Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 441
Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
“Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоону тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы кенемтелерди жана коллизияларды жоюу максатында тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |