Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы. № 413 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Бул Убактылуу жобо салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө: мүлккө салык, жер салыгы, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салык боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу (мындан ары - ЖӨБ) органдары тарабынан укуктарды жана милдеттерди ишке ашыруу, салыктык контроль жүргүзүү жана салык карызын өндүрүү тартибин аныктайт.
2. Бул Убактылуу жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- банк - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген уруксаттаманын негизинде өзүнүн ишин жүргүзгөн финансы- насыялык мекеме;
- ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамы - айыл өкмөтүнүн башчысынын же шаардын мэринин чечимине ылайык салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырган ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамы;
- мүлк - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мүлккө кирүүчү объекттер, ошондой эле мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар;
- салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы - салык карызынын төлөнбөгөн суммасы:
салык төлөөчүнүн салыктык отчётунун негизинде эсептелген;
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) ылайык салык кызматы органынын салык төлөөчү таанышкан жана талаш-тартышы жок чечиминин негизинде эсептелген;
мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген салык карызын төлөө жөнүндө болгон соттун чечимине карата Салык кодексине ылайык салык кызматы органынын чечиминин негизинде эсептелген;
- салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүнүштөрү;
- салыктык укук мамилелери - Салык кодекси менен жонго салынуучу мамилелер;
- салыктык каттоо - Кыргыз Республикасынын Салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине салык төлөөчү жөнүндө маалыматтарды киргизүү;
- салык калдыгы - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктын суммасы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыздаган өкүлчүлүктүү, аткаруучу орган;
- патент - иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө жана иштин ошол түрү боюнча салык төлөөгө салык төлөөчүнүн укугун күбөлөндүргөн, ошондой эле патент колдонулган мөзгилдин ичинде алынган кирешелерди тастыктаган, салык кызматы органы тарабынан берилген же салык төлөөчү тарабынан толом терминалы аркылуу сатып алынган документ;
- салык кызматы органынын чечими - ыйгарым укуктуу салык органында же сотто талашып-тартылышы мүмкүн болгон, Салык кодексине ылайык салык кызматы органы тарабынан кабыл алынган ченемдик эмес акт;
- субъект - уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүнүш, туруктуу мекеме;
- эсеп - банктагы эсептик жана башка эсеп, ага субъекттин акча каражаты кириштелет жана андан сарпталышы мүмкүн;
- ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;
- эсептик каттоо - салыктык катталган жеринен сырткары иш жүргүзгөн учурда, ошондой эле объекттер башка жерде жайгашкан жана/же катталган учурда обочолонгон бөлүнүш пайда болгондо, жоюлганда же жайгашкан жери өзгөргөндө салык органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тутуму.
3. ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын кызмат адамдары айыл өкмөтүнүн башчысынын же шаардын мэринин чечиминин негизинде салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыра алат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана ушул Убактылуу жобонун 8 жана 11-пункттарында каралган учурларда салык төлөөчүлөрдүн жергиликтүү салыктарды, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салыктарды төлөөсүн камсыздоону, анын ичинде № 04 форма боюнча салык төлөө жөнүндөгү квитанцияны берүү менен (мындан ары - № 04 формадагы квитанция);
- салык төлөөчүлөрдү эсепке алууну жүргүзүүнү, жергиликтүү салыктарды жана патенттин негизиндеги салыктарды төлөгөн салык төлөөчүлөр боюнча отчёт түзүүнү, анын ичинде № 04 формадагы квитанцияны берүү менен;
- патентти колдонуунун кийинки мөөнөтүнө салык төлөгөндүгү жөнүндө ыктыярдуу жана/же милдеттүү патентке жазуу киргизүүнү;
- патентти колдонуунун кийинки мөөнөтүнө салык төлөгөндүгү жөнүндө ЖӨБдүн аткаруучу органдары тарабынан патентке жазылган, ыктыярдуу жана/же милдеттүү патенттин негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдү эсепке алууну жүргүзүүнү жана отчёт түзүүнү;
- № 04 формадагы квитанцияны колдонуу менен жыйналган салыктын суммасын банк мекемеси аркылуу мамлекеттик бюджетке толук көлөмдө төлөөнү;
- рейддик салык контролун жүргүзүүнү;
- салык кызматы органынын жетекчисинин жазма буйругунун негизинде салык кызматы органдары менен бирдикте салык постун коюуну;
- салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын төлөөнү камсыздоо жөнүндөгү салык органынын чечимин салык төлөөчүлөргө берүүнү, ошондой эле салык органдарынын алдында салык карызын өндүрүү жол-жоболорун демилгелөөнү.
2. ЖӨБдүн аткаруучу органынын жергиликтүү салыктарды чогултуу боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби
4. ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамдары салык төлөөчүлөрдүн жер салыгын жана мүлккө салыкты төлөөсүн камсыздайт, анын ичинде үй чарбаларын жана көп батирлүү үйлөрдү кыдыруу аркылуу.
5. Жергиликтүү салыктарды төлөө тууралуу маалыматтар ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамы тарабынан жергиликтүү салыктарды эсепке алуу журналына киргизилет, анын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. Журнал, тигилип, номер коюлууга, айыл өкмөтүнүн башчысынын же шаардын мэринин колу жана ЖӨБдүн аткаруучу органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
6. Жергиликтүү салыктарды төлөө тууралуу маалыматтар ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык формада жергиликтүү салыктар боюнча акча каражаттардын түшүү реестрине киргизилет, ал 3 күндө 1 жолудан кем эмес тиешелүү салык органына жиберилет.
7. Салык төлөөчүлөрдүн жергиликтүү салыктарды төлөөсү банк мекемеси аркылуу же төлөө терминалдары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
8. Банк мекемелери болбогон алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштар үчүн жеке адамдарга жергиликтүү салыктарды № 04 формадагы квитанциянын жардамы менен төлөөгө жол берилет.
3. ЖӨБдүн аткаруучу органынын патенттин негизинде салыктарды чогултуу боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби
9. Патенттин негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр иш жүргүзгөн жери боюнча же толом терминалы аркылуу салык органынан патент сатып алышат. Обочолонгон бөлүнүштөр үчүн патенттер алардын жайгашкан жери боюнча салык кызматы органдарынан сатып алынат.
10. Патенттин негизиндеги салыктын суммасын салык төлөөчүлөр банк мекемесине же төлөө терминалы аркылуу төлөйт. Патенттин негизинде салыктын суммасы төлөнгөнү жөнүндө дүмүрчөк банктын же төлөм терминалынын белгиси менен салык органына көрсөтүлөт, анын негизинде салык төлөөчүгө патент берилет.
11. Банк мекемеси болбогон алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштар үчүн № 04 формадагы квитанциянын жардамы менен патенттин негизиндеги салыктын суммасын төлөөгө жол берилет.
12. ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамдары ЖӨБдүн аткаруучу органынын атайын штампын коюу аркылуу патентти колдонуунун кийинки мөөнөтүнө салык төлөнгөндүгү жөнүндө ыктыярдуу жана/же милдеттүү патентке жазуу киргизүүгө укуктуу.
13. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасы катары менен келген 15, 30, 90 же 180 календардык күн мөөнөтүнө төлөнүшү мүмкүн.
14. Милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын суммасы катары менен келген 30, 90 же 180 календардык күн мөөнөткө төлөнүшү мүмкүн.
15. 90 календардык күнгө патенттин негизиндеги салыкты төлөөдө салыктын суммасы 5 пайызга, ал эми 180 календардык күнгө төлөөдө - 10 пайызга төмөндөтүлөт.
16. ЖӨБдүн аткаруучу органдары тарабынан патентти колдонуунун кийинки мөөнөтүнө салык төлөө жөнүндө ыктыярдуу жана/же милдеттүү патентке жазуу киргизүү тууралуу маалыматтар төмөнкүлөргө киргизилет:
- патенттин негизиндеги салыкты эсепке алуу журналына, анын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. Журнал тигилип, номер коюлууга, айыл өкмөтүнүн башчысынын же шаардын мэринин колу жана ЖӨБдүн аткаруучу органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык формада патентти колдонуунун кийинки мөөнөтүнө салык төлөө жөнүндө ЖӨБ органдары тарабынан жазуу киргизилген патенттер реестрине, ал 3 күндө 1 жолудан кем эмес тиешелүү аймактык салык органына жиберилет.
17. ЖӨБдүн аткаруучу органы патентти колдонуунун кийинки мөөнөтүнө салык төлөө жөнүндө ыктыярдуу же милдеттүү патентке жазуу киргизбей коюуга жана патентти жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч менен салык органдарына төмөнкү учурларда кайрылууга укуктуу, эгерде:
- салык төлөөчү патентте көрсөтүлбөгөн иштин түрүн жүргүзсө;
- салык төлөөчү башка салык төлөөчүгө берилген патент боюнча иш жүргүзсө;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган башка мыйзам бузуулар болсо.
18. Патенттин негизиндеги салыктын суммасы белгиленген болуп саналат жана патент сатып алынгандан кийин же ЖӨБдүн аткаруучу органы тарабынан патентти колдонуунун кийинки мөөнөтүнө салык төлөө жөнүндө патентке жазуу киргизилгенден кийин кайра эсептелбейт.
4. № 04 формадагы квитанцияны берүү менен жергиликтүү салыктарды жана патенттин негизиндеги салыкты алуу тартиби
19. ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамы айыл өкмөтүнүн башчысынын же шаардын мэринин жазма эскертүүсүнүн негизинде рейддик салык контролун жүргүзүүдө № 04 формадагы квитанцияны берүү менен жергиликтүү салыктарды жана патенттин негизиндеги салыкты алууга укуктуу.
20. № 04 формадагы квитанция так отчёттуулук бланкасы болуп саналат, ал тийиштүү серияга, катар номерине жана коргоо баскычына ээ.
21. ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамы № 04 формадагы квитанцияны берүү менен салыктын суммасын алууда салык төлөөчүгө кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.
22. ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамы салык төлөөчүдөн салыктын суммасын алуу менен № 04 формадагы квитанцияны булгабастан жана оңдобостон, 2 нускада жазып берет. Квитанциянын биринчи нускасы салык төлөөчүгө берилет, экинчи нускасы ЖӨБ органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамында калат.
23. ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын кызмат адамдары тарабынан № 04 формадагы квитанцияны берүү менен чогултулган салыктардын суммасы 3 жумуш күндөн кечиктирилбестен банк мекемесине толук көлөмдө төгүлүүгө тийиш.
24. Квитанциянын 2 нускасында ЖӨБдүн аткаруучу органынын мөөрү, салык төлөөчүнүн жана ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамынын аты-жөнү, колу болгондо гана № 04 формадагы квитанция жарактуу деп саналат.
25. № 04 формадагы квитанциянын туура берилгендиги, салык төлөөчүлөр тарабынан төлөнгөн акча каражаттардын бюджетке оз убагында жана толугу менен төгүлгөндүгү үчүн жоопкерчиликти айыл өкмөтүнүн башчысынын же шаардын мэринин чечимине ылайык № 04 формадагы квитанцияны берүү менен салыктардын суммасын алууга ыйгарым укук берилген ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамдары тартат.
26. ЖӨБдүн аткаруучу органы ай сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен алынган жана колдонулган № 04 формадагы квитанция тууралуу маалыматтарды ушул Убактылуу жобонун 3-тиркемесине ылайык тийиштүү салык органдарына берет.
5. ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын салыктык контроль жүргүзүү тартиби
27. ЖӨБдүн аткаруучу органдары салык контролун төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырат:
- рейддик салык контролу;
- салык постун коюу.
28. ЖӨБдүн аткаруучу органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүргүзүшөт:
1) салык төлөөчүнү салык органында салыктык жана эсептик каттоо фактысы;
2) салык төлөө фактысын жана патенттин негизиндеги салык төлөөчүнүн физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү.
29. Айрым салык төлөөчүгө карата жылына 12 жолудан ашык эмес рейддик салык контролу жүргүзүлөт.
30. Ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча рейддик салык контролун жүргүзүү тууралуу жазма эскертүүгө айыл өкмөтүнүн башчысы же шаардын мэри кол коёт, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана жазма эскертүүлөрдү эсепке алуунун атайын журналына катталат, анын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
31. Рейддик салык контролун жүргүзүүгө жазма эскертүү өз алдынча салык төлөөчүгө жазылган сыяктуу эле, салык төлөөчүлөр тобуна да жазылышы мүмкүн. Жазма эскертүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: аймактын участогу (салык төлөөчүнүн жайгашкан жери) же мүлк, контролдоонун жүрүшүндө такталууга тийиш болгон маселелер.
32. Рейддик салык контролун жүргүзүү учурунда ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамы салык төлөөчүнү рейддик салык контролун жүргүзүү укугуна жазма эскертүү менен тааныштырат жана аны менен тааныштырганы жөнүндө белги коёт (салык төлөөчүнүн таанышканы жөнүндө белги жазма эскертүүнүн арткы бетине жүргүзүлөт). ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамы рейддик салык контролун жүргүзүүгө жазма эскертүүнү жана кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин салык төлөөчүдөн жазма эскертүүдө көрсөтүлгөн маселелер боюнча текшериле турган документтерди талап кылат.
33. ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамы патенттин болушун жана анын жарактуулук мөөнөтүн текшерүүдө салык төлөөчүдөн салык төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны талап кылат.
34. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоонун рейддик салык контролунун актысы ушул Убактылуу жобонун 5-тиркемесине ылайык формада 2 нускада толтурулат, ага салык төлөөчү жана ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамы кол коёт.
35. Актынын бир нускасы салык төлөөчүгө берилет, экинчиси - ЖӨБдүн аткаруу органында калат.
36. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоонун рейддик салык контролунун актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тийиштүү салык органына жиберилет.
37. Салык органдары ЖӨБдүн аткаруучу органынан рейддик салык контролунун актысын алгандан кийин 10 күндүн ичинде мыйзам бузгандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө милдеттүү.
38. ЖӨБдүн аткаруучу органдары рейддик салык контролунун жыйынтыгы жөнүндө салык органдарына ай сайын отчёт беришет.
39. ЖӨБдүн аткаруучу органдары 1-декабрга чейинки мөөнөттө кийинки жылга рейддик салык контролун жүргүзүү планын тийиштүү салык органдарына макулдашуу үчүн жиберишет.
40. Салык постун коюу методу менен салык контролу салык төлөөчүнүн товарларынын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн толук эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.
41. Салык посту салык кызмат органдары жана ЖӨБдүн аткаруучу органдары менен бирдикте төмөнкү субъекттерге коюлат:
- акциздик товарларды чыгаруучуларга;
- салык карызы барларга;
- дайыма нөлдүк көрсөткүчтөрү менен салык отчётторун бергендерге;
- коомдук тамак-аш, соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөндөргө;
- пайдалуу кен казууну жүргүзгөндөргө.
42. Салык посту коюлган субъекттердин тизмеги ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
43. ЖӨБдүн аткаруучу органы ай сайын, учурдагы айдын 25ине чейин кийинки айда салык постун коюу пландалган субъекттердин тизмегин ыйгарым укуктуу салык органы бекитүүсү үчүн тийиштүү салык органына жиберет.
44. Салык посту ушул Убактылуу жобонун 6-тиркемесине ылайык салык кызматы органынын жетекчисинин жазма эскертүүсүнүн негизинде коюлат жана салык төлөөчүнүн иш режиминде иштейт.
45. Салык посту иштеген учурда ушул Убактылуу жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча Товарларды жана акча каражаттарды жүгүртүүнү ар күндүк эсепке алуу актысы толтурулат.
46. Салык постунун ишинин жыйынтыгы боюнча ушул Убактылуу жобонун 8-тиркемесине ылайык форма боюнча Салык постунун ишинин жыйынтыгы жөнүндө акт таризделет, ага салык кызматы органынын, ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү кол коёт. Акт салык постунун иши аяктаган учурда түзүлөт.
6. Салык салуу обьекттери жана салыктык милдеттенмелерди эсептөө боюнча ЖӨБ органдарынын жана салык кызматы органдарынын өз ара мамилелерин жүзөгө ашыруу тартиби
47. Салык органдары ЖӨБдүн аткаруучу органдарына төмөнкүдөй маалыматты милдеттүү түрдө беришет:
- квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, салык органдарында катталган, мүлккө салыкты, жер салыгын жана патенттин негизиндеги салыкты төлөөчүлөрдүн тизмегин, аталган салыктар боюнча салык карызынын суммалары жөнүндө маалыматтарды;
- жыл сайын, 10-январдан кечиктирбестен, ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын тизмегин жана коюмун. Ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде жүргүзүлгөн ишкердиктин түрлөрүнүн тизмеги жана патенттин негизиндеги салыктын коюму жыл ичинде кайра каралган учурда маалымат тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирилбестен берилет;
- жыл сайын, учурдагы жылдын 1-июнунан кечиктирбестен, ушул Убактылуу жобонун 1-пунктунда аталган салыктар боюнча салык төлөөчүлөрдүн салыктык милдеттенмелери жөнүндө жыйынтыкталган маалыматты.
48. ЖӨБдүн аткаруучу органынын суроо-талабы боюнча салык органы салык карыздарынын болушу жана ушул Убактылуу жобонун 1-пунктунда аталбаган, жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктардын башка түрлөрүнө карата аларды өндүрүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты берет.
7. ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын салык карыздарын өндүрүү жана салык төлөөчүдөн мажбурлап өндүрүп алуу чараларын колдонуу тартиби
49. Жергиликтүү салыктар боюнча салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмеги салык органдарынын маалыматынын, ЖӨБдүн аткаруучу органдары жүргүзгөн салык контролунун жыйынтыгынын негизинде, ошондой эле салык кызматы органдары менен бирдикте түзүлөт.
50. Салык органдары салык карыздары пайда болгондо салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын төлөнүшүн камсыздоо тууралуу белгиленген формадагы чечимди салык төлөөчүгө берүү үчүн ЖӨБдүн аткаруучу органдарына бере алышат.
51. ЖӨБдүн аткаруучу органдары салык карызын өндүрүп алуу жол-жоболорун салык органдарынын алдында демилгелөөгө укуктуу.
52. Салык органы салык карызын өндүрүп алуу зарылдыгы фактысы боюнча ЖӨБдүн аткаруучу органынан арыз алган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен салык карызын өндүрүп алуу жөнүндө чечим кабыл алууга же негиздүү баш тартууну берүүгө милдеттүү.
53. Карызды өндүрүп алуу боюнча жол-жоболорду жүргүзүүдө баш тартуу үчүн негиз болуп салык төлөөчүнүн мойнуна алган салык карызы фактысынын жоктугу саналат. Салык карызын мажбурлап өндүрүп алуу салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында келип чыккан жана даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин даттануунун жыйынтыгы талаш-тартышка түшкөн салыктык милдеттенмеге колдонулбайт.
54. Салык карызын өндүрүп алуу жөнүндө салык органынын чечимин салык төлөөчү аткарбаган учурда ЖӨБдүн аткаруучу органы салык органдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүдөн мажбурлап өндүрүп алуу чараларын колдонууну талап кылууга укуктуу.
8. ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
55. ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Салык кодексинин 52-1-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
| Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Форма
Жергиликтүү салыктар боюнча акча каражаттарынын түшүү Реестри _______________________________________________ (ЖӨБдүн аткаруучу органынын аталышы)
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Форма
ЖӨБдүн аткаруучу органдары тарабынан патентти колдонуунун кийинки мөөнөтүнө салык төлөнгөнү жөнүндө жазуу киргизилген патенттердин реестри _________________________________________________________ (ЖӨБдүн аткаруучу органынын аталышы)
20 __ -жылдын «__» _________ тартып 20 __ -жылдын «__» _________ чейинки мезгилге
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобого 3-тиркеме |
Форма
Алынган жана колдонулган № 04 формадагы квитанция жөнүндө маалыматтар _______________________________________ (ЖӨБдүн аткаруучу органынын аталышы)
20 __ -жылдын «__» ___________ тартып 20 __ -жылдын «__» _____________ чейинки мезгилге
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобого 4-тиркеме |
Форма
Фирмалык бланкта 20 __ -жылдын «__» ___________
Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча рейддик салык контролун жүргүзүү укугуна № ___ жазма эскертүү _________________________________________________________________________ (жазма эскертүү берген ЖӨБдүн аткаруучу органынын аталышы) _________________________________________________________________________ (текшерүүчүнүн кызмат орду, аты-жөнү жана _________________________________________________________________________ кызматтык күбөлүгүнүн номери)
төмөнкү маселелер боюнча рейддик салык контролун жүргүзүүнү тапшырат: _________________________________________________________________________ (текшерилүүчү субъекттин аталышы, ИСН, жайгашкан жеринин дареги. Субъекттер тобун рейддик контролдоо учурунда аймактын участогу көрсөтүлөт) - салык төлөөчүнү салык органында салыктык жана эсептик каттоо фактысы; - салык төлөө фактысын, ыктыярдуу жана/же милдеттүү патенттин негизиндеги салык төлөөчүнүн физикалык көрсөткүчтөрүнүн шайкеш келишин текшерүү. Негиз: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 108-беренесинин 6-бөлүгү.
Текшерүү жүргүзүү мөөнөтү: салык төлөөчүнүн иш режиминде ____ күн, 20 __ -жылдын ___ _____ тартып ___ ______ чейин.
Эскертүү: жазма эскертүүнү алып коюуга болбойт жана ал текшерүү актысына тиркелип, ЖӨБ органына тапшырылат.
(Жазма эскертүүнүн арткы бети) Жазма эскертүү менен тааныштым
|
| Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобого 5-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарынын талаптарын сактоонун рейддик салык контролунун ____ Актысы
20 __ -жылдын «___» _________
Рейддик салык контролу саат _____ башталды, саат _____ аяктады. Акт түздү ________________________________________________________________ (ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызматкеринин кызмат орду, аты-жөнү) ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________ берилген (ЖӨБдүн аткаруучу органынын аталышы) 20__-жылдын «___» _______ № ____ көрсөтмөнүн негизинде ______________________________________________________________ катышуусунда (чарбалык субъекттин жооптуу адамынын аты-жөнү) _________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан ________________________________________________________________________ (текшерилүүчү обьекттин аталышы) _________________________________________________________________________ (шаардын, райондун, айылдын, көчөнүн аталышы жана объекттин номери) _______________________________________________________________ таандык. (салык төлөөчүнүн аталышы же аты-жөнү) Салыктык каттоодон өткөн жери ____________________________________________ Эсептик каттоодон өткөн жери _____________________________________________ ИСН ____________________________________________________________________ Иш жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтердин болушу __________________________________________________________________ (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн же патенттин сериясы жана _________________________________________________________________________ номери, ким тарабынан жана качан берилген, патенттин жарактуулук мөөнөтү) Инспектордук текшерүү китебинин болушу __________________________________
Рейддик салык контролунун жыйынтыгында аныкталды:
1. Иштин түрү ____________________________________________________________ 2. Салыктык милдеттенмелерди аныктоо үчүн негиз болуп саналган жана жергиликтүү салыктардын төлөнгөнүн ырастаган баштапкы жана башка документтердин болушу _________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ З.Текшерүүчүлөрдүн сунуштары: келүү керек _________________________________ ________________________________________________________________________ (ЖӨБдүн аткаруучу органынын аталышы, дареги) 20 __ -жылдын «___» _______ саат ____ № ___ каб._____________________________ төмөнкү документтери болууга тийиш _______________________________________ _________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ Эскертүү ________________________________________________________________ _________________________________________________________________________
Актын бир нускасын алды: _________________________________________________________________________ (датасы, аты-жөнү, ээлеген кызматы, колу) Акт 2 нускада түзүлдү. |
| Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобого 6-тиркеме |
Форма
Фирмалык бланкта 20 __ - жылдын «___» __________
Салык постун коюу укугуна Жазма эскертүү № _____ ________________________________________________________________________ (жазма эскертүү берген салык кызматы органынын аталышы) ________________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык постун ________________________________________________________ маселелери боюнча коюуда текшерилүүгө тийиш болгон так маселелердин тизмеги) ________________________________________________________________________ (текшерилүүчү чарбалык объекттин аталышы, ИСНи жана дареги) __________________________ салык постун коюуга ________________________________________________________________________ (салык кызматы органынын жана ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызматкерлеринин _________________________________________________________________________ кызмат орду, аты-жөнү жана текшерүүчүлөрдүн кызматтык күбөлүктөрүнүн номери) тапшырат. Негиз: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-беренеси жана ыйгарым укуктуу салык органынын 20__-жылдын «__» ________ № ___ буйругу. Салык постун коюу мөөнөтү: ____ күн, 20__-жылдын ___ ____ тартып ___ _____ чейин салык төлөөчүнүн иш режиминде
Эскертүү: жазма эскертүүнү алып коюуга болбойт жана ал салык постунун ишинин жыйынтыгы жөнүндөгү актыга тиркелип, салык органына тапшырылат. |
| Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобого 7-тиркеме |
Форма
Товарларды жана акча каражаттарды жүгүртүүнү ар күндүк эсепке алуу Актысы __________________________________________________ (объекттин аталышы, текшерилүүчү субъекттин аты-жөнү же аталышы, дареги)
20__-жылдын «__» __________
Контролдук-кассалык машинанын көрсөткүчү (Z - отчёт), төлөм тапшырыктар боюнча түшкөн каражат ___________________________________________________ Четтөө (Жыйынтыгы 10 - Z - отчёттун көрсөткүчү, төлөм тапшырыктар боюнча түшкөн каражаттар) ________________________________________________________ Эскертүү ______________________________________________________________
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобого 8-тиркеме |
Форма
Салык постунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө Акт
20 __ -жылдын «__» ________ _________________
Акт түзүлдү _____________________________________________________________ (салык органынын жана ЖӨБдүн аткаруучу органынын кызматкерлеринин ______________________________________________________________ тарабынан кызмат орду жана аты-жөнү) 20 __ -жылдын «__» ______ № ____ жазма эскертүүнүн негизинде берилген ______________________________________________________ төмөнкүлөрдүн негизинде иш жүргүзгөн _______________________________________________________________ таандык, __________________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан __________________________________________ объектке салык посту коюлган. 1. 20 __ -жылдын «__» ________ берилген патентти мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, сериясы ____ № ____ 2. ___________________ району боюнча салык органында катталган. 3. КНСти төлөөчү катары катталганбы ______________________________________ (катталса, качантан бери) 4. ИСН _____________ ОКПО коду _________________ 5. Постту коюу мөөнөтү: 20 __ -жылдын «___» ________ тартып 20 __ -жылдын «__» _____________ чейин. 6. Салык төлөөчүнүн иш тартиби: ____ сааттан тартып ___ саатка чейин. 7. Тыныгуу ____ сааттан тартып _____ саатка чейин. 8. Дем алыш күндөрү: ____________________________________________________ 9. Текшерүү убактысы: ____ сааттан тартып ____ саатка чейин. 10. Акт төмөнкүлөрдүн катышуусунда түзүлдү _______________________________ (жеке ишкердин же ________________________________________________________________________ юридикалык жактын жетекчисинин, салык өкүлүнүн аты-жөнү)
Салык постунун ишинин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталды:
1. Иштин түрү: __________________________________________________________ 2. _________________ ККМ модели _________________________________________ ___________________ району боюнча салык органында 20 __ -жылдын «__» _______ катталган, каттоо номери __________________ 3. ____________________________________________________________ тарабынан 20__ -жылдын «__» ______ тартып 20 __ -жылдын «__» _____ чейинки мөөнөткө берилген 20 __ -жылдын «__» _____ уруксаттаманын сериясы ___ №________. 4. Пост коюлган мезгилде түшкөн каражаттын жалпы суммасы (түшүрүлгөн даяр продукция жана/же түшкөн акча каражаттары): ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ 5. Z-отчёттордун, төлөм тапшырмаларынын көрсөтмөлөрү боюнча түшкөн бардык каражат жана/же түшүрүлгөн даяр продукциялар ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ 6. Акыркы айда соода түйүнүнөн түшкөн бардык каражат ___________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ 7. Акыркы айда орточо бир күндүк түшкөн каражат ___________________________ ________________________________________________________________________ 8. Жалданган жумушчулардын саны ____ , анын ичинен ____ адам буйруктун/эмгек келишиминин, патенттин негизинде иштешет (керектүүсү сызылат). 9. Эскертүү _____________________________________________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________
Актынын бир нускасын алдым _____________________________________________ (датасы, аты-жөнү, кызмат орду, колу) |