Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-августу № 465
“Кара-Балта электр-жылуулук менен жабдуу жана cуу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасынын суу менен камсыздоо жана канализация объекттерин Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын балансынан Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун мамлекеттик колдоо максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Балта электр-жылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасынын суу менен камсыздоо жана канализация объекттери Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын балансынан Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 “Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун “Райондук маанидеги Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмеги” деген 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
“
Кара-Балта шаарын жылуулук жана ысык суу менен камсыздоочу, ТЭЦтин жылуулук энергиясын иштеп чыгуу үчүн суу берүүгө арналган объекттеринен башка “Кара-Балта электр жылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасынын суу менен камсыздоо жана канализация объекттери | 1
| Негизги каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык |
”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасы Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын мэриясы менен биргеликте бир айлык мөөнөттө, акысыз негизде Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарын жылуулук жана ысык суу менен камсыздоочу, ТЭЦтин жылуулук энергиясын иштеп чыгуу үчүн суу берүүгө арналган объекттеринен башка “Кара-Балта электр-жылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасынын суу менен камсыздоонун жана канализациянын негизги каражаттарын (объекттерин) “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын балансынан Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
4. Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын мэриясына мындан ары аталган объекттерди максаттуу арналышы боюнча гана пайдалануу сунушталсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |