Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-августу № 484
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жободо:
- 6-пунктта:
төмөнкү мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- мобилдүү байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун түзөт, өнүктүрөт, иштетет, ошондой эле аларды жекелештирүү тартибин аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;
- акча которуу операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө маалыматтарды берген адамдардын "Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруусун контролдоону жүргүзөт;";
он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- лицензиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялоону ишке ашырат жана Лицензиялар жана уруксаттар реестрин жүргүзөт;";
- 7-пунктта:
он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана өз компетенциясынын чегинде эл аралык жана ведомстволор аралык келишимдерди түзөт, Агенттиктин функцияларын ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт же илимий-изилдөө жана башка иштерди жүргүзүүгө катышат;";
төмөнкү мазмундагы он үчүнчү-он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн байланыш жаатындагы жөнгө салуу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн ишке ашырат;
- радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө лабораториялык сыноо жүргүзөт жана жүргүзүлгөн сыноолордун протоколдорун берет;
- Агенттиктин маалыматтык тутумдарын натыйжалуу пайдалануу үчүн, ошондой эле Агенттиктин бөлүнүштөрүнүн ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык тутумдарды, техникалык чечимдерди ишке киргизет жана колдойт;";
- 17-пунктта:
экинчи абзацтагы "лицензиялоо боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацындагы "радиоконтролдун мамлекеттик системасын" деген сөздөр "радиоконтролдун мамлекеттик тутумун жана мобилдүү байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;";
- 19-пунктта:
төртүнчү абзацындагы "радиомониторингдин мамлекеттик системасын" деген сөздөр "радиомониторингдин мамлекеттик тутумун жана мобилдүү байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;";
төмөнкү мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында эл аралык уюмдарга, интеграциялык бирикмелерге - Эл аралык электр байланыш уюмуна, Дүйнөлүк почта союзуна, байланыш жаатындагы Региондук шериктештикке жана байланыш жаатындагы Региондук шериктештиктин алдындагы маалыматташтыруу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Катышуучу мамлекеттеринин координациялык кеңешине мүчөлүк төгүмдөрдү, үлүштүк төгүмдөрдү төлөөгө;
- Агенттиктин кирешелер жана чыгымдар сметасында каралган акча каражаттарынын эсебинен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтун кошо уюмдаштыруучулук каржылоо;";
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"20. Каражаттарды чыгымдоо директор тарабынан бекитилген сметанын негизинде, ошондой эле учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жамааттык келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регионалдык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |