Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2018-жылдын 24-январы
Максат Джаныбекович Барыктабасовдун кызыкчылыгындагы Искендер Бакытович Какеевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 102-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 135-беренесинин 2-пунктунун, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун, 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана жетинчи абзацтарынын, 325-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 329-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун, 354-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун конституциялуулугун арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымды төлөөнүн милдеттүүлүгү, ошондой эле берилген арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далили болбогон учурда кайтарып берүү бөлүгүндө текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу – судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын,
кайрылуучу тарап – Максат Джаныбекович Барыктабасовдун кызыкчылыгын ишеним кат боюнча көздөгөн Искендер Бакытович Какеевдин,
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Мирбек Исамаматович Арзиевдин, Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин,
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Сатарбек уулу Мирбектин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Бактылуу Аскар уулу Момбековдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Байышбек Матисаевич Садировдун, Элдияр Асантурович Мамбетовдун, жарандык укук жана процесс жаатындагы адис Азамат Рахимбердиевич Салиевдин катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 102-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 135-беренесинин 2-пунктунун, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун, 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана жетинчи абзацтарынын, 325-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 329-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун, 354-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун конституциялуулугун арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымды төлөөнүн милдеттүүлүгү, ошондой эле берилген арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далили болбогон учурда кайтарып берүү бөлүгүндө текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
М.Дж. Барыктабасовдун кызыкчылыгындагы И.Б. Какеевдин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 102-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 135-беренесинин 2-пунктунун, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун, 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана жетинчи абзацтарынын, 325-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 329-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун, 354-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымды төлөөнүн милдеттүүлүгү, ошондой эле берилген арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далили болбогон учурда кайтарып берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ч.А. Айдарбекованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 19-сентябрында М.Дж. Барыктабасовдун кызыкчылыгындагы И.Б. Какеевдин Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 102-беренесинин 1-бөлүгүн, 135-беренесинин 2-пунктун, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктун, 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана жетинчи абзацтарын, 325-беренесинин 5-бөлүгүн, 329-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун, 354-беренесинин 5-бөлүгүн, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымды төлөөнүн милдеттүүлүгү, ошондой эле берилген арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далили болбогон учурда кайтарып берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин жогоруда аталган ченемдери арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымды төлөөнүн милдеттүүлүгү, ошондой эле берилген арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далили болбогон учурда кайтарып берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасында ар кимге, анын Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоо кепилденет, ал ишти кайра каратуу укугу менен бирге эч кандай чектелүүгө жатпайт.
Арыздануучунун пикири боюнча, соттук коргонуу укугу адамдын өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укуктук мүмкүнчүлүгү деп туюндурулат, ал эми «чектөө» деген сөз «чек ара» деген сөздүн туундусу болуп, чегинен чыгууга жол бербеген кандайдыр бир чек араларды, чектерди, тиешелүү шарттарды, эрежелерди орнотууну түшүндүрөт.
Кайрылуунун субъекти белгилегендей, талашылып жаткан ченемдер жарандардын соттук коргонуу укугун кыйла жана олуттуу түрдө чектөөдө, анткени бул жоболорго ылайык мыйзам чыгаруучу сотко кайрылуу үчүн мамлекеттик алымды төлөө – милдеттүү шартын орноткон. Ошентип, мисалы, жарандар ортосунда зайымдын суммасын кайтарып алуу маселеси боюнча талаш-тартыш туулган учурда, тараптардын бири мыйзамдардын талаптарын көз көрүнөө жана одоно бузса, экинчи тарап акча каражаттарынын жоктугуна байланыштуу өзүнүн бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко кайрыла албайт. Ошентип, адамдын ѳз кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу, ошондой эле ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугу анын материалдык абалына тике көз каранды болот, демек талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Кайрылуучу тарап, талашылып жаткан ченемдер элинин жакырчылык деңгээли анын жарандарынын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн өлкөдө татаал социалдык-экономикалык абалга да байланыштуу негизсиз деп болжойт.
Кайрылуунун субъекти, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен чектелиши мүмкүн деп көрсөтүүдө. Бирок, талашылып жаткан ченемдер чектөөчү мүнөзгө ээ жана жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык максаттар менен байланышы жок. Мунун натыйжасында, мамлекеттик алымды төлөө мүмкүндүгү болбогон жана жарды же аз камсыздалган деген статусу жок адамдар жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүнѳн ажыратылууда.
Жогоруда баяндалганга негизденип, кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин талашылып жаткан ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 6-октябрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуучу тарап, ага «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 4-бөлүгү менен берилген укуктан пайдаланып, 2017-жылдын 28-декабрында мурда тапшырылган өтүнүчкө өзүнүн талаптарын негиздөө бөлүгүндө толуктоо киргизген.
Өтүнүчкѳ болгон толуктоолордон келип чыккандай, талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына гана карама-каршы келбестен, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге да, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине да карама-каршы келүүдө. Ошентип, Адам укуктарынын Жалпы Декларациясына жана Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын жоболоруна ылайык бардык адамдар мыйзам алдында тең жана эч кандай дискриминациясыз мыйзам тарабынан тең корголууга укуктуу. Дискриминациянын ар кандай түрүнө мыйзам тарабынан тыюу салынуусу керек жана мыйзам баардык адамдарга кандай гана белги боюнча болбосун, расасы, өңү, жынысы, тили, дини, саясий жана башка ынанымдары, улуттук же социалдык теги, мүлктүк абалы, туулганы же башка жагдай-шарттарына карабастан дискриминацияга каршы тең жана натыйжалуу коргоону кепилдеши керек. Ар бир адам, ага конституция же мыйзам менен берилген анын негизги укуктары бузулган учурда, компетенттүү улуттук соттор тарабынан укуктарын натыйжалуу калыбына келтирүү укугуна ээ (Адам укуктарынын декаларациясынын 2, 7, 8-беренелери, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 26-беренеси).
Кайрылуучу тарап соттук отурумда өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранды.
Жоопкер тараптын өкүлү А.Т. Молдобаев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана Кыргыз Республикасындагы сот адилеттүүлүгүн өркүндөтүү боюнча кабыл алынган чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 8-августундагы №147 Жарлыгы менен жарандык процесстик мыйзамдарды реформалоо максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн деп көрсөтүүдө.
Жоопкер тараптын өкүлү мамлекеттик алымды төлөөнүн тартибин өзгөртүүнүн негизги себептеринин бири сотторго негизсиз кайрылуулардын санынын кескин түрдө өсүшү болду деп белгилөөдө. Мындай кайрылуулардан арылуу максатында, мүлктүк талаш-тартыштар жөнүндө иштер боюнча материалдык абалы тууралуу далилдер тапшырылгандан кийин жарды жарандарды мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу институтун алдын ала кароо менен, мамлекеттик алымды сотко доо (арыз) берүүдө төгүүнү киргизүү сунушталган.
Жоопкер тараптын өкүлү Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 105, 106-беренелерине шилтеме жасап жатып, мыйзамдарда каралган учурларда ишке катышкан адамдар мамлекеттик алымды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн, ошондой эле мамлекеттик алымды төлөөнү жылдыруу же созуп төлөө жөнүндө өтүнүч киргизүүгө укуктуу деп көрсөтүүдө. «Мамлекеттик алым жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык сот же судья, категориялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен аныкталган жарды жана аз камсыз болгон жарандар – доогерлерди соттук иштер боюнча мамлекеттик алымдарды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотууга укуктуу. Ушуга байланыштуу, жоопкер тараптын өкүлү арыздануучунун анын соттук коргонууга болгон укуктары чектелүүдө деген жүйөлөрү негизсиз деп эсептейт, анткени мыйзамдардын ченемдери менен мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу, жылдыруу жана созуп төлөө жөнүндө жоболор каралган. Жоопкер тараптын экинчи өкүлү М.И. Арзиев А.Т. Молдобаевдин жүйөлөрүн колдоду.
Баяндалганга негизденип, жоопкер тараптын өкүлдөрү талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептешет жана өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранышууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Сатарбек уулу М. соттук актыларды мамлекеттик алымды мамлекеттин кирешесине каратуу бөлүгүндө аткаруу белгилүү бир кыйынчылыктарды алып келчү, бул сотторго негизсиз кайрылуулардын санынын көптүгүнө байланыштуу болуучу деп белгилейт. Ушуга байланыштуу, мамлекеттик алымды төлөөнүн жаңы тартибин киргизүү мындай негизсиз кайрылуулардын санын азайтып, мамлекеттик алымдын республикалык бюджетке келип түшкөн суммаларын кескин түрдө өстүрдү. Муну менен бирге бул тартип жарандардын соттук коргонууга болгон укугун чектебейт, анткени Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик кодекси адамдарды мамлекеттик алымдарды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотуу, ошондой эле аны төлөөнү жылдыруу же мүлктүк абалга байланыштуу созуп төлөө институтун карайт. Ошону менен бирге, мамлекеттик алымды төлөө маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Мамлекеттик алымдын ставкаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жөнгө салынышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, кайрылуучу тараптын өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин өкүлү Э.А. Мамбетов Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин талашылып жаткан ченемдеринин конституциялуулугу жөнүндө пикирин билдирди, ал эми экинчи өкүл Б.М. Садиров анын пикирин колдоду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Б.А. Момбеков да талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугу жөнүндө пикирин билдирди жана М.Дж. Барыктабасовдун кызыкчылыгындагы И.Б. Какеевдин өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранды.
Башка жак катары чакырылган А.Р. Салиев мамлекеттик алымды алдын ала төлөө тартиби аны төлөөнүн эӊ натыйжалуу жана максатка ылайык ыкма болуп саналат жана дүйнө жүзүндөгү процесстик тутумдардын көпчүлүгү дал ушул ыкманы пайдаланышат деп белгиледи.
Мамлекеттик алымды алдын ала төлөө эки функционалдык багытка ээ. Биринчиден, компенсациялык функция – төлөнгөн мамлекеттик алымдын эсебинен мамлекет сот тутуму түрүндөгү мамлекеттик аппаратты каржылоого кеткен өзүнүн чыгымдарынын бир бөлүгүнүн ордун тургузат. Экинчи – алдын алуучулук функция, ал ниети таза эмес доогерлердин сотко негизсиз кайрылууларын алдын алуудан жана милдеттенмелерди өз убагында аткаруудан турат.
Кыргыз Республикасынын сотторунда иштерди кароонун жыйынтыктары боюнча мамлекеттик алымды төлөөнүн укук колдонуучулук тажрыйбасынын анализи өкүнүчтүү тыянактарга алып келди. Мындай тартипти колдонуу сотторду негиздүү да, негизсиз да талаптар менен жүктөп, сотко «акысыз» кайрылуу мүмкүндүгүн жапырт түрдө кыянаттык менен пайдаланууга алып келди. Экинчи чоң көйгөй - бул ар кандай себептер менен аткарылууга мүмкүн болбой калган мамлекеттик алымды өндүрүү жөнүндө соттук актыларды аткаруу. Мамлекеттик алымды алдын ала төлөө, көйгөйлөрдү, анын ичинде жогоруда көрсөтүлгөндөрдү да натыйжалуу түрдө четтетүүгө жол ачат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинки тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымды төлөөнүн милдеттүүлүгүн, ошондой эле берилген арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далили болбогон учурда кайтарып берүүнүн бекиткен 102-беренесинин 1-бөлүгү, 135-беренесинин 2-пункту, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пункту, 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана жетинчи абзацтары, 325-беренесинин 5-бөлүгү, 329-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту, 354-беренесинин 5-бөлүгү, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту саналат.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы Жарандык процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинде 2017-жылдын 2-февралында № 12-13 (2737-2738) сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында ар кимге анын Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдеринде каралган укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилет; Конституция менен орнотулган соттук коргонуу укугу жана жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу эч кандай чектелүүгө тийиш эмес (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттары, 40-беренеси).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн чечимдеринде бир нече жолу соттук коргонуу укугу мыйзамдар менен бекитилген уюштуруучулук-укуктук жана процесстик формалар аркылуу укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүү кепилдиктерин болжойт, алар конкреттүү иш кайсы сотто жана кандай процедура боюнча каралууга тийиш экендигин жана соттук коргонуу укугу бардык башка укуктар менен эркиндиктердин маанилүү конституциялык кепилдиги болуп, аны алдын ала аныктайт, анын камсыздалышы бийликти бөлүштүрүү тутумунда сот бийлигинин өзгөчө орду, жеке анын гана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу компетенциясы менен шартталган деп көрсөткөн. Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет катары, иштер кайсы сотто жана кандай тартипте каралышы керектигин аныктай турган мыйзам менен бекитилген критерийлердин негизинде, адилеттүүлүктүн талаптарына жооп берген сот адилеттиги аркылуу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылууга милдеттүү, бул сотко жана сот процессинин башка катышуучуларына алар менен ишке ашырылуучу аракеттердин адилеттигине жана мыйзамдуулугуна ишеним артууга мүмкүндүк берет (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 22-ноябрындагы жана 2015-жылдын 9-декабрындагы чечимдери).
Соттук коргонуу укугун жүзөгө ашыруунун маанилүү курамдык түзүүчүсү болуп соттук коргонууга жетишүү саналат, ал өз кезегинде мамлекет тарабынан бузулган укуктардын ордун адилеттүү түрдө калыбына келтирүүнү эч кандай чектөөсүз алууга жол берген уюштуруучулук жана процесстик мүнөздөгү шарттарды түзүүнү болжойт. Мындай шарттар катары соттордун калкка аймактык жакындыгы, соттордун уюштуруучулук инфраструктурасы, иштерди кароонун орундуу мөөнөттөрү, соттук актыларга эркин даттануу мүмкүндүгү ж.б. болот. Алардын ичинде жарды адамды соттук чыгымдардан такыр бошотууну кошкондо, орундуу соттук чыгымдар да каралат.
Мамлекет тарабынан орундуу соттук чыгымдарды камсыздоо ар кимге соттук коргонууга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен соттордун натыйжалуу ишин камсыздоонун ортосунда балансты түзүү зарылдыгын да эске алуу керек. Ошол эле учурда ниети таза эмес адамдардын сотко негизсиз талаптарды тоскоолдуксуз берүүсүн болтурбоо жана укукту башка кара санатайлык менен пайдаланууну алдын алуу маанилүү. Калктын чыныгы тиричилиги начарлап жаткан кырдаалда өзгөчө мааниге ээ болгон соттук чыгымдар институту негизинен бул маселелерди чечүүгө милдеттендирилген.
Бул контекстте калган элементтерден тышкары орундуу соттук чыгымдарды да өзүнө камтыган соттук коргоонун жеткиликтүүлүгү ар кимдин соттук коргонуу укугун жүзөгө ашырылуусун кепилдеген мыйзамдар тарабынан орнотулган соттук тутумдун уюштурулушунун жана иштөөсүнүн уюштуруучулук жана процесстик принциптеринин бири болуп саналат.
3. Соттук чыгымдар деп сотто иш боюнча өндүрүштү жүргүзүүгө байланыштуу ишке катышкан адамдар тарабынан төлөнүүчү мыйзам менен белгиленген акча каражаттары саналат.
Эгерде мыйзамда сот адилеттигинин бекер жүзөгө ашырылуу учуру белгиленбесе, ишти сотто кароого байланыштуу чыгымдарды тараптар өздөрү төлөшөт. Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүүгө жетиштүү каражатынын жок экендигин сотко далилдеген ар кандай учурда сот адилеттиги жүзөгө бекер ашырылат деп аныктаган конституциялык ченемден келип чыгат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 103-беренеси). Аталган конституциялык орнотмодон бардык эле учурларда сот адилеттиги бекер жүзөгө ашырыла бербей турганы келип чыгат. Сотко соттук коргонуу үчүн кайрылган жактардын соттук чыгымдары сот тутумунун тиешелүү ишин камсыздоого багытталган мамлекеттик чыгымдарды жарым-жартылай калыбына келтирүү милдетин аткарат.
Соттук чыгымдар мамлекеттик алымдан жана ишти сотто кароого байланыштуу коромжулардан турат (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 101-беренеси).
Мамлекеттик алым деп «Мамлекеттик алым жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык тиешелүү мамлекеттик органдар - соттор, мамлекеттик нотариустар жана башка атайын ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле жеке нотариустар тийиштүү бир иштерди аткарууда жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө алар тарабынан өндүрүлүүчү акча жыйымы таанылат. Каралып жаткан контекстте мамлекетик алым ишке катышкан адамдардын арызы үчүн эмес, аны кароо боюнча соттун аракеттери үчүн алынууда.
Мамлекеттик алым алуу компенсациялык жана алдын алуучулук максаттарды көздөйт. Эгер компенсациялык максат соттун тиричилигине бөлүнгөн каражаттардын ордун тургузуусун камсыздаса, алдын алуучулук болсо, ѳз кезегинде сотко негизгисиз кайрылуулардын алдын алат жана адамдарды ыйгарым укуктуу жактардын алдында өзүнүн милдеттенмелерин ыктыярдуу аткарууга үндөйт.
Ошол эле учурда, жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттик алым сот адилеттүүлүгүнүн жеткиликтүүлүк принцибин бузбаш үчүн ченемсиз жана акылга сыйбаган болушу мүмкүн эмес.
4. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин талашылып жаткан ченемдик жоболору сотто жарандык ишти козгоо үчүн зарыл шарт катары мамлекеттик алымды сотко кайрылууда төлөө жөнүндө талапты бекитет. Ошону менен бирге, кызыкдар адамдын, анын мүлктүк абалына байланыштуу мындай милдеттенмени аткаруу мүмкүндүгүнүн жоктугу анын соттук коргонуу укугун жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук болбош керек, анткени ушул жагдай эске алынбаганда, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоону кепилдеген Конституциянын жоболоруна карама-каршы келмек.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (105-берене) мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдар менен тике байланышта болуп, мамлекеттик алымды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотуу, ошондой эле жылдыруу жана созуу боюнча мүмкүндүк жарандык процесстик укуктук мамилелердин айрым субъектилерине берилген учурларды белгилейт.
Адам мамлекеттик алымды төлөөдөн мыйзамдын тике көрсөтмөсү менен гана бошотулбастан, мыйзамдарда каралган учурларда соттун аныктамасы боюнча да бошотулушу мүмкүн. Ошентип, «Мамлекеттик алым жөнүндө» Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 33-пунктунун экинчи абзацына ылайык сот же судья категориялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу жакыр жана аз камсыз болгон жарандарды - доогерлерди сот иштери боюнча мамлекеттик алымды төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга укуктуу.
Сот арыздануучулардын мүлктүк абалына карай мамлекеттик алымды төлөөнү жылдыруу жана созуу боюнча жеңилдиктерди бир жылдык мөөнөткө чейин берүүгө укуктуу. Мыйзамдарда белгиленген учурларда мамлекеттик алым жарым-жартылай же толугу менен кайтарылып берилиши мүмкүн. Соттор мамлекеттик алымды толугу менен же жарым-жартылай кайтарып берүү үчүн негиз болгон жагдайларды соттук актыларда көрсөтүшөт.
Мамлекеттик алымды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотууну, аны жылдырууну жана созууну, ошондой эле аны кайтарып берүүнү караган процесстик ченемдердин болушу сотко реалдуу жетишүүнү камсыздоо үчүн анын тийиштүү укуктук камсыздоону болжойт.
Ортосунда логикалык өз ара байланышы жок бул процесстик ченемдердин болушунун ѳзү эле, адамдарды аз камсыз болгон категорияларга таандыгын аныктоодогу укуктук аныктыктын, соттук тутумга ишенимди арттырууга көмөк болгон жеңилдиктерди берүүнүн сыпатталган укуктук процедураларынын жоктугу сот адилеттүүлүгүнүн, ошону менен бирге ар кимдин соттук коргонууга укугунун жетиштүүлүгүн камсыздай албайт.
Адамдын мамлекеттик алымды төлөө жөндөмдүүлүгүнүн маанилүү фактору болуп анын өлчөмү эсептелет. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымдын ставкалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет («Мамлекеттик алым жөнүндө» Мыйзамдын 4-беренеси).
Мамлекеттик алымдын ставкалары орундуу болушу керек жана аларды төлөө сот адилеттигине жетишүү үчүн реалдуу тоскоолдук болуп, адамга түйшүк болбошу керек.
Демек, өзүнүн бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылган адамдын кызыкчылыктары менен сот адилеттүүлүгүнүн кызыкчылыктарынын ортосунда тиешелүү балансты аныктоо мыйзам чыгаруучу үчүн мамлекеттик алымдын ставкаларынын орундуу ченемин жана аны төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүнүн так тартибин аныктоодо зарыл шарт болуп саналат.
Жарандык иштер боюнча сотко кайрылууда мамлекеттик алымды төлөө боюнча талаптарды белгилөө маселеси мыйзам чыгаруучунун дискрециясы болуп саналат, ал жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык ченемдерден келип чыгат жана сот адилеттүүлүгүнѳ жетишүү укугун бузуу болуп саналбайт, натыйжада, адамдын соттук коргонуу укугун жана ишти жогору турган сотто кайра каратуу укугун чектебейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 102-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 135-беренесинин 2-пункту, 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пункту, 249-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана жетинчи абзацтары, 325-беренесинин 5-бөлүгү, 329-беренесинин 1-бөлүгү 4-пункту, 354-беренесинин 5-бөлүгү, 357-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымды төлөөнүн милдеттүүлүгү, ошондой эле берилген арыздарды, апелляциялык жана кассациялык даттанууларды мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далили болбогон учурда кайтарып берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы