Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы № 375 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-августу № 452
“Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Тиркелген: “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене
“Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2008-жылдын 15-апрели, № 27) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Расмий тилдеги текстинде преамбуласынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1-беренеде:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар – ооруга чалдыгуу, дене бой жана (же) психикалык кемчиликтердин натыйжасында жашоо тиричилигинин чектелүүсүнө алып келүүчү жана аларды социалдык коргоо зарылдыгын жаратуучу жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган ден соолугу функционалдык бузулган балдар.”;
үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
он төртүнчү абзацы “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “жарандык” деген сөз менен толукталсын;
он тогузунчу абзацындагы “майыптарга” деген сөз “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 11-берене менен толукталсын:
“11-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коргоонун жана аларга берилүүчү жардамдын кепилдиктерин, ошондой эле калктын ден соолугун коргоого, майыптыкты алдын алууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды белгилейт.”.
4. 5-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 6-беренеде:
2-бөлүктөгү “тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
“Организмдин функцияларынын жана жашоо тиричилигинин бузулушунун даражасына жараша майыптыктын I, II же III топтору белгиленет. 18 жашка чыга элек балдар “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар” категориясына киргизилет.
Майыптыктын топторун белгилөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.
6. 9-беренедеги “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында” деген сөздөр “мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 10-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жалгыз бой адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынын белгиленген тартипте материалдык-тиричилик, анын ичинде азык-түлүк жана өнөр жай товарларын жеткирип берүү боюнча кызматтар, тамактануусун, тиричилигин жана бош убактысын уюштуруу боюнча кызматтар көрсөтүлөт.”.
8. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12-берене. Адистештирилген стационардык мекемелерде тейлөө
Өзүн-өзү тейлөө мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай же толук жоготкон жана дайыма башка бирөөнүн кароосуна муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга аларды адистештирилген стационардык мекемелерде тейлөө боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
Адистештирилген стационардык мекемелерде кызматтарды көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.
9. 13-беренеде:
1-бөлүктөгү “мыйзамдарында белгиленген” деген сөздөр “Өкмөтү тарабынан аныкталган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү “мыйзамдарында” деген сөздөр “Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын биригүүгө болгон укуктары
Өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, өз ара колдоо жана кызмат көрсөтүү максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана алардын өкүлдөрү болушкан адамдар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө укуктуу.”.
11. 17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын тынч чогулуштарды өткөрүүгө укуктары
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана алардын бирикмелери, уюмдары тынч чогулуштарды өткөрүүгө укуктуу.”.
12. 20-берене “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында” деген сөздөрдөн мурда “жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.
13. 24-берененин 4-бөлүгүндөгү “ар бир стационардык мекеменин объективдүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша” деген сөздөр алып салынсын.
14. 25-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“25-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарылоо
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилет.”.
15. 27-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“27-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгектенүүлөрүнүн кепилдиктери
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте майыптык категорияларына жана тобуна карабастан эмгектенүүгө укуктуу.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жеке реабилитациялоо программаларын эске алуу менен кадимки эмгек шарттары бар өндүрүштө, адистештирилген уюмдарда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегин колдонуучу цехтерде жана участоктордо иштөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жеке ишкердик ишти жүргүзүү укугу менен камсыз кылынат.”.
16. 28-31-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
17. 33-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга билим берүү жеке реабилитациялоо программасына жана билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.”.
18. 38-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн орундарды квоталоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.
19. 40-берененин 2-бөлүгүндөгү “мыйзамдарында” деген сөздөр “Өкмөтү тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. 41-берене “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына” деген сөздөрдөн мурда “маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.
21. 48-берененин 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацтагы “негизги милдеттери” деген сөздөр “милдеттери” деген сөз менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы “социалдык жактан коргоо кызматынын” деген сөздөр “социалдык өнүктүрүү органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
22. 49-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “негизги багыттары” деген сөздөр “багыттары” деген сөз менен алмаштырылсын.
23. 52-берененин биринчи бөлүгүндөгү “республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары” деген сөздөр “мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|