Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 444 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мындан ары "Ишкана" деп аталган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызмаркасы'" мамлекеттик ишканасы мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн жана чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкана мамлекеттик катталган учурдан тартып юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн атынан келишимдерди түзүүгө, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
4. Ишкана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө, бурч мөөргө, расмий бланктарга жана өз алдынча баланска ээ.
5. Ишкананын Кыргыз Республикасынын банктарында жана насыялык мекемелеринде эсептик жана валюталык эсеби бар.
6. Өзүнүн ишин жүргүзүү үчүн Ишкана филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө, мүлк менен камсыздоого, алар жөнүндө жоболорду бекитүүгө, аларды жоюуга укуктуу.
7. Ишкана менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жактардын уюмдаштыруучусу (катышуучусу) болууга укуктуу.
8. Ишкана өзүнүн фирмалык аталышына ээ:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызмаркасы" мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие "Кыргызмаркасы" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики;
англис тилинде: "Kyrgyzmarkasy" under the Sate committee of information technologies and communications of Kyrgyz Republic
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргызмаркасы" МИ;
расмий тилде: ГП "Кыргызмаркасы";
англис тилинде: SE "Kyrgyzmarkasy".
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ишкананын юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
10. Ишкананы түзүүнүн жана ишинин негизги максаты болуп калктын, ишканалардын, уюмдардын, башка юридикалык жана жеке жактардын керектөөлөрүн кыйла толук канааттандырууну эске алуу менен, ички жана эл аралык кат-кабарларды жөнөтүү үчүн расмий почта өндүрүмдөрүн (маркаланган жана маркаланбаган конверттерди, ачык каттарды, куттуктоо сувенирлерин, почта маркаларын, блокторду жана башка почта-бланктык жана бланктык өндүрүмдөрдү) чыгарууга даярдоону камсыздоо, чыгаруу жана жайылтуу саналат.
11. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жогорку сапаттагы марка өндүрүмдөрүн чыгарууну камсыздоого, эскиздерди, сюжеттерди, көркөм түп нускаларды иштеп чыгууга багытталган иш-чараларды уюштуруу;
- почта өндүрүмдөрүнүн тиешелүү түрлөрүн керектөөнү жана табыштамаларды чогултуу, аларды иш жүзүндө сатууну жана калдыктарынын болушун эске алуу аркылуу почта төлөмүнүн белгилерин аныктоо;
- тиражды аныктоо, табыштамаларга жана разнарядкаларга ылайык бөлүштүрүүнү камсыздоо жана почта-маркалык өндүрүмдөрдү сатуу.
12. Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
- филателисттик өндүрүмдүн экспорту жана импорту;
- почта төлөмүнүн белгилерин жайылтууга жана сатууга багытталган филателисттик көргөзмөлөрдү, жарнамалык-коммерциялык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын почта төлөмүнүн мамлекеттик белгилерин чыгарууга даярдык көрүү боюнча иш-чараларды аткарууну камсыздоо;
- почта төлөмүнүн белгилеринин (почта маркаларынын, блоктордун, маркаланган конверттердин, карточкалардын) иштелип чыккан эскиздерин, көркөм түп нускаларын Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин бекитүүсүнө берүү;
- почта-маркалык өндүрүмдөрдү даярдоо мөөнөттөрүнө жана сапатына контроль жүргүзүү;
- почта төлөмүнүн белгилерин жүгүртүүгө чыгарууда аларга бет ачарларды, жарнамалык акцияларды жана атайын (эстелик) төлөөлөрдү өткөрүүнү камсыздоо;
- почта байланышынын дайындалган операторлору тарабынан почта төлөмүнүн белгилеринин артыкчылыктуу бөлүштүрүлүшүн камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
13. Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- келишимдердин, контракттардын жана макулдашуулардын негизинде бардык өндүрүштүк жана финансы-чарбалык иш чөйрөсүндө башка ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар менен өз алдынча жеке мамилелерди түзүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде өндүрүштүк, чарбалык жана социалдык-экономикалык иш маселелерин чечүүгө;
- насыяны өз убагында кайтарууга кепилдикти камсыздоо шартында банктардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн насыяларын колдонууга;
- эмгек акы төлөө системасын аныктоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерине анын ичинен келишим боюнча, каражаттардын чегинде эмгек акы төлөө өлчөмүн белгилөөгө;
- социалдык өнүктүрүү, техникалык жана социалдык өнүктүрүү каражаттары жөнүндө маселелерди чечүүгө, каражаттар болгондо Ишкананын кызматкерлери үчүн жеңилдиктерди берүүгө;
- Ишкананын ишине тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кароосуна киргизүүгө, бул маселелерди талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
-почта төлөмүнүн белгилерин сатуу боюнча коммерциялык иш жүргүзүүгө;
- эскиздерди иштеп чыгууга жана полиграфиялык өндүрүмдөрдү (чакыруу билеттерин, ысымы жазылган куттуктоо ачык каттарын, ардак грамоталарды, тастыктамаларды, жогорку сапаттагы бланктарды жана башкаларды) чыгарууга.
14. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджетке салыктарды жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө;
- бухгалтердик, ыкчам жана статистикалык эсептерди так жүргүзүүнү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген формалар боюнча отчет түзүүнү жана өз убагында берүүнү камсыздоого.
4. Ишкананын мүлкү
15. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле мамлекеттик менчик болуп саналган жана чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген, наркы Ишкананын балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- уюмдарга жана жеке жактарга почта төлөмүнүн белгилерин сатуудан алынган кирешелер;
- уюмдардын, ишканалардын жана жарандардын төгүмдөрү, анын ичинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келишимдик шарттарда же бекер көрсөтүлгөн жардам;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
17. Чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомчулуктардын жана шериктиктердин уставдык капиталына салым (үлүштүк салым) катарында киргизүүгө же менчик ээсинин макулдугусуз бул мүлктү башка жол менен тескөөгө Ишкананын укугу жок.
18. Ишкана мүлктү сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну иштетүү ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен камсыздайт.
19. Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө штаттык ырааттамага ылайык эмгек акы төлөө фондусунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Ишкананын кызматкерлерине сый акы төлөө эмгек акы төлөө фондусунун каражаттарынын жана Ишкананын каражаттарынын эсебинен Ишкананын жамааттык келишимине ылайык жүргүзүлөт.
5. Ишкананын жоопкерчилиги
20. Ишкана ушул Устав менен белгиленген бардык талаптардын жана милдеттердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыздоого жооп берет.
6. Ишкананын ишин уюштуруу
21. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ишкананын ишин жалпы жетектөөнү жана тескөөнү жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төмөнкү маселелерди чечет:
- Ишкананын штаттык ырааттамасын, чыгымдар сметасын бекитүүнү;
- Ишканага таандык болгон мүлктү арналышы боюнча пайдаланууга жана сактоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контроль жүргүзүүнү.
22. Ишкананы директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
23. Ишкананын директору:
- Ишкананын ишин жетектейт жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жооп берет;
- Ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде анын кызыкчылыктарын ишеним катсыз коргойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечим кабыл алат, ишеним кат берет, финансылык жана эмгек тартибинин сакталышын камсыздайт;
- орун басардын ыйгарым укуктарын белгилейт, оперативдүү, уюштуруу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Ишкананын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну ага тапшырат;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга сыйлоо жана жаза көрүү чараларын колдонот;
- кандайдыр бир иштерди аткарууга эмгек келишимдерин түзөт.
Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алуу, эмгек мамилелерин жөнгө салуу жана иштен бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Эсепке алуу, отчеттуулук жана ишти текшерүү
24. Ишкана оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзөт, тиешелүү мамлекеттик органдарга бекитилген формаларда, белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте баланс менен отчетту берет, алардын тууралыгына жооп берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик жана башка төлөмдөр боюнча өз убагында, көрсөтүлгөн убактарда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзөт.
25. Ишкананын өндүрүштүк жана финансы-чарбалык ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашырылат.
8. Ишкананы кайра түзүү жана жоюу
26. Ишкананы кайра түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүргүзүлөт.
27. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
28. Ишкана жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.