Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 441 токтому менен бекитилген |
1. Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө ушул убактылуу жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын (мындан ары – мамлекеттик орган) аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги терминдер:
ведомстволук турак жай фонду – мамлекеттик органдын карамагында турган турак жай имараттарынын жана жайлардын жыйындысы, анын ичинде:
- бюджеттик каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен курулгандар же алардын карамагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилгендер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактардан сатылып алынгандар;
- турак жай катары кайра жабдылган имараттар жана курулмалар;
турак жай комиссиясы – аскер кызматчыларын эсепке алуу (турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж аскер кызматчыларын эсепке алуу жана аларды эсептен чыгаруу жөнүндө өтүнүчтөрдү (кайрылууларды) кароо), кезектүүлүгүн түзүү жана турак жайларды бөлүштүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдын, анын аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ведомстволук турак жай фондун пайдалануу маселелерин объективдүү, калыс жана ар тараптуу кароо максатында түзүлүүчү, туруктуу иштөөчү кеңеш берүүчү орган;
турак жай фондунун резерви – жетекчинин чечими боюнча аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоо үчүн арналган турак жай фондунун 5 пайыздан көп эмес өлчөмдөгү турак жайларынын жыйындысы;
жетекчи – карамагында ведомстволук турак жай фонду турган мамлекеттик органдын жетекчиси.
3. Аскер кызматчыларына (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынан тышкары) жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө аскер кызматчысы кызмат өтөө ордуна келгенде алардын үй-бүлөсүнүн курамын эске алуу менен турак жай берилет.
Турак жайлар Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси менен белгиленген ченемдер боюнча ведомстволук турак жай фондунан бөлүнөт.
4. Ведомстволук турак жайды пайдалануу, анын сакталышын камсыздоо, турак жайларды пайдалануу эрежелерин сактоону контролдоо, инженердик жабдууну жана коммуналдык чарбаны тейлөө боюнча жалпы иш-чаралар ведомстволук турак жай фонду карамагында турган мамлекеттик органдын батирдик-пайдалануучу органдары (мындан ары – батирдик- пайдалануучу орган) тарабынан ишке ашырылат.
Аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин (мындан ары – аскердик бөлүктөр) турак жай фондун пайдалануу боюнча иш-чаралары аскердик бөлүктөрдүн командирлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Жабык аскер шаарчаларынын тизмеги карамагында мындай аскердик шаарчалар болгон жетекчилер тарабынан аныкталат.
6. Турак жай комиссияларынын иш тартиби жетекчи тарабынан аныкталат.
7. Ар бир мамлекеттик органда, аскердик бөлүктө турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж аскер кызматчыларын каттоо жүргүзүлөт.
Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж аскер кызматчыларын эсепке алуу боюнча жалпы маалыматтарды борборлоштуруп жыйноо батирдик- пайдалануучу орган тарабынан ишке ашырылат.
8. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж аскер кызматчыларын эсепке алуу турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж аскер кызматчыларын эсепке алуу китебинде (ушул Жобого 1-тиркеме) жана турак жайларды биринчи кезекте (кезексиз) алууга укуктуу аскер кызматчыларын эсепке алуу китебинде (ушул Жобого 2-тиркеме) жүргүзүлөт.
Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж аскер кызматчыларын эсепке алуу китеби номерлениши, көктөлүшү, мөөр басылышы жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча китептерди эсепке алуу журналына катталышы керек.
9. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп төмөнкү аскер кызматчылары эсептелет:
1) ар бир үй-бүлө мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемден төмөн турак жай аянтына ээ болгондор;
2) белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген турак жайларда жашагандар;
3) өзүнүн менчигинде же үй-бүлө мүчөсүнүн менчигинде турак жайы болбогон;
4) өзүнүн менчигинде же үй-бүлө мүчөсүнүн менчигинде мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жерден жеке турак жай курууга мурда берилген жер участогу болбогон;
5) үй-бүлөсүнүн курамында кээ бир өнөкөт оорулардын оор түрлөрү менен жабыркаган оорулуу адамдар менен коммуналдык батирлерде жашагандар, аны менен бир батирде турууга мүмкүн эмес болгон учурда;
6) окууга байланыштуу жайгашкан аскер кызматчыларынан тышкары жатаканаларда жашагандар.
10. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж аскер кызматчыларын эсепке алуу турак жай комиссиясынын чечими менен ишке ашырылат. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондорду эсепке алуу үчүн аскер кызматчылары турак жай комиссиясына төмөнкү документтерди тапшырышат:
- билдирме (ушул Жобого 3-тиркеме);
- аскер кызматчысынын жана аялынын(күйөөсүнүн) паспортунун көчүрмөсү;
- нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
- кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аскер кызматчысынын же анын аялынын/күйөөсүнүн менчигинде турак жайдын бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат-маалымат;
- мамлекеттик органдын (аскердик бөлүктүн) кадрдык органы тарабынан берилген жана аскер кызматчысынын өздүк көктөмөсүндө көрсөтүлгөн маалыматтарга негизделген календардык кызмат өтөгөн жылдары жана үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалыматты камтыган маалымкат-объективка;
- башка мамлекеттик же муниципалдык органдардан аскердик кызматты улантуу үчүн келген адамдардын мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүнөн турак жай менен камсыздалгандыгы же камсыздалбагандыгы жөнүндө маалымкат (ушул Жобого 4-тиркеме);
- жашаган жери боюнча аскер комиссариаты тарабынан түзүлүүчү турак жай-турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү актысы;
- ушул Жобонун 9 жана 20-пункттарында каралган турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн негиздерди ырастаган документтер.
11. Эгерде үй-бүлөнүн эки мүчөсү тең аскер кызматчысы болуп эсептелсе, анда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири турак жайга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп эсептелет.
12. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары эсепке алуу жана турак жайды кезексиз, биринчи кезекте алууга укуктуу аскер кызматчыларын (алардын үй-бүлө мүчөлөрүн) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары эсепке алуу жөнүндө аскер кызматчысынын билдирмеси ушул Жобонун 10-пунктунда каралган документтердин толук тизмегин тапшырган учурдан баштап бир айдын ичинде турак жай комиссиясы тарабынан каралат.
13. Аскер кызматчысы чындыкка ылайык келбеген документтерди тапшырган учурда, турак жай комиссиясы турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
14. Аскер кызматчысынын турак жайга ээ болуу үчүн эсепке алынуу укугу аскердик кызматты өтөөнүн бардык убактысынын аралыгында сакталат.
15. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун эсепке алуусуна төмөнкү аскер кызматчылары кабыл алынбайт:
- мурда мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунан турак жай менчикке берилип, аскердик кызматтан бошотулгандар жана кайрадан аскердик кызматка кабыл алынгандар;
- ушул Жобонун 9-пунктунда каралган негиздери болбогон аскер кызматчылары.
Календардык эсептөөдө 20 жана андан көп кызмат өтөгөн жылдары бар, кадыр-баркын кетирбөөчү негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулган жана аскердик кызматтан бошотулганга чейин мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунан турак жай менен камсыздалбаган аскер кызматчысы өзүнүн каалоосу менен аскердик кызматты өтөгөн орду боюнча турак жай алуу үчүн эсептен чыгарылбайт.
16. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж аскер кызматчысын эсепке алуудан чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эсепке алуудан чыгаруу жөнүндө аскер кызматчысынын билдирмеси;
2) аскер кызматчысын муктаж деп таануучу негиздерди жоготууга алып келген турак жай шарттарынын өзгөрүүсү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте турак жай курууга субсидияларды, насыяларды, ссудаларды же мамлекеттик жардамдардын башка түрлөрүн алуу же турак жай сатып алуу, мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы белгилеген тартипте турак жай куруу үчүн жер участогун берүү;
3) аскердик кызматты өтөө үчүн аскер кызматчысы төмөнкү учурлардан тышкары башка жерге которулат, эгерде:
- аскер кызматчысынын үй-бүлөсү анын жаңы кызмат ордунун социалдык-экономикалык шарттарына байланыштуу аскер кызматчысы мурда аскердик кызматты өтөгөн жерде жашоосун улантса;
- аскер кызматчысынын аялы (күйөөсү) аскер кызматчысы мурда аскердик кызматты өтөгөн жерде аскердик кызматты өтөөнү улантса;
4) берилген документтерде эсепке алуу үчүн негиз катары киргизилген, чындыкка туура келбеген маалыматтар табылса;
5) аскердик кызматты андан ары улантуу үчүн башка мамлекеттик органдарга которулса;
6) кызматтык шайкеш келбөөчүлүк, кадыр-баркын кетирүү боюнча, контракттын шарттарын аткарбагандыгына же соттолгондугуна байланыштуу аскердик кызматтан запаска же отставкага бошотулса;
7) аскер кызматчысынын каза болушу, эгерде анын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары эсептөө үчүн негиздер жараксыз болуп калбаган учурлардан тышкары.
17. Аскер кызматчылары мамлекеттик орган, аскердик бөлүк жайгашкан жер боюнча (турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж аскер кызматчысы мурда каттоодо турган калктуу конуштун чек арасында) турак жай менен камсыздалышат.
Турак жайлар турак жайды мүлктүк жалдоого келишим (ушул Жобого 5-тиркеме) түзүү менен берилет.
Турак жайларды бөлүштүрүү турак жай комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт жана бекитилген протокол турак жайды берүү жана турак жайды мүлктүк жалдоого келишим түзүү үчүн негиз болуп эсептелет. Турак жайды мүлктүк жалдоого келишим аскер кызматчысына турак жайга жайгашууга укук берет жана турак жайды өткөрүп берүү актысы боюнча аскер кызматчысына өткөрүлүп берилет (ушул Жобого 6-тиркеме).
Мамлекеттик органдан турак жайды мүлктүк жалдоо келишимине жетекчи тарабынан аныкталуучу кызмат адамы кол коёт.
18. Турак жай менен камсыздоодо аскер кызматчысынын кошумча турак жай аянтына болгон укугу эске алынат.
19. Башка бирдей шарттарда турак жай берүүнүн кезектүүлүгү эсепке алынган убактысы боюнча аныкталат.
Турак жайларды алуу мөөнөттөрүндөгү артыкчылыктан үй-бүлөсү турак жай шарттарын жакшыртууга өтө муктаж болгон аскер кызматчылары пайдаланышат.
Аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү ушул Жобонун 9 жана 20-пункттарында каралган негиздердин жыйындысын кароонун жыйынтыктары боюнча турак жай комиссиясынын чечими менен турак жай шарттарын жакшыртууга өтө муктаж деп эсептелет.
20. Турак жай менен камсыздоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) кезексиз:
- “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган (“Ак-Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылган) аскер кызматчылары;
- “Манас” орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган аскер кызматчылары;
- согуш аракеттеринин, анын ичинде куралданган мыйзамсыз түзүлүштөрдү чектөө (жок кылуу), өзгөчө абал режимин кармоо, ошондой эле эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармап туруу боюнча операциялардын (тынчтыкты сактоо миссиялары/операциялары) жүрүшүндө аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү;
- табигый кырсыктардын, согуштук аракеттердин, өрт кырсыгынын натыйжасында турак үйүн жоготкон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү, эгерде бул аскер кызматчыларынын белгиленген күнөөсү жок болсо;
2) биринчи кезектеги тартипте:
- аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү, ушул пункттун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары;
- согуш аракеттеринин, анын ичинде куралданган мыйзамсыз түзүлүштөрдү чектөө (жок кылуу), өзгөчө абал режимин кармоо, ошондой эле эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармап туруу боюнча операциялардын (тынчтыкты сактоо миссиялары/операциялары) жүрүшүндө алынган жарааттардын, майыптыктын жана контузиялардын жыйынтыгында I жана II топтогу майыптык алган аскер кызматчылары;
- “СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө Мекенге кызматы үчүн” орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган аскер кызматчылары;
- “Баатыр эне” ордени менен сыйланган аскер кызматчылары;
- үй-бүлөсүндө жашы жетпеген балдардын саны 4 же андан көп баланы түзгөн аскер кызматчылары;
- ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган аскер кызматчылары;
- 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча ажыратуу зонасынын чектеринде иштерге катышкан же ушул мезгилде Чернобыль АЭСинде пайдаланууга берүү же башка иштер менен алектенген аскер кызматчылары;
- Афганистанда же күжүрмөн аракеттер жүргүзүлгөн башка мамлекеттерде аскердик кызматты өтөөдө күжүрмөн аракеттерге катышкан аскер кызматчылары;
- мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун бузулууга тийиш болгон турак жайларында жашаган аскер кызматчылары;
- мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун кулоо коркунучу бар турак жайларында жашап жаткан аскер кызматчылары;
- 20 жана андан көп календардык кызмат өтөгөн жылдары бар аскер кызматчылары, эгерде аларды турак жай менен камсыздоодон баш тартуу үчүн негиз жок болсо.
Аскер кызматчыларына турак жай бөлүштүрүүдө турак жай комиссиясы ушул баптын талаптарына негизденип, аскердик кызматтагы жалпы кызмат өтөгөн жылдарын эске алуу менен чечим кабыл алат.
21. Өзгөчө учурларда жетекчи тарабынан турак жай фондунун резервинен кызматтык турак жай берүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
Мында, өзгөчө учур болуп ээлеген кызматына же аткарган ишинин мүнөзүнө байланыштуу түздөн-түз иштеген жерине жакын же жогорку күжүрмөн даярдыкты кармоо үчүн белгилүү бир калктуу конушта жашашы керек болгон адамдарды турак жайлар менен камсыздоо, ошондой эле тапшырылган участокто күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоодо жогорку натыйжаларды көрсөткөн аскер кызматчыларын өбөлгөлөө зарылчылыгы эсептелет, эгерде аскер кызматчысы мамлекеттик турак жай фондунан мурда турак жай менен камсыздалбаган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсепке алуусунда турган шартта.
22. Аскердик билим берүү уюмдарына окууга жиберилген аскер кызматчыларынын окуп жүргөн мезгилинде мурда берилген турак жайды пайдалануу укугу сакталат.
23. Кызмат өтөө үчүн башка кызмат өтөө ордуна которулганда аскер кызматчысы мурдагы кызмат өтөгөн жери боюнча турак жай аянтын тапшыргандан кийин гана жаңы кызмат орду боюнча турак жай аянты менен камсыздалат.
24. Берилген турак жайларда жашаган аскер кызматчыларына турак жайларды ээлемдөөгө, алмашууга, ушул жайларды жалдоого, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, алар боюнча жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө, мүлктүк жалдоо келишимин өзгөртүүгө тыюу салынат.
25. Мамлекеттик органда аскердик кызмат өтөбөгөн адамдарга ведомстволук турак жай фондунун эсебинен турак жай берүүгө тыюу салынат.
26. Башка мамлекеттик органдарга ведомстволук турак жай фондунан турак жай берүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары жол берилбейт.
27. Аскер кызматчыларына турак жайлар коммуналдык кызматтарды көрсөткөндөр аныктаган өлчөмдөрдө кызмат көрсөтүүлөр үчүн жана иш жүзүндөгү чыгымдарга негизденип, турак жай фондун каржылоо үчүн төлөмдөрдөн тышкары төлөмдөрдү албастан берилет.
28. Турак жайды пайдалануу мөөнөттөрү жана өзгөчөлүктөрү турак жайды мүлктүк жалдоо келишими менен белгиленет.
29. Жатаканалардагы турак жайлар турак жайды мүлктүк жалдоо келишимин түзүү менен аскер кызматчылары кызмат өтөгөн жана окуган мезгилде алардын убактылуу жашап туруусу үчүн арналат.
30. Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы негиздерде мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунан турак жайлар менен камсыздалышы мүмкүн.
31. Турак жай менен камсыздоого альтернативдик укук катары ипотека программаларына аскер кызматчыларынын катышуусу ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.
32. Аскер кызматчылары ээлеген турак жайлардан бирге жашаган бардык адамдар менен төмөнкү учурларда чыгарылууга тийиш:
1) башка турак жай бербестен аскер кызматчысы жана анын үй-бүлөсү турак жайды мүлктүк жалдоо келишиминин талаптарын дайыма сактабаганда (үч жолудан көп) жана ушул келишим менен каралган башка негиздер боюнча;
2) эгерде турак жайды өзү билемдик менен ээлеп алганда;
3) кулоо коркунучу бар турак жайларда жашаса;
4) жеңилгис күчтүн таасиринин натыйжасында жашоо үчүн жараксыз болгон турак жайда жашаса.
Ушул пункттун 2-4-пунктчаларында каралган учурларда турак жайдан чыгаруу соттун чечими боюнча, ал эми аталган пункттун 1-пунктчасы менен турак жайды мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына ылайык ишке ашырылат.
Аскер кызматчылары турак жай фонду бар башка жерге же аскердик бөлүккө кызматын андан ары өтөө үчүн жиберилген учурда мурдагы кызмат өтөгөн жери боюнча ээлеген турак жайы аскер кызматчысынын үй-бүлөсү ал мурда кызмат өтөгөн жеринде жашоосун уланткан учурлардан тышкары үч айлык мөөнөттө бошотулууга тийиш.
Аскер кызматчысы аскердик кызматтан бошотулганда ушул Жобо менен каралган учурлардан тышкары берилген турак жайдан чыгарылууга тийиш.
33. Башка турак жай бербестен турак жайлардан төмөнкүлөр чыгарылбайт:
- согуш аракеттеринин, анын ичинде куралданган мыйзамсыз түзүлүштөрдү чектөө (жок кылуу), өзгөчө абал режимин кармоо, ошондой эле эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармап туруу боюнча операциялардын (тынчтыкты сактоо миссиялары/операциялары) жүрүшүндө алынган жарааттардын, майыптыктын жана контузиялардын натыйжасында майыптык алган аскер кызматчылары;
- аскердик кызмат өтөө убагында турак жай берилген аскердик кызматтан бошотулган, бирок турак жай берген ушул мамлекеттик орган менен эмгек мамилелерин токтотпогон аскер кызматчылары;
- жабык аскер шаарчаларында турак жайды ээлеген, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү (багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр);
- календардык эсептөөдө 20 жана андан ашык кызмат өтөгөн жылдары бар аскер кызматчылары, жабык аскер шаарчаларында кызматтык турак жайларды ээлеген алардын үй-бүлө мүчөлөрү аскердик кызматтан запаска же кадыр-баркты кетирбөөчү негиздер боюнча бошотулган учурда.
34. Турак үйдү бузуу же аны турак эмес үйгө кайра жабдуу учурунда, ошондой эле турак жай кулоо коркунучунда болсо, анда жашаган аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө башка турак жай берилет.
35. Турак жайды өз алдынча ээлеп алган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү аларга башка турак жай берилбестен чыгарылат.
36. Ээлеп турган ведомстволук турак жайларды менчикке берүү төмөнкү адамдарга бекер негизде ишке ашырылат:
- жашы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлары боюнча аскердик кызматтан запаска же отставкага бошотулган, 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн офицердик курамдагы адамдарга жана прапорщиктерге;
- согуш аракеттеринин, анын ичинде куралданган мыйзамсыз түзүлүштөрдү чектөө (жок кылуу), өзгөчө абал режимин кармоо, ошондой эле эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармап туруу боюнча операциялардын (тынчтыкты сактоо миссиялары/операциялары) жүрүшүндө курман болгон аскер кызматчыларынын (аскер кызматчысынын кызмат өтөгөн жылдарына карабастан) үй-бүлө мүчөлөрүнө.
37. Ведомстволук турак жайларды менчикке берүү төмөнкү адамдарга түз сатуу жолу менен ишке ашырылат;
- аскердик кызматты өтөө мезгилинде каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, эгерде аскер кызматчысынын үй-бүлөсү аскер кызматчысы каза болгон учурга чейин 10 жылдан кем эмес турак жайда жашаган шартта;
- аскердик кызматты өтөө мезгилинде алынган майыптыктын же оорунун (жарааттын, жаракаттын, контузиянын) кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен I жана II топтогу майып адамдарга;
- аскердик кызматта 15 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн, оорусу боюнча же штаттардын кыскарышына байланыштуу бошотулган аскер кызматчыларына;
- I жана II топтогу майып, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан аскер кызматчыларына;
- төрт же андан көп жашы жетпеген балдарды тарбиялаган аскер кызматчыларынын үй-бүлөсүнө, мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунан менчикке турак жай алуу боюнча башка негиздер аскер кызматчыларында жок болгон учурда;
- аскердик кызматтан бошотулган убакта жыйырма жылдан кем эмес турак жайда жашаган аскер кызматчыларына кадыр-баркты кетирген негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулгандан кийин;
- пенсияга чыгууга укук берген кызмат өтөө мөөнөтүнүн жылдары боюнча аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчыларына.
Ведомстволук турак жайларды менчикке түздөн-түз сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
38. Турак жайларды аскер кызматчыларынын менчигине тариздөө үчүн батирдик-пайдалануучу органга төмөнкү документтер тапшырылат:
- билдирме (арыз) (эркин түрдө);
- турак жайды мүлктүк жалдоого келишим;
- кадрдык орган берген аскер кызматчысынын өздүк көктөмөсүндө көрсөтүлгөн маалыматтарга негизделген календардык кызмат өтөгөн жылдары жана үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкат-объективка;
- кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аскер кызматчысынын же анын аялынын/күйөөсүнүн менчигинде турак жайдын бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат-маалыматы;
- аскер кызматчысынын жана аялынын (күйөөсүнүн) паспортунун көчүрмөсү;
- нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- ушул Жобонун 36-37-пункттарында каралган негиздерди ырастоочу башка документтер.
39. Турак жайларды менчикке берүү жетекчилердин чечими менен таризделет.
40. Ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу турак жай фондун эсепке алуу китебинде жүргүзүлөт, ал номерлөөгө, көктөөгө, мөөр басууга жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча китептерди эсепке алуу журналына катталууга тийиш (ушул Жобого 7-тиркеме). Жаңы китепти тариздөө учурунда ал мындан мурдагынын уландысы болуп эсептелет.
Аскер кызматчысын турак жайга жайгаштыруу же андан чыгаруу турак жай пайдаланууну эсепке алуунун карточкасында эске алынат (ушул Жобого 8-тиркеме). Бир эсепке алуу карточкасы толгон учурда биринчи карточкага бириктирилип жаңысы башталат жана биринчи карточканын уландысы катары белгиленет.
Турак жай фондун эсепке алуу китеби жана турак жай пайдаланууну эсепке алуу карточкасы дайыма сакталууга тийиш.
41. Ведомстволук турак жай фондун жалпы эсепке алуу батирдик- пайдалануучу органда жүргүзүлөт. Турак жай фондун эсепке алуунун абалы жыл сайын текшерилүүгө тийиш.
| Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
№
|
Аскердик наамы |
Аты-жөнү
|
Кызмат өтөгөн жери
|
Турак жай комиссиясынын эсепке алуу же баш тартуу жөнүндө протоколунун номери жана датасы |
Турак жай аянтын берүү жөнүндө белги (турак жайды пайдаланууну эсепке алуу карточкасынын номери)
|
Эсепке алуудан чыгарууга негиз, чечимдин номери жана датасы |
Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
1. Башка жерге кызмат боюнча дайындалгандыгына, чыгарууга байланыштуу турак жайды алмаштырган учурда турак жайды пайдаланууну эсепке алуу карточкасына тийиштүү белги коюлат.
2. Аскер кызматчысы турак жай алуу убагында кадрдык кызматтан календардык эсептөөдөгү кызмат өтөгөн жылдары жөнүндө жана үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкатты көрсөтөт.
| Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
№
|
Аскердик наамы |
Аты-жөнү | Азыркы убакта кайда жашайт |
Турак жай комиссиясы-нын протоколу-нун номери жана датасы
|
Турак жай аянты менен камсыздоо жөнүндө белги (дареги)
|
Эскертүү | ||
дареги | бөлмө-лөрдүн саны | Турак жай аянты (кв.м) | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 3-тиркеме |
________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
______________________________________________________
(кызматы, аскердик наамы, аты-жөнү)
_______________________________________________________
____________________________________________________ден,
дареги боюнча ________________________________________________
(көчө, үй, батир, байланыш телефондор, электрондук дарек)
_________________________________________________________
Мени, ________________________________________________________________,
(аскердик наамы, аты-жөнү)
Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары эсепке алууну өтүнөм.
Паспорт (өздүгүн ырастоо) ______________________________________________________
(серия, номер, ким тарабынан, качан берилген)
Аскердик кызматты өтөгөн жери _____________________________________________
_____________________________________________________________________________
(аскердик башкаруу органынын, аскердик бөлүктүн, мекеменин аталышы)
Үй-бүлө курамы:
күйөөм (аялым) _______________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган датасы)
балдарым: _________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган датасы)
башка үй-бүлө мүчөлөрү: _____________________________________________________________
(туугандык даражасы, аты-жөнү, туулган жылы)
Менде жана менин үй-бүлө мүчөлөрүмдө Кыргыз Республикасынын аймагында
менчик турак жайы (турак жайга менчикте үлүш жери) жок _______________
_____________________________________________________________________________
(менчикте турган турак жай жөнүндө маалымат)
Мен жана менин үй-бүлө мүчөлөрүм турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары эсепке алуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу максатында берилген персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга жана колдонууга каршы эмес.
Арыз ээсинин колу ___________________
Жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн колдору________________ _____________
| Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 4-тиркеме |
Маалымкат берилген күндөн баштап 6 айдын ичинде жарактуу
___________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
ал мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондусунун үйлөрүндө турак жай аянты менен камсыздалбагандыгы жөнүндө берилди.
Маалымкат талап кылган жерге көрсөтүү үчүн берилди.
Ыйгарым укуктуу кызмат адамы _______________________________________
(кызматы, наамы, аты-жөнү)
__________________________________
(колу)
| М.О. |
| Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 5-тиркеме |
______________________ (калктуу конуш) | ______________________ (жыл, ай, күн) |
Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө жобонун негизинде иштеген, батирдик-пайдалануучу органдын начальниги (00000 аскер бөлүгүнүн командиринин/мекеменин начальнигинин) башында турган мамлекеттик орган ___________________мындан ары “Жалдоого берүүчү” деп аталуу менен, бир тараптан жана аскер кызматчысы (жумушчу)_________________________________________________
(кызматы, аскердик наамы, аты-жөнү)
мындан ары “Жалдоочу” деп аталуу менен, экинчи тараптан,
________________________________________________________________________
УЛ: серия ____, № _____, берилген __________ (паспорт: серия ____, номер _______, ИИМ берилген ___________ 20__-ж. ___-__________.) төмөнкүлөр жөнүндө келишим түзүштү:
1.1. Жалдоого берүүчү Жалдоочуга убактылуу жашоо үчүн, аскердик кызматты өтөөгө (мамлекеттик орган менен анын эмгек мамилелеринин мүнөзүнө) байланыштуу, анын _________________________________________________________ кызмат өтөө
(аскердик бөлүктүн номери, мекеменин аталашы)
убагына ________ бөлмөдөн турган, ____________ чарчы метр турак жай аянты менен
______________________________________________________________ дареги боюнча
(калктуу конуштун, көчөнүн аталышы)
№ ______ үй (жатакана), №______ турак жайды берет.
1.2. Турак жайга Жалдоочу менен бирге анын төмөнкү үй-бүлө мүчөлөрү жайгашат:
1)_______________________________________________________________________
(Жалдоочунун үй-бүлө мүчөсүнүн аты-жөнү жана аны менен туугандык даражасы)
2)_______________________________________________________________________
(Жалдоочунун үй-бүлө мүчөсүнүн аты-жөнү жана аны менен туугандык даражасы)
3)_______________________________________________________________________
(Жалдоочунун үй-бүлө мүчөсүнүн аты-жөнү жана аны менен туугандык даражасы)
4)_______________________________________________________________________
(Жалдоочунун үй-бүлө мүчөсүнүн аты-жөнү жана аны менен туугандык даражасы)
5)_______________________________________________________________________
(Жалдоочунун үй-бүлө мүчөсүнүн аты-жөнү жана аны менен туугандык даражасы)
2.1. Жалдоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
а) үй-бүлө мүчөлөрү менен турак жайды пайдаланууга;
б) турак жайдагы жалпы мүлктү пайдаланууга;
в) кайсы гана убакта болбосун ушул Келишимди бузууга;
2.2. Жалдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) ар бир айдын 5-күнүнөн кеч эмес турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү белгиленген өлчөмдөрдө өз убагында төлөөгө;
б) турак жайды анын арналышына ылайык пайдаланууга;
в) турак жайдын жана көмөкчү жайлардын сактыгын камсыздоого;
г) жашаган мезгилде келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
д) жашоочулар менен бирге турак жайды жана үйдүн алдындагы аймакты пайдалануу эрежелерин сактоого, жалпы колдонуудагы жерлерде тазалыкты жана тартипти кармоого, сууну, электр жана жылуулук энергиясын үнөмдүү чыгымдоого;
е) турак жайды өз алдынча пландоого жол бербөөгө;
ж) өзүнүн эсебинен күнүмдүк оңдоону жана тейлөөнү жүргүзүүгө;
з) турак жайдын жана анда турган санитардык-техникалык жабдуунун техникалык абалын кароо үчүн, ошондой эле турак жайдын максаттуу пайдаланылышын текшерүү үчүн турак жайга Жалдоого берүүчүнү киргизүүгө;
и) анда жайгашкан санитардык-техникалык жана башка жабдуулардын бузулганы билинсе, аларды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө;
к) мыйзамдар менен каралган учурлардан тышкары - аскер кызматчысын жаңы кызмат ордуна которууда, окууга кеткенде, бошоткондо 3 айдын аралыгында турак жайда жашагандыгы үчүн жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздарды төлөө менен аны талаптагыдай абалда Жалдоого берүүчүгө тапшырууга;
л) өрт коопсуздугунун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын санитардык-гигиеналык жана экологиялык талаптарын эске алуу менен турак жайды пайдаланууну ишке ашырууга.
2.3. Жалдоочунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жок болуусу ушул Келишим боюнча алардын укуктарынын жана милдеттеринин өзгөрүүсүнө алып келбейт.
2.4. Турак жайды алмашууга, ошондой эле аны башка адамдарга жалдоого берүүгө, коммерциялык максаттарда колдонууга Жалдоочуга тыюу салынат.
2.5. Жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрү турак жайды пайдалануунун эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны менен бирдей жоопкерчилик тартат.
3.1. Жалдоого берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган батир төлөмүн, товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү талап кылууга;
б) ушул Келишимди бузууну талап кылууга жана ушул Келишимдин 2.2. жана 2.4.- пункттарынын талаптарын Жалдоочу бузган же аткарбаган учурда чыгарууга.
3.2. Жалдоого берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) кызматтык турак жайды өрт коопсуздугунун талаптарына, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген абалда Жалдоочуга берүүгө;
б) жашоочулар менен бирге турак үйдү, анда турган санитардык-техникалык жана башка жалпы пайдалануудагы жабдууларды кышкы шарттарда пайдаланууга даярдоого катышууга;
в) пайдаланууга берүү, колдонуу эрежелерин сактоону жалпы көзөмөлдөөнү; инженердик жабдууларды, абаттоо объекттерин, коммуналдык чарбаны тейлөөнү; энергия үнөмдөөнү, өрт коопсуздугун, санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыкты камсыздоону ишке ашырууга;
г) турак жайды Жалдоочудан ушул Келишимдин 2.2.-пунктунун “и” пунктчасында каралган шарттарды сактоо менен кабыл алууга.
4.1 Ушул Келишим төмөнкү учурларда бузулушу мүмкүн:
а) тараптардын макулдугу боюнча;
б) Жалдоочу турак жайдан ыктыярдуу баш тарткан учурда;
в) тараптар Келишимдин шарттарын аткарбаганда;
г) Келишимдин мөөнөтү бүткөндө (Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурлардан тышкары);
д) турак жайды арналышы боюнча пайдаланбаган учурда;
е) Жалдоочу коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана батирди пайдалануу менен байланышкан башка төлөмдөрдү 2 айдан көп убакытка төлөбөгөндө;
ж) кошуналардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын дайыма (үч жолудан көп) бузганда;
з) Жалдоочу турак жайда алты ай жашабаганда (аскер кызматчыны аскердик билим берүү уюмдарына окууга жиберген учурлардан тышкары);
и) соттун чечими боюнча;
к) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка учурларда.
4.3. Ошондой эле ушул Келишимдин колдонулушу турак жайдын ведомстволук деген статусту жоготуу менен бузулгандыгына байланыштуу токтотулат.
4.4. Ушул Келишимдин 4.2 жана 4.3-пункттары менен каралган негиздер боюнча Келишим бузулган же токтотулган учурда Жалдоочу жана анын үй-бүлө мүчөсү турак жайды белгиленген мөөнөттө бошотот.
5.1. Тараптардын бири дагы ушул Келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз төмөндөтүүгө укугу жок.
5.2. Ушул Келишим боюнча келип чыккан бардык талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга мүмкүн болбогон учурда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
5.3. Келишим кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.4. Бул Келишимдин колдонуу мөөнөтү үч жылды түзөт. Эгерде Келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин 1 (бир) айдын ичинде Тараптардын бири аны токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, анда ал автоматтык түрдө кийинки үч жылга узартылды деп эсептелет.
5.5. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр, толуктоолор жана тактоолор алар жазуу жүзүндө таризделген, эки Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тийишүү түрдө кол коюлган учурда гана анык деп эсептелет жана ушул Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
5.6. Бул Келишим эки нускада түзүлдү, алардын бири Жалдоого берүүчүдө, экинчи нускасы Жалдоочуда сакталат.
6. Тараптардын даректери жана колдору:
Жалдоого берүүчү _____________________ _____________________ _____________________ | Жалдоочу _____________________ _____________________ _____________________ |
Мөөрдүн орду:
| Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 6-тиркеме |
20___-жылдын ___-___________
________________________________________ калктуу конушунда
________________________________________ көчөсүндөгү
№_______________________ үйүнүн, №__________________ батири.
1. Оң абалда болуусу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен (оң, оң эмес, оңдоону талап кылат ж.б) батирдин абатталгандыгы (санитардык-техникалык жана башка жабдуунун болуусу.
Газ колонкасы_______________________________________________________________
Газ (электр) плита ___________________________________________________________
Унитаз_____________________________________________________________________
Жуунгуч____________________________________________________________________
Жуугуч_____________________________________________________________________
Аралаштыргыч________________________________________________________________
Бекиткич арматура ___________________________________________________________
Жылытуу тутуму_____________________________________________________________
Жылытуучу приборлор________________________________________________________
Суу менен камсыздоо тутуму __________________________________________________
Каналдаштыруу тутуму _________________________________________________________
Газ түтүгү ___________________________________________________________________
Электр өткөргүчү _____________________________________________________________
Электр эсептегичи_____________________________________________________________
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнү эсепке алуу
приборлору_________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
Рамалар _____________________________________________________________________
Эшиктер ____________________________________________________________________
Дубалдар ____________________________________________________________________
Шыптар _____________________________________________________________________
2. Турак жайдын жашоо үчүн жарактуулугу жөнүндө маалымат_________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
Жалдоочу _____________________ | Жалдоого берүүчү _____________________ |
| Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 7-тиркеме |
№
|
Турак жайдын дареги (шаар, көчө, үйдүн номери)
|
Батирдин номери | Турак жайдын мүнөздөмөсү |
Турак жай аянтынын бирдигин пайдаланууну эсепке алуу карточкасы жөнүндө маалымат
|
Эсепке алуудан чыгарууга негиз | |||
имарат курулган жыл | бөлмөлөр-дүн саны | турак жай аянты | жалпы аянт | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 8-тиркеме бети |
1 ________________________________________ шаары, ___________________________________________________________району, __________________________________________________көчөсү, ______________үй, ___________батир , бөлмөлөрдүн саны _______, жашоочу аянт ________________ чарчы метр.
2. Үйдүн таандыктыгы ___________________________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________________________________________________
3. Пайдаланууга берилген жылы_____________________________________________________________________________________________
Үй башкармалыгы_________________________________________________________________________________________________
Башкармалыктын начальниги _________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
_______________________________________________________________ ___________________________
кызматы, наамы, аты-жөнү колу
М.О. 20 ___ ж. _____ - ____________________
| Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыздоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 8-тиркеме экинчи бети |
№
| Турак жайды алган адамдын аты-жөнү
| Кызмат өтөгөн жери | Үй-бүлө курамы | Турак жай комиссиясы-нын чечиминин номери жана датасы | Келишим-дин номери жана датасы | Алуучунун колу | Чыгаруунун негизи | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|