Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-августу № 454
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., №3, 76-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
5-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.
8-беренеде:
7-пункту “камсыз кылууга жана сактоого” деген сөздөрдөн кийин “ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга” деген сөздөр менен толукталсын”.
12-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“12) келишимдик негизде объектилерди, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын мүлкүн кайтарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, улуттук коопсуздук органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун объектилеринен башка объектилердеги ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушун контролдоого;”.
3. 15-статьясынын 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы “аскердик же” деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
1) “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 1994-жылдын 14-апрели, № 1474-XII (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору”, 1994-ж., № 6, 184-бер.);
2) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси, 2002-жылдын 25-июлу, № 130 (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы”, 2002-ж., № 9, 418-бер.);
3) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 11-бөлүгү, 2008-жылдын 17-октябры, № 231 (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы”, 2008-ж., 923-бер.);
4) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси, 2009-жылдын 30-декабры, № 319 (“Эркин Тоо” гезити, 2010-жылдын 12-январы, № 1);
5) “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2011-жылдын 9-декабры, № 231 (“Эркин Тоо” гезити, 2011-жылдын 13-декабры, № 106);
6) “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-пункту, 2013-жылдын 18-апрели, № 55 (“Эркин Тоо” гезити, 2013-жылдын 23-апрели, № 31);
7) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясы, 2003-жылдын 11-июну, № 98 (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы”, 2003-ж., № 9, 358-бер.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|