Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-августу № 468
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“12. Министрлердин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чет өлкөлүк командировкалары (Өкмөттүн чечими боюнча расмий делегациянын курамында барган учурларды кошпогондо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн пикирин эске алуу менен, тейлеген вице-премьер-министрдин макулдугу боюнча Премьер-министрдин уруксаты менен жүргүзүлөт.
Министрлердин орун басарларынын, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чет өлкөлүк командировкалары (Өкмөттүн чечими боюнча расмий делегациянын курамында барган учурларды кошпогондо) Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн пикирин эске алуу менен, тейлеген вице-премьер-министр же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр (мындан ары - Аппарат жетекчиси) же болбосо анын орун басарлары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек, Ош шаарларынын жана облус борборлору болуп эсептелген шаарлардын мэрлери ишенип берген аймактын чегинен тышкары Премьер-министрдин же Аппарат жетекчинин макулдугу менен барышат.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек, Ош шаарларынын жана облус борборлору болуп эсептелген шаарлардын мэрлери жана алардын орун басарлары чет өлкөгө командировкага баруу жөнүндө уруксат алгандан кийин алдыдагы чет өлкөлүк кызматтык командировка жөнүндө чет өлкөгө жөнөп кетүүчү күнгө чейин 14 календарлык күндө сунуштардын, ошондой эле чыгып сүйлөөлөр пландалса, сүйлөнүүчү сөздөрдүн долбоорлорун тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине (мындан ары – Тышкы иштер министрлиги) алдын ала кабарлашат.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын чет өлкөлүк сапарларынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат алар кайтып келгенден кийин 7 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн Аппаратына, ал эми Тышкы иштер министрлигине – чет өлкөлүк кызматтык командировкалардын жыйынтыктары боюнча, ошондой эле башка эл аралык иш-чараларга катышкандыгы жөнүндө отчеттор алар кайтып келгенден кийин 14 жумушчу күндүн ичинде берилет.
Алдыдагы чет өлкөлүк кызматтык командировка жөнүндө кабарлоо кеч келип түшкөн учурда, эгерде чыгып сүйлөөлөр пландалса, сүйлөнүүчү сөздөрдүн долбоорлорун тиркөө менен Тышкы иштер министрлигине шашылыш түрдө маалымдалат.”;
- 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
“Өкмөттүн Аппараты жыйын өткөргөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн Аппаратынын ачык жыйынынын толук көлөмдөгү видео жана аудиожазмаларын Өкмөттүн расмий сайтына же болбосо Өкмөттүн расмий сайтына милдеттүү шилтеме берүү менен жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарга жарыялайт. Өкмөттүн жыйынынын видео же аудиожазмасын белгиленген мөөнөттө жарыялоого мүмкүн болбогон учурда Өкмөттүн Аппараты жазмалардын жарыялана турган мөөнөтү жөнүндө маалыматты жарыялайт.
Жабык жыйындардын жазмалары жашыруундук режимин сактоо менен Өкмөттө сакталат.”;
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “мамлекеттик комитеттер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “мамлекеттик комитет” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“33. Өкмөт зарылчылыкка жараша, шашылыш жана өтө шашылыш мүнөздөгү маселелер каралуучу Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйындарын жума сайын өткөрүшү мүмкүн.
Ошол эле учурда Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынында кароо үчүн Өкмөттүн Аппаратына келип түшкөн алдын ала чечимдердин долбоорлору, өтө шашылыш мүнөздөгү маселелерден сырткары Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынынын датасына чейин, 3 жумушчу күндөн мурда кароого киргизилсе, анда каралууга тийиш.
Министрликтер, мамлекеттик комитет жана ведомстволор Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынында аларды кароонун максатка ылайыктуулугун так аныктап, кароонун датасын көрсөтүү менен тейлеген вице-премьер-министрдин кароосуна маселелердин тизмесин киргизишет.
Тиешелүү тармакты тейлеген вице-премьер-министр маселени Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынында кароонун максатка ылайыктуулугу (же максатка ылайыксыздыгы) жөнүндө чечим кабыл алат.
Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынында кароого сунушталган маселелердин тизмегин вице-премьер-министр менен макулдашкандан кийин Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзүү үчүн Өкмөттүн жыйындарын өткөрүүнү жана маселелерди даярдоону жүргүзгөн Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнө маселелердин тизмегин жиберет.
Өкмөттүн жыйындарын өткөрүүнү жана маселелерди даярдоону жүргүзгөн Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынынын күн тартибинин долбоору түзүлгөндөн кийин аны Премьер-министрдин жактыруусу үчүн Аппарат жетекчисине киргизет.
Премьер-министр жактыргандан кийин Өкмөттүн жыйындарын даярдоо жана өткөрүү маселелерин жүргүзгөн Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана ведомстволорго Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынынын күн тартибин жиберет.
Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынына маселелерди демилгелеген министрликтер, мамлекеттик комитет жана ведомстволор чечимдердин долбоорлорун Өкмөт мүчөлөрүнө, кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга жана Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнө электрондук почта же факсимилдик байланыш (кагаздагы версиясын кийин жөнөтүү менен) аркылуу бул долбоорду чечүү Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынында карала тургандыгын көрсөтүү менен (каралуу датасын көрсөтүп) жиберишет.
Министрликтер, мамлекеттик комитет, ведомстволор, башка кызыкдар болгон мамлекеттик органдар жана Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү электрондук почта же факсимилдик байланыш (кагаздагы версиясын кийин жөнөтүү менен) өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын жалпылоо үчүн демилгелеген министрликке жана ведомствого бир күндүк мөөнөттө беришет.
Министрлик, мамлекеттик комитет же ведомство – демилгечи Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйыны өткөрүлүүчү датага чейин 3 жумушчу күндүн ичинде чечимдин долбоорун Өкмөттүн Аппаратына төмөнкүдөй документтер менен киргизет:
- чечимдин долбооруна негиздеме-маалымкат;
- салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген же жаңы редакцияда баяндалган учурда);
- топтомо таблицаны, анда эске алынган же эске алынбаган (негиздеме менен) сын-пикирлерди жана сунуштарды, ошондой эле долбоор сын-пикирлерсиз макулдашылганы жөнүндө белгини көрсөтүү менен;
- эгер долбоор ишкердик жүргүзүүгө карата укуктарды, милдеттерди жана талаптарды жөнгө салууга, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга багытталган болсо, жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган талдоолук баяндама.
Өкмөттүн чечиминин киргизилүүчү долбоорунун (мамлекеттик жана расмий тилдердеги) сапаты жана мазмуну үчүн жоопкерчилик тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү чечимдин долбоору келгенде 2 күндүк мөөнөттө баштапкы корутундунун даярдалышын уюштурат жана Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйыны болуучу датага чейин бир күндөн кечиктирбестен тийиштүү бланктарга тариздейт жана Өкмөттүн Аппаратынын Өкмөттүн жыйындарын даярдоо жана өткөрүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө киргизет.
Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйындарына киргизилүүчү чечимдердин долбоорлоруна экспертиза оперативдүү тартипте ишке ашырылат.
Өкмөттүн Аппаратынын Өкмөттүн жыйындарын даярдоо жана өткөрүү маселесин тейлеген түзүмдүк бөлүмү Өкмөттүн жыйынынын документтеринин пакетин тариздейт (чечимдердин долбоорлору жана Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынынын күн тартиби), аны Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине, ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жиберет.
Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынында чечимдердин долбоорлору талкууланган учурда:
- сын-пикирлер жана сунуштар берилбеген учурда – Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн Аппаратында макулдашуу жол-жобосунан өткөрүшүп, тейлеген вице-вице-премьер-министрге жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисине виза койдурушуп, Премьер-министрге кол коюуга киргизишет;
- сын-пикирлер жана сунуштар берилген учурда – чечимдин долбоорлорун киргизген мамлекеттик органдар сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алышып бир жумушчу күндүн ичинде толуктап иштеп чыгышат жана Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө киргизишет, алар 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн Аппаратында макулдашуу жол-жобосунан өткөрүп, тейлеген вице-вице-премьер-министрге жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисине виза койдурушат жана Премьер-министрге кол коюуга киргизишет.
Чечимдин долбооруна лингвистикалык экспертиза (окуу жана котормо) шашылыш түрдө жүргүзүлөт.
Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынынын жыйынтыктары боюнча Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү бир жумушчу күндүн ичинде долбоорду кароонун жүрүшүндө айтылган сын-пикирлер жана сунуштар, анын ичинде ал боюнча кабыл алынган чечим камтылган протоколдук чечимдин долбоорун даярдайт жана Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйынынын протоколунун долбоорун даярдоо үчүн Өкмөттүн жыйындарын даярдоо жана өткөрүү маселелерин тейлеген Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнө тапшырат.”;
- 47-пункттагы “Өкмөттүн Аппараты” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгүнүн борбору” деген сөздөр менен толукталсын;
- 50-1-пункттун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“- салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген же жаңы редакциясы сунушталган учурда).”;
62-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“Ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Экономика министрлигине корутунду берүү үчүн жиберилет жана Өкмөттүн Аппаратына Экономика министрлигинин корутундусу болгон учурда киргизилет.”;
- 68-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Президенттин актысынын долбоору Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү менен макулдашуу шартын кошпогондо ушул Регламенттин талаптарына ылайык даярдалат.”;
- 69-пунктта:
төртүнчү абзац “жана милдеттер;” деген сөздөрдөн кийин “ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу мезгилине карата колдонуудагы ченемдик укуктук базага талдоо, ушул чөйрөнүн коомдук мамилелеринде колдонулган мыйзамдарга мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө маалыматтар;” деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацтагы “корутундуну” деген сөз “Экономика министрлигинин корутундусун” деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
“- салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген же жаңы редакциясы сунушталган учурда);”;
мамлекеттик тилдеги он бешинчи абзацтагы “мамлекеттик тилде” деген сөздөр “мамлекеттик жана расмий тилдерде” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 77-пунктта:
экинчи жана төртүнчү абзацтар алып салынсын;
алтынчы абзац “бул жөнүндө” деген сөздөрдөн кийин “тейлеген вице-премьер-министрге же” деген сөздөр менен толукталсын;
жетинчи абзац “Бул учурда” деген сөздөрдөн кийин “тейлеген вице-премьер-министр же” деген сөздөр менен толукталсын;
- 79-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
“Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү узартууга бир гана жолу жогоруда аталган мөөнөттөн ашык эмес мезгилге уруксат берилет.
Эгерде актынын долбоору 30 барактан ашык болсо 1 жолудан ашык жана зарыл болгон мөөнөткө узартууга жол берилет.”;
- 83-пункттун алтынчы абзацында:
“оперативдүү кеңешмесине” деген сөздөр “кезексиз (оперативдүү) жыйынына” деген сөздөргө алмаштырылсын;
“84” деген цифралар “33” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 84-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 91-пунктта:
а) пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу мезгилине карата колдонуудагы ченемдик укуктук базага талдоо, ушул чөйрөнүн коомдук мамилелеринде колдонулган мыйзамдарга мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө маалыматтар;”;
б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
“б) салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген же жаңы редакциясы сунушталган учурда);”;
г) пунктчасындагы “корутундуну” деген сөз “Экономика министрлигинин корутундусун” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |