Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-июлу № 384
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасында стратегиялык документтерди инвентаризациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-апрелиндеги № 300 "Кыргыз Республикасынын борбордук жылуулук менен жабдуу тармагында Структуралык кайра түзүүлөргө дүйнөлүк банктын (CSAC) бириктирилген кредитин андан ары ишке ашыруу боюнча аракеттердии планы жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-февралындагы № 47 "2013-2017-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 427 "2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 91 "2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартындагы № 129 "2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планы жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 255 "Геомаалыматтык технологияларды жана аралыктан байкоо жүргүзүүлөрдү колдонууну эске алып, кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун 2015-2017-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 618 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 33 "2018-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому;
12) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 29-февралындагы № 92/76/4 токтому;
13) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтому;
14) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |