Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 688
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана региондорду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 ""Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө жободо:
- 15-1-пункттагы "жыл сайын" деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекти катары "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөө төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
ЭЭЧнын резиденттери үчүн салык салуу боюнча жеңилдиктерди пайдалануу үчүн чегерүүлөр календардык жылдын ичинде төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- программалык камсыздоону иштеп чыгуу, сайттарды тейлөө боюнча аткарылган жумуштар жана IT-технология кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алынган акчадан 1,0%;
- 500,0 млн. сомго чейин ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды экспорттоодо бажы наркынан 1,0%;
- 500,0 млн. сомдон ашык суммага ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды экспорттоодо бажы наркынан 0,6%;
- 50,0 млн. сомго чейин ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууда бажы наркынан 2,0%;
- 50,0 млн. сомдон 200,0 млн. сомго чейинки суммага ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууда бажы наркынан 1,6%;
- 200,0 млн. сомдон 500,0 млн. сомго чейинки суммага ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууда бажы наркынан 1,4%;
- 500,0 млн. сомдон ашык суммага ЭЭЧте өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууда бажы наркынан 1,2%;
- календардык жылдын ичинде 500,0 млн. сомго чейин чет өлкөлүк товарларды сатууда бажы наркынан 2,0%;
- 500,0 млн. сомдон ашык суммага чет өлкөлүк товарларды сатууда бажы наркынан 1,6%;
- жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчадан 2%;
- ЭЭЧнын аймагында агенттик кызматтарды көрсөтүүдө чет өлкөлүк товарларды ташып келүүнүн жана ташып чыгуунун бажы наркынын айырмасынан 1,6%.";
- 20-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги 57-бапка ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 58-главасына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Караңыз:
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 688 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 18-абзацынын мамлекеттик тилдеги текстинде техникалык ката бар!
- 33, 37 жана 48-пункттардагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 46-3-пункт "эсептерди ачууга" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле сотто доогер менен жоопкер болууга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 47-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр "ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 47-1-пункт менен толукталсын:
"47-1. Башкы директор:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын ишин уюштурат жана жетектейт;
2) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга башкы дирекциянын бюджетинин, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн долбоорлорун киргизет;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башкы дирекциянын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
5) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын коргойт;
6) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын атынан ишеним катсыз жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
7) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын жамааттык келишимине ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
11) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жасайт, финансылык документтерге кол коёт;
12) "Бишкек" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды берет;
13) финансылык жана эсептик тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик мезгилдин жыйынтыгы боюнча алынган пайданы бөлүштүрөт.";
- 50-пункттун 13-пунктчасындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 50-1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-6-пунктчалар менен толукталсын:
"4) иштин зарыл болгон көлөмүн аткаруу үчүн жарандарды мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартууга;
5) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерине демөөрчүлүк жана социалдык жардам көрсөтүүгө;
6) социалдык, билим берүү, маданий жана инфраструктуралык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга.";
- 54-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"54. "Бишкек" ЭЭЧнын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын субъекти катары "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугуна акы төлөөдөн;
2) жер участокторун, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн акы төлөөдөн;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.";
- 55-пункттун 3-пунктчасы "өкүлчүлүк чыгымдарга" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле демөөрчүлүк жардамга" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 112 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |