Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтому менен бекитилген |
"Бишкек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 523, 2020-жылдын 5-мартындагы № 130, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688, 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 213, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304, 2026-жылдын 7-августу № 528 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөмүндөгү (мындан ары -"Бишкек" ЭЭЧ) чарбалык жана тышкы экономикалык иштин укуктук негиздерин аныктайт.
2. "Бишкек" ЭЭЧны түзүүнүн максаты Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестицияларды, технологияларды тартууга жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, өндүрүштү, туризмди, унаа инфратүзүмүн, заманбап өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өнүктүрүү, рынокторду товарлар менен толтуруу, калктын жашоо турмушунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Бишкек" ЭЭЧнын иши жана "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды каттоо менен байланышкан мамилелер "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
5. "Бишкек" ЭЭЧ функциялык типтеги ЭЭЧ болуп саналат, анын тосмо тургузулган аймагы жана чек аралары, бюджети, башкаруунун өздүк органдары бар.
6. "Бишкек" ЭЭЧ жалпы аянты 346,2308 гектар болгон 4 участокто жайгашкан, анын ичинде:
- Бишкек шаарындагы Улуттук көргөзмө борборунун аймагында - 42,61 га аянттагы участокто;
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ак-Чий айылында, Бишкек шаарынан түндүктү карай 10-чу километрде - 203,09 га аянттагы участокто;
- Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында - 100 га аянттагы участокто.
- Бишкек шаарында мурдагы Батыш автобекетинин аймагында 0,5308 га аянттагы участокто.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 213, 2026-жылдын 7-августу № 528 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. "Бишкек" ЭЭЧны уюштуруунун жана анын иштелишинин шарттары
7. "Бишкек" ЭЭЧ Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине бажылык контролдоо жана бажылык жөнгө салуу менен камсыз кылына турган атайын бөлүнгөн аймакта түзүлөт.
8. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык режими колдонулган "Бишкек" ЭЭЧнын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар, анын ичинде тосмо орнотуу боюнча талаптар, ошондой эле "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Бажы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмонун же бажылык контролдоонун башка шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн бышыктайт.
9. Эгерде ушул бапта башкача каралбаса, ушул Жобонун 7-пунктунда каралган шарттар сакталбаган учурда "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттерине жалпы салыктык режим колдонулат.
10. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактаган шартта Евразия экономикалык бирлигинин товарларын жана чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарбалык ишти жүргүзө алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
11. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзөт.
12. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттерин алар тарабынан бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган учурлардан тышкары, каалаган мамлекеттик орган тарабынан "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин чарбалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3. "Бишкек" ЭЭЧны каржылоо жана өзгөчө валюталык режим
14. "Бишкек" ЭЭЧны түзүүгө жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды, анын ичинде өндүрүштүк, инженердик, унаалык жана башка инфратүзүмдүк, "Бишкек" ЭЭЧнын иштеши менен байланышкан башка чыгымдарды, ошондой эле башкы дирекцияны күтүүгө каралган сарптоолорду каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, "Бишкек" ЭЭЧнын өздүк бюджетинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ай сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн акчадан 0,02 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке чегерет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, 2020-жылдын 5-мартындагы № 130 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
151. "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери катары өз иштерин жүзөгө ашыруу укугу үчүн "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери "Бишкек" ЭЭЗнын башкы дирекциясына акы төлөшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекти катары "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөө төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
ЭЭЧнын резиденттери үчүн салык салуу боюнча жеңилдиктерди пайдалануу үчүн чегерүүлөр календардык жылдын ичинде төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- программалык камсыздоону иштеп чыгуу, сайттарды тейлөө боюнча аткарылган жумуштар жана IT-технология кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алынган акчадан 1,0%;
- 500,0 млн. сомго чейин ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды экспорттоодо бажы наркынан 1,0%;
- 500,0 млн. сомдон ашык суммага ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды экспорттоодо бажы наркынан 0,6%;
- 50,0 млн. сомго чейин ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууда бажы наркынан 2,0%;
- 50,0 млн. сомдон 200,0 млн. сомго чейинки суммага ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууда бажы наркынан 1,6%;
- 200,0 млн. сомдон 500,0 млн. сомго чейинки суммага ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууда бажы наркынан 1,4%;
- 500,0 млн. сомдон ашык суммага ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууда бажы наркынан 1,2%;
- календардык жылдын ичинде 500,0 млн. сомго чейин чет өлкөлүк товарларды сатууда бажы наркынан 2,0%;
- 500,0 млн. сомдон ашык суммага чет өлкөлүк товарларды сатууда бажы наркынан 1,6%;
- жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчадан 2%;
- ЭЭЧнын аймагында агенттик кызматтарды көрсөтүүдө чет өлкөлүк товарларды ташып келүүнүн жана ташып чыгуунун бажы наркынын айырмасынан 1,6%.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)
17. "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында өзгөчө валюталык режим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык кызмат көрсөтүүдө жана юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы эсептешүүлөрдө чет өлкөлүк валютанын эркин жүгүртүлүшүн карайт.
18. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары менен болгон эсептешүүлөрү тараптардын макулдугу боюнча каалагандай валютада жүргүзүлөт.
4. Салыктык милдеттенмелерди жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу
19. Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары каттоо же юридикалык жак тарабынан ЭЭЧнын субъекти катары макамын жоготуу Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары эсептик каттоо тартибине ылайык жүргүзүлөт.
20. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине карата жеңилдетилген салыктык режим бажы иштери чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмолордун же башка шарттардын "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттерин бажылык контролдоо талаптарына шайкештигин бышыктаган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 58-главасына ылайык колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)
21. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекти мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалдануу боюнча иштеп жаткан жеке жактарды мамлекеттик социалдык камсыздандырат.
22. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери бухгалтердик эсеп жөнүндө тартипке жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жана финансылык-чарбалык иш тууралуу отчеттуулукту жүргүзөт.
5. "Бишкек" ЭЭЧда колдонулуучу бажылык жол-жобо
(Бөлүктүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
23. "Бишкек" ЭЭЧнын аймагы бажы иштери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагынын бөлүгү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Эркин бажы чөлкөмү - бажылык жол-жобосу, мында "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери бажы алымдарын, салыкты төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонбостон жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон "Бишкек" ЭЭЧнын аймагынын чектеринде товарларды жайгаштырат жана колдонушат.
Бишкек" ЭЭЧнын аймагына эркин бажы чөлкөмү бажылык жол-жобосунун алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы иштери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажылык контролдоону камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
26. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери "Бишкек" ЭЭЧнын аймагына алып келген чет өлкөлүк товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосунун шарттарына ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын аймагына жайгаштырылат жана колдонулат.
Бишкек" ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын субъекти тандап алган бажылык жол-жобонун шарттарында жүзөгө ашырылат.
27. Эркин бажы чөлкөмү бажылык жол-жобосу колдонулган "Бишкек" ЭЭЧнын аймагы бажылык контролдоонун чөлкөмү болуп саналат. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык жол-жобонун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажылык контролдоо жана бажылык операциялар Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
28. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Бишкек" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу менен жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.
29. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
29-1. "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында товарлар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери ташып келинүүчү, ташып чыгарылуучу, сакталуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, утилдештирилүүчү, сатып алынуучу жана сатылуучу товарлардын эсебин жүргүзүү жана ушул товарлар боюнча отчеттуулукту "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына, ошондой эле товарларды контролдоо жана эсепке алуу боюнча отчеттуулукту бажы жана салык органдарына берүүгө милдеттүү. "Бишкек" ЭЭЧнын чегинде товарларга байланыштуу ар кандай өзгөрүүлөр эсепке алуу документтеринде чагылдырылышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Кыргыз Республикасынын бажы жана салык органдары, ошондой эле "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз компетенцияларынын чегинде бажы жана салык иштери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери иштеген товарлар менен болгон операцияларды контролдойт жана эсепке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
31. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекти "Бишкек" ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып чыгуучу товарларга карата:
1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
32. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33. "Бишкек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү кошпогондо, квотадан бошотулат.
"Бишкек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен классификаторго ылайык аныкталган кайра иштетилүүчү ата мекендик айыл чарба продукцияны кошпогондо, квота алууга тийиш, анын көлөмү жыл ичинде "Бишкек" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпашы керек.
Продукция өндүрүүчү ("Бишкек" ЭЭЧнын субъекти) тарабынан ЭЭЧда өндүргөн продукциясын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө белгиленген квотадан ашкан көлөмүнө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Бишкек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо белгиленген квотанын сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 523, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
34. Эгерде товар Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук бойдон өндүрүлсө же жетиштүү иштетилсе/кайра иштетилсе "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.
35. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга "Бишкек" ЭЭЧинде кайра иштетилген даражасына, бүтүмдүн көлөмүнө жана сатып алуучунун ким экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЧнын субъекттери тарабынан ЭЭЧнын аймагынан ташылып чыккан товарлар, анын ичинде ЭЭЧнын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына аларды ажыратып алганда "салык салынуучу импорт" берими болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
36. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Бишкек" ЭЭЧнын аймагына алып келинген жана "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Бишкек" ЭЭЧнын аймагынан алып чыгарылган товарларды бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
37. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу алдына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды жайгаштырууга болбойт.
38. Юридикалык жак "Бишкек" ЭЭЧнын субъекти макамынан айрылгандан кийин "Бишкек" ЭЭЧнын аймагына юридикалык жак алып келген товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу алдында жайгаштырылышы мүмкүн эмес.
39. Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген "Бишкек" ЭЭЧнын аймагына киргизилүүчү товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат.
6. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери жана чет өлкөлүк инвесторлору үчүн мамлекеттик кепилдиктер
40. "Бишкек" ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттерине кепилдиктер белгиленет.
41. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттерине Кыргыз Республикасынын инвестициялык иштер жөнүндөгү мыйзамдарында каралган инвесторлордун укугун жана инвестицияларды коргоонун кепилдиктери колдонулат.
42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк инвестицияларды укуктук жактан коргоо кепилденет.
43. Чет өлкөлүк инвестор ("Бишкек" ЭЭЧнын субъекти) менен "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
44. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын кирүү, жүрүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
7. "Бишкек" ЭЭЧнын башкармалыгы
46. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы "Бишкек" ЭЭЧнын иштешине жана өнүгүшүнө жетекчиликти, ошондой эле анын карамагына кирген маселелер боюнча "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин координациялоону ишке ашыруучу эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкаруучу органы болуп саналат.
461. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
462. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
463. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы юридикалык жак болуп саналат, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга, ошондой эле сотто арыз ээси, доогер менен жоопкер болууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
464. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде:
"Бишкек" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы" мекемеси";
расмий тилде:
"Учреждение "Генеральная дирекция Свободной экономической зоны "Бишкек".
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
465. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын юридикалык дареги: 720016, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов пр. 303";
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
466. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликте болот.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
47. "Бишкек" ЭЭЧнын ишин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат орунга дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарышат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
471. Башкы директор:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын ишин уюштурат жана жетектейт;
2) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга башкы дирекциянын бюджетинин, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн долбоорлорун киргизет;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башкы дирекциянын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
5) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын коргойт;
6) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын атынан ишеним катсыз жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
7) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын жамааттык келишимине ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
11) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жасайт, финансылык документтерге кол коёт;
12) "Бишкек" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды берет;
13) финансылык жана эсептик тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик мезгилдин жыйынтыгы боюнча алынган пайданы бөлүштүрөт.
15) жүктөлгөн кызматтык милдеттерине ылайык коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштеши боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
48. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары алардын компетенциясына тийиштүү маселелерди чечүүдө, эгер алар "Бишкек" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын козгой турган болсо, "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча аракет кылышат. Кайчы пикирлер пайда болгон учурда алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)
49. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын карыздары жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, Кыргыз Республикасы "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын карыздары жана милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.
50. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды эсептик каттоону ишке ашыруу;
2) "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү, "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
3) "Бишкек" ЭЭЧда иштөө шарттары жөнүндө келишим түзүүгө юридикалык жактар берген билдирмелерди кароо;
4) "Бишкек" ЭЭЧнын субъектисинин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
5) "Бишкек" ЭЭЧнын иштери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын жактоо;
6) "Бишкек" ЭЭЧда инвестициялык жана ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүнүн шарттарын чагылдыруу, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду тартуу максатында Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жарнамалык, маалыматтык иштерди жүзөгө ашыруу;
7) "Бишкек" ЭЭЧнын иштери тууралуу маалыматтарды жалпыга тааныштыруу үчүн аны ачык пайдаланууну, анын ичинде "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын сайтына милдеттүү түрдө жайгаштыруу менен камсыз кылуу;
8) ЭЭЧнын ишинин Мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин "Бишкек" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;
9) "Бишкек" ЭЭЧинде иштөөнүн шарттары тууралуу келишимди түзүү жана/же узартуу жана алардын аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;
10) "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери катары алардын иши тууралуу маалыматтарды "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринен алуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын субъектисинин макамынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тескөө;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине "Бишкек" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү жөнүндө сунуш менен кайрылуу;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
51. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын жана анын компетенциясын чегинде республиканын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал белгилеген форматка ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетту тапшырат.
21) ай сайын ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды бөлүп көрсөтүү менен ЭЭЧнын субъекти тарабынан өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты салык органына берүү;
3) тийиштүү жылга "Бишкек" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн ар жылдык планын иштеп чыгуу жана ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү;
4) "Бишкек" ЭЭЧны заманбап талаптарга жооп берген инженердик курулмалар жана инфратүзүм менен куруу жана аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдалануу;
5) жер участоктор жана жайлар, сунушталган жер участоктор жана жайларга нарктын белгиленген тарифтери, "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттерин каттоо жана макамынан ажыратуу шарттары жана "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жүргүзүү үчүн башка шарттар тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген "Бишкек" ЭЭЧнын расмий сайтын иштеп чыгуу жана колдоо;
6) "Бишкек" ЭЭЧнын ички коопсуздугунун эрежелерин белгилөө жана сактоо;
7) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын түзүмүн жана штаттык санын аныктоо;
8) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу;
9) оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттерин аткаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
501. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Жободо аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү, анын иштөө мөөнөтүн узартуу демилгеси менен чыгууга;
2) мамлекеттик органдардан тийиштүү маалыматты суратууга;
3) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн командировкаларга жөнөтүүгө;
4) иштин зарыл болгон көлөмүн аткаруу үчүн жарандарды мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартууга;
5) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерине демөөрчүлүк жана социалдык жардам көрсөтүүгө;
6) социалдык, билим берүү, маданий жана инфраструктуралык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
52. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети "Бишкек" ЭЭЧнын бюджетинен турат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
53. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
54. "Бишкек" ЭЭЧнын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын субъекти катары "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугуна акы төлөөдөн;
2) жер участокторун, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн акы төлөөдөн;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)
55. "Бишкек" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарын башкы дирекция төмөнкүлөргө пайдаланат:
1) ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда аныкталган транспорттук жана башка инфраструктураны түзүүгө, өнүктүрүүгө;
2) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын оперативдүү башкаруусунда турган мүлктү тейлөөгө;
3) инфраструктураны күтүүгө, "Бишкек" ЭЭЧнын кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгө, коммуналдык жана өкүлчүлүк чыгымдарга, ошондой эле демөөрчүлүк жардамга.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
56. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
57. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Түзүм жана штаттык расписание "Бишкек" ЭЭЧнын башкы директору тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
59. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы директору башкы дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
60. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын мүлкү анын балансында турат жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына аны уюштурууда оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлктөн;
2) "Бишкек" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлктөн;
3) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына бекитилген мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган же сатып алынган мүлктөн, кирешелерден, жемиштерден, продукцияны кошкондогу мүлктөрдөн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
61. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ага бекитилген мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
62. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мүлктү пайдалануу ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
63. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)