Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2016-жылдын 18-октябры 5-р
жаран Салтанат Кубандыковна Кубандыкованын кайрылуусуна байланыштуу "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров, судьялар: К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,
сот жыйналышынын катчысы: С.А.Джолгокпаеванын,
жоопкер-тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү М.И.Арзиевдин,
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү К.Дж.Кыдырбаевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу боюнча Мамлекеттик кызматтын ишеним кат боюнча өкүлү А.А.Казыбекованын катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9 жана 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, "өзгөчө оор кылмыш жасаган үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдын он жылы өткөн болсо ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчү кайтарылган учурда, жаңы, эске ала турган жагдайлар жок болуп, кайталап өтүнүч бир жылдан кийин, ал эми башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдар үчүн биринчи өтүнүчү кайтарылган учурдан тартып алты айдан кийин өтүнүч киргизилүү мүмкүн" деп караган "Мунапыс берүү жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Жаран С.К.Кубандыкованын өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
"Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья - баяндамачы К.Абдиевдин сөзүн угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 26-апрелинде жаран С.К.Кубандыкованын "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 27-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келүүсүн таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучунун пикири боюнча, талашылып жаткан ченем соттолгон адамдар тарабынан ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү кайталап берүү үчүн мөөнөттөрдү аныктоо менен ырайым кылууну суроо укугун чектөөдө.
Арыздануучу өзүнүн өтүнүчүндө ырайым кылуу - бул өлкө Президентинин жеке ыйгарымы, соттолгон адамды жазадан жарым-жартылай же толук бошоткон же болбосо сот тарабынан дайындалган жазаны жеңилдеткен, ошондой эле мурда жазасын тарткандардын соттуулугун алып салуучу жогорку бийлик актысы деп көрсөтүүдө.
Кайрылуунун субъекти коом сот адилеттүүлүгүнүн кынтыксыз эмес экенин түшүнүп турат, ошону үчүн ырайым кылуу институтунун улуу милдети жана мааниси боорукердик, сот адилеттүүлүгүнүн кемчиликтерин жок кылууга багытталгандык жана мүмкүн боло турган соттук каталарды оңдоодо турат деп эсептейт.
С.К.Кубандыкова, соттолгон адам ырайым алууга татыктуубу же татыктуу эмеспи деген маселени чечүүдө, иштин жагдай-шарты же соттолгон адамдын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчүндө келтирилген жүйөлөрү гана эмес, өлкөдөгү абал, коомдук-саясий кырдаал, сот адилеттигинин абалы да мааниге ээ деп ойлойт. Жазык укугунда жагдай-шарттын өзгөргөндүгүнө байланыштуу жазык куугунтугуна алынган адам коомдук-кооптуу болбой калган же болбосо жаңы жагдай-шартта жосун коомдук-кооптуу болбой калган учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулушу каралган. Ошону менен коомдук-саясий жагдайдын либералдуурак жагына өзгөрүшү, эгерде өтүнүчтө жаңы жагдайлар көрсөтүлбөсө да, мурда кайтарылган ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу үчүн шарт түзүшү мүмкүн. Ошентип, арыздануучунун пикири боюнча, жаңы жагдайлар жок болгон учурда ырайым кылуу жөнүндө кайталанып берилген өтүнүчтөрдү кароодон баш тартуу ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч укугун чектөө болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 27-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну сурайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 7-июнундагы аныктамасы менен жаран С.К.Кубандыкованын өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуучу тарап соттук отурумга келген жок, ишти анын катышуусу болбогон күндө да кароону суранды. Жоопкер-тараптын өкүлү иштин кайрылуучу тараптын катышуусу болбостон каралышына каршы болгон жок.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү М.И.Арзиев Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликтин кайтарылбас принцибине да негизделет деп белгилеп, кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок. Кылмыш жасаган жана сот тарабынан айыптуу деп таанылган адам мыйзамда каралган жазасын тартышы керек.
Жаза жана жазаны аткаруу - жазык жоопкерчилигин ишке ашыруунун негизги методу болуп саналат. Жаза анык максат эмес, ал социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү, соттолгон адамдын жүрүм-турумун оңдоо жана жаңы кылмыштардын жасалышын алдын-алуу максатында колдонулат.
Ырайым кылуу, соттолгон адамдарга карата гуманизм көрсөтүү акты катары жасалган кылмыштын юридикалык кесепетин жарым-жартылай же толугу менен жокко чыгарууга багытталган. Ошону менен жазык мыйзамы ырайым кылуунун укуктук ыкмаларын чектебейт, ал эми ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч жазанын мүнөзүнө жана чарасына карабастан кароого кабыл алынат.
Ушуга байланыштуу, жоопкер-тараптын өкүлү талашылып жаткан Мыйзамдын ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт жана кайрылуучу тарап келтирген талаптарды канааттандыруудан баш тартууну сурайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү К.Дж.Кыдырбаев кайрылуучу тараптын өтүнүчүндө келтирген жүйөлөр менен макул болуп, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп болжойт. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелер боюнча Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алат жана соттолгон адамдар ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчүн кайталап берген учурларда талашылып жаткан мыйзам менен бекитилген мезгил алкагынын сакталышын талап кылбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү А.А.Казыбекова талашылып жаткан ченемде ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү кайталап берүүнүн шарты жана мөөнөтү белгиленүүдө, бул соттолгон адамдын ырайым кылууну суроо укугун чектөөнү болжобойт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келиши мүмкүн эмес деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү тыянактарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 20-беренесинин 1-бөлүгү саналат:
"20-статья. Кайталап өтүнүч берүү
Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчү четке кагылган учурда, көңүл бурууга татыктуу жаңы жагдайлар болбогондо бир жыл, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгонго - он жыл өткөндөн кийин, ал эми башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата - мурдагы өтүнүч четке кагылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин кайталап өтүнүч берилиши мүмкүн".
"Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 14-июнундагы № 101 Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинде 2002-жылдын 21-июнунда № 47 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасы адамдын укуктары менен эркиндиктерин жогорку баалуулук деп жарыялап, ар бир соттолгон адамдын ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү сурануу укугу эч кандай чектөөгө тийиш эмес деп бекиткен (Конституциянын 16-беренесинин 1-бөлүгү, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пункту, 27-беренесинин 2-бөлүгү). Ошону менен ырайым кылуу укугу Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке ыйгарымына тиешелүү (Конституциянын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 4-пункту).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ырайым кылуу жөнүндө ченемдери соттолгон адамдардын ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү суроо укугун бекиткен адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Конвенциясынын 7-беренеси менен үндөш турат.
Жогоруда келтирилген конституциялык жоболорду жана эл аралык укуктун ченемдерин ишке ашыруу максатында мыйзам чыгаруучу тарабынан ырайым кылууну колдонуунун тартибин жана шартын аныктоочу "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.
3. "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык ырайым кылуу - бул соттолгон адамды жазадан толук же жарым-жартылай бошотуу же сот дайындаган жазаны кыйла жеңил жазага алмаштыруу. Ырайым кылуу жеке мүнөзгө гана ээ, белгилүү бир жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жана соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана жүзөгө ашырылат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамга ырайым кылуу гуманизм жана боорукердиктин жышааны болуп саналат. Ошону менен ырайым кылуу жазык мыйзамынын ченемин өзгөртпөйт, сот өкүмүн жокко чыгарбайт жана өзгөртпөйт жана соттук каталарды четтетүү каражаты катары каралышы мүмкүн эмес. Бул үчүн ишти аппеляциялык тартипте кайра кароонун, соттун өкүмдөрүн кассациялык жана көзөмөл өндүрүштө, ошондой эле жаңы жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун жазык-процесстик институттары бар. Ушуга байланыштуу, кайрылуунун субъектисинин ырайым кылуу институту сот адилеттигинин кемчиликтерин жок кылууга жана өкүмдөрдү чыгарууда мүмкүн болуучу соттук каталарды оңдоого багытталган деген жүйөсү негизсиз.
Ырайым кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарымы болуп туруп, өзгөчөлүктүн талаптарын сактоо менен ишке ашырылат, ал жазык мыйзамынын окшош беренеси боюнча соттолгон адамдардын көпчүлүгүнүн арасынан өзүнүн абалынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу ырайым кылууну өтүнгөн конкреттүү бир адамга колдонулушу мүмкүн болгон учурда белгилүү бир жеке адамга карата колдонулат; маанилүүлүктүн талабы - ырайым кылуу процедурасын козгоо үчүн жетиштүү негиздер болгон учур; негиздүүлүктүн талабы - ырайым кылуу процедурасын демилгелөөчү тийиштүү материалдар жана жагдайлар менен ырасталган учур; гуманизмдин талабы - инсандын приоритеттерин, кызыкчылыктарын жана баалуулуктарын сыйлоо ырайым кылууну колдонуу үчүн негиз болгон учур.
4. Ырайым кылууну мыйзам менен ченемдик-укуктук жөнгө салуу бул маселенин Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү деп аныкталышын күбөлөндүрүп турат, бул жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин маанилүүлүгүн жана мыйзамдарды ушул баалуулуктарды коргоонун негизинде калыптандырууну ырастайт.
Кыргыз Республикасынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 27-беренесинин 2-бөлүгүндө бекитилген ар бир соттолгон адамдын ырайым кылуу же жазасын жеңилдетүүнү сурануу укугу эч кандай чектелүүгө тийиш эмес. Көрсөтүлгөн жагдай ырайым кылуу суранычын канааттандырууну болжобойт жана соттолгон адам милдеттүү түрдө кечирилиши керек дегенди билдирбейт. Бул жазык укугунун жазанын кайтарылгыстыгы жөнүндө жалпы принцибинен келип чыгат, анын мазмуну социалдык адилеттүүлүктү, жабырлануучунун кылмыштын натыйжасында бузулган укуктары менен кызыкчылыктарын калыбына келтирүүдө турат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренесинин жана "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-главасынын жоболору ар бир соттолгон адамдын ырайым кылууну суроо конституциялык укугунун ишке ашырылуусунун жазык-укуктук кепилдиги болуп саналат, алар ырайым кылуу жөнүндө маселенин чечилишине таасир этүүчү бардык жагдайларды эске алуу мүмкүнчүлүгүн караган ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо механизмин белгилейт.
Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен биринчи ирет кайрылууда мыйзам чыгаруучу билип туруп мындай өтүнүчтү киргизүү мөөнөтүн аныктаган эмес, өтүнүчтү берүүнүн аныкталбаган мөөнөтүн жана аны берүү мүмкүнчүлүгүнүн өзүн да соттолгон адамдардын карамагына калтырган. Ошону менен талашылып жаткан ченемдин мазмунунан алганда, бул жагдай бардык соттолгон адамдарга, анын ичинде өмүр бою эркиндигинен ажыратылган адамдарга да тиешелүү экендигин эске алуу зарыл.
Өтүнүчтү берүүдө мөөнөттү сактоо жөнүндө талап ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч кайталанып тапшырылган учурда гана колдонулат. Ырайым кылуу жөнүндө маселенин укуктук жактан ушул сыяктуу жөнгө салынуусу ырайым кылууну суроонун конституциялык кепилдигинин тике көрүнүшү гана болбостон, жарандарга ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү бир нече жолу берүү үчүн укуктук негиздерди түзөт.
Көңүл бурууга татыктуу жаңы жагдайлар болгондо ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайталап кайрылуунун мыйзам менен бекитилген укугу, мындай кайрылууга мөөнөт белгиленбеген жагдайда, ар бир соттолгон адамдын ырайым кылуу же жазасын жеңилдетүүнү суроо конституциялык укугунун ишке ашырылуусунун кошумча кепилдиги болуп саналат. Ошону менен конкреттүү учурга тиешелүү өзгөчө жагдайлар кайсыл учурда болбосун пайда болуп, ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайталап кайрылууга негиз болушу мүмкүн.
Мыйзам чыгаруучунун ырайым кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун механизмдерин конкреттештирүүсү, ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайталап кайрылуу үчүн мөөнөттөрдү аныктоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 27-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган соттолгон адамдардын ырайым кылууну суроо укугун чектөө катары каралышы мүмкүн эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 27-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы