Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 августундагы № 462 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Убактылуу жобо административдик кызмат орундарын ээлешкен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары – кызматчылар) окутуунун тартибин жөнгө салат жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана иштиктүүлүгүн жакшыртууга багытталган.
2. Кызматчыларды окутуу – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүнө ылайык ишке ашырылуучу, кызматчынын кесиптик өнүгүшү үчүн билимге, ыктарга жана көндүмдөргө ээ болуу максатына багытталган, тутумдуу жана план ченемдүү уюштурулган процесс.
3. Кызматчыларды окутуу эки түр боюнча ишке ашырылат – кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу.
Кызматчыларды кайра даярдоо - кесиптик иштин жаңы түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча билимдерге, ыктарга жана көндүмдөргө ээ болуу, айрым окуу сабактарын үйрөнүү, кызматчылардын өзгөрүлүп жаткан экономикалык жана социалдык шарттарга адаптацияланышын камсыз кылуу үчүн алардын квалификациясын кеңейтүү максатында ишке ашырылуучу окутуу.
Кызматчылардын квалификацияларын жогорулатуу – кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруусу, кошумча кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүсү, анын ичинде эл аралык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен өздөштүрүүсү үчүн алардын иш чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык билимдерин, ыктарын жана көндүмдөрүн жаңыртуу максатында ишке ашырылуучу окутуу.
4. Кызматчыларды кайра даярдоо төмөнкүлөр үчүн ишке ашырылат:
- мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка биринчи жолу кирген адамдар үчүн;
- кызматчы кызмат орундарынын жогору турган тобуна, анын ичинде адистер категориясынан жетекчилер категориясына өткөндө;
- кызматчынын кызматтык жана функциялык милдеттери өзгөргөндө.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Квалификацияны жогорулатуу кызмат орундарынын тобунун биринин алкагында кызматчыны кесиптик өнүктүрүү максатында ишке ашырылат.
6. Окутуу эки багытты камтыйт – жалпы жана ведомстволук.
Жалпы багыт – ишинин чөйрөсүнө карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын тийиштүү кызмат ордунун же кызмат орундарынын тобунун жалпы типтүү квалификациялык талаптарынын кызматчылар тарабынан аткарылуусу үчүн туруктуу системалык негизде окутуу.
Ведомстволук (тармактык) багыт – мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөлөрүнүн негизинде атайын ведомстволук квалификациялык талаптардын кызматчылар тарабынан аткарылуусу үчүн окутуу.
7. Аскер, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтардын кызматкерлери үчүн окутуунун атайын программаларын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
8. Окутуу процессине мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлардын улуттук резервинде турган адамдар, саясий кызмат орундарын ээлешкен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар алардын окутууга болгон жеке керектөөлөрүн эске алуу менен тартылышы мүмкүн.
9. Кызматчыларды окутуу, окутуунун мамлекеттик программалары боюнча мамлекеттик тапшырыкты түзүү жана жайгаштыруу маселелерин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) координациялайт.

10. Окутууну каржылоо төмөнкүлөрдүн алкагында жүргүзүлөт:
- жалпы багыт боюнча – мамлекеттик тапшырыкты аткаруунун алкагында;
- ведомстволук багыт боюнча – мамлекеттик органдардын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем болбогон эсеп менен мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетине өзүнчө сап менен киргизүү аркылуу ведомстволук тапшырыкты аткаруунун алкагында жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен.
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттар окутууну каржылоонун кошумча булактары боло алат.
12. Кызматкерлерди жалпы багыт боюнча окутуу өндүрүштөн ажыратуу, өндүрүштөн жарым жартылай ажыратуу жана өндүрүштөн ажыратпастан ишке ашырылышы мүмкүн.
13. Кызматкерлерди ведомстволук багыт боюнча окутуу тийиштүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
14. Окутуунун узактыгы:
- кызматчыларды кайра даярдоо курстары - 100 сааттан 300 саатка чейинки көлөмдө;
- окутуунун жалпы багытынын алкагында кызматчылардын квалификацияларын жогорулатуу курстары – 72 сааттан 100 саатка чейинки көлөмдө;
- окутуунун ведомстволук багытынын алкагында кызматчылардын квалификацияларын жогорулатуу курстары жана кыска мөөнөттүү семинарлар – окутуу программасына ылайык.
15. Эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкача белгиленбесе, кайра даярдоо кызматчынын карьералык жогорулашынын милдеттүү шарты болуп саналат. Кайра даярдоо кызмат ордуна дайындалгандан кийин үч айдан кечиктирилбеген мөөнөттө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кадрлардын ички резервинде турган жана кызматынан жогорулатууга сунушталган кызматчылар карьералык пландаштыруунун алкагында кайра даярдоо курстарына жиберилет.
17. Квалификацияны жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкагында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

18. Кызматчы окутууга мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругунун негизинде жиберилет.
Өндүрүштөн ажыратуу менен кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жиберилген кызматчыларга төмөнкүлөр сакталат:
- окутуу мезгилинде иштеген жери боюнча ээлеген кызмат орду;
- эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкача белгиленбесе, окутуу мөөнөтү 3 айдан ашпаса, иштеген орду боюнча орточо айлык эмгек акысы.

19. Кызматчы окутуу курстарына жүйөсүз себептер менен келбеген учурда тиешелүү чара көрүү үчүн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жазуу жүзүндө маалымат билдирилет.
20. Мамлекеттик органдын мамлекеттик жарандык кызматчыларын окутууну уюштуруу процесси үчүн статс-катчы (аппарат жетекчи), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларын окутууну уюштуруу процесси үчүн аппарат жетекчиси же жооптуу катчы жоопкерчилик тартышат.

21. Кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүү тиешелүү документ менен ырасталат.
Кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу кызматчынын ишин баалоодо эске алынат жана жаңы кызмат ордун ээлөөдө артыкчылыктуу болуп саналат.

22. Кызматчы 3 айдан ашык мөөнөткө окутууга жиберилсе, анда ал мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тийиштүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында белгилүү бир мөөнөткө чейин иштеп берүү боюнча милдеттенмелер жана эгерде кызматчы өз каалоосу менен кызматты токтотсо, анда окутууга байланыштуу чыгымдарды төлөп берүү жөнүндө келишимди түзөт.

23. Окуу аяктагандан кийин кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- үч айдан ашык окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде бир жыл иштеп берүүгө, эгерде келишимде башкача каралбаса;
- бир жылдан ашык окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде эки жыл, анын ичинде аны окууга жиберген мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кеминде бир жыл иштеп берүүгө, эгерде келишимде башкача каралбаса;
- эки жыл же андан ашык окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде үч жыл, анын ичинде аны окууга жиберген мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кеминде бир жыл иштеп берүүгө, эгерде келишимде башкача каралбаса.

24. Кызматчыларды окутууга кошумча кесиптик билим берүү боюнча билим берүү ишине уруксаттамасы бар билим берүүчү уюмдар укуктуу.
3. Кызматчыларды окутуунун жалпы багытын уюштуруу
25. Окутуунун жалпы багытынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик башкаруу тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын күчөтүү;
2) кызматчылардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу;
3) кызматчылардын кесиптик өнүгүшү жана карьералык өсүшү.
26. Окутуунун жалпы багыты кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу курстары түрүндө ишке ашырылат.
27. Жалпы багыт боюнча окутуу процессин уюштурууну бирдиктүү тапшырыкчы катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик тапшырыкты түзүү жана ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары - Мамтапшырык) аркылуу жүзөгө ашырат.
28. Мамтапшырык мамлекеттик бюджетте бул максаттарга каралган каражаттардын чегинде календардык жылга кызматчыларды окутуу планын билдирет.

29. Кызматчыларды окутуунун жалпы багытын уюштуруунун этаптары:
1) кызматчыларды окутууга болгон муктаждыктарды баалоо;
2) окутууга Мамтапшырыкты түзүү жана бекитүү;
3) окутууга Мамташпырыкты жайгаштыруу;
4) кызматчыларды окутуу;
5) окутууну контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
6) окутуунун жыйынтыктары боюнча отчет түзүү.
30. Кызматчыларды окутуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарынын негизинде ишке ашырылат. Окутууга муктаждыкты аныктоонун, пландаштыруунун жана болжолдоонун тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча окутууга өтүнмөлөрдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберишет.

31. Кызматчыларды окутууга Мамтапшырык түшкөн табыштамалардын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
32. Мамтапшырыкты жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
33. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча кызматчылардын алган билимдеринин жана көндүмдөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга жана окутулган кызматчылардын кызматтан көтөрүлүшүнө тийгизген таасирине баалоо жүргүзөт.
34. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын расмий ведомстволук сайтына жалпы багыт боюнча окутуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө отчетту жайгаштырат.
.
35. Окутуунун ведомстволук багытынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ведомстволук милдеттерди, программаларды жана долбоорлорду натыйжалуу аткаруу максатында мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрдык потенциалын көтөрүү;
2) кызматтык милдеттердин натыйжалуу аткарылуусу үчүн кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү.
36. Окутуунун ведомстволук багыты квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстары түрүндө ишке ашырылат.
37. Кызматчыларды окутуунун ведомстволук багытын уюштуруунун этаптары:

2) окутууга ведомстволук тапшырыкты түзүү жана бекитүү;
3) окутууга ведомстволук тапшырыкты жайгаштыруу;

38. Ведомстволук тапшырык тийиштүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетинде ушул максаттар үчүн каралган каражаттардын чегинде бир календардык жылга кызматчыларды ведомстволук багыт боюнча окутуу планын билдирет.
39. Кызматчыларды окутуу ведомстволук функцияларды, программаларды жана долбоорлорду аткарууга, алардын өзгөрүшүнө байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөлөрүнүн негизинде ишке ашырылат.
40. Мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын жетекчиси, жооптуу катчысы окутууга ведомстволук тапшырыктын долбоорун түзөт жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине бекитүүгө жиберет.
41. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомстволук багыт боюнча окутууну жүргүзүү планын өз алдынча түзүшөт.
42. Ведомстволук багыт боюнча окутуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик органдын окуу борборунун базасында (болгон учурда) же башка билим берүүчү уюмдардын базасында ишке ашырылышы мүмкүн.
43. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары окутууну жүргүзүү процессине мониторинг жана контроль, ошондой эле кызматчыларды ведомстволук багыт боюнча окутуунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүшөт.
44. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыл сайын ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча ведомстволук багыт менен окутуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу органга берип турушат.
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик органдын аталышы _________________________________________________________
№ | Угуучулардын категориясы | Жалпы саны | Окугандардын саны/окутуу өткөрүлүүчү жер | ||||||||
|
|
| Бишкек шаары | Чүй облусу | Ош шаары | Ош облусу | Жалал-Абад облусу | Баткен облусу | Талас облусу | Нарын облусу | Ысык-Көл облусу |
| Биринчи жолу киргендер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Функционалдык милдеттери өзгөргөндө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жетекчилер үчүн |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Квалификацияны жогорулатуу курстары:
№ | Угуучулар-дын категория-сы | Окутуу курстарынын жана тематикалары-нын аталышы | Окугандардын саны/окутуу жүргүзүлүүчү жер | ||||||||

КРдин мамлекеттик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын,
КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аталышы _________________________________________________
Түзүмдүк бөлүнүштөрдүн аталышы | Окутуу курстарынын (багыттарынын, тематикаларынын) аталышы | Кызмат орундары боюнча кызматчылардын саны (Мамлекеттик кызмат орундарынын реестри боюнча: башкармалыктын начальниги, бөлүм башчы, сектор башчысы, эксперт, башкы адис ж.б. ) |
Борбордук аппарат | ||
|
|
|
Ведомстволук түзүмдүк бөлүнүш | ||
|
|
|
Райондор боюнча ЖӨБО | ||
|
|
|
Түзүмдүк бөлүнүштөрдүн аталышы | Окутуу курстарынын (багыттарынын, тематикаларынын) аталышы | Кызмат орундары боюнча кызматчылардын саны (Мамлекеттик кызмат орундарынын реестри боюнча: башкармалыктын начальниги, бөлүм башчы, сектор башчысы, эксперт, башкы адис ж.б.) |
Борбордук аппарат | ||
|
| Башкы топко өтүү үчүн (жетекчилер категориясына): |
|
| Функционалдык милдеттери өзгөргөндө : |
|
| Биринчи жолу киргендер: |
Ведомстволук түзүмдүк бөлүнүш | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Райондор боюнча ЖӨБО | ||
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы |
Окутулгандардын саны | |||
бюджеттин каражаттарынын эсебинен | донордук жардамдардын каражаттарынын эсебинен | |||
Кыргыз Республикасынын аймагында | чет өлкөдө | Кыргыз Республикасынын аймагында | чет өлкөдө | |
Жалпы багыт боюнча | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ведомстволук багыт боюнча | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 августундагы № 462 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 , 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо административдик кызмат орундарын ээлешкен мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар) окутуунун тартибин жөнгө салат жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана иштиктүүлүгүн жакшыртууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырыктын алкагында саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар да окутулушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кызматчыларды окутуу – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүнө ылайык ишке ашырылуучу, кызматчынын кесиптик өнүгүшү үчүн билимге, ыктарга жана көндүмдөргө ээ болуу максатына багытталган, тутумдуу жана план ченемдүү уюштурулган процесс.
3. Кызматчыларды окутуу эки түр боюнча ишке ашырылат – кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу.
Кызматчыларды кайра даярдоо - кесиптик иштин жаңы түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча билимдерге, ыктарга жана көндүмдөргө ээ болуу, айрым окуу сабактарын үйрөнүү, кызматчылардын өзгөрүлүп жаткан экономикалык жана социалдык шарттарга адаптацияланышын камсыз кылуу үчүн алардын квалификациясын кеңейтүү максатында ишке ашырылуучу окутуу.
Кызматчылардын квалификацияларын жогорулатуу – кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруусу, кошумча кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүсү, анын ичинде эл аралык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен өздөштүрүүсү үчүн алардын иш чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык билимдерин, ыктарын жана көндүмдөрүн жаңыртуу максатында ишке ашырылуучу окутуу.
4. Кызматчыларды кайра даярдоо төмөнкүлөр үчүн ишке ашырылат:
- мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка биринчи жолу кирген адамдар үчүн;
- кызматчы кызмат орундарынын жогору турган тобуна, анын ичинде адистер категориясынан жетекчилер категориясына өткөндө;
- кызматчынын кызматтык жана функциялык милдеттери өзгөргөндө.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Квалификацияны жогорулатуу кызмат орундарынын тобунун биринин алкагында кызматчыны кесиптик өнүктүрүү максатында ишке ашырылат.
6. Окутуу эки багытты камтыйт – жалпы жана ведомстволук.
Жалпы багыт – ишинин чөйрөсүнө карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын тийиштүү кызмат ордунун же кызмат орундарынын тобунун жалпы типтүү квалификациялык талаптарынын кызматчылар тарабынан аткарылуусу үчүн туруктуу системалык негизде окутуу.
Ведомстволук (тармактык) багыт – мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөлөрүнүн негизинде атайын ведомстволук квалификациялык талаптардын кызматчылар тарабынан аткарылуусу үчүн окутуу.
7. Аскер, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтардын кызматкерлери үчүн окутуунун атайын программаларын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
8. Окутуу процессине мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлардын улуттук резервинде турган адамдар, саясий кызмат орундарын ээлешкен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар алардын окутууга болгон жеке керектөөлөрүн эске алуу менен тартылышы мүмкүн.
9. Кызматчыларды окутуу, окутуунун мамлекеттик программалары боюнча мамлекеттик тапшырыкты түзүү жана жайгаштыруу маселелерин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) координациялайт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Окутууну каржылоо төмөнкүлөрдүн алкагында жүргүзүлөт:
- жалпы багыт боюнча – мамлекеттик тапшырыкты аткаруунун алкагында;
- ведомстволук багыт боюнча – мамлекеттик органдардын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем болбогон эсеп менен мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетине өзүнчө сап менен киргизүү аркылуу ведомстволук тапшырыкты аткаруунун алкагында жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен.
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттар окутууну каржылоонун кошумча булактары боло алат.
12. Кызматкерлерди жалпы багыт боюнча окутуу өндүрүштөн ажыратуу, өндүрүштөн жарым жартылай ажыратуу жана өндүрүштөн ажыратпастан ишке ашырылышы мүмкүн.
13. Кызматкерлерди ведомстволук багыт боюнча окутуу тийиштүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
14. Окутуунун узактыгы:
- кызматчыларды кайра даярдоо курстары - 100 сааттан 300 саатка чейинки көлөмдө;
- окутуунун жалпы багытынын алкагында кызматчылардын квалификацияларын жогорулатуу курстары - 72 сааттан 100 саатка чейинки көлөмдө;
- окутуунун ведомстволук багытынын алкагында кызматчылардын квалификацияларын жогорулатуу курстары жана кыска мөөнөттүү семинарлар - окутуу программасына ылайык;
- улуттук программаларга жана башка стратегиялык документтерге ылайык аныкталган темалар боюнча окутуу курстары - окутуу программасына ылайык;
- саясий мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн окутуу курстары - окутуу программасына ылайык.