Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 446
"Эл аралык гуманитардык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Джумалиеванын, К.Самаковдун, Д.Ниязалиеванын, М.Тиленчиеванын, А.Баатырбековдун, Э.Иманкожоеванын, Э.Исаковдун, Т.Левинанын, Г.Жамгырчиеванын жана А.Режавалиевдин демилгеси менен киргизилген "Эл аралык гуманитардык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 446 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Джумалиева, К.Самаков, Д.Ниязалиева, М.Тиленчиева, А.Баатырбеков, Э.Иманкожоева, Э.Исаков, Т.Левина, Г.Жамгырчиева жана А.Режавалиев демилгелеген "Эл аралык гуманитардык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунуш кылынган Мыйзам долбоору эл аралык гуманитардык жардамды алып келүүнүн укуктук, уюштуруу, социалдык негиздерин түзүү максатында иштелип чыкты жана ал эл аралык гуманитардык жардамды өлкөбүзгө берүү жагындагы абалды тартипке келтирүүгө багытталган.
Ошондой эле ал Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, эл аралык гуманитардык жардамдын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитинин укуктук, уюштуруу жана социалдык негиздерин аныктайт.
Ошону менен бирге, гуманитардык жардамдын транзитинин маселелери долбоордо ачылган эмес.
Долбоордун 2-беренеси Мыйзам долбоорунда колдонулган негизги терминдерди, түшүнүктөрдү жана аныктамаларды белгилейт.
Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча бирдиктүү терминологияны колдонуу зарыл деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө кырдаалдар алардын көрүнүшүнүн мүнөзү боюнча табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык жана жаңжалдуу мүнөздөгү деп бөлүнөт. Буга байланыштуу, долбоордун 2-беренесинин 1-пунктунда "жаратылыш кырсыктарынын" деген сөздөрдү "өзгөчө кырдаалдардын" деген сөздөр менен алмаштырууну, ал эми "жана жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү башка өзгөчө окуялардын, эпидемиялардын жана эпизоотиялардын" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз. Долбоордун бүткүл тексти боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-пунктун "башка" деген сөздөн кийин "чет өлкөлүк" деген сөздөр менен толуктоону, "окуялар" деген сөздү "кырдаалдар" деген сөз менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
Аталган берененин 7-пункту "эл аралык гуманитардык жардамды алуучу (бөлүштүрүүчү)" деген терминди аныктайт, ага кийин бөлүштүрүү үчүн гуманитардык жардамды алган Кыргыз Республикасынын субъекттерин, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, коммерциялык эмес уюмдарды, юридикалык жактарды, алардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка юридикалык жана жеке жактарын кошот.
Мыйзам ченемдерин колдонуунун карама-каршылыктуу практикасына жол бербөө үчүн, "Кыргыз Республикасынын субъекттери", ошондой эле "башка юридикалык жактар" деген түшүнүктөрдү тактоону сунуш кылабыз, анткени жогоруда аталган термин юридикалык жактарды, алардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүн эл аралык гуманитардык жардамды алуучулардын (бөлүштүрүүчүлөрдүн) тизмесине кошот. Ошондой эле бул ченемде Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык жардамды бөлүштүрүүчү боло ала турган жеке жактарынын айкын эместигин белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгү буларды карайт: эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда, ошондой эле эл аралык жалпы таанылган принциптерде жана ченемдерде бул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленген болсо, анда жалпы эл аралык укуктун таанылган принциптери жана ченемдери, эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын эрежелери колдонулат.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Ушуга байланыштуу улуттук мыйзамдарга салыштырганда эл аралык келишимдерге жана ченемдерге алда канча жогорку юридикалык күч берүү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун жалпы маңызына таянып, ал эл аралык гуманитардык жардамды, башкача айтканда, чет мамлекеттер жана алардын субъекттери, эл аралык гуманитардык уюмдар берген жардамды алуунун, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун укуктук уюштуруусун жана социалдык негиздерин аныктайт. Мында Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдары, юридикалык жана жеке жактары көрсөтүлгөн жардамды алуучу болуп саналат.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык жардам берүү маселелерин жөнгө салган долбоордун 5-беренесинин максаты, ошондой эле соопчулук ишинин түрлөрүнүн бири катары "ата-мекендик (ички) гуманитардык жардам" аныктамасы түшүнүксүз. Мында, соопчулук ишинин укуктук негиздери "Меценаттык жана соопчулук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныктала тургандыгын белгилеп кетүү керек.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 2-бөлүгүндө каралган эл аралык позицияларды жана өлкөнүн кадыр-баркын чыңдоо максатында гуманитардык жардам көрсөтүү бул Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келет, анда эл аралык гуманитардык жардам саясий мүнөздөгү максаттарга жетишүүнү көздөбөстөн берилет деп белгиленген.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде Эл аралык гуманитардык жардам маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү жана анын иши каралган, ал жөнүндө жобону аталган берененин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Буга байланыштуу аталган берененин 2, 4-9-бөлүктөрүндө камтылган ченемдерди көрсөтүлгөн Комиссия жөнүндө жобонун алкагында жөнгө салууну сунуш кылабыз.
Мында долбоорго ылайык Эл аралык гуманитардык жардам маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды жана чараларды иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп санала тургандыгын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн маселелердин чөйрөсүн тактоо, ошондой эле эл аралык гуманитардык жардам маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ишинин артыкчылыктарын жана негизги багыттарын аныктоого, донорлор сунуш кылган долбоорлор жана программалар боюнча чечим кабыл алууга, контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга Комиссиянын статусу жагынан аталган Комиссиянын негизги милдеттерин жана укуктарын талдоо зарыл. Мында ошондой эле буларды эске алуу керек: ведомстволор аралык комиссия туруктуу иштебеген, коллегиялуу орган болуп саналат, анын жыйналыштары зарылчылыкка жараша чакырылат, ал эми чечимдери сунуш кылуу мүнөзүндө болот.
Эл аралык гуманитардык жардам маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жөнгө салган Мыйзам долбоорунун 7-беренесине келсек, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына ылайык, юридикалык жак уставдын же уюштуруу келишиминин жана уставынын, же уюштуруу келишиминин гана негизинде аракеттене тургандыгын белгилейбиз. Юридикалык жактын ишинин маңызы жана максаттары уюштуруу документтеринде аныкталууга тийиш.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Өкмөт Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлик органдарынын бирдиктүү тутумуна башчылык кылат жана анын ишин жетектейт. Аталган Мыйзамга ылайык Өкмөт мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди уюштурат, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун бекитет, ошондой эле өзүнүн ыйгарым укуктарын турмушка ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Баяндалгандарды эске алып, эл аралык гуманитардык жардам маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекемдөө жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын ченемдерине шайкеш келбегенин белгилейбиз. Долбоордун 9, 14, 15-беренелери боюнча сын-пикирлер да ушундай.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 5 Мыйзамынын жоболоруна карама-каршы, ага ылайык милдеттүү түрдөгү жалпы милдеттендирүүлөр ченемдик укуктук акт, башкача айтканда, ыйгарым укук мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чектеринде же референдум аркылуу кабыл алынган, белгиленген формадагы расмий документ тарабынан белгиленет. Мында аталган Мыйзамдын 5-беренесине ылайык, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган аткаруу бийлик органы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктук ченем жаратуучу органдардын тизмесине кирбейт.
Эл аралык гуманитардык жардам маселелери боюнча аймактык комиссиянын функцияларын аныктоону да мыйзамдарга караштуу актылардын деңгээлинде жөнгө салуу максатка ылайык деп эсептейбиз. Мында коррупциялык кесепеттерге жол бербөө максатында аталган комиссиялардын ыйгарым укуктарынын тизмеси толук болууга тийиш.
Мыйзам долбоорунун 8-беренеси тууралуу кошумча түрдө эл аралык гуманитардык жардам маселелери боюнча аймактык комиссиялардын ишин координациялоо субъектин жана тартибин так аныктоонун зарылдыгын белгилейбиз.
10-берененин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз:
"1. Эл аралык гуманитардык жардамды түзгөн товарлардын (мүлктүн) категорияларына төмөнкүлөр кирет: өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын, авариялардын кесепеттерин жоюуга, аз камсыз болгон, социалдык жактан чабал, куралдуу жаңжалдардын, өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыркаган калктын топторуна, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүгө арналган өнөр жай жана азык-түлүк товарлары, медициналык багыттагы буюмдар, медициналык жабдуулар, дары-дармек каражаттары, протез-ортопедиялык буюмдар жана материалдар, өтө зарыл товарлар.".
Мыйзам долбоорунун сапат, коопсуздук жана керектөө мүмкүнчүлүктөрү ырасталбаган гуманитардык жардам товарларын (мүлкүн) жок кылуу боюнча ченемдерди белгилеген 11-беренесинин 4, 7 жана 8-бөлүктөрү боюнча буларды белгилейбиз: Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-статьясына ылайык, менчик укугу болуп өзүнө тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана тескөөгө субъекттин мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу укуктары саналат.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 7-бөлүгү буларды карайт: Кыргыз Республикасынын аймагына келип түшкөн эл аралык гуманитардык жардам алуучуга (бөлүштүрүүчүгө) иш жүзүндө өткөрүп берилген учурга чейин гуманитардык жардам көрсөткөн тараптын менчиги болуп саналат. Буга байланыштуу көрсөтүлгөн учурларда гуманитардык жардам анын менчик ээси болуп саналган тарапка кайра кайтарылууга тийиш деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 5 жана 6-бөлүктөрүн алып салууну сунуш кылабыз, анткени алардын жоболору аталган берененин 1-бөлүгүндө камтылган.
11-берененин 7-бөлүгүндөгү "аны андан ары пайдалануу" деген сөздөрдү алып салуу керек, анткени тиешелүү органдар товарлардын жараксыздыгы жөнүндө корутундуларды берген учурда аларды андан ары пайдалануу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн акыркы сүйлөмүн алып салууну сунуш кылабыз, анткени бул ченем коррупциялык факторду камтыйт.
Укуктун ченеми (укуктук ченем) бул жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери экенин эске алып, Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 1-бөлүгү сунуштоо мүнөзүндө болгондуктан аны алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 8-бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, анткени сөздүн мамлекеттин деңгээлинде же жергиликтүү деңгээлде берилүүчү гуманитардык жардам жөнүндө жүрүп жаткандыгы түшүнүксүз.
Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 1-3-бөлүктөрүндө эл аралык гуманитардык жардамды ташуу, түшүрүү, топтоо, сактоо, алуу жана бөлүштүрүү менен байланышкан чыгымдарды финансылоо тараптардын макулдашуусу боюнча, анын ичинде донордун, Кыргыз Республикасында гуманитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды финансылоого каралган каражаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен жүргүзүлүшү мүмкүн деп белгиленген.
Ошону менен бирге гуманитардык жүктү бөлүштүрүү боюнча иш-чараларды аткарууга айрым акча каражаттары республикалык бюджетте каралбаганын белгилеп кетүү зарыл.
Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн чыгымдарды финансылоо гуманитардык жардамды алган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн деген ченемди кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 2 жана 4-беренелерине ылайык, эл аралык гуманитардык жардам коммерциялык пайда алуу максатын көздөбөстөн берилет, башкача айтканда, максаттуу мүнөзгө ээ болуп, ал жардамды пайда албастан, колдоо көрсөткөн тарап аныктаган максаттар үчүн гана пайдаланууну билдирет.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 7-бөлүгү акча каражаттары үчүн сатылуучу же компенсациянын башка түрлөрү боюнча берилүүчү гуманитардык жардамдын товарлары (мүлкү) жана (же) ушундай сатуудан алынган каражаттар мыйзамда белгиленген тартипте алып коюлат же конфискацияланат деп белгилейт.
Баяндалгандарга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 4-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоору атайын ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынган укуктук мамилелердин башка чөйрөлөрүн козгогон жоболорду камтый тургандыгын кошумча белгилеп кетүү зарыл.
Атап айтканда, Мыйзам долбоорунун ченемдери эл аралык персонал үчүн визалык режим маселелерин жөнгө салууну (9-берене), жеңилдетилген жана артыкчылыктуу тартипте турак-жайды берүүнү (9-берене), бажылык тариздөөнү (11, 12, 13-беренелер), администрациялык жана жазык жоопкерчилигин (17-берене) карайт.
Мында Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында укук бузган адам бул Кодекс боюнча жоопкерчилик тартат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында укук бузган бардык адамдар ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликке тартылат. Жазык жоопкерчилигинин негизи болуп жазык мыйзамдарында каралган кылмыштын курамынын белгисин камтыган, коом үчүн коркунучтуу жосунду жасоо саналат.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте гуманитардык жардам, гранттар катары берилген товарларга карата атайын бажы режими колдонулат деп каралган. Мында бажылык тариздөө ушул Кодексте жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына келиши жана анда болушу, анын ичинде визаларды берүү боюнча талаптар "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.
Баяндалгандарга таянып, буларды эске алууну сунуш кылабыз: "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык ченемдик укуктук акт өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керек. Мында жогоруда аталган Мыйзамдын 32-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия пайда болгон учурда укуктук мамилелердин субъекттери жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актынын ченемин жетекчиликке алат. Мыйзамдардын ченемдери кодекстердин ченемдерине кайчы чыккан учурда мыйзамдын ченемдери кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана колдонулат. Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия пайда болгон учурда жана алардын ичинен бири дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.
Мыйзам долбоору мыйзамдарга караштуу көп сандагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну карай тургандыгын, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, макулдашуу жана алга илгерилетүү жол-жоболорунун узактыгын эске алып, долбоордун 8-беренесинин 2-бөлүгүндөгү тапшырманы аткаруу үчүн ылайыктуу мөөнөттү аныктоону сунуш кылабыз,
Ошондой эле Мыйзамдын бул долбоору ченем жаратуу техникасын жана ченемдик укуктук актыны тариздөөгө карата талаптарды сактоо менен редакциялык бышыктоону талап кылат деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо ченемдик укуктук актынын текстин алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле коомдук талкууга катышуучулардан түшкөн сунуштарды кабыл алуу, карап чыгуу жана жалпылоо аркылуу ченем чыгаруучу орган тарабынан камсыз кылынат. Ченем жаратуучу орган келип түшкөн сунуштар тууралуу аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен, коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жыйынтык маалыматын даярдайт. Жыйынтык маалыматы ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта чагылдырылат.
Баяндалгандарга байланыштуу, жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарына ылайык Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасындагы жарандык шериктештик жана эл аралык донор уюмдары менен коомдук талкуу өткөрүү зарылчылыгын белгилейбиз.