Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2018-жылдын 14-февралы № 02-р
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-б 1-4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун,
кайрылуучу тарап – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишеним кат боюнча ѳкүлү Урмат Сагыналиевич Аралбаевдин;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Бейшенбек кызы Камиланын, Орозобек уулу Максаттын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Равшан Бахтиярович Абдуллаевдин;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Азизбек Шарипович Шукурбековдун, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Женишбек Нуретович Арзыматовдун жана Гульзат Сатывалдиевна Жумазаеванын катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштамасы бул ишти кароого себеп болду.
«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Э.Ж. Осконбаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ сунуштамасы келип түшкөн.
Кайрылуучу тарап өзүнүн өтүнүчүндө «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгү укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө, судья катары, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарынын бөлүмдөрүндө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган кызмат орундарында, Жогорку Кеңештин жогорку юридикалык билими бар депутаты катары беш жылдык иш стажысы бар адамдарды адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн зарыл болгон квалификациялык сынактан ѳтүүдѳн бошотууну караштырат деп белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жогоруда аталган адамдарды квалификациялык сынактан ѳтүүдөн бошотуу объективдүү негиздемеге ээ эмес деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокаттык лицензия жазык сот өндүрүшү алкагында процесстин катышуучуларынын кызыкчылыгын көздөө үчүн зарыл, сот өндүрүшүнүн башка түрлѳрүндѳ тиешелүү түрдө таризделген ишеним каттын болушу жетиштүү. Ушуга байланыштуу кайрылуучу тарап, мыйзам чыгаруучу судья жана укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катары беш жылдык стажы бар адамдарды, алардын жазык процессинде адам укуктарын коргоо жаатындагы беш жыл ичинде практикалык иш үстүндө алган билимдерин жана көндүмдөрүн эсепке алуу менен квалификациялык сынактан ѳтүүдөн бошотууну караган деп болжойт. Андай болгон болсо, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдар квалификациялык сынактан ѳтүүдөн эмненин негизинде бошотулуп жатканын аныктоо мүмкүн эмес, себеп дегенде адамдардын бул категориясы ѳз кызматтык милдеттерине ылайык жазык сот өндүрүшү жаатында тиешелүү тажрыйбага ээ болушу мүмкүн эмес.
Ошол эле учурда кайрылуучу тарап судья же тергөөчү катары беш жылдык стажы бар адамдар, эгер алар жазык процессинде адам укуктарын коргоо жаатында жеткиликтүү кѳлѳмдѳгү билимдерге жана көндүмдөргѳ ээ болушса, анда жалпы белгиленген тартипте квалификациялык сынактан ѳтүү жолу менен өзүлѳрүнүн билимдерин жана көндүмдөрүн кыйынчылыксыз ырастай алышмак деп белгилейт. Ошону менен бардык эле судьялардын жазык сот өндүрүшүнѳ аралаштырылбаганына кѳңүл бурат.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган мыйзам жана сот алдында баары бирдей деген жобону бузат жана кызматтык абалдын белгиси боюнча кодулоого мүмкүндүк берет деп эсептейт. Мыйзам жана сот алдында баары бирдей деген конституциялык принцип укуктук мамлекеттин пайдубал башаттарынын бири болуп саналат жана биринчи кезекте жыныстын, расанын, тилдин, майыптуулуктун, этноско таандыктыгынын, туткан диндин, курагынын, саясий же башка ынанымдарынын, билиминин, тегинин, мүлктүк же башка абалынын белгилерине, ошондой эле адамдын жана жарандын анын коомдук жана жеке турмушунун ар кайсы жаатында укуктук мүмкүндүктөрүнүн теңдигинин бузулушуна алып келүүчү башка жагдайларына негизделген кандайдыр бир айырмалоону, жокко чыгарууну же артыкчылык берүүнү мыйзамда белгиленишине жол бербѳѳнү болжогон кодулоого каршы мүнөздөгү талап катары түшүнүлүшү керек.
Анын пикири боюнча жалпы эрежелерден чыгып, белгилүү бир өзгөчөлүктөрдү жана жеңилдиктерди орнотууда, квалификациялык сынакты берүүдөн бошотуу укугун кошкондо, мыйзам чыгаруучу өлчөмдөштүк жана шайкештик конституциялык принциптерине байланган жана жеңилдиктерди жарандардын айрым категорияларына конституция тааныган максаттарда гана бере алышы мүмкүн.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) пикири боюнча, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн ченемдердин мазмуну жеткиликтүү социалдык негиздемелери болбостон, аларда кѳрсѳтүлгѳн субъекттер үчүн өзгөчө мүмкүндүктөрдү жаратууда, ал өз кезегинде көрсөтүлгөн Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-8-пункттарында белгиленген башка адамдарды жогоруда аталгандарга карата негизсиз тең эмес абалга коюуда. Жарандардын теңдик принциби акыйкаттык жана гуманизм принциптери менен диалектикалык байланышта колдонулушу керек деп эсептейт Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени).
Ошондой эле, ал Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 7-беренесине, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 26-беренесине ылайык бардык адамдар эч кандай кодулоосуз мыйзамдын тең коргоосуна укуктуу деп белгилейт. Бул жакта кандайдыр бир мүнөздөгү кодулоо мыйзам менен тыюулуусу керек, мыйзам бардык адамдарга кайсы бир белгиси болбосун кодулоого каршы тең жана натыйжалуу коргоону кепилдеш керек.
Баяндалганга негизденип, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 9-октябрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.
Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоду жана аларды канааттандырууну суранды.
Жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызыкчылыгын көздөгөн Бейшенбек кызы Камила кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Анын пикири боюнча талашылып жаткан ченем мыйзам чыгаруучу тарабынан анда көрсөтүлгөн адамдардын категориясы юридикалык кесип боюнча беш жылдык стажы болуп туруп адвокаттык ишти толук кандуу жүзѳгѳ ашыра алаарын эсепке алуу менен киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана судьялар өзүнүн кызмат орундарында иштеген беш жыл ичинде ченемдик-укуктук актылары менен иштѳѳ жана алардын укуктук колдонуу көндүмдөрүн толук кандуу өздөштүрүшүп калышат деп белгилейт. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, Өкмөтүнүн аппараттарында жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган кызмат орундарында иштеген кызматкерлер негизинен ченемдик укуктук актылар долбоорлоруна анализ, экспертиза жасашат жана аларды иштеп чыгышат, бул кандайдыр бир даража кабыл алынган мыйзамдар менен иштөөдѳн артык болуп саналат. Мындай сапаттар жогорку юридикалык билимдүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ишмерлигине да таандык.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына ылайык жогорку профессионализмди талап кылган кызмат орундарында беш жылдык стажы бар адамдар үчүн атайын чара болуп саналат жана кодулоочу катары каралышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңишинин башка өкүлү Орозобек уулу Мирлан Бейшенбек кызы Камиланын көз карашын колдоду.
Жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын көздөгөн Р.Б. Абдуллаев да кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана адвокаттык иш деп профессионалдык негизде көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардам таанылганын көрсөтүүдө. Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кызмат орундардагы беш жылдык юридикалык стаж бул субъекттерге адвокаттык ишти толук кандуу аткарууга жол берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү мыйзам жана сот алдында баары тең принциби сот адилеттигине – жазык жана жарандык сот өндүрүшүнө, соттук процесстин бардык стадияларында иштеп, толук жайылтылат деп белгилейт. Иш жүзүндө бул мыйзам жана сот алдында турган бардык адамдарды бирдей процесстик укуктар менен милдеттерге тең бѳлѳѳнү билдирет. Р.Б. Абдуллаев болжогондой Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын сунуштамасында баяндалган жүйөлөр сыяктуу кылып эркин түшүндүрүү кийин жарандардын, анын ичинде Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин бардык жеңилдиктеринин, ошондой эле депутаттарды, судьяларды жана айрым кызмат адамдарын жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартибин караган жоболордун жокко чыгарылышына алып келиши мүмкүн.
Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин жоболоруна карама-каршы келүүчү айрым адамдардын артыкчылыгы катары түшүнүүсүн негизсиз жана логикага жатпайт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А. Касымбеков талашылып жаткан ченемдер квалификациялык сынактан ѳтүүдөн тышкары бардык талап кылынган документтер болсо, тиешелүү адамдарга карата атайын чаралар болуп саналат деп эсептейт. Анын пикири боюнча мындай укуктук жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына толугу менен ылайык келет, ага ылайык эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.
Н.А. Касымбеков белгилегендей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 711 токтому менен бекитилген адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткѳрүү тартибине ылайык квалификациялык сынак компьютердик тест формасында өткөрүлөт. Ошентип, квалификациялык сынактын жардамы менен талапкерлердин адвокаттык лицензияны алуу үчүн билими гана текшерилет, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштамасында эскерилгендей ал адамдардын көндүмдөрү жана ролу эске алынбайт.
Н.А. Касымбеков мыйзам чыгаруучу беш жылдык стажы бар жана белгилүү бир мамлекеттик органдарда тийиштүү кызмат орундарында иштеп келүү шартын эске алуу менен адамдардын айрым категориялары үчүн артыкчылыктарды орноткон деп эсептейт. Демек, мындай жагдайларда талашылып жаткан ченемдер адамдардын башка категорияларын кодулоочу ченемдер катары каралышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары адамдарга категорияларына жана топторуна жараша ар кандай артыкчылыктарды дайыма берип келүүдө деп белгилеп, башка мамлекеттердин мыйзамдарынан бир катар мисалдарды келтирүүдө.
Н.А. Касымбеков баяндалганга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.Ш. Шукурбеков кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей болуусу жөнүндө жобо бардык жарандардын мыйзам алдында бирдей жоопкерчилигин камсыздоону болжойт деп көрсөтүүдө. Талашылып жаткан ченем адистиги боюнча беш жылдык стажы бар юристтерге лицензия алууда жеңилдик берет, ал эми бир жылдык стажы бар адамдарды квалификациялык сынактан өтүүнү милдеттендирет.
А.Ш. Шукурбеков «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси жогорку юридикалык билимдүү бардык адамдарга эч кандай чектөөсүз лицензия алууга укук берет. Талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келиши мүмкүн эмес, анткени ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү камсыздоого багытталган атайын чараларды камтыйт, алар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына ылайык кодулоочу деп саналышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлү Ж.Н. Арзыматов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) талабын колдоду жана адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензия алуу укугуна талапкерлердин жалпы санынан көрсөтүлгөн категориядагы жарандарды бөлүп чыгаруу жана аларга конституциялык-маанилүү максаттарды көздөбөстөн туруп артыкчылыктарды берүү негизсиз болуп калат деп эсептейт.
Анын пикири боюнча адвокатура деген укуктук мамлекеттин пайдубал институттарынын бири болуп саналат, ал эми адвокат – бул Конституцияда кепилденген адамдын жана жарандардын укуктарынын жүзөгө ашырылуусун камсыздоого чакырылган адам. Адвокатуранын туура уюштурулушу жана адвокаттык ишке киришүү принциптерине бирдиктүү мамиле сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн кепилдиги болуп саналат, башкача айтканда, квалификациялык сынактан ѳтпѳстѳн туруп адвокаттык лицензияны алуу укугу башка талапкерлер үчүн акыйкатсыз шарттарды жараткан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинки тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттары саналат:
«19-берене. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу
4. Беш жылдык иш стажысы бар төмөнкү адамдарга квалификациялык сынак бердирбестен лицензия берилет:
1) укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө;
2) судья катары;
3) Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарынын бөлүмдөрүндө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган кызмат орундарында;
4) Жогорку Кеңештин жогорку юридикалык билими бар депутаты катары.».
«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинде 2014-жылдын 22-июлунда № 57 санда жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык өлкөдөгү коомдук турмуш эч кимдин жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулабоо принцибине негизделет (16-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 16-ноябрындагы чечиминде чагылдырылган көз карашына ылайык кодулабоо конституциялык принциби деп инсандын табиятына же социалдык өзгөчөлүгүнө карай укуктарын, эркиндиктери менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөөгө же кемсинтүүгө конституциялык тыюу салууну түшүнүү керек. Мында, укук субъектилеринин укуктары менен милдеттеринде айырмачылыктарга алып келген укуктук жөнгө салууну ар бир дифференциациялоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык ишке ашырылуусу керек, ага ылайык эгерде алар чындап объективдүү, негиздүү жана конституциялык маанилүү максаттарды көздөгөн болсо чектѳѳлѳргѳ жол берилет, ал эми бул максаттарга жетишүү үчүн киргизилип жаткан чектѳѳлѳр аларга өлчөмдөш болушу керек.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы бардыгынын мыйзам жана сот алдында теңдик принцибин да бекемдейт (16-беренесинин 3-бөлүгү).
Мыйзам жана сот алдында баары бирдей деген конституциялык принциптин өзү эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле адамдын жана жарандын коомдук жана жеке турмуштун ар кандай жаатында укуктук мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин бузууга алып келүүчү башка жагдайлары боюнча кандайдыр бир айырмачылыкты жокко чыгарууну же артыкчылык берүүнү мыйзам болжобойт деген талапты туюндурат. Укук субъекттери тең укуктуу шарттарда тең укуктуу абалда болушу керек. Теңчилик принцибин сактоо башка нерселерден тышкары объективдүү жана аң-сезимдүү актанууга ээ болбогон бир эле категорияга кирген адамдардын укуктарына ушундай айырмачылыктарды киргизүүгө тыюу салууну түшүндүрөт. Буга ылайык мыйзам чыгаруучу аткарылган иш милдеттери, корголуп жаткан кызыкчылыгы укуктуу жана ѳлчѳмдѳш жалпы маанидеги конституциялык максаттарга ылайык келген башка кырдаалдарга карата белгилүү субъекттер үчүн жалпы тартиптин ичинен айрым жоболорду алып салууга жана кандайдыр бир жеңилдиктерди киргизүүгө укуктуу. Мындай укуктук көз караш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги жана 2017-жылдын 22-февралындагы чечимдеринде чагылдырылган.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын укуктары жана эркиндиктерин жогорку баалуулуктарга кирет деп жар салат. Алар тике колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт (16-берене). Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин калыс сотту камсыздоо аркылуу таануу, кайтаруу жана коргоо маселелери мамлекетке жүктөлгөн.
Конституция Кыргыз Республикасын демократиялык жана унитардык мамлекет деп жарыялап, өзүнүн көп сандаган жоболорунда ар ким соттук коргонууга укуктуу, көз карандысыз, калыс, компетенттүү жана натыйжалуу сот адилеттигине укуктуу, ар ким юридикалык квалификациялуу жардам алууга укуктуу деп, ал эми мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен берилишин белгилейт (40-берене).
Баш мыйзам ар кимге, анын укуктарынын ордун толугу менен калыбына келтирүү мындай зарылдык пайда болгон учурда, юридикалык квалификациялуу жардам берүү мүмкүндүгүн мамлекеттен талап кылат. Бул жагдай-шарт адвокаттын квалификациясынын деңгээлине, анын жүрүм-турумуна жана сот адилеттигинин максаттарына жетишүүдө тике катышкан субъект катары өзүнө алган милдеттенмелерди ак ниеттик менен аткаруусуна коюлган жогорулатылган талаптарды түшүндүрөт. Ушуну менен укуктук жардам көрсөтүүгө даярдыгы жок же профессионалдык талаптарга жооп бербеген адамдардын келүүсүн жокко чыгарган механизмдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү зарылдыгы менен туюндурулууда.
Адвокаттык иш жарандардын жеке-укуктук кызыкчылыктарынын жана мамлекеттин коомдук-укуктук кызыкчылыктарынын кесилишкен өзгөчө чөйрөсү болуп саналат. Демек, тиешелүү юридикалык процедуралардын орнотулуусу, квалификациялуу юридикалык жардамдын деңгээлин орнотуу үчүн мазмундуу стандарттарды аныктоо маселелери, ошондой эле адвокаттык кесип чөйрөсүнө кирүү критерийлерин жана шарттарын аныктоо маселелери мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл буруусуз калышы мүмкүн эмес. Мындан көрсөтүлүүчү укуктун сапаты гана эмес, мамлекеттин натыйжалуу сот адилеттигин камсыздоодо аракеттеринин ийгилиги да көз каранды болот.
Сот адилеттиги эң жогорку даражадагы социалдык баркка ээ жана анын механизминде, сот өндүрүшүнүн атаандаштык жана тараптардын тең укуктуулук шарттарын эске алуу менен адвокаттарга маанилүү орун бөлүнгөн.
Адвокат күчүндөгү мыйзамдарга ылайык адвокаттык иш жүргүзүүгө укуктуу, мыйзамдарда белгиленген тартипте лицензияга алган жана Адвокатура – кесиптик жамаатынын мүчөсү болгон Кыргыз Республикасынын жараны саналат.
Адвокаттык иш болуп жеке жана юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана корголуучуга алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүн коргоо жана камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алган адамдар тарабынан кесиптик негизде көрсөтүлө турган квалификациялуу юридикалык жардам саналат.
Адвокаттын кесиптик иши компетенттүүлүк, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк жана жашыруун сырды сактоо принциптеринде курулушу тийиш. Бул укуктук көз караштар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы чечиминде чагылдырылган.
4. Мамлекет сот адилеттигинин натыйжалуу тутумун куруу жана квалификациялуу юридикалык жардам каражаттарынын жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча конституциялык маанилүү милдеттерин аткарууда юридикалык жардам көрсөтүү милдети жүктөлѳ турган адамдарды тандоонун атайын тутумусуз тура албайт.
Мамлекет квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн коомдук маанилүүлүгүн эсепке алып, адвокаттарга белгилүү бир кесиптик жана башка талаптарды белгилөөгө, ошондой эле кайсы бир адамдардын профессионалдык адвокаттык ишке киришүүсүнүн зарыл шарттарын аныктоого милдеттүү, анткени алардын көрсөткөн юридикалык жардамынын сапатынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун натыйжалуулугу көз каранды болот.
Ушуга байланыштуу, адвокаттык иштин лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө, ал эми мыйзамдарда теңдик конституциялык принцибинин логикалык уландысы катары лицензия берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары принцибин лицензиялоонун негизги прициптерине таандыгы акталат («Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 15-беренесинин 37-пункту).
Ѳзүнүн кызматтарынын өзгөчөлүктөрүнөн улам, адвокат мыйзам менен конституциялык маанилүү функциясы жүктөлгөн өзгөчө субъект болуп саналат. Анын үстүнө, юридикалык жардам көрсөтүүнүн өзү дагы, анын сапаты дагы адвокаттын укугу эмес, анын милдети болуп калат.
«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы бар, квалификациялык сынактан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны укуктуу.
«Квалификациялык сынак» деген түшүнүк талапкердин билимин квалификациялык минимумга ылайык баалоо процедурасын түшүндүрөт. Квалификациялык сынак талапкердин чыныгы теориялык жана практикалык билимдерин аныктоого жана анын адвокаттык ишти жүргүзүү үчүн профессионалдык жарамдуулугун объективдүү баалоого чакырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 711 токтому менен бекитилген Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү Тартибинин 6-пунктуна ылайык квалификациялык экзамен компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт, ал башка формалдуу маселелерден тышкары, талапкерлер үчүн жалгыз сынак болуп саналат.
Конституциялуулугу талашылып жаткан «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгү болсо, укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө, судья катары Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын бөлүмдөрүндө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган кызмат орундарында, Жогорку Кеңештин жогорку юридикалык билими бар депутаты катары беш жылдык иш стажы бар адамдар адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн зарыл болгон квалификациялык сынактан ѳтүүдѳн толугу менен бошотулат деп аныктайт.
Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана рухуна ылайык өзүнүн ченем жаратуучу ишинде социалдык адилеттүүлүк идеясын билдирүү жана аны коомдун турмушуна киргизүү катары тең укуктуулук жана кодулабоо принциптерин так карманууга тийиш.
Бул анык зарыл болгон учурлардан тышкары, бардык адамдар бирдей укуктук статуска ээ болушу керек, башкача айтканда бирдей көлөмдөгү жана мазмундагы укуктарга, эркиндиктерге жана милдеттерге, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруу жана коргоо боюнча бирдей мүмкүнчүлүктөргѳ ээ болушу керек дегенди билдирет.
Чындыгында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт деп белгиленет.
Ошону менен ар кандай адамдардын укуктук статусундагы айырмачылыктардын орду бар, анткени аларды орнотуу артыкбаш социалдык калыстыкты камсыздоо максатында формалдуу теңдикти жеңе алат, бирок ал теңсиздикти күчөтүүгө жана жаңы акыйкатсыздыкты жаратууга акысы жок.
Укуктук ченемдерде ар кандай категориядагы адамдардын юридикалык статусунда өлчөмдөш айырмачылыктарды орнотууга жол берүүчүлүк жана максатка ылайыктуулугу, жекече, алардын айрымдары үчүн жеңилидиктерди жана артыкчылыктарды бекитүү «позитивдүү кодулоо» максатында гана, формалдуу тең укуктуулук принцибин колдонуу аркылуу коомдук турмуштун кайсы бир чөйрөсүндө же адамдардын кандайдыр бир категориясына карата түзүлгѳн кырдаалдын адилеттүүлүгүнѳ жетишүү мүмкүн болбой калган учурда мүмкүн.
Башкача айтканда, «позитивдүү кодулоо» мамлекет тарабынан кандайдыр бир белгилер боюнча адамдардын алсыз категориясына жогорулатылган кепилдиктерди берүү аркылуу коомдо чыныгы тең укуктуулукту орнотууга багытталган позитивдүү аракеттерди жасоону билдирет. Бул акыркыларга адамдын экономикалык, социалдык, рухий жана башка муктаждыктарын канааттандырууда аларга коомдогу башка социалдык топтор менен тең мүмкүнчүлүктөрдү түзѳ турган кээ бир артыкчылыктарды берүү боюнча чаралар.
Тең укуктуулук жана кодулабоо принциптерин бузуу болуп мыйзамда андан чегинүүнүн фактысынын ѳзү эмес, жарандардын ѳзүнчѳ категориясы үчүн негизсиз артыкчылыктарды бекитүү эсептелет. Андан тышкары, мыйзамдан чегинүүлөр жеке мүнөзгө ээ болушу мүмкүн эмес, алар бүтүндөй социалдык топтор үчүн кабыл алынып жана жайылышы керек.
Баядалганга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жоопкер тараптын «атайын чараларды» колдонуу максаты жана аларга жол берүүнүн даражасы тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын конституциялык-укуктук маанисин түшүнүүсү туура эмес деп белгилейт.
Ошентип, мыйзам чыгаруучу тарабынан бекитилген жалпы эрежеден чегинүүлөр «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 2, 3, 4-бөлүктөрүндө аталган адамдар үчүн өзгөчө мүмкүндүктөрдү түзүү менен объективдүү жана орундуу негизи жок жана конституциялык маанилүү максаттарга шайкеш келбейт, башка субъекттерге карата аларды тең эмес абалга коюуда жана теңсиздик үчүн укуктук негизди түзүүдө.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашылып жаткан ченемдерде кодулабоо конституциялык принцибин бузуунун белгилерин тапкан жок, анткени алар адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензия алууга башка талапкерлердин табигый же социалдык сапаттарына жараша укуктук статусун кемсинтүүчү же кайсы бир ыкма менен чектөөчү укуктук жоболорду камтыбайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ
1. «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 2, 3, 4-пункттары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Төрагалык кылуучу: Судья: | Э.Т. Мамыров |
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык платасынын судьясы Ч.О. Осмонованын
ӨЗГӨЧӨ ПИКИРИ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ишти карап чыгып, 2018-жылдын 14-февралындагы өзүнүн Чечими менен укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө, судья катары, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарынын бөлүмдөрүндө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган кызмат орундарында, ошондой эле Жогорку Кеңештин жогорку юридикалык билими бар депутаты катары беш жылдык иш стажысы бар адамдарды адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн зарыл болгон квалификациялык сынактан ѳтүүдѳн бошотууну караштырган «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарын Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп тааныган.
Талашылып жаткан Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктун Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп Чечимдин резолютивдик бөлүгүнүн 1-пунктунда таанылган жобосу менен макул болбостон, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 49-беренесине ылайык өзүмдүн өзгөчө пикиримди баяндайм.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге соттук коргоо укугун, көз карандысыз, калыс, компетенттүү жана натыйжалуу сот адилеттиги укугун, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун кепилдейт (40-берене).
Квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугунун Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилиши бул укуктун жалпы мамлекеттик мааниси күбөлөндүрөт жана андай юридикалык жардам алууга зарыл болгон ар ким үчүн кепилдиктерди түзөт.
Жарандарга юридикалык жардам көрсөткөн адамдын юридикалык билимдин болуусу милдеттүү шарт болуп саналат, бирок квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн ал жетишсиз. Квалификациялуулуктун критерийи болуп квалификациялык сынак, юридикалык билим, адистик боюнча иштөө стажы, жаш курагы ж.б. саналат. Квалификациялуу юридикалык жардам, аны көрсөтүп жаткан субъектилерге жогорулатылган профессионалдык, моралдык жана этикалык талаптарды коюу менен да камсыздалат.
Квалификациялуу юридикалык жардам мындай ишмерлик катары мамлекеттик органдар, мамлекеттик эмес уюмдар, ошондой эле мындай жардамды көрсөтүүчү жеке субъектилер тарабынан сунушталат, алар юридикалык билимдерге, ыкмалар менен көндүмдөргө негизделет, контролдоо тарабанынан колдоого алынуучу профессионалдуу стандарттарды жана этикалык ченемдерди сактоо менен жүзөгө ашырылат, ошондой эле жардам алайын деп кайрылган адам үчүн максималдуу мыкты жыйынтык болуп саналат.
Ошентип, мыйзамдардын талдоосунан келип чыксак, юридикалык жардам деп укуктук маселелер боюнча консультация берүүнү камтыган юридикалык кызматтарды көрсөтүү, юридикалык маанилүү документтерди түзүү, жеке жана юридикалык жактарды мамлекеттик органдарда жана сотто коргоо жана алардын атынан чыгуу боюнча ишмерлик түшүнүлөт.
Демек, жарандардын да, юридикалык жактардын да укуктарын коргоону жүзөгө ашырган адамдарга алардын профессионалдык деңгээлине жана квалификациясына жогорулатылган талап коюлуу керек. Юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр эмес жана профессионалдык талаптарга жооп бербеген адамдардын келүү мүмкүндүгүн жокко чыгарган механизмин мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү зарылдыгы мына ушинтип туюндурулат.
«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык квалификациялык сынакты берүүдөн бошотуу укугун алган субъекттердин бири судьялык кызмат ордунда беш жылдык стажы бар судья да бар.
Сот бийлигинде судьянын коомдук-укуктук милдеттенмелеринен улам анын өзгөчө конституциялык-укуктук статусуна ылайык судьяларга кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жогорку профессионализм, компетенттүүлүк, жоопкерчилик, тийиштүү даярдык, билимдер жана көндүмдөр деген жогорулатылган талаптар коюлат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2015-жылдын 15-апрелиндеги өзүнүн Чечиминде судьянын кызматы милдеттеринин спецификасына жана ишмерлигинин мүнөзүнө, милдеттердин алкагына жана коом менен мыйзам алдында жоопкерчилик деңгээлине жараша өзгөчө категорияга чыгарылат деп көрсөткөн. Ушуга байланыштуу, судьянын кызмат ордуна жогорулатылган талап коюлат, алар судьянын жеке сапаттарына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна жогорку стандарттарды орнотууда жана судьялык ыйгарым укуктарды тиешелүү деңгээлде аткарбоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүүдө чагылдырылат.
Ошентип, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү соттордун судьяларына 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес, «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.
Ага ылайык адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон мурунку судьялардын юридикалык кесип боюнча жалпы иш стажы 10 жылдан ашуун жана башка талапкерлерге коюлган минималдуу талаптарга салыштырмалуу анысы алда канча жогору болуп жатпайбы.
Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкерлердин бул категориясы судьянын кызмат ордуна көп деңгээлдүү жана татаал тандоодон өткөндүгү фактысы да эске алынууга тийиш.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык жергиликтүү соттун судьясы анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин сексен күндөн эрте эмес жана алтымыш күндөн кеч эмес өзүн жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо жөнүндө Судьялар кеңешине арыз менен кайрылууга укуктуу. Башкача айтканда, судья ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин маектешүүнүн негизинде эле кайрадан судьянын кызматына дайындалышы мүмкүн, анткени беш жылдык стажы бар судья жеткиликтүү квалификацияга, теориялык жана практикалык билимдерге эгедер, натыйжада квалификациялык сынак түрдөгү кошумча текшерүү зарылдыгы өзүнөн-өзү жокко чыгууда.
Жогоруда баяндалганды жана укуктук жардам көрсөтүүгө даяр эмес жана профессионалдык талаптарга жооп бербеген адамдарды жолотпоону көздөгөн адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкерлерди тандоо механизминин максатын эске алып, мурда судьялар кызматын ээлегендер үчүн адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуунун колдонуудагы тартибин калтыруу орундуу болмок.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы