Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 556 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-августу № 464
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Гарантиялык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Гарантиялык (кепилдик) фонду жөнүндө жобонун айрым ченемдерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 209-беренесине шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Гарантиялык (кепилдик) фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы жана 1-пунктундагы “органынын Гарантиялык фонду” деген сөздөр “органдын кепилдик фонду” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Гарантиялык (кепилдик) фонду жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
аталышындагы “Гарантиялык (кепилдик) фонду” деген сөздөр “кепилдик фонду” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Гарантиялык фонду” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “кепилдик фонду” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.1-пункттун экинчи абзацындагы “кызматтын жана саткан продукциясынын” деген сөздөр “кызматтан жана саткан продукциядан алынган бөлүштүрүлбөгөн пайданын (сарптоолорду эсептен чыгаруудан кийин калган суммадан)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |