютердик байкоо жүргүзүү) компьютердик программаны колдоо жолу менен безгекке чалдыгуу учурларын эсепке алуу жана каттоо тутумун өркүндөтүү | ССМ, ИИМ, КМ, жеке саламаттык сактоо уюмдары (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Колдонуудагы ЖОКБ (жугуштуу ооруларга компьютердик байкоо жүргүзүү) компьютердик программа өркүндөтүлдү | ССМдин жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын бюджеттери, 50000 |
3. | Безгек оорусуна чалдыгуу учурларын улуттук каттоону киргизүү | ССМ | Дайыма | Безгек оорусуна чалдыгуу учурларын каттоо боюнча маалыматтар базасы колдонулууда | ССМдин бюджети, 50000 |
4. | Өз убагындагы лабораториялык дарт аныктоону жана лабораториялык контролду камсыздоо | ССМ, ИИМ, КМ, жеке саламаттык сактоо уюмдары (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Лабораториялык дарт аныктоонун бардык этаптарында кандын бардык мазокторун 10%га жана кандын оң мазокторун 100%га кайра контролдо, ПЦР дарт аныктоону ишке киргизүү камсыз кылынды | ССМдин жана ЖКБКГФнын (макулдашуу боюнча) бюджети, 600000 |
5. | Дары препараттарынын түгөнбөгөн камдыгын түзүү | ССМ, ЖКБКГФ (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл | Безгектин 15 сырттан жуктуруу учуруна түгөнбөгөн камдык түзүлдү | ЖКБКГФнын (макулдашуу боюнча) бюджети, 300000 |
2. Безгек оорусунун кайра башталышы мүмкүн болгон бардык учурларды жана себептерди аныктоо
| |||||
6. | Безгек оорусуна чалдыгуунун ар бир учуруна толук эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүү жана безгекке каршы зарыл болгон иш-чараларды ишке ашыруу | ССМ | Дайыма | Аныкталган учурлар 100%га териштирилген | ССМдин бюджети, 50000 |
7. | Тобокелдик топторундагы адамдардын арасында консультация жүргүзүү үчүн алдын алуучу кабинеттерди ачуу | ССМ | 2014-жыл | Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин, ошондой эле аймактык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун алдында алдын алуучу кабинеттер түзүлдү жана иштеп жатат | Талап кылынбайт |
3. Безгек оорусунун жугушу кайра башталган учурда кечиктирилгис (өтө шашылыш) тиешелүү чараларды көрүү
| |||||
8. | Безгек оорусун жуктуруучуларга дайыма байкоо жана мониторинг жүргүзүү | ССМ | Дайыма | Жуктуруучуларга фенологиялык жана метеорологиялык байкоо жүргүзүү, ошондой эле күрүч өстүрүлүүчү аянттарды жөнгө салуу ишке ашырылууда | ССМдин бюджети, 150000 |
9. | Калктын ден соолугун туруктуу чындоого жана гидротехникалык, мелиоративдик долбоорлорду рационалдуу пландаштырууга багытталган гидротехникалык иш-чаралар. | ССМ, АЧММ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Жыл сайын | Гидротехникалык жана мелиоративдик иш-чараларды жакшыртуу боюнча отчёттор берилген | ССМдин бюджети, гранттар, 1000000 |
Күрүч плантацияларын гамбузиялоо. |
|
|
|
| |
Үй ичин тазалоо; Безгек оорусунун эпидемиологиялык очокторунда жашаган боюнда бар аялдарды жана жаш курактагы балдарды көшөгөлөр менен камсыз кылуу |
|
|
|
| |
10. | Безгек оорусу боюнча эндемикалык өлкөлөргө баруучу жана ал жактан келүүчү туристтердин жана жарандардын башка категорияларынын (студенттер, аскер кызматчылары, эл аралык жүк ташуучу айдоочулар, учкучтар, мигранттар жана мезгилдик жумушчулар), арасында безгек оорусу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү | ССМ, ЭМЖМ, Этностор агенттиги, Чек ара кызматы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Кыргыз Республикасында безгек оорусунун сырттан жугушунун жаңы учурун алдын алуу | ССМдин, башка кызыкдар мамлекеттик органдардын бюджети, 150000 |
11. | Инсектициддердин, автомакстардын жана башка безгек оорусун жуктуруучулар менен күрөшүү үчүн каражаттардын түгөнбөгүн камдыгын түзүү | ССМ | 2014-жыл | Безгек оорусун сырттан жуктуруу учурларынын очоктору тазаланды | ССМдин жана ЖКБКГФнын (макулдашуу боюнча) бюджети, 1026000 |
4. Саламаттык сактоо тутумунун жана ведомстволук медициналык мекемелердин адистерин кесиптик даяроо/кайра даярдоо
| |||||
12. | Дипломдук жана дипломдон кийинки билим берүү тутумдарына окуу программаларын киргизүү | ССМ, БИМ | 2015-жыл | Иштелип чыккан модулдар адистерди даярдоо тутумуна киргизилди | Талап кылынбайт |
5. Секторлор аралык макулдашылган иш-аракеттерди кеңейтүү жана социалдык мобилизациялоонун деңгээлин көтөрүү | |||||
13. | Программаны секторлор аралык башкарууну өркүндөтүү | ССМ, ИИМ, КМ, ЭМЖМ, ММТМ, БИМ, АЧММ, Этностор агенттиги, Чек ара кызматы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитеттин жыйындарында безгек оорусу боюнча маселелер талкууланды | Талап кылынбайт |
14. | Программалык милдеттерди ишке ашыруу үчүн ведомстволук пландарды иштеп чыгуу | ССМ, ИИМ, КМ, ЭМЖМ, ММТМ, БИМ, АЧММ, Этностор агенттиги, Чек ара кызматы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча)) | 2014-жыл | Ведомстволук пландар иштелип чыкты | Талап кылынбайт |
15. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитеттин жыйында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун ресурстарынын сарамжалдуу пайдаланылышын камсыз кылуу боюнча маселени кароо | ССМ | 2015-жыл, 2018-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитеттин жыйында маселе каралды | Талап кылынбайт |
16. | Калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана алардын безгек оорусун алдын алууга катышуусу | ССМ, БИМ, ММТМ | Дайыма | Брошюралар, постерлер, видеороликтер чыгарылды, телекөрсөтүүдө жана радиодо акциялар өткөрүлдү | ССМдин бюджети, 200000 |
6. Чектеш өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүдө ДСУнун жана башка эл аралык уюмдардын ролу
| |||||
17. | Чек арага жакын зоналарда безгек оорусуна каршы иш-чараларды шайкеш келтирүү максатында иш-аракеттердин биргелешкен планын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Өзбекистан, Тажикистан, Казакстан менен чектешкен Аймактык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору | 2015-жыл | Иш-чаралардын биргелешкен планы бекитилди | ССМдин бюджети, 20000 |
18. | Элиминациядан кийинки мезгилде безгек оорусуна каршы иш чараларга мониторинг жүргүзүү, алардын жыйынтыктарын баалоо, безгек оорусу боюнча илимий-практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү | ССМ жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Жыл сайын | ССМнын жана коммерциялык эмес уюмдардын изилдөөчү топторунун отчёттору жыл сайын берилип турат | ССМдин жана донордук уюмдардын (макулдашуу боюнча) бюджети, 500000 |
Кыскартуулардын тизмеси:
ССМ | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ИИМ | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
КМ | - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
ЖКБКГФ | - ЖИКС, кургак учук, безгек оорулары менен күрөшүү боюнча глобалдык фонд |
АЧММ | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
ЭМЖМ | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
Чек ара кызматы | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
БИМ | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ММТМ | - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
Этностор агенттиги | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |