ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 444 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы»Кыргызмаркасы«мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 5-августу № 444

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасынын тиркелген уставы бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)

 2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев