Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-августу № 459
Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык ишти өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки негизги багыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык ишти өнүктүрүү жана гидрометеорологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республиканын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык ишти өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки негизги багыттары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гидрометеорологиялык ишти өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки негизги багыттарын ишке ашырууну камсыз кылсын жана тиешелүү иш-чаралардын планын бекитсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8 августу № 459 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча Улуттук Кеңеште кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык божомолун өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки жалпы улуттук долбоорун аныктаган.
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы өзүнө экономикалык өнүгүүнүн приоритеттерин дагы, ошондой эле экологиялык коопсуздук тармагында өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүүсүнүн, кырсык тобокелдерин азайтуунун жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуунун негиздерин түзүүнү да өзүнө камтыган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын гидрометеорологиялык кызматы – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин (Кыргызгидромет) калкка, социалдык, экономикалык чөйрөнүн түрдүү тармактарында кырсык тобокелин азайтуу боюнча жооп берген мамлекеттик органдарга жана чарбалык субъектилерге керектүү маалыматтарды толук өлчөмдө берүү үчүн тийиштүү мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы жок.
Кыргызстанда гидрометеорология тармагынын келечеги анын өнүгүүгө жөндөмдүүлүгүнө жана гидрометеорологиялык маалымат берүүнүн жана тейлөөнүн натыйжасын көтөрүү менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, курчап турган чөйрөнү жана калкты коргоого шарт түзүүсүнө жараша болот. Гидрометеорологиялык маалыматтарды, божомолдорду жана эскертүүлөрдү даярдоо гидрологиялык жана метеорологиялык байкоолордун жакшы аракеттенген жана колдоого алынган улуттук тармагынын болушун; гидрометеорологиялык маалыматтарды алмашуу жана биргелешип пайдалануу, окутуу жана аба ырайын божомолдоо боюнча маалыматты алуу үчүн эл аралык кызматташтыкты; маалыматтарды талдоого жана божомолдордун таасирин баалоо боюнча гидрометеорологиялык маалыматтарды коомчулукка, экономикалык субъекттерге, табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу үчүн жооптуу мамлекеттик мекемелерге берүү жөндөмдүүлүгүн талап кылат. Бул үчүн ыйгарым укуктары так аныкталган, уюштуруу түзүмү азыркы учурдагы гидрометеорологиялык кызматтын талаптарына ылайык келген, жогорку квалификациялуу персоналы, заманбап байкоочу жана божомолдоочу инфратүзүмү бар атайын ыйгарым укуктуу орган керек.
Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык ишти өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки негизги багыттарынын (мындан ары – Негизги багыттар) арналышы төмөнкүдөй:
- учурдагы көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү жана өлкөдөгү гидрометеорологиялык иштин келечектеги өнүгүүсүн аныктоо, аны өнүктүрүүнүн приоритеттерин жана максаттуу багыттарын аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын гидрометеорология кызматынын ишин башкаруунун заманбап технологияларын пайдалануу менен, баардык процесстерди конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болгудай кылып уюштуруу;
- гидрометеорологиялык иштин өнүгүүсүн мониторингдөө жана баалоо, аны координациялоо жана баалоо, ошондой эле сектордогу өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча инструментти киргизүү;
Бул негизги багыттар Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык ишти өнүктүрүүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү максатында метеорологиялык, гидрологиялык, агрометеорологиялык шарттарды туруктуу байкоого алуу үчүн жооп берген мамлекеттик орган катары Кыргызгидрометтин ролун күчөтүүчү тутумдук ыкмаларды киргизүү жолу менен өнүктүрүүнүн куралы болууга тийиш.
Кыргызстан жаратылыштагы катаклизмдердин жана табигый кырсыктардын таасирине орчундуу деңгээлде дуушарланган аймакта жайгашкан. Республикада табигый кырсыктар тез-тез болуп турат, анткени республиканын аймагынын көпчүлүк бөлүгү тоолуу жана өлкөдө табигый кырсыктардын дээрлик баардык түрлөрү: сел жүрүү, кар көчкү, жер титирөө, жер көчкү, суу каптоо, кургакчылык, добул жана катуу шамалдар болуп турат. Жер титирөө булардын ичинен эң коркунучтуусу, бирок көбүрөөк экономикалык зыянды, эреже катары, жаратылыш шарттарына байланышкан коркунучтар алып келет. Алдын ала баалоо боюнча климаттын өзгөрүшү гидрометеорологиялык шарттарга байланыштуу табигый кырсыктардын санынын жана ургаалдуулугунун көбөйүшүнө, айрыкча элеттеги райондордун экономикасына зыян келтириши мүмкүн.
Климаттык өзгөрүүлөр оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн, анткени республикада 5000 активдүү жер көчкү, 3103 сел жүрүүчү дарыялар, 30 миңден ашуун кар көчкү түшүүчү жерлер бар, алардын миңге жакыны коркунучтуу, опурталдуулугу ар кандай категориядагы 330 жырылып кетүү коркунучу бар көлдөр, кен иштетүү өндүрүшүнүн уулуу жана радиоактивдүү калдыктары сакталган 92 объект бар. Өлкө жылына орточо 3-4 метеорологиялык кыйынчылыктарга, анын ичинде катуу суукка, катуу жаан-чачындарга дуушарланат. Жыл сайын 7-10 катуу сел жана кар көчкүлөр, дарыяларда сезондук суу ташкындар болуп турат.
Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү азыркыга чейин аба ырайынын фактору кыйла деңгээлде таасир эткен айрым секторлорго байланыштуу. Бул баарынан мурда республиканын экономикасы үчүн маанилүү болгон айыл чарба жана суу чарба, транспорт жана энергетика, кен казуу, курулуш секторлору, алардын өлкөнүн ички дүң продукциясындагы жалпы үлүшү 50 пайыздан ашык. Аба ырайынын экономикага таасири ушул жана башка секторлордогу чарбалык субъектилердин аба ырайынын факторлоруна байланыштуу тартышкан зыяндарынан турат.
Тез жана толук өлчөмдөгү гидрологиялык жана метеорологиялык маалыматтардын болушу энергетика сектору үчүн маанилүү роль ойнойт, ал суу ресурстарын сарамжалдуураак пайдаланууга, электр энергиясын башка өлкөлөргө экспорттоону башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана республикада энергиянын тартыштыгын болтурбоого мүмкүндүк берет.
Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы (мындан ары - ЭРӨБ) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн экономиканын метеорологиялык талылуулугунун индекси аныкталган. ЭРӨБнин эксперттеринин эсептөөлөрүнө ылайык Кыргызстандын экономикасы талылуулугу боюнча “жогорку” деңгээлде, ал эми Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө талылуулук деңгээли - “салыштырмалуу жогору”. Метеорологиялык тобокелдикти баалоо көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасында коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштардын жылдык экономикалык зыяны ИДПнын 1ден 1,5 пайызына чейин жетет.
Акыркы он жыл ичинде Кыргызгидрометтин потенциалы орчундуу азайды:
- акыркы он жылда метеорологиялык жана гидрологиялык байкоо тармактарынын 2,5 эсе кыскартылышы кооптуу абалга жетти, бул божомолдоонун бардык түрлөрүнүн сапатына тескери таасирин тийгизди, ошондой эле байкоо программаларынын жана көзөмөлдөнүүчү параметрлердин кыскарышына алып келди;
- кадрлык потенциалдын такай төмөндөөсү байкалууда, анын бир себеби адистерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча туруктуу иштин жоктугунда;
- өлчөгүч түзүлүштөрдүн көпчүлүгү өзүнүн кызматын өтөп бүтүп, жарактан чыкты. Учурдагы байкоо тармактарынын абалы учурдун талаптарына жооп бербейт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондук милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн коркунучка дуушарлантууда. Жогоруда айтылган көйгөйлөрдүн жаралган себеби - бөлүнгөн каражат Кыргызгидрометтин ишин камсыздоого керектүү муктаждыктарды жаппаганында;
- гидрометеорологиялык ишти илимий жана методологиялык колдоо дээрлик жок;
гидрометеорологиялык тармакты жөнгө салуучу мыйзамдык базасы “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен гана чектелет жана болуп жаткан укуктук мамилелердин баарын жөнгө сала албайт.
аба ырайына көз каранды экономикалык жана социалдык секторлордун (айыл чарба жана суу чарба, энергетика, курулуш, транспорт, кен казуу, саламаттык сактоо ж.б.) арасында секторлор аралык өз ара байланышта иштөө талапка ылайык нукка салынган эмес.
Ушулардан улам Кыргыз Республикасы сапаттуу гидрометеорологиялык маалыматтарды берүү боюнча, анын ичинде Дүйнөлүк метеорология уюмунун Дүйнөлүк метеорология кызматынын алкагында берүү боюнча эл аралык жана региондук милдеттенмелерди керектүү көлөмдө аткара албай калуусуна олуттуу тобокелдиктер бар, ал эми Кыргызгидромет ааламдык маалымат тармагынын бөлүгү катары мындай маалыматтын берилишин камсыз кылууга милдеттүү.
Ишенимдүү жана туура гидрометеорологиялык жана климаттык маалыматтардын болушу Кыргыз Республикасына план түзүүдө аба ырайынын күтүлгөн жагымсыз же жагымдуу климаттык өзгөрүүлөрүн эске алуу менен ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө жана өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууга жардам берет.
Мезгилдүү божомолдоону, кийинки жылдардагы климаттын өзгөрүү тенденцияларын жана болуучу өзгөрүүлөрүн алдын ала айтууну, реалдуу убакытта климатка мониторинг жүргүзүүнү, керектөөчүлөрдүн конкреттүү талаптарына ылайык климатологиялык маалыматтарды берүүнү кошо камтуу менен климаттык тейлөөнү жакшыртуу - ушулардын баардыгы аба ырайы жана климатка байланыштуу тобокелдик факторун башкарууну жакшыртууга мүмкүндүк берет, бул Кыргыз Республикасы үчүн зарыл.
Коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштарды эртелеп алдын алуу жана тийиштүү чараларды көрүү өлкөнүн экономикасынын өнүгүү темпин кечеңдетип жаткан табигый кырсыктардын коркунучун азайтат.
БУУнун кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча эл аралык стратегиясынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, эрте кабарлоонун тийиштүү системаларын пайдалануу менен табигый кырсыктын зыянын 35%ке азайтууга болот. Эксперттер Борбордук Азия өлкөлөрүндө адамдардын чыгымга учуроосун 50 процентке, ал эми экономикалык зыянды 20 процентке кыскартууга болот дешет.
Дүйнөлүк Банктын эксперттеринин алдын ала баалоосу боюнча Кыргызгидрометтин ишин толук модернизациялоонун натыйжасында кийинки жети жылда табигый кырсыктардын зыянын болтурбоодон түшүүчү потенциалдуу экономикалык пайда 1,0-1,5 миллиард сомду түзүшү мүмкүн.
Максаттар, стратегиялык божомол жана өнүгүүнүн приоритеттери
Максаттар
Бул Негизги багыттардын максаты гидрометеорология секторунун милдеттерин ишке ашыруунун жолдорун жана ыкмаларын аныктоодо турат, бул - улам өзгөрүп турган жаратылыштык жана социалдык-экономикалык факторлорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын гидрометеорологиялык коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет.
Гидрометеорологиялык кызматтын милдеттерин ишке ашырууда өнүктүрүүнүн негизги максаттары төмөнкүлөр:
- мамлекеттин калкты жана экономикалык секторду табигый гидрометеорологиялык кубулуштардын терс таасирлеринен, климаттын өзгөрүшүнөн, гидрометеорологиялык кубулуштардын кесепетинен адамдардын чыгымынан жана экономикалык зыяндан сактоо боюнча милдеттерди аткаруусун камсыздоо;
- өз учурунда жана сапаттуу гидрометеорологиялык маалыматтарды жана экологиялык маалыматтарды алууга кызыкдар мамлекеттин, бизнестин жана калктын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу, буларды берүү гидрометеорологиялык кызматтын туруктуу ишине жараша болот;
- тийиштүү гидрометеорологиялык маалыматтарды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондук милдеттенмелерди аткарышы.
Өнүгүүнүн стратегиялык божомолу
Кыргызгидрометтин институттук жана финансылык туруктуулугу үчүн шарттарды түзмөйүнчө Гидрометеорологиялык ишти өнүктүрүү мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу мамлекеттик каражаттардын жана тартылган инвестициялык каражаттардын негизинде гидрометеорологиялык илимдин, практиканын жана технологиянын акыркы жетишкендиктерин пайдалануу менен заманбап, рентабелдүү гидрометеорологиялык кызматты түзүү өнүгүү максатына жетүү үчүн негиз болот. Бул өзүнө метеорологиялык, гидрологиялык, агрометеорологиялык жана климаттык божомолдорду түзүү үчүн аба ырайы тууралуу маалыматтардын өз убагында жана так берилишин камсыздоочу туруктуу гидрометеорологиялык байкоо тармагын калыбына келтирүүнү жана иштетүүнү өзүнө камтыйт.
Кыргызгидромет заманбап шаймандар, аспаптар менен жабдылып жана профессионал кадрлар менен камсыздалып, тийиштүү каражат жана капиталдык салым алып, ошондой эле чет өлкөлөрдүн гидрометеорология кызматтары, Дүйнөлүк метеорология уюмунун атайын адистештирилген метеорологиялык борборлору жана республиканын экономикасынын аба ырайына көз каранды секторлору менен жөнгө салынган региондук өз ара байланышта болууга тийиш.
Мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматтын тутумун (Кыргызгидромет), ведомстволук гидрометеорологиялык уюмдарды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдарынын бөлүмчөлөрүн жана кызматтарын, ошондой эле жаратылыштын абалына жана анын булгануусуна байкоо жүргүзүүнүн ар кандай түрлөрүн турмушка ашыруучу маалыматтарды иштеп чыккан юридикалык жана жеке адамдарды өзүнө камтыган улуттук гидрометеорологиялык тутумдарды түзүү зарыл.
Кыргызгидрометти институттук жактан чыңдоого, табигый гидрометеорологиялык кубулуштардын, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана кызматтын финансылык туруктуулугуна жетүү багытында гидрометеорологиялык кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүүгө күчтү топтоо зарыл.
Кыргызгидрометтин институттук туруктуулугу Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык коопсуздукту камсыздоого, республиканын эл аралык жана региондук милдеттенмелерин аткаруу боюнча максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет
Өнүгүүнүн артыкчылыктары
Республикада гидрометеорологиялык ишти өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктары болуп төмөндөгү маселелерди чечүү эсептелет:
метеорологиялык, агрометеорологиялык, кар көчкү жана гидрологиялык параметрлерди жана кубулуштарды эл аралык деңгээлдеги сапат боюнча канааттанарлык божомолдоого жетишүү, гляциологиялык байкоолорду жандандыруу, табигый чөйрөнүн булгануусун гидрометеорологиялык мониторингдөө жана климаттын өзгөрүшүн баалоо системасын өркүндөтүү;
экономиканын аба ырайына байланыштуу секторлорунда саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда гидрометеорологиялык сектордун ишин, анын жыйынтыктарын жана кызмат көрсөтүүсүн эсепке алууну камсыздоо;
мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматты институттук чыңдоонун эсебинен кызматты туруктуу өнүктүрүүнүн моделин киргизүү, анын кадрдык жана финансылык туруктуулугун арттыруу, Кыргызгидрометтин кызматкерлерин окутуу системасын өркүндөтүү;
жалпы пайдалануучу кызматтарды жана конкреттүү керектөөчүлөр үчүн акы төлөнүүчү атайын кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү, секторду өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмаларын пайдалануу;
гидрометеорологиялык ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, эл аралык эрежелерди пайдаланууга алуу, илимий-методикалык базаны түзүү;
- маалыматтарды берүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана Дүйнөлүк метеорология уюмунун жана КМШга катышкан мамлекеттердин Гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин алкагында улуттук гидрометеорологиялык кызматтар менен региондук кызматташтыкты өнүктүрүү.
Гидрометеорология ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын улуттук гидрометеорология системасын өнүктүрүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл.
Кызматты туруктуу өнүктүрүүнүн моделин киргизүү башкаруу ишине, техникалык колдоого, гидрометеорологиялык продукцияны өндүрүүгө жана ушул Негизги багыттарда коюлган максаттарга жетүүгө байланышкан маселелерди чечүүнүн натыйжалуулугун арттыруу багытында функциялык анализ жасоону жана Кыргызгидрометти институттук жактан өзгөртүп түзүүнү караштырат.
Калкка берилүүчү жалпы пайдаланылуучу маалыматтардын тизмесин бекитүү, атайын гидрометеорологиялык маалыматтарды берүүнүн жана гидрометеорология жана табигый чөйрөнү мониторингдөө тармагында атайын кызматтарды көрсөтүүнүн тартибин белгилөө зарыл.
Улуттук гидрометеорологиялык тутумду өнүктүрүүнүн маанилүү элементи болуп, гидрологиялык жана метеорологиялык байкоо тармактарын, метрологиялык жана техникалык колдоо тармактарын модернизациялоо жана техникалык жактан кайрадан жабдуу эсептелет. Маалыматты иштеп чыгуунун, болжолдоонун жана берүүнүн компьютердик технологиялары, метеорологиялык маалыматтарды жана маалыматтык продукцияны кабыл алуунун каражаттары киргизилет.
Сырткы чөйрө жана өзгөрүүлөрдү башкаруу
Сырткы чөйрө
Гидрометеорологиялык сектордун сырткы чөйрөсүн анализдөө, башкача айтканда сектордон сырттагы жана ага таасир эте алуучу факторлорду анализдөө көрсөткөндөй, азыркы учурда гидрометеорологиялык ишке тышкы чөйрөнүн таасири күчтүү.
Мамлекеттик, стратегиялык жана башка программалык документтерди түзүүдө гидрометеорологиялык маалыматтарды колдонуу жөнүндө информация киргизилбейт, экономиканын аба ырайына байланыштуу секторлорун өнүктүрүү божомолдорун түзүүдө гидрометеорология тармагындагы иш-чаралар киргизилбейт .
Республиканын экономикасынын негизги секторлору - айыл жана суу чарба, энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш, кен казуу, кызмат көрсөтүү сыяктуу аба ырайына көз каранды секторлордо биргелешип аракеттенүү жана ишти өз ара эсепке алуу жолго коюлушу керек.
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги №218 токтому менен 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программа жактырылган.
Тармактык саясаттарды жана программалык документтерди иштеп чыгууда жана аткарууда гидрометеорологиялык сектор бере алуучу мүмкүнчүлүктөрдү жана артыкчылыктарды – гидрометеорологиялык маалыматтарды, гидрометеорологиялык шарттар жөнүндө аналитикалык маалыматты, божомолдорду пайдалануу зарыл.
Ушул жагдайларды эске алганда гидрометеорологиялык сектор бул өзгөрүүлөргө карата чара көрөт жана эске алат.
Өзгөрүүлөрдү башкаруу
Өзгөрүүлөрдү башкаруу - бул башкаруу процессинде Кыргызгидрометти өнүктүрүүнүн пландаштырылган жана иш жүзүндөгү ажырымына карата өз учурунда чара көрүүгө мүмкүндүк берген структуралык мамиле. Эң бир оор маселелердин бири – ички жана сырткы чөйрөнүн каршылыктарын башкаруу.
Алдыдагы баардык өзгөртүүлөр Кыргызгидрометти өнүктүрүүдөгү приоритеттерди толук колдоого багытталышы керек, бул бүткүл иш-аракетти натыйжа алуу үчүн топтоштурууга мүмкүндүк берет.
Негизги багыттарды ишке ашыруудан алынуучу жыйынтык ал багыттардын ишке ашырылышын сапаттуу контролдоого мүмкүндүк берет. Жыл сайын мониторингдин жыйынтыгында Негизги багыттарды алдыдагы жылда ишке ашыруу боюнча иш-чараларга оңдоолорду киргизип туруу зарыл.
Туруктуу отчёттун форматтарын, стандарттарын жана мөөнөттөрүн киргизүү аркылуу Негизги багыттардын иш-чараларын аткаруу боюнча тыкыр башкаруучулук отчётту камсыздоо зарыл. Башкаруудагы отчёт сандык көрсөткүчтөргө жетишкендикти контролдоону гана эмес, ошондой эле адам ресурстары менен иштөө чөйрөсүндөгү ийгиликтерди, менеджментти жана Кыргызгидрометтин ишин уюштуруудагы сапаттын жогорулашынын көрсөткүчтөрүн да контролдоону көздөйт.
Кыргызгидрометтин уюштуруу түзүмүндө стратегиялык пландаштырууга жооп бере турган бөлүктөрдү жана адамдарды да аныктоо керек. Алар башкаруунун заманбап технологияларын киргизүүнүн үстүндө иштешет жана келечекте гидрометеорологиялык ишти башкарууда функциялык багыттан процесстик багытка өтүүнү камсыздашат жана тармактын узак мөөнөткө өнүгүүсүнүн стратегиялык документтерин иштеп чыгуунун үстүндө иштешет.
Ресурстук камсыздоо
Каржылоонун жетишсиздигине байланыштуу болуп жаткан абал Кыргызгидромет ишинин жана аткаруучу кызматтарынын сапатына таасирин тийгизүүдө, бул жалпысынан Кыргыз Республикасынын гидрометеорологиялык коопсуздугун камсыз кылууга терс таасирин тийгизип жатат.
Кыргызгидрометтин үзгүлтүксүз жана сапаттуу иштешин камсыздоо үчүн мамлекеттик деңгээлдеги каржылоо талап кылынат. Келечекте Кыргызгидрометтен кенен арымда алынган маалыматтарды коммерциялык пайдаланууга өтүүгө мүмкүн. Мындай ыкма гидрометеорологиялык кызматты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалын эске алуу менен Кыргызгидрометти өнүктүрүүнүн оптималдуу вариантын караштырат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 572 “2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу программаларын бекитүү жөнүндө” токтому менен кар көчкү станцияларын, лабораториялык корпусту долбоорлоого жана курууга, жана жабдууларды алууга, табигый чөйрөнүн булганышын мониторингдөө системасын техникалык жактан кайра жабдууга байланыштуу иш-чаралар үчүн бюджеттик каражаттан 120,2 млн сом бөлүү каралган.
Бул Негизги багыттарда коюлган максаттарга жетүү жана маселелерди чечүү үчүн донордук уюмдардан 277,3 млн сом өлчөмүндө каражат тартылды.
Күтүлгөн жыйынтыктар жана аткарууну мониторингдөө
Гидрометеорологиялык сектордун өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын турмушка ашыруунун жана киргизүүнүн жыйынтыгы ушул Негизги багыттарда коюлган максаттарга жетүү болуп эсептелет, алар:
- заманбап, рентабелдүү гидрометеорологиялык кызматтын иштөөсү;
- гидрометеорология тармагындагы укуктук мамилелерди натыйжалуу жөнгө салуучу керектүү мыйзамдык базанын болушу;
- республиканын калкын жана экономикасынын субъекттерини шашылыш маалыматтар жана жалпы арналыштагы маалыматтар менен акысыз камсыздоо системасын түзүү;
- табигый чөйрөнүн абалы жөнүндө гирометеорологиялык маалыматты чогултуунун, иштеп чыгуунун, талдоонун, сактоонун жана пайдалануунун өз ара байланышкан бирдиктүү системасын түзүү жана иштешин камсыздоо;
- маалыматтарды алмашуу, чектеш мамлекеттердин гидрометеорология кызматтары менен региондук кызматташууну өнүктүрүү жагында эл аралык милдеттенмелерди аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- байкоолордун, эсептөөлөрдүн, божомолдордун, маалыматтардын жана продукциянын, гидрометеорологиялык жумуштарды аткарууну контролдоо каражаттарынын бирдейлигин жана салыштырмалуулугун камсыздоо.
Бул Негизги багыттардын максаттарына жетүү жана күтүлгөн жыйынтыкты алуу үчүн тийиштүү практикалык иш-чараларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, Кыргызгидрометти техникалык жактан модернизациялоо, институттук жактан жана окутуу системасын өнүктүрүү зарыл.
Аткаруунун мониторинги Негизги багыттарды жана иш-чараларды аткаруунун негизги индикаторлорунун аткарылышын баалоого негизделет, алар:
- автоматташтырылган гидрометеорологиялык комплекстерден алгачкы маалыматтарды айына 95 пайыздан аз эмес көлөмдө чогултуу;
- автоматташтырылган гидрометеорологиялык комплекстин иштебей туруусунун максимум мөөнөтүнүн 72 сааттан жогору ашпоосу;
- жабдуулардын тынымсыз иштөөсүнүн ченемдик убактысы максималдуу мүмкүнчүлүктөн 98 пайыздан аз болбошу;
- Кыргыз Республикасынын калк жашаган пункттары үчүн аба ырайынын биринчи суткага адистештирилген болжолдорунун сапаты - 85 пайыздан төмөн эмес;
- аба ырайын 72 саат мурда болжолдоонун тактыгы - 85 пайызга чейин.
- гидрологиялык посттордогу жаан-чачындарды өлчөгүчтөрдү калыбына келтирүү;
- агрометеорологиялык байкоолордун, муздарды жана жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдү мониторингдөөнүн тармактарын калыбына келтирүү;
- кар өлчөөчү жана кар көчкүнү байкоо тармактарын калыбына келтирүү;
- автоматташтырылган гидрометеорологиялык комплекстерди дистанциялык контролдоочу жана диагноздоочу программалык каражаттар комплексин киргизүү жана алардын ишинин сапатын сутка бою мониторингдөө.